Жүктөлүүдө...
Макал лакаптар жыйнагы (Б)
Б тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.
Мазмуну
Достор Б тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына Б тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.
Б
- Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
- Баары (бардыгы) бирөө үчүн, бирөө баары (бардыгы) үчүн.
- Баары шумдук баладан чыгат.
- Баары эле пайда дейт, зыянды кандай шордуу көрөт.
- Баарына бар назир.
- Баарынан — нан улук.
- Баарынан качып кутулат, өлүмдөн качып кутула албайт.
- Баарынан нан улук.
- Баарынан өкүнүч жаман.
- Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен — чеченди сөзүнөн тааныйт.
- Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
- Баатыр — маңдайлаш, чечен — тандайлаш.
- Баатыр — орток, кут — жалгыз.
- Баатыр — согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта сыналат.
- Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
- Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
- Баатыр болмок маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
- Баатыр болсоң — душмандан качпа.
- Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
- Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
- Баатыр жарасыз болбойт.
- Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
- Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
- Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
- Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
- Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
- Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
- Баатыр өлсө бир өлөт, коркок өлсө миң өлөт.
- Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
- Баатыр өлүмү марадан.
- Баатыр табат, батман жейт.
- Баатыр табат, батман ичет.
- Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
- Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
- Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
- Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
- Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
- Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
- Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
- Баатырга таяк да жарак.
- Баатырга тийген жары эрте тул болот.
- Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта, тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
- Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
- Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
- Баатырдыкка даба жок.
- Баатырдын (эрдин, жакшынын) атын (даңкын) алыстан ук, (эрдин өзүн көрбө, даңкын ук), жанына барсаң бир киши.
- Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
- Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
- Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
- Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
- Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
- Баатырдын көркү — эрдикте.
- Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
- Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
- Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
- Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
- Багы ачыктын маңдайы жарык.
- Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы жокко дагы жок.
- Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
- Багы башынан качкандан адам да качат.
- Багы жокко дагы (баары) жок.
- Багыштын богун жеген ит кутурат.
- Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
- Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
- Бадачы сайгактан коркот.
- Бадыша кудаа эмес, кудадан жудаа эмес.
- Бажа бажаны көргөндө башы кычышат, балдыз жездени көргөндө төшү кычышат.
- Бажа бажаны көрсө башы кычышат.
- Базар — бай, барган — кедей.
- Базар барга — таттуу, жокко — ачуу.
- Базар ичи байыбайт.
- Базар көркү — бакал, эр көркү — сакал.
- Базарга бар, бактыңан көр.
- Базарга барат Карыбай, жатып келет жарым аи.
- Базарда баары бар, издегенди таба албайсың.
- Базарда миң киши бар, ар кими сүйгөнүнө салам берет.
- Базардын алысы жок сатаары болсо, падышанын калысы жок таажысы болсо.
- Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
- Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
- Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны жарыбайт, мазары жакын тынбайт.
- Базары жакын байыбайт.
- Бай — байга куят, сай — сайга куят.
- Бай — байлашып ыйлоого, бай Тейиттей эл керек.
- Бай — балпаң, жок — жалтаң.
- Бай — барман менен, жок — дарман менен.
- Бай баарын киет, жок барын киет.
- Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө.
- Бай байга куят, суу сайга куят.
- Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
- Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар көз салаар — жылкыдагы семизге.
- Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат.
- Бай балтаң, кедей жалтаң.
- Бай барман менен, жок дарман менен.
- Бай барынча, жок алынча.
- Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.
- Бай болбогон бай болсо — отоого чөп койбойт, бий болбогон бий болсо — сүйлөөгө сөз койбойт.
- Бай болбогон бай болсо, корубаган жер калбайт.
- Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат, куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
- Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
- Бай болом деп шашылганың — кедейликке ашыкканың.
- Бай болсоң — магдыраба, жарды болсоң — мөгдүрөбө.
- Бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун.
- Бай болуп көргөнүм жок, жакыр болуп өлгөнүм жок.
- Бай болуп көргөнүм жок, жарды болуп өлгөнүм жок.
- Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
- Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.
- Бай даңкы менен, кедей күчү менен жашайт.
- Бай жандаган кедей оңбос, кербен жандаган малай оңбос.
- Бай жаңы тон кийсе, «куттуу болсун» — дейт.
- Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
- Бай жегени уча менен куймулчак, кедейдики өпкө менен кекиртек, шыйрак менен шыймылчак.
- Бай караган марыбайт, жалчы жүргөн жарыбайт.
- Бай кийсе, «куттуу болсун!» дейт, кедей кийсе, «кайдан алдың?» дейт.
- Бай көргөндү мен көрөм, тартайын десем күчүм жок.
- Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
- Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат.
- Бай малын айтат, кедей несин айтат.
- Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
- Бай менен байбиче урушса, кул менен күн — куймакта.
- Бай менен кедей баш кошпойт.
- Бай менен куда болсоң — чиренет, жарды менен куда болсоң — тиленет.
- Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.
- Бай салык салса, кул чарык салат.
- Бай сотко барса — барпаңдайт, кедей сотко барса — калтаңдайт.
- Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.
- Бай тойгонунан ыткытат, кедей ачкасынан ыткытат.
- Бай уулунун назары ач, ыймандуу киши андан кач.
- Байбиченин амалы кырк эшекке жүк.
- Байбиченин бардыгы — төөдөй кара сандыгы.
- Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
- Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
- Байга жагынам деген жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур.
- Байга жанашсаң, башың торго чалынат, бекке жанашсаң, белчеңден азапка батасың.
- Байга кийиз мүлк эмес.
- Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой.
- Байгамбар - кудай эмес, кудайдан жуда эмес.
- Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл.
- Байгамбар жашка барганда сууктан кач, ысыкка шаш.
- Байге аты — караандашБайталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
- Байге аты каралдаш (же караандаш).
- Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
- Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат.
- Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич, бийден эт жегиче, байкуштан чай ич.
- Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.
- Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич.
- Байдасыз билим — жаансыз булут.
- Байды байыткан — кулу.
- Байды балакет басса, жортуул баштайтБээни балакет басса, кулун таштайт.
- Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жат кылат.
- Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
- Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет.
- Байды мактаба, кедейди жектебе.
- Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат.
- Байды тууп алат, байбичени сатып алат.
- Байды чоң сүйлөткөн, короодогу койлору.
- Байды ээрчиген жарды өлөт.
- Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта.
- Байдын ашын байкуш аяйт, байдын ашын Байдөбөт кызганат.
- Байдын ашын байкуш аяйт.
- Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.
- Байдын башы кычышат, кедейдин курсагы ачышат.
- Байдын баянасы жугат, жоктун жоорутмасы жугат.
- Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен.
- Байдын казаны тегин жерден кайнабайт, дасторкону тегин жерден жайнабайт.
- Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны.
- Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат, жардынын катыны өлсө, башы каңгырайт.
- Байдын көп малы көзгө көрүнбөйт, кембагалдын жалгыз эчкиси көрүнөт.
- Байдын кулу коломтонун кулу.
- Байдын малы кадырлуу, жардынын жаны кадырлуу.
- Байдын малын аяба, кете берсин талаага.
- Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.
- Байдын нээти кара — колу ак, кедейдин колу кара — нээти ак.
- Байдын тамыры көп, бийдин кулагы көп.
- Байдын түбү — уурулук.
- Байдын уулу айраның, айраның болбосо, чыгараар эле ойронуң.
- Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
- Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши, андан кач.
- Байдын уулу сүйлөсүн, мурду бучук болсо да.
- Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
- Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
- Байлаганды билсең, чечкенди да бил.
- Байлыгың болбосо да баркың болсун.
- Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
- Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
- Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
- Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
- Байлык бакыт эмес.
- Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
- Байлык жерде, күч элде.
- Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
- Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
- Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
- Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
- Байлык мүлктө эмес — талантта.
- Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
- Байлык өтөт, кедейлик кетет.
- Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт.
- Байлыксыз эл болбойт, пайгамбарсыз дин болбойт.
- Байлыктан көрө биримдик артык.
- Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
- Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
- Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
- Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
- Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
- Байлыкты эмгектен, теңдикти күрөштөн изде.
- Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
- Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
- Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
- Байтал жүгүрүп (же чаап, же чуркап), байге албайт.
- Байтал жүгүрүп байге албайт.
- Байтал күлүк баркта жок, катын чечен наркта жок.
- Байтал минсе, кул жок, саамал ичсе, кымыз жок.
- Байталга күнүң түшсө да, байга күнүң түшпөсүн.
- Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
- Байы өлгөн кул дардактайт.
- Байы чоңдун кулу чоң.
- Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
- Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
- Байыркынын жомогу баштаса келер оролу.
- Байыркынын жомогу, баштаса келер оролу.
- Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.
- Бак карабай кыдыр да даарыбайт.
- Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
- Бака баштуу эркекке алтын баштуу ургаачы эби менен тең болот.
- Бака жеген көлгө кирет, жылан жеген ийинге (чөлгө) кирет.
- Бака жеп, көлгө кирди, жылан жеп, ийинге кирди.
- Бака майрыгын билбей, жыланды «ийри» дептир.
- Бака сийсе — көлгө сеп, жамгыр жааса — жерге сеп.
- Бакага балыр көл жакшы, балыкка терең суу жакшы, жигитке өскөн эл жакшы.
- Баканы алтын такка отургузсаң да, баткакты көрсө ыргып түшөт.
- Баканын басыгын көрүп, желгенин сураба.
- Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
- Бакасыз көл болбойт, катасыз киши болбойт.
- Бакача чардаган, жыланча арбайт.
- Бакгылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
- Бакка келет бир кезек, бакка кезек келгенде башында булбул куш сайрайт.
- Баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
- Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.
- Баккан ээсине жараша малы семиз, төлү эгиз.
- Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
- Бакпаганды балам дебе.
- Бакпай балааңдан, жаппай жалааңдан сакта.
- Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
- Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар, бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
- Бактылуу аталган байда да арман болот.
- Бактылуу болмок мүнөздөн, баатыр болуу күрөштөн.
- Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
- Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
- Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа.
- Бактылуу эмгегинде зор, бактысыз — ооруда, кор.
- Бактылуу эмгегинде зор.
- Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
- Бактылууну бак карайт да, кыдыр даарыйт.
- Бактылуунуку маңдайга жазылуу.
- Бактың ашкан убакта карганы салсаң каз алат.
- Бактың ашкан убакта, карганы (жапалак) салсаң каз алат, бактың качкан убакта, шумкар салсаң аз алат.
- Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
- Бактысы жоктун эгерим сөзү эм болбойт.
- Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөйт.
- Бактысыз таалайынан көрөт.
- Бактысыздык өзүңдөн, багынбайт ага түшүнгөн.
- Бакча баксаң — макта, акча тапсаң — сакта.
- Бакшы багамын дейт, төшүңө тумар тагамын дейт.
- Бакшы жакшы болобу, жакшы бакшы болобу.
- Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган катынды, кыз бергенде көрөрбүз, такылдаган келинди, үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
- Бакылдын багы көгөрбөйт, көгөрсө да көбөйбөйт.
- Бакыр алдуу, кой шыйрактуу.
- Бакыр болсоң, макмал кий.
- Бакыр киши паанада, сокур киши шоолада.
- Бакыргандан коркпо, тымысындан корк.
- Бакыргандын баары эле баатыр эмес, балкайгандын баары эле балбан эмес.
- Бакырчаак төөнүн бары ийги.
- Бакыт деген сымап, кырсык деген уйгак.
- Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек, мээнет деген жалпак аны көтөрүүгө күч керек.
- Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
- Бакыт кетсе намыяны кошо кетет.
- Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
- Бакыт оросо, дос торойт.
- Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
- Бакыт эмгектен жаралат.
- Бала — баладай, башы көзү чарадай.
- Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
- Бала адамдын канаты.
- Бала баккандыкы.
- Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
- Бала билет, билбесе неге күлөт.
- Бала боор эт менен тең.
- Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
- Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
- Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
- Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат, чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
- Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
- Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
- Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
- Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
- Бала падышадан кудуреттүү.
- Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
- Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
- Бала таттууга өч.
- Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
- Бала ыйламайынча эмчек кайда.
- Бала, баланын иши чала.
- Бала, баланын кылган иши чалаБала боор эт менен тең.
- Балаадан — машаяк да качыптыр.
- Балаадан машайык качыптыр.
- Балага — атасы сынчы (ата балага сынчы).
- Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
- Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
- Балакет — аяк астында.
- Балакет кылбаган балакетке жолукпайт.
- Балалуу болбогон — кубанганды көрбөгөн (билбеген), баласы өлбөгөн — күйүттү көрбөгөн (билбеген).
- Балалуу каргага бок артпайт.
- Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
- Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
- Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
- Балалуу үй — бактылуу үй.
- Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
- Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
- Балалуу үй — падышалуу үй.
- Балалуу үйгө (дө) бакьгг үйүр (бар).
- Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
- Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
- Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
- Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
- Балалык — падышалык, карылык — катуулук.
- Балалык кишиге эки келет, бири жашында бири карыганда.
- Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.
- Балалыктын өмүрү сууда.
- Балам бар деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
- Балам, балалуу болгондо билерсиң.
- Баланы — жашынан, катынды — башынан.
- Баланы бак, жоону чап.
- Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
- Баланы кебезге ороп бага албайсың.
- Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
- Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
- Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
- Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
- Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
- Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
- Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
- Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
- Баланын өзүн төрөйт, кыял — жоругун (кошо) төрөбөйт.
- Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
- Баланын тарбиясы жашынан.
- Баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
- Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
- Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
- Баланын үйү — бапанын алачыгы.
- Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.
- Баланын ырайына жараша ат кой.
- Балаң мыкты болсо даңкың.
- Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу, катының жакшы болсо, малың байлануу.
- Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
- Балаңды жашынан тарбияла.
- Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
- Балаңжакшы болсо өргө чыгарат, балаңжаман болсо, көргө тыгат.
- Балапандарды күзүндө санайт.
- Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
- Баласы жоктун — ырысы жок.
- Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
- Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
- Баласыз үй — бактысыз.
- Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
- Балбан (күчтүү) менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
- Балбан менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
- Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
- Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
- Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
- Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
- Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
- Балдыздары келгенде, күйөөнүн чери жазылат.
- Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
- Балта көтөргөнчө, дөңгөч эс алат.
- Балта көтөргүчө дөңгөч дем алат.
- Балталууга отун жокпу, байталдууга катын жокпу.
- Балтасыз бай болбойт, калтасыз кайырчы болбойт.
- Балтасын сууга түшүргөн орустай болуп.
- Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
- Балык башынан сасыйт (чирийт).
- Балык жеген багышпайт, пейили кеткен бекишпейт.
- Балык жеген байыбайт, бейли кеткен беришпейт.
- Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл.
- Балык көлдө өлбөйт, баатыр чөлдө өлбөйт.
- Балык менен акындын, ойноок мүнөзү окшош.
- Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
- Балыкты сууга салып коркутпа.
- Балыктын күнү - көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
- Балыктын өз майы менен өзүн эмде.
- Балыктын өмүрү сууда.
- Балыктын суусуз күнүжок, «Күнүм жок» дешке үнүжок.
- Балыктын тирилиги суу менен, эрдин тирилиги элменен.
- Балыктын тиричилиги суу менен.
- Балыкчыны балыкчы, алыстан тааныйт.
- Балыкчынын аты чөлдөп өлөт.
- Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар.
- Балээ кетсе, бакыт келет.
- Бар — балтаң, жок — калтаң.
- Бар — барын айтат, жок — зарын айтат.
- Бар — батаң, жок — катаң.
- Бар — шаттантат, жок — какшантат.
- Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
- Бар болбой малың чачылбайт, жок болбой жолуң ачылбайт, башыңа мүшкүл иш түшпөй, малың арзан сатылбайт.
- Бар болсо — айымчылык, жок болсо — кайырчылык.
- Бар болсо — көрө албайт, жок болсо — бере албайт.
- Бар болсо — ташыба, жок болсо — шашпа.
- Бар болсо — чачпа, жок болсо — шашпа.
- Бар болсо бакмагы кыйын, жок болсо тапмагы кыйын.
- Бар болсо, айымчылык, жок болсо, кайырчылык.
- Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.
- Бар мактанса табылаар, жок мактанса чабылаар.
- Бар не дедирбейт, жок не жедирбейт.
- Бар окшотот, жок какшытат.
- Бар таттуу сөз, «жок» — ачуу сөз.
- Бара турган жериңе какырба да түкүрбө.
- Бараар жери жоктун, басаар тоосу жок, барбага жерде жыргал көп, барсаң аны таппайсың.
- Баракелде көзөлүм, чаап алган өз элин.
- Барбаган жери жоктун, баспаган жолу жок, кечпеген суусу жоктун, ашпаган ашуусу жок.
- Барбаймын десе эрки жок, башына тиет керки чот.
- Барга — майрам, жокко — ойрон.
- Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
- Барга бар, жокко — жок.
- Барга канаат, жокко сабыр.
- Барга көппө, жокко чөкпө.
- Барга майрам, жокко ойрон.
- Барга мактанба, жокко кайгырба.
- Барган жериң от болсун, балакети жок болсун.
- Барда аябаган жокко тойбойт.
- Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
- Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың, жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
- Барды аябаган, жокко тойбойт.
- Барды аяган, жокко тойбойт.
- Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
- Барды сурабайт, жокту тилебейтБармак басты, көз кысты.
- Бардыгын турмуш өзгөртөт, байкагын өмүр, күч кетет.
- Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат.
- Бардын акыры — ада, алп акыры — кор.
- Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
- Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
- Баркыңды билбегенге барба.
- Бармак басты, көз кысты.
- Барса — базар, келсе — кербен.
- Барчылык — жарашып турат, жокчулук — талашып турат.
- Барыктаса, башка чыгат.
- Барына шүгүр, жогуна тобо.
- Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
- Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
- Баспаган атка «чу» деген сөз дем берет.
- Баспас ат, өтпөгөн бычак эрди тез карытат.
- Баспас ат, өтпөс бычак эрди тез карытат.
- Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
- Бастырган - бараар, чапкан калаар.
- Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
- Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
- Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
- Батар күндүн атар таңы бар.
- Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
- Бахылдын (сараңдын) багы көгөрбөйт, көгөрсө да, көбөйбөйт.
- Баш — акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
- Баш — акылдын кабы, көз — жандын айнеги.
- Баш айрылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
- Баш айрылса (жарылса) бөрк ичинде (алдында), кол сынса, жең ичинде.
- Баш айрылса, бөрк ичинде.
- Баш аман (соо) болсо — бөрк табылат.
- Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
- Баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын.
- Баш жарылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
- Баш иштебесе бутка күч келет.
- Баш иштебесе, бутка күч.
- Баш канжыгада, кан — көөкөрдө.
- Баш кесүү (же кесмек) бар, тил кесүү (же кесмек) жок.
- Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
- Баш көйрөң — тузчу, орто көйрөң — отунчу, аяккы көйрөң — уйчу.
- Баш куйрукту күтпөйт.
- Баш мээси менен, мал ээси менен.
- Баш соо болсо, бөрк табылат.
- Баш экөө бөлбөй, мал экөө болбойт.
- Баш эсен болсо, топу табылат.
- Башка бирөө менен дешпе, дешсең башканы аралаштырып жешпе.
- Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңде кара булутту көр.
