Макал лакаптар жыйнагы (Н)

Н тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Н тамгасына болгон макал лакаптар көп эмес, ошондуктан силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына Н тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Н

  • Наабай өлүп жатса, койнунан наны чыгып жатат.
  • Наабайчынын үйү «апырык» менен «сапырык».
  • Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө (улукка) ыйлаган кайран көз.
  • Наадандык — тирүүлүктүн өлүмү.
  • Наадандын кылган кастыгын жакшылык менен жеп ал.
  • Найза жеңбегенди нан жеңет.
  • Найза саймак — эрдиктен, ат жоорутмак — тердиктен.
  • Накта башчы орой, көзүчарайда сүйлөйт.
  • Накүстөдөн карыздар болбо, ооган менен дос болбо.
  • Намыс балаадыр, отко сууга саладыр.
  • Намысынан катын кара киет.
  • Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.
  • Нандан улуу тамак жок.
  • Нандын ысыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы.
  • Нансыз тамак даамсыз.
  • Наны жок чай курусун кайыры жок бай курусун.
  • Наны жок чайдан без, кайыры жок байдан без.
  • Нар баласын карпып сүйөт.
  • Нар төөнү өргө тартса — алкынар, эр жигитке дөөлөт бүтсө — шалпынар, каздын этин жебеген шумкарлар колго түшсө, тартынакка талпынар.
  • Нар төөнү өргө тартса, алкынар.
  • Нарк кымбат бөлсө, сатармандын нысабы кетет.
  • Насип кылган ашыңдын, буюрганын ашайсың.
  • Ногойдон насыя алсаң же айт күнү, же той күнү доолайт.
  • Нысапсызга (же нысабы жокко) кашык салсаң, беш ууртайт.
  • Нысапсызга кашык салса беш ууртайт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо