Макал лакаптар жыйнагы (С)

С тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор С тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына С тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

С

  • Сааганым Сарбагыштын бээси, азандан келет ээси.
  • Саан камдаганча, саман камда.
  • Саан камдагыча, сабаңды камда.
  • Саан уйду кысыр уйга алмашбайт.
  • Сааның жок болсо да сабааң болсун.
  • Сааныңды камдаганча, сабааңды камда.
  • Саап ичсең — миң күндүк, союп жесең — бир күндүк.
  • Саап ичсең миң күндүк, чаап ичсең бир күндүк.
  • Сабаасына жараша (карай) бишкеги, сакалына (мурутуна) жараша (карай) искеги.
  • Сабаасына карай — бишкеги, сакалына карай — искеги.
  • Сабагы жаман жемиштин даны да жаман.
  • Сабасына жараша — бишкеги, мурутуна жараша — искеги.
  • Сабасына карай — бишкеги, сакалына карай — искеги.
  • Сабаттуу күн сымак, сабатсыз түн сымак.
  • Сабына жараша — бычагы, сакалына жараша — искеги.
  • Сабырдуу адам — жылдыздуу.
  • Сабырдуу болсон — озорсуң, сабырсыз болсоң осолсуң.
  • Сабырдуулугуң — салтанатың.
  • Сабырдуулук — бакыттын ачкычы.
  • Сабырдуулук акылмандын шериги.
  • Сабырдуунун багына алма бүтөт, сабырсыздын башына кайгы түшөт.
  • Сабырдын түбү — сары алтын, санабай билгин кымбатын.
  • Сабырсыздын иши тамырсыз.
  • Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
  • Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлүптүр.
  • Сагызгандын баласы агынан көп карасы.
  • Сагызгандын санаасы жоордо, соргоктун санаасы куйрук — боордо.
  • Сагынычтан — саргаят.
  • Сайма сая албаган ийне тандайт.
  • Сак болсоң, ишиң ирээттүү болот.
  • Сак жүргөн кор болбойт.
  • Сакадай бою — сары алтын.
  • Сакал тойдо керек.
  • Сакалдуу киши жоого түшөбү.
  • Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
  • Сакалдын көркү чалда бар, сулуунун көркү калда бар.
  • Сакалы узун кишинин акылы кыска.
  • Сакалың өспөсө, сакалсызга күлбө.
  • Сакалыңдын агы бар, балалыгың дагы бар.
  • Сактанбаган алп жардан алыс кетиптир.
  • Сактанганды — сактаптыр.
  • Сактансаң — сактаймын, сактанбасаң — отко кактаймын.
  • Сактансаң сактаармын.
  • Сактансаң, соо каларсың.
  • Сактасаң миң күндүк, сактабасаң бир күндүк.
  • Сактыкка кордук жок, закондо зордук жок.
  • Сактыкта кордук жок.
  • Сактын саны калып, маңыроонун сайда саны калат.
  • Салаалап сыйпап сакалды, карылар айтат макалды.
  • Салаалап тарап сакалды, карылар айтар макалды.
  • Саламсыз кирген уят, жоопсуз чыккан уят.
  • Салынуу капкан — теңсиздик, зарланган муң — элсиздик, аккан жаш — жерсиздик.
  • Саман өрттөнүптүр десе, Самарканды жоо чааптыр дейт.
  • Саман учуп келатат десе, «Самарканды жоо чапты» дейт.
  • Саманкана күйдү десе, Самаркан күйдү дейт.
  • Сан тийбеске сан тийди, табак — табак нан тийди.
  • Санаа — саргайтат, убайым — картайтат.
  • Санаа — эрди саргайтат, сары жел — чөптү кубартат.
  • Санаа коёндон да күлүк.
  • Санаа куюндан да күлүк.
  • Санаа менен байыба, убайым менен карыба.
  • Санаа менен жетпеген, талап менен табылат.
  • Санаа тарткандын ичкени — ирим, жегени — желим.
  • Санаа эрди саргайтат, сары жел чөптү кубартат.
  • Санаанын изи жок, санаасыз киши жок.
  • Санаасы жок - уйкучул, акылы (же ары) жок — күлкүчүл.
  • Санаасы жок сары сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
  • Санаасы жок сары сууга семирет.
  • Санабай туруп түгөл дебе.
  • Сандык жыйган жүгүңө, сарамжал кылгын үйүңө.
  • Санчыга — сан.
  • Саны бар сапаты жок.
  • Саны бар, сапаасы (же сапаты) жок.
  • Саны менен бирге даны болсун.
  • Сапарбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
  • Сапарбайдын сан жылкысынан Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
  • Саралалуу көп жылкы булактан келип суу ичсе, булактын чери жазылат.
  • Сарамжалдуу — байлыкка алып баруучу байсалдуу жол.
  • Сарамжалдуулук байлыктан артык.
  • Сараң адамды кесип алса кан чыкпайт.
  • Сараң байдын коногу болгуча, март кедейдин коногу бол.
  • Сараңдан сурасаң, ал сары оору болот.
  • Сараңдардын миңинен, жалгыз да болсо март жакшы.
  • Сараңды берип уялт.
  • Сараңдын жыйганын зордукчу чачат.
  • Сараңдын казаны кайнабайт.
  • Сараңдын колу тар, кайда барса жолу тар.
  • Саргара жортсоң, кызара бөртөрсүң.
  • Сарсанаа болбо жогуңа, санаа жокко жеткирбейт.
  • Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат.
  • Сарт бышырсын, кыргыз туурасын, казак ашасын.
  • Сарт санаа менен байыйт, убайым менен карыйт.
  • Сарт санаасы менен байыйт.
  • Сарт үйүн көргөндө чабат.
  • Сарттын аты жемкор болсо, дорбоону тешет.
  • Сарттын ашына күйгөнчө, атаңдын башына күй.
  • Сары ала тоок саман чачат, өз айыбын өзү ачат.
  • Сары савылды ичкендин жаны савил.
  • Сасык деп, уйдун мурдун кесип таштабайт.
  • Сая албаган — ийне тандайт, саптай албаган — учук тандайт.
  • Сая албаган ийне тандайт.
  • Саяк жүрсөң, таяк жейсиң.
  • Саяк менен сагызганга убал жок.
  • Саяпкери жарашса, жаман ат байге алат.
  • Себепсиз күлгөн тарбиясыздыктын белгиси.
  • Себепсиз макал айтылбайт.
  • Себептен себеп, балчыктан имарат.
  • Секет үчүн сегиз сөм ыйгарганың — молдонун кызын септүү кылганың.
  • Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.
  • Сел сайды бузат, ушак элди бузат.
  • Семиз арыктаганча, арыктын жаны чыгыптыр.
  • Семиз жер — мейиз жер, шор жер — кор жер, кум жер — кубулган жер.
  • Семиз кой берем дегенге, селдесин саткан молдо бар.
  • Семиздикти кой көтөрөт, эркеликти уул көтөрөт.
  • Семиздин аягы сегиз.
  • Сен арт, мен арттан да, сен тарт, мен тарт жаман.
  • Сен деген сыпайыга өлүм.
  • Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз.
  • Сен каркыра мен турна, мен турган жерге сен турба.
  • Сен салар да мен салар, атка чөптү ким салар.
  • Сен сыйласан карыңды, кудай сыйлайт барыңды.
  • Сен, «мен» деген сенек сөз, «сиз», «биз» деген сылык сөз.
  • Сен, сен деген селейет.
  • Сени күндүз мактаган түндө сөгөт.
  • Сеники, «меники» — көңүлдүн тардыгы, «ары жат», «бери жат» — төшөктүн тардыгы.
  • Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол.
  • Серкеси болбой, эл болбойт.
  • Сескенгенден сескен, шектенгенден шектен.
  • Сиз, «биз» деген сылык сөз, «сен», «мен» деген сенек сөз.
  • Сиздердикине барганда — ичейли да жейли, биздикине келгенде — ырдайлы да ойнойлу.
  • Сиздин акканыңыз биздин акканыбыз.
  • Сийдиги тентектин бири тентек, жатыны тентектин баары тентек.
  • Сиңер жерге суу жай, угар кишиге сөз айт.
  • Сиркеси суу көтөрбөйт.
  • Согумдун башы — чечемдин ашы.
  • Согумун чүйгүн болсо ичиңден кымый.
  • Согумуң чүйгүн болсо, ичиңе сакта.
  • Согушту көрбөгөн баатырсыйт.
  • Согуштун көзү — сокур.
  • Соёрун сойдук, тогуз катын ким артат.
  • Соёрун сойдум, тартуу кандай болот.
  • Сойгону — улак теке, тартканы — кулак, чеке.