- Башка иш тушсө, байтал жорго болот, мата торко болот.
- Башка келген балаага, кулак — мурун садага.
- Башка келгенде — көз көрөр.
- Башка келсе (же чапса), байтал жорго болот, мата торко болот.
- Башка түшкөндү көз көрөөр.
- Башка түшсө — байтал жорго болот.
- Башка түшсө, бала да көнөт.
- Башка элге барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
- Башкага жасаганың да өзүңө пайда.
- Башканы танса да, токочту танбайт.
- Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
- Башта уткан — байыбайт, кийин уткан — кейибейт (же кемибейт).
- Баштагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт.
- Баштагынын жашы болсоң, эмикинин карысы болоорсуң.
- Башталганга мактанбай, бүткөнгө мактан.
- Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан.
- Баштан ашкан убара.
- Баштоочу болсо, коштоочу табылат.
- Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
- Башты — балта бузат, жылкыны — маңка бузат.
- Башты асыраган — эки кол.
- Башты балта чабат, жылкыны маңка бузат.
- Башты башкара билген башкага үлгү.
- Баштык ичпейт, баш ичет.
- Баштыктагы түгөнгүчө баш аман болсун.
- Башчы дурус болбосо — журт бузулат, соода дурус болбосо — нарк бузулат.
- Башчы экөө болсо акыл — жалгыз.
- Башы — бапан, аягы — сапан.
- Башы барга май токтойт.
- Башы батпагандын балтыры сыйат.
- Башы бүтүн аман жүрөт.
- Башы бүтүн, боору аман — адам жок.
- Башы жок бака, көзүжок көгөн.
- Башы катуунун, аягы таттуу.
- Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
- Башы оорубаган кудай менен иши жок.
- Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
- Башы оорубастын башка менен иши жок.
- Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
- Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
- Башы тоголоктун (же томолоктун) бардыгы адам боло бербейт.
- Башым канжыгада, каным көөкөрдө.
- Башымдан өтпөгөнгө баламын, башың өткөн жерден өзүң өтөсүң.
- Башын аманда малың түгөлдө.
- Башын баштайт, аягын таштайт.
- Башына тартса — аягына жетпейт, аягына тартса, башына жетпейт.
- Башынан багы качкандан — адам да качат.
- Башың аманында малыңды түгөлдө.
- Башың баш, багалчагың кара таш.
- Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
- Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
- Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казаарсың.
- Башыңа күч келсе, башмандак атасың.
- Башыңа тоо түшсө да чымындай көр.
- Башыңа төө түшсө, чымындай көр, чымын консо төөдөй көр.
- Башыңдан ким сыласа, машаягың ошо, жаныңда ким отурса, сулууң ошо.
- Башыңы ким сыласа машаягың ошо, маңдайыңда (жаныңда) ким отурса, сүйгөнүң да (же сулууң да) ошол.
- Баягы, баягы — Байкожонун таягы.
- Бегиңе жеткиче белиңди сындырам.
- Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
- Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.
- Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
- Бейишти бөтөн жерден эмес, киндик каның тамган жерден изде.
- Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
- Бейкайратка бейиш жок.
- Бейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
- Беймаал конок душмандан жаман.
- Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
- Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
- Бек байлагын атыңды, жайына кое бербегин, эси жок эсер катынды.
- Бек зикир чалса, бек эместер бакшы болот.
- Бекем катсаң, оңой табасың.
- Бекер алгандын берекеси болбойт.
- Бекер жерден мышык аптапка чыкпайт.
- Бекер жүргөнчө, бекер оку.
- Бекер ичкен — бей таалай, таап ичкен — чоң таалай.
- Бекер ичкен бей таалай, таап ичкен чоң таалай.
- Бекер киши таз болбойт.
- Бекер турганча, бекер иште.
- Бекерден кепин табылса, чулганып алып өлүш керек.
- Бекерден теңирим безер.
- Бекердин атасы өлүптүр.
- Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
- Бекеринен кепин табылса өлүш керек.
- Бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
- Бекерчиден безе кач, өнөрлүүгө өтө кач.
- Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
- Бел бекчейсе, көз чекчейет.
- Бел кырчоодон сарала.
- Белден күч кеткенде, колдон иш кетет.
- Белек баалуу эмес, сый баалуу.
- Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти, колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
- Бенденин оозунан чыкса, бериштенин кулагына аян болот.
- Бер десең — үтүрөйөт, ал десең — жылмаят.
- Бербеген кудайга чоң дооң барбы.
- Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
- Бербегенди берип уялт.
- Бербес жерде буюм бар, жакпас жерде отун бар.
- Бербес кыздын салыгы оор.
- Бербесең — алышпайсың, келбесең — алыстайсың.
- Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
- Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
- Бербестин ашы бышпас, бышса да очок башынан түшпөс.
- Бербестин ашы бышпас.
- Бербестин шылтоосу көп.
- Берген алат, эккен — орот.
- Берген баатыр эмес, алган баатыр.
- Берген жоомарт (баатыр) эмес, алган (сураган) жоомарт (баатыр).
- Берген жоомарт эмес, алган жоомарт.
- Берген колум алаган, майлуу колум жалагам.
- Берген кудайына жагат.
- Берген март эмес, алган март.
- Бергенге беш да көп, алганга алтымыш да аз.
- Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
- Бергенин алган — жамандын иши, ичкенин кускан — чабалдын иши.
- Береген колум алаган.
- Береке байда эмес — элде, кетмендеп иштелген жерде.
- Берекенин баары жерде калган эмеспи, жер дүйнөнүн туткасы элде калган эмеспи.
- Берекесин маа берсин, көлөкөсүн саа берсин.
- Берерге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
- Берерге бешимде — кымыз, бербеске шашкеде — саамал.
- Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
- Бересеге бешөө көп, аласага алтоо аз.
- Берешен колум алаган.
- Берешенден бешиктеги бала да үмүт кылат.
- Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок.
- Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
- Берип берен болгончо, бербей сараң бол.
- Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.
- Берсе — ал, урса — кач.
- Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы.
- Берсен — аларсын, эксең — орорсун.
- Берсең — ичем, урсаң — өлөм.
- Берсең — ичпейт, бекитсең — койбойт.
- Берсеңжебейт (ичпейт, албайт), бекитсең койбойт.
- Берээрге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
- Берээрге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал жок.
- Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат.
- Бетеге кетет, бел калат.
- Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
- Бетеге өзүн бий ойлойт, караган өзүн кан ойлойт.
- Бети башы терден арылбагандын колу, буту чордон арылбайт.
- Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
- Бети жокко безетки чыгат.
- Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.
- Бетинен бедер кеткен соң, кымкап да болсо бөзгө тең.
- Бетке (көзгө) айткан сөздүн заары жок.
- Бетке айткандын — заары жок.
- Бетке айткандын жүзү жарык.
- Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар.
- Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
- Бечарага тумоонун кереги не.
- Бечел турса (басса), жер өрттөйт.
- Бечелге (ден) жөтөл үйүр (кетпейт).
- Бечелге жөтөл үйүр (же бечелден жөтөл кетпейт).
- Бечелге жөтөлдүн кереги жок.
- Бечелди бекер көрбө (ойлобо), мүмкүн арстандай мыкты чыгар.
- Беш кол оозго батпайт.
- Беш кол тең (бирдей) эмес.
- Беш кол тең эмес.
- Беш колду оозго салса береке кетет.
- Беш тогоол болбой (өтпөй) бел чечпейт.
- Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
- Бешик баласы беш түлөйт.
- Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
- Бешиктен чыгып, тешикке киргенче.
- Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
- Бешимден кийин тийген күн жылуу болбойт.
- Бешимден кийин тийген күндүн жылуулугу болбой койбойт.
- Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.
- Биз да киши болорбуз, атка кишен саларбыз.
- Биз тирүүлөй бир дөбөдөбүз, өлгөндө бир көрдөбүз.
- Биздин көчөдө да майрам болоор.
- Бий экөө болсо, доо төртөө болот.
- Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
- Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
- Бийик дөбөгө (же тоого) чыксаң — көзүң ачылат;
- Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа, жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
- Бийик тоону көрөмүн десең, башына чыкпа.
- Бийик тоонун чокусуна, бир күндө басып — чыгам дебе.
- Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
- Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет.
- Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
- Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
- Бийлик бар жерде кулдук бар.
- Бийлик жаратканда андан кийин элде.
- Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
- Билбеген (же билбегендиктен) уу ичет (билбеген уу уртаар).
- Билбеген киши жылкыда бөйрөк жок дейт.
- Билбеген уу ичет.
- Билбегенге уруят, билгендерге уят.
- Билбегенди бил, билимдүү — пир.
- Билбегенди эшитсең билги болосуң.
- Билбейм деген бир сөз, «билем» деген миң сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген көп (миң) сөз.
- Билбес кудайды билбейт.
- Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
- Билген жолуңду атаңа бербе.
- Билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат.
- Билген миңди башкарат.
- Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
- Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
- Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк.
- Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
- Билгенди айтуудан тартынба.
- Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
- Билгениңе кеңеш аяк, билбегениңе ажыраш аяк.
- Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
- Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү (же толук) миңди жыгат.
- Билек — бир, бармак (же манжа) — башка.
- Билек бирге болсо да, манча (же бармак) башка, тилек бирге болсо да, жүрөк башка.
- Билек жирей албаганды — билим жирейт.
- Билем-билем дей бербе, билгендерди көргөндө.
- Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
- Билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын.
- Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
- Билим — жанып турган чырак.
- Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
- Билим — карыбас, өнөр — арыбас.
- Билим — оошот, ырыс — жугушат.
- Билим — элге, суу — жерге.
- Билим адамдын канаты.
- Билим алууну бешиктен башта.
- Билим болбой, илим болбойт.
- Билим деңиз, акыл — кайык.
- Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
- Билим кенч, эмгек анын ачкычы.
- Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
- Билим мейман, акыл — ээ.
- Билим өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
- Билим ырыс азыгы.
- Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
- Билимди сатып албайт, аны казып алат.
- Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
- Билимдин кени китепте.
- Билимдин күчтүүсү — адамдык.
- Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
- Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
- Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
- Билимдүү болмок — оңой, адам болмок — кыйын.
- Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
- Билимдүү зор, билими жок кор.
- Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
- Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.
- Билимдүү молдо пиво сатат.
- Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
- Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
- Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы.
- Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
- Билимдүүдөн акыл сура.
- Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин — ириңи жугат.
- Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
- Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
- Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
- Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
- Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
- Билими жокко күн да түн.
- Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
- Билими толук (же күчтүү) миңди жыгат, билеги жоон (же күчтүү) бирди жыгат.
- Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
- Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
- Билинбей туруп адамга бир ооз сөз адамды дарылайт.
- Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
- Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
- Бир ай минбей атыңды мактаба.
- Бир айткан сөздү кабыл алганды падыша де.
- Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
- Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
- Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
- Бир амал менен, эки алдай албайсың.
- Бир ата — эне он балага чыдаса, он бала бир ата — энеге чыдабайт.
- Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
- Бир ата-эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата-энени бага албайт.
- Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
- Бир баатыр — согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
- Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
- Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
- Бир баш — миң ой.
- Бир башта миң үмүт.
- Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
- Бир буту көрдө (көктө), бир буту жерде.
- Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе, экинчисинин күчү жок.
- Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
- Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
- Бир жамандык бир жакшы — эгиз болуп келет, бир караңгы бир жарык — түндөн кийин күн келет.
- Бир жамандык, бир жакшылык — эгиз болуп, бир келет.
- Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарылды.
- Бир жеңден кол, бир жакадан баш, бир ооздон сөз чыгарсаң жоого алдырбайсың.
- Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
- Бир жердин ала каргасы бир жерге келип телик куш болот.
- Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
- Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
- Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
- Бир жолу калпың чыкса, сөзгө алгысыз болосуң.
- Бир ирет даам таткан жериңе миң ирет салам бер.
- Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
- Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
- Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
- Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
- Бир караңгы, бир жарык — түндөн кийин күн келет.
- Бир карасаң — камчы сап, бир карасаң — ийнелик.
- Бир карын майды бир кумалак чиритет.
- Бир карын сары майды бир кумалак чиритет.
- Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
- Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
- Бир кемпир бир кемпирди «кыз» деп тергептир.
- Бир кемпир бир кемпирди «кызыке» дейт.
- Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
- Бир кишиге бир киши, аздык кылбайт, алдырбайт.
- Бир кишинин азгыны, миң кишиге уу берет.
- Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
- Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
- Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
- Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
- Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
- Бир коркоктун кесири миңге тиет.
- Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
- Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
- Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш.
- Бир көргөн кишиңе, миң салам бер.
- Бир көргөндө — тон сыйлуу, таанышканда — бой сыйлуу.
- Бир кумалак бир карын майды булгайт (чиритет).
- Бир күн болсо да, күн көргөн жакшы.
- Бир күн калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
- Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
- Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер.
- Бир күн укмуш укпаса, кулак керең болот.
- Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
- Бир күндүк өмүрүң болсо — түштүгүнө жорго мин.
- Бир күнкү таанышка, миң күнү салам бер.
- Бир күнү калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
- Бир күнү таанышка миң күнү салам бер.
- Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
- Бир күнү шумдук укпаса, кулак дүлөй болот.
- Бир күнүуруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
- Бир мунарага жеталбай атып, бир мунарага бутун арткан.
- Бир мыскал дөөлөттү көтөрүш үчүн, миң мыскал токтоолук керек.
- Бир ок менен эки коён атам дебе.
- Бир ок менен эки коёнду атыптыр.
- Бир ок менен эки коёнду атыш өтө оор.
- Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
- Бир ооз сөз жүрөк жаралайт, бир ооз сөз абийиркаралайт.
- Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
- Бир өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
- Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
- Бир сөз — оозго алгыс, бир сөз — издесе тапкыс.
- Бир сөз бар — кут, бир сөз бар — жут.
- Бир сөз бар — оозго алгыс, бир сөз бар — издесе тапкыс.
- Бир сүйлө, эки ук.
- Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
- Бир тамчы суу кумурскага дарыя болуп көрүнөт.
- Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
- Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес.
- Бир тентек — бала, бир тентек — кан.
- Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
- Бир тойдо эки жар болбойт.
- Бир тоодон бир тоого арзыган кийик ачтан өлүптүр.
- Бир тоокко да жем керек.
- Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе экинчисинин күчүжок.
- Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
- Бир урууда бир жинди болот.
- Бир уядан — бир сасык.
- Бир уядан бир сасыткы чыгат.
- Бир үйдүн ашы бир үйгө сонун.
- Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
- Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
- Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
- Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын (чылпылдасын) оозуңда, бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
- Бир чөптүн гүлүнөн аары бал соруп алса, жылан уу — оруп алат.
- Бир чыбык менен миң кой айдалат.
- Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
- Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
- Бир этегин жаза баскан, бир этегин үзө басат.
- Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
- Бирге болсо тебишет, ажырашса кишинешет.
- Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
- Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.
- Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
- Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
- Бирде манап, бирде кул — пикири жок бир эргул.
- Бирди аяган миңден кур калат.
- Бирди аяган миңдин убалына калат.
- Бирди бакпасаң, жокко зар болосуң.
- Бирди билгени — сыңар эмчектин сүтү, көптүн билгени — ташып аккан дайра.
- Бирди билгенче, миң менен тааныш бол.
- Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
- Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
- Бирди кессең — онду тик.
- Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
- Бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт.
- Бирдик болбой тирдик болбойт.
- Бирдик болгон жерде — тирдик.
- Бирдик жок жерде тирдик жок.
- Бирдики — миңге, көптүкү — түмөнгө.
- Бирдиктүү болбой дөөлөттүү болбойт.
- Бирдиктүү эл — кебелбес аскадай.
- Бирдин катасы миңди азапка салат.
- Бирдин кесепети — миңге, миңдики — түмөнгө.
- Бирдин кесепети миңге тиет.
- Бири кетсе экинчисинин сүтүжок.
- Бири кетти, неси калды.
- Бири тентек чыкса, бири жөнтөк болот.
- Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишенешет.
- Бириктирбейт жек көрүү, бел сындырат бөксөрүү.
- Бирин эки кылып, битин сирке кылып.
- Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык — ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
- Бирлик бар жерде тирлик бар.
- Бирөө алдында жатып, «турсам өлөсүң» дептир.
- Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
- Бирөө билбегенди бирөө билээр, бирөө ыйлай турганга бирөө күлөөр.
- Бирөө билбегенди, бирөө билет.
- Бирөө бузуп айтат, бирөө түзөп айтат.
- Бирөө десем миң экен, жалгыз десем сан экен.
- Бирөө жашаш үчүн иштейт, бирөө жеш үчүн жашайт.
- Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт, бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
- Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
- Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
- Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
- Бирөө утулмайынча, бирөө куталбайт.
- Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
- Бирөөгө бак, бирөөгө баш берет.
- Бирөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
- Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиерин унутпа.
- Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
- Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң барып түшөсүң.
- Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
- Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
- Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
- Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
- Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң.
- Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
- Бирөөлөргө нан кайгы, бирөөлөргө жан кайгы.
- Бирөөнө жамандык кылсаң, өз башыңа (түшөөрүн) тийерин унутпа.
- Бирөөнү эки кылган — эпчил.
- Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңкүнөн кол жууйсуң.
- Бирөөнүн — өзү баатыр, бирөөнүн — сөзү баатыр.
- Бирөөнүн — өзү сыйлуу, бирөөнүн — сөзү сыйлуу.
- Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
- Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
- Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон, бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
- Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар; бирөөнүн ат көтөргүс даны бар.
- Бирөөнүн арканы менен үңкүргө түшпө.
- Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
- Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
- Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил.
- Бирөөнүн ашына — мойнуңду созбо.
- Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
- Бирөөнүн жакшы жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өмүр өткөнчө билинбейт.
- Бирөөнүн жарчысын коюп, өз жарчыңды жарып ал.
- Бирөөнүн ичи — деңиз, бирөөнүн ичи — коңуз.
- Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
- Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
- Бирөөнүн колу менен от кармаба.
- Бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн.
- Бирөөнүн көрүнө бирөө жатпайт.
- Бирөөнүн кызматына көз артканча, өз мээнетиңе ишенгениң дурус.
- Бирөөнүн өзү (өңү) суук, бирөөнүн сөзү суук.
- Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү (көзү) баатыр.
- Бирөөнүн өзү сыйлуу, бирөөнүн сөзү сыйлуу.
- Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
- Бирөөнүн өрдөгүн (тоогун) жесең каз байла.
- Бирөөнүн тоогун алсаң (же жесең), каз байла.
- Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
- Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
- Бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок.
- Бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элинде ултан бол.
- Битке ачууланып, тонуңду отко жакпа.
- Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
- Биттейде бириктик, бармактайда баш коштук.
- Биттин ачуусун сиркеден алат.
- Биттин ичегисине кан куйган эпчил.
- Биттин өчүн сиркеден алба.
- Биттүү конок батат, иттүү конок батпайт.
- Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
- Боз койдон жоош (же момун), ак койдон аңкоо (же маңоо).
- Боздоп улуйт тууган жердин шамалы, боор толгоп учуп — күйүп жаналы.
- Боздукта (жашында) бенде өлбөсүн, боз топурак көрбөсүн.
- Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
- Бозмоштуу жерде бото өлбөйт.
- Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
- Бозо болгондуку, токоч тойгондуку.
- Бозодогу сөз бокко жарабайт.
- Бозойдун мыйыгынан күлгөнү — селкинин оюн билгени.
- Бозоң бозоруп болбогон тамак, ичсе — тойбогон тамак.
- Бозочу — боорукер болбос, борукчу — кайрыкер болбос.
- Бозочунун үйү кыйкырык менен өкүрүк, өтүкчүнүн үйү апырык менен сапырык, насбайчынын үйү какырык менен түкүрүк.
- Бозынач болсо, ботом өлөт беле.
- Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт.
- Бойлукта байлык жок.
- Бок жесең, жүрөгүңдү байлана жүр.
- Бокту баспа — сасыйт.
- Бокту чапса бетке чачырайт.
- Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
- Болбогондо болушпайт (болбогонго болушпа).
- Болбой турган уулуңду, коё бергин казанга.
- Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
- Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
- Болду дегенден «болот — болот» деген кызык.
- Боло турган азамат болоттон кылыч байланат.
- Боло турган уулуңду, жибербегин базарга.
- Болоор бала богунан.
- Болоор иш болду, боёсу канды.
- Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
- Болоору болду, боёсу канды.
- Болооруңа келгенде боз жоргоңду такала, болбосуңа келгенде болгон эрди жакала (жака — белинде жүр).
- Болооруңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
- Болор — болбос өлүптүр, ат чаптырып коюптур.
- Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат.
- Болор бала богунан.
- Болор иш болуп, боесу канды.
- Болор иш болуптур, боёсун кандыр.
- Болор кулун — желеде булкуйт, болор бала — бешикте булкуйт.
- Болор музоо богунан.
- болор, эмгек менен тапкан малың, өлгөнүңчө мүлк болор.
- Болору болду, боёсу канды.
- Болот (кылыч) кында жатпайт.
- Болот бычак кынсыз калбайт, болот ийилбейт, чорт сынат.
- Болот ийилбейт, чорт сынат.
- Болот кылыч кында жатпайт.
- Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
- Болот сынат, бирок ийилбейт.
- болот, каарына алганда жайдын күнү жут болот.
- Болоюн деген балаңды жибербегин базарга, болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
- Болоюн деген уул бар, болтурбайм деген кудай бар.
- Болсоң болоттой бол.
- Боор ооруган бозорот, табаалаган тамылжыйт.
- Боор ооруса, боорго тебет.
- Боор оорусу — киндик толгойт.
- Боор оорусу (же ооруса) киндик толгойт.
- Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт (жок).
- Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
- Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
- Борбаш канчалык кыраан болсо да, боз торгойчолук алы жок.
- Бороонду тоотпой боорун тоспогон муздак желден коркот.
- Бороонду тоотпой боорун тоспогон, болбогон муздак желден коркот.
- Бороондуу күндө бок кычайт.
- Бороондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнүжок кычайт.
- Босогодон мүдүрүлсөң, төрдө эмне бар.
- Ботко майдан бузулбайт.
- Бош кап тикесинен турбайт.
- Бош челек катуу калдырайт.
- Бою бир карыш сакалы миң карыш.
- Бою карыш, ою жапыс.
- Бою келтенин ою келте.
- Бою пакененин ою бийик.
- Бою пекененин — үнү бийик.
- Боюна бүткөндөн кийин төрөбөй койбойт.
- Боюнун узунун кантейин, акылынын кыскасын кантейин.
- Боюңа карап тон быч.
- Боюңа мактанба, оюңа мактан.
- Боюңдай бой табылса да, оюңдай ой табылбайт.
- Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
- Бөдөнө жеп тарууну, чымчык калат балаага.
- Бөдөнөнү кыргыйга, жем жараткан — сен дүйнө, эки эгиздин бирөөнү, кем жараткан — сен дүйнө.
- Бөдөнөнү сойсө да касапчы сойсун.
- Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба.
- Бөдөнөнүн үйүжок, кайда барса «бытпылдык».
- Бөздүн көркү менен мата өтөт.
- Бөзчү белбоого жарыбайт, темирчи такага жарыбайт.
- Бөйрөктөн шыйрак чыгарган (чыгарба), бөдөнөдөн куйрук (көтөн) чыгарат (чыгарба).
- Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
- Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
- Бөксө чайнек бат кайнайт.
- Бөксө чайнек катуу кайнайт, бөөдө аракет бел сындырат.
- Бөксөсүндө — бөрү, түзүндө — түлкү.
- Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм.
- Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы, душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны.
- Бөлүнгөндү бөрү жейт (жарылганды жоо алат).
- Бөөдө аракет бел сындырат.
- Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт.
- Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
- Бөөдө чыгым баш жарат.
- Бөөдө чыгым бөлөккө жетпес.
- Бөрк ал десе — баш алган.
- Бөрк ал десе баш алган (кескен), жасакердин жосуну.
- Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
- Бөрк алып кел десе, баш кескен.
- Бөрк астында — бөрү жок дебе, ээк астында — жоо жок дебе.
- Бөрк кийгендин тамагы бир, жол жүргөндүн тилеги бир.
- Бөрү — жарды, кузгун — тойду.
- Бөрү — койго тойбойт, кулак — сөзгө тойбойт, көңүл — ойго тойбойт, көз — көргөнгө тойбойт, жер — жутканга тойбойт, куш — учканга тойбойт.
- Бөрү азыгы — жолдон.
- Бөрү азыгы менен эр азыгы жолдон.
- Бөрү арыгын билгизбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
- Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
- Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар уулду сөзүнөн тааны.
- Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны.
- Бөрү ачыкпай, жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү, ууга чыкпайт.
- Бөрү баласы — ит болбойт.
- Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
- Бөрү баласына баш тоголотот.
- Бөрү бөрк астында же бөрк астында бөрү бар.
- Бөрү жок десе бөрк астында, ууру жок десе жер алдында.
- Бөрү каргышы койго жетпейт.
- Бөрү карыса — чычканчыл болот.
- Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
- Бөрү карыса, итке күлкү болот.
- Бөрү карысын жектейт.
- Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
- Бөрү түндө күч, жоо камсыз кезде чабат.
- Бөрү этектен, жоо жакадан алат.
- Бөрү этектен, жоо жакадан алганда (жакалап келатканда).
- Бөрүгө кой кайтартпа.
- Бөрүдөн бөлтүрүк гана туулат.
- Бөрүжарды кузгун тойду.
- Бөрүжебесе да күнөөлүү.
- Бөрүжегенге маш, молдо алдаганга маш.