  • Сойгуң келсе малдын семизин сой, арыгын ордуна кой.
  • Сокку канчалык күчтүү болсо, душман ошончолук басынат.
  • Сокмо да болсо бөз жакшы, сокур да болсо көз жакшы.
  • Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
  • Сокулуу катын — зор катын.
  • Сокулуу катын зор катын, сокусуз катын кор катын.
  • Сокур — орой, таз — кыйык, маңкада (бучукта) бар аз кыйык.
  • Сокур атка котур ат үйүр.
  • Сокур ит аксак түлкүдөн үмүт кылат.
  • Сокур иттен аксак ит соогат сурайт.
  • Сокур киши — шоола менен, бакыр киши — маана менен (жүрөт).
  • Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт.
  • Сокур намыс баш жарат.
  • Сокур өлгүчө көзү ачыларынан үмүт кылат.
  • Сокур сыйпаганын койбойт, дүлөй тыңшаганын койбойт.
  • Сокур сыйпалаганын койбойт, дүлөй тыңшаганын койбойт.
  • Сокур тутса — бек тутат, чолок урса — бек урат.
  • Сокур уй кудук көргөндөй болбо.
  • Сокурга күзгүнүн кереги не?.
  • Сокурга күн, түн бирдей.
  • Сокурдан кароолчу койсоң, элди жоого алдырат.
  • Сокурдан күзөтчүң болсо элиңди жоого алдырат.
  • Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоо алат.
  • Сокурдан сакчы койсоң, элиңди чаптырасың.
  • Сокурдун сураганы — эки көз.
  • Сокурдун тилегени — эки көз.
  • Сокурдун тилегени эки көз, көйнөксүздүн тилегени бөз, дүлөйдүн угайын дегени жакшы сөз.
  • Сологойдун оңу бар.
  • Сом темирге балка бар, чоңсунганга (же зордукчулукка) алда бар.
  • Сом темирге бар, чоңсунганга алда бар.
  • Соо болом десең, боюңа өлчөп тамак ич.
  • Соо эмес кыз соо кыздын бетин тырмайт.
  • Соода — сакал сыйпаганча.
  • Соодагер барган жериң жакын дейт.
  • Соодагер өтүгүн майлайт, өтүгү көчүгүн майлайт.
  • Соодагер санаасы менен байыйт, убайым менен карыйт.
  • Соодагерге мал кайгы, оорулууга жан кайгы.
  • Соодагерде акча болбосо, сууда балык да болбойт.
  • Соодагерде нысап жок.
  • Соодада достук жок.
  • Соодада көңүл жок, саламда борчтук жок.
  • Соодасы түгөнгөн сарттай болду.
  • Соодасы түгөнгөн соодагердей болуп.
  • Соодасы түгөнгөн соодагердин кейпи кетет.
  • Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
  • Соолгон көлгө бака айгыр, тул катынга жалчы айгыр.
  • Соолгон көлгө бака айгыр.
  • Соолгон көлгө бака чоң.
  • Соолук койдун жашы жакшы, шишек койдун башы жакшы.
  • Соонуку — дилинде, мастыкы — тилинде.
  • Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да койбойт.
  • Сопу согон жебес, жесе, кабыгын да койбос.
  • Сопунун көөнү азанда, соргоктун көөнү казанда.
  • Сопусунган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр.
  • Соргок — суусак, долу — ыйлаак, ырысы жок — таарынчаак.
  • Соргокко кырсык үйүр.
  • Соргокко чоң табагыңды көрсөтпө.
  • Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда.
  • Соргоктун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
  • Сорпосу даамдуу болсо, союлган козуга кайгыруу жок.
  • Союл камдаганга — токмок көтөр.
  • Союлду ура билбеген өзүнө тийгизет.
  • Сөгүп үйрөтпө — сүйлөп үйрөт, сөгүп үйрөтпө — окутуп үйрөт.
  • Сөз — жип, кандай созсо кете берет.
  • Сөз — сөөктөн (өпкөдөн) өтөт, жүлүнгө (чучукка)жетет.
  • Сөз — тапка кирбес, боосуз куш, ооздон чыкса карматпайт.
  • Сөз (кеп) келгенде сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн (кептин) атасы өлөт.
  • Сөз айласын (жүйөсүн) билбеген, сүйлөй билбес жамандар, сөздү — өзүнө келтирет, көч айласын билбеген, көчтө (көчкөндө) көлүк өлтүрөт.
  • Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
  • Сөз атасы — кулак, жол атасы — туяк.
  • Сөз атасы — кулак, суу атасы (энеси) — булак.
  • Сөз атасы — кулак.
  • Сөз атасы — ыр, сөз катасы — чыр.
  • Сөз баштаган эл баштайт.
  • Сөз башы ачуу болсо, аягы таттуу болот.
  • Сөз бербеген жөө чечен, учуп жүргөн камгактай.
  • Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
  • Сөз билги — тапчыл, адам сулуусу — акыл.
  • Сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  • Сөз бирөө, кулак экөө.
  • Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
  • Сөз доодон да, жоодон да куткарат.
  • Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
  • Сөз жебеген адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  • Сөз жип, кандай созсо кете берет.
  • Сөз жүзүндө сүйүүдөн, ачык жек көрүү артык.
  • Сөз жүйөөсүн тапса, мал ээсин табат.
  • Сөз жүйөсүн тапса, мал ээсин (эсебин) табат.
  • Сөз жүрөккө сакталат, бөз ийинде какталат.
  • Сөз кадырын билбесен, өз кадырың билбейсиң.
  • Сөз келгенде кайнатаңдан тартынба.
  • Сөз келгенде сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
  • Сөз келсе де, аш келсе — же.
  • Сөз көркү — макал, эр (дин) көркү — сакал.
  • Сөз кулагы барга айтылат.
  • Сөз кутулбайт чеченден, мээнет кетпейт бечелден.
  • Сөз куш эмес, ооздон чыкса карматпайт.
  • Сөз маанисин билбеген сөзгө калат.
  • Сөз өзөгү — макал.
  • Сөз санабай гүлүн айт, миңин айтпай бирин айт.
  • Сөз сөздөн чыгат, сүйлөбөсө эмнеден чыгат.
  • Сөз сөздү табат.
  • Сөз сөөктөн өтөт, таяк — эттен өтөт.
  • Сөз сөөктөн өтөт, таяк эттен өтөт.
  • Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
  • Сөз сурамак — ызаат.
  • Сөз тапкан колко бербейт.
  • Сөз татыгын билбеген — сөздү баалабайт.
  • Сөз төркүнүн билбеген, сөз түбүнө жете албайт (уятка калат).
  • Сөз угаарың болбосо, сүйлөбөгүн бекерге.
  • Сөз үрөн, иш — мөмө.
  • Сөз элдин кенчи, чөп жердин кенчи.
  • Сөз эмес сөздү, сөз кылат, (сүйлөйт).
  • Сөз ээси киши — журт көзү.
  • Сөзгө — сараң, ойго терең.
  • Сөзгө баатыр, ишке — бакыр.
  • Сөзгө баатыр, ишке — жок.
  • Сөзгө баатыр, ишке бакыр.
  • Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
  • Сөзгө жараша сөз, суроого жараша жооп.
  • Сөзгө ишенбе, көзүңө ишен.
  • Сөзгө кыйын, иште жок.
  • Сөзгө сөйкөнбө, кепке кептелбе.
  • Сөзгө сөлтөк, кепке кемтик кылдың го.
  • Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик.
  • Сөзгө чоркок муштумун көрсөтөт.
  • Сөздөн (дүн) сөздүн (дөй) баркы бар, ар бир малдын (сексен сегиз) наркы бар.
  • Сөздү — сөз жыгат.
  • Сөздү - сөздө, артын — көздө.
  • Сөздү билген таап айтат, билбеген каап айтат.
  • Сөздү билген таап алат, сөздү билбеген каап алат.
  • Сөздү коюп, бөзгө кел (Сөздү коюп, бөздөн кел).
  • Сөздү көп сүйлөсө — тантык, сууну көп кечсе — чалчык.
  • Сөздү сөз келгенде айтпаса атасы өлөт.
  • Сөздү сөз табат.
  • Сөздү сөздө, артын көздө.
  • Сөздү сөздө, артынан көздө.
  • Сөздү убагында айтпаса — атасы өлөт.
  • Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп.
  • Сөздү чын токтотот, сууну чым токтотот.
  • Сөздүн айгагы сөз.
  • Сөздүн атасы — ыр, катасы — чыр.
  • Сөздүн ачыгы жакшы, жолдун жарыгы жакшы.
  • Сөздүн баркы — кыскалыгында.
  • Сөздүн башы бир бычак, аягы бир кучак.
  • Сөздүн башы бир кучак, аягы миң кучак.
  • Сөздүн башы катуу болсо, аягы таттуу болот.
  • Сөздүн көркү — макал, жүздүн көркү — сакал.
  • Сөздүн көркү — санат, куштун көркү — канат.
  • Сөздүн кызуу темирдей ийилген убагы болот.
  • Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
  • Сөздүн ток этээр жери бар (жыйынтык).
  • Сөзү — таттуу, көңүлү — катуу.
  • Сөзү аздын иши аз.
  • Сөзү калса талаада, өзү калат балаага.
  • Сөзү кардай аппак, иши көөдөй кара.
  • Сөзү менен байыткан, колу менен жарытпайт.
  • Сөзү өткүрдүн (курчтун) көзү өткүр (курч).
  • Сөзү суук адам, баш бербеген торпокко окшош.
  • Сөзү суук адамдар баш бербеген торпоктой.
  • Сөзү таттуу, көңүлү ачуу.
  • Сөзү таттуу, көңүлү катуу.
  • Сөзү ырас болсо — ордунда турат, сөзү калп болсо — кудай (же арбак) урат.
  • Сөзү экинин — иши да чеки.
  • Сөзүжаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
  • Сөзүн сыйлаганың өзүн сыйлаганың.
  • Сөзүндө ырысы болбосо, эткени эм болбойт.
  • Сөзүң болбосо, ишиң болсун.
  • Сөзүң күмүш болсо, тек турууң алтын.
  • Сөзүң кыска болсун, колуң уста болсун.
  • Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
  • Сөзүң өлгөнчө — өзүң өл.
  • Сөөгү биздики, эти сиздики.
  • Сөөгү бышып катыгат, сөз айтууга жатыгат.
  • Сөөгү жакшы сөктүрбөйт.
  • Сөөк — кайрылат, дос — айрылат.
  • Сөөк (тууган) кайрылат, дос айрылат.
  • Сөөк мүлжүбөй этке тойбойт, сыр чечишпей (же коно жатпай) кепке тойбойт.
  • Сөөк мүлжүбөй этке тойбойт.
  • Сөөккө бычак сатпа.
  • Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
  • Сөөксүз тил, сөөктү сындырат.
  • Сөөктүн эң жаманы суу кечирет.
  • Сөөмдүжакын, карышты алыс көрбө.
  • Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың.
  • Спорт — адамдын денесин чыңайт, эмгек — адамдын туруктуулугун сынайт.
  • Сугалак суудан балык кубалайт.
  • Сугатчы тилейт эгинин, усталар тилейт темирин.
  • Сугатчы чакырса — барбайм дебе, сууга аккан молдону — кармайм дебе.
  • Сугатчынын аты сууда өлөт.
  • Сук чычкан сууга түшүп өлөт.
  • Суктан сураба, сараңга бербе.
  • Суктун көзү ач болот.
  • Султан сөөгүн кордобойт.
  • Сулуу — сулуу көрүнбөйт, сүйгөн — сулуу көрүнөт.
  • Сулуу — сулуу эмес, сүйгөн сулуу.
  • Сулуу аялдын сузу жакшы.
  • Сулуу болсо көрөөргө жакшы, жакшы болсо жашаарга жакшы.
  • Сулуу кыз, кыраан бүркүт, алгыр тайган таалайлууга туш келет.
  • Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин — таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  • Сулууга баа жок.
  • Сулуулугунан — жылуулугу артык.
  • Сулуулугунан жылуулугу.
  • Сулуулук — жандын азыгы, кыялдын канаты.
  • Сулуулуктан — жылуулук.
  • Сулуулукту көздөн издебе, сөздөн изде.
  • Сулууну кучактаган кубанат.
  • Сулууну суукта көр, жакшыны жаанда көр.
  • Сулуунун көрку — көзүндө, чечендин көркү — сөзүндө.
  • Сумбула түшпөй суу тоңбойт, кыргыек келбей жаз болбойт.
  • Сунган башты суурган кылыч кеспейт.
  • Сунган моюнду кылыч кеспейт.
  • Сунса кол узарбайт, жумулса көз ачылбайт.
  • Сунулган моюнду, суурулган кылыч кеспейт.
  • Сураган жеңил, жооп бериш оор.
  • Сураган уят эмес, уурдаган уят.
  • Сураганга — бекер бер, суусаганга — жеке бер.
  • Сураганга бекер бер, суусаганга жеке бер, кыла бербе текебер.
  • Сураганга бекер бер, суусаганга эки бер, кыла көрбө текебер.
  • Сураганга бекер, суусаганга жеке бер.
  • Сурай — сурай Мекеге барат.
  • Сурап бергенче, уруп бер.
  • Сурап ичкен — суу ичкен, тартып өпкөн — жел өпкөн.
  • Сурап ичкен — суу ичкен.
  • Суу — адамдын жаны, өсүмдүк — каны.
  • Суу — жашоонун булагы.
  • Суу — жерге, байлык — элге.
  • Суу — жерге, илим (билим, байлык) — элге.
  • Суу аккан арык жашаңча (суу жүргөн өзөн кургабайт).
  • Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак.
  • Суу атасы — булак.
  • Суу бар жерде жашоо бар.
  • Суу бар жерде тиричилик бар.
  • Суу башынан тунат.
  • Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.
  • Суу да алла тааланын колунан бүткөн.
  • Суу да катуу жерге токтойт.
  • Суу жок арыктан кол жууй албайсың.
  • Суу жүргөн өзөн кургабайт.
  • Суу жээгинен кудук казбайт.
  • Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө.
  • Суу канык — эгиндин даны толук.
  • Суу кетсе таш калат, сурма кетсе каш калат.
  • Суу кечпеген сөздүн кереги не.
  • Суу кечпей, кепичиңди чечпе.
  • Суу кечпес сөздү айтпаган жакшы.
  • Суу менен жер көгөрөт, эл менен эр көгөрөт.
  • Суу менен келген — жел менен кетет.
  • Суу менен ойнобо — чөгөсүң, от менен ойнобо — күйөсүң.
  • Суу менен ойнобо, жай күнүнө ишенбе.
  • Суу мол болсо, нан да мол.
  • Суу өз тереңин табат.
  • Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
  • Суу ташыса — жээгине, эр ташыса — элине.
  • Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
  • Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
  • Суу эркиндикти сүйөт.
  • Сууга жакын — кудайга жакын.
  • Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  • Суудан алып, сууга куйду — бозочунун неси кетти.
  • Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөн соң эмнемди берейин.
  • Суудан өткүчө энемди берейин.
  • Суудан сээп бышырган кийиз суудан да, сууктан да сактайт.
  • Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.
  • Суук сөз тууганга да жакпайт.
  • Суук сөөктөн өттү, чучукка жетти.
  • Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
  • Сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот.
  • Сууну чым токтотот, сөздү чын токтотот.
  • Суунуку — сууга, сайдыкы — сайга.
  • Суунун — ийрими жаман, карынын — ырымы жаман.
  • Суунун жайын жар билбейт, жоктун жайын бар билбейт.
  • Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.
  • Суунун ийрими жаман, карынын ырымы жаман.
  • Суурган кылыч кынга кирбес.
  • Суусаганга кара суу майдан жакшы.
  • Суусаганга кымыз бер, сураганга кошо бер.
  • Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.
  • Суусасаң суудан таттуу жок.
  • Суусу кетет сай (таш) калат, сурмасы кетет каш калат.
  • Суучулдун ажалы суудан, мергендин ажалы тоодон, баатырдын ажалы жоодон.
  • Суюктун сөзү — туюк, кыңырдын сөзү — кыйшык.
  • Суюкуун баары сорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт.
  • Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган.
  • Сүйбөгөн менен жашоо — өзүңдү өзүң кыйноо.
  • Сүйбөгөнгө — сүйкөнбө.
  • Сүйбөгөнгө суюк атала берет.
  • Сүйбөс конок төргө өт.
  • Сүйбөс төргө чык.
  • Сүйгөн кесибиң — ырыс — кешигин,.
  • Сүйгөнгө үйүр эмес — кошконго үйүр, кошконго үйүр эмес — сүйгөнгө үйүр.
  • Сүйгөнүңдүн кемчилиги болбойт.
  • Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил.
  • Сүйлөгөн сөздүугууга, сүйө турган эл керек.
  • Сүйлөгөндү сүйсөң, укканга да үйрөн.
  • Сүйлөй — сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң.
  • Сүйлөрүн Кара Маңка сүйлөдү, уяларын мен уялдым.
  • Сүйлөсө тилинен бал тамат.
  • Сүйлөсөм тилим ооруйт