- Бөрүжыргаганга маш, молдо алганга маш.
- Бөрүнү аясаң, өзүңдү жарат.
- Бөрүнүкү тең орток, кузгундуку куркулдайдын башында.
- Бөрүнүн ажалы көтү күйүк иттен.
- Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.
- Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
- Бөрүнүн күчү — тишинде, кишинин күчү — ишинде.
- Бөрүнүн тоюна барсаң, бөрүбасарыңды ала бар.
- Бөрүнүн эки көзүууда.
- Бөрүчү бүркүт өлүүчү.
- Бөтөлкө менен достошкон, өмүрү менен коштошот.
- Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.
- Бу дүйнөдө не карып? Замандашы болбосо карыя болор тез карып, кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып.
- Бу дүйнөдөн үмүтүн үзгөн акыретинин камын көрөт.
- Бу тоодон бу тоого арзыбаган кийик ачка өлүптүр.
- Бузук бар жерде кусур бар.
- Бузуку ажо — жолдо турган дөңгөч.
- Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт.
- Бузуку менен муңдашпа, типтүү менен тирешпе.
- Бузукунун үйү күйсүн.
- Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
- Бузулган элге бучуктан молдо (же улук).
- Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
- Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
- Буйга минген төөсү бар, чабаганчы жөөсү бар.
- Буйругу жок ашка тиш тийбейт.
- Бука жокто — торпок бий.
- Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
- Бука өлбөгүдөй, инек соолбогондой болсун.
- Букада кайын жок, уйда төркүн жок.
- Буканы кутурткан эки энек.
- Буканы өкүрткөн эки энек.
- Буканын жаманы музоого теңтуш.
- Буканын мурду карыбайт, эрдин көөнү карыбайт.
- Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.
- Букарда пулу бардын көөнү ток.
- Бул жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген неме, бул бүргөнү такалап минген неме.
- Бул түбү жок жыртык дүйнөнүн түбүнө ким жеткен.
- Булак өзүн көлмүн дейт.
- Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
- Буламыктан — тиш сынат, кыламыктан — бут сынат.
- Буламыкты да жасаган катын жасайт.
- Буларды жараткан алла кимисинин камын жейт.
- Булбул багына конот, падыша такка конот.
- Булбул түндө сайрап, күн чыкканда эс алат.
- Булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай — ак карасы.
- Булбулдун доошун эшитпей, буралып талаа ачылбайт.
- Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү бар, боло турган азамат, болоттон кылыч байланып, жоого тийсе сүрү бар.
- Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
- Булбулдун унун укпай, жайкы талаа ачылбайт.
- Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
- Булду берсең, сүткө бер.
- Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
- Булут ала — жер чоло.
- Булут минип, муз бүркүп, сен да өтөрсүң дүйнөдөн.
- Булут шамалга каршы жылбайт.
- Булуттан чыккан — күн ачуу, жамандан чыккан — сөз ачуу.
- Булуттун кадыры жок — ай жанында.
- Булуттун көркүжери менен, буудайдын көркүтери менен.
- Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы, булкунган ат минээрге жакшы.
- Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы.
- Буран, белдин кайгыга батканы — бозойдун кабарсыз жатканы.
- Буран, иштин — арты ылаң.
- Бурган сөз — урган сөз.
- Бут — басар, кол — табар.
- Бут серпкенге ал келбейт, ажал жетип күн бүтсө.
- Бутагың сынса сынсын, бирок тамырың соолубасын.
- Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
- Буту сынган — жатып алып семирет, колу сынган — басып жүрүп арыктайт.
- Буту сынган жатып семирет, колу сынган туруп жүрүп арыктайт.
- Бутунан кулаган турат, оозунан кулаган турбайт.
- Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен (сөзүнөн) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.
- Буудай наның болбосо да, буудайдай сөзүң жокпу.
- Буудай сепкен таалайсыздын, аңызына арпа чыгат.
- Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
- Буудай токочуңду бербесең да, буудайдай сөзүңдү аяба.
- Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
- Буудайдын барар жери — тегирмен.
- Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
- Буюкканга жылдыз — от.
- Буюм керек учурунда жакшы.
- Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
- Буюмдун кирин самын жууйт, көңүлдүн кирин акыл жууйт.
- Буюрбаган ашка мурун канайт.
- Буюрбаган аштан үмүт этпе.
- Буюрбаган ашыңа, жөө конок келсин кашыңа.
- Буюрса — Букардан аш келет.
- Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
- Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
- Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба, өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
- Бүгүн конок — эртең жомок.
- Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртең ток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
- Бүгүн көргөн — эртең жок, ушундай белең (же атаны кайран) дүйнө бок.
- Бүгүн көргөн эртең жок.
- Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
- Бүгүнкү ачууну эртеңкиге кой.
- Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
- Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
- Бүгүнкү мээнетиң — эртеңки дөөлөтүң.
- Бүгүнкүнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар.
- Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
- Бүгүнкүнүн эртеңкиси (же эртеси) бар.
- Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба.
- Бүкүлүү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
- Бүлдүргө болор жип, бүлкүлдөп үрөр ит жок.
- Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
- Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
- Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
- Бүркүт картайса, чычкан уулайт.
- Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.
- Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
- Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.
- Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
- Бүтпөгөн иш сыртта болсо кар басат, үйдө болсо чаң басат.
- Былтыркыдан калган иш жок.
- Бысмылданын ашын шайтан түгөтөт.
- Бычагы курч байыбайт.
- Бычагыңды чыны менен бер, чыны менен берсең, кыны менен бер.
- Бычак берсең — кындап бер, кындап берсең — чындап бер.
- Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
- Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
- Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур.
- Бычактын көркү — курчунда, суусардын көркү — сыртында.
- Бычмачынын күчүгүндөй шыпылдап.
- Бышаарына күйүп, чыгараарына күйбөйсүңбү.
- Бышкан жемиш сабагында турбайт, бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
- Бышкан жемиш сабагында турбайт.
- Бышпастан мурда бышырдың, күйбөйстөн мурда күйгүздүң.
- Бышты, ат башына чычты.
- Бышык болом деп жатып, жек — жаатыңдан кол үзбө.
- Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
- Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
- Бээ баласын чапчыса да, берт кылбайт.
- Бээ десең төөгө кетет (же төө дейт).
- Бээ карыса чөл, сыйыр карыса көл.
- Бээ кулунун катуу тепсе да, мерт кылбайт.
- Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
- Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.
Жайгаштыруу: 2023-07-17, Көрүүлөр: 1090, Өзгөртүлгөн: 2023-07-17,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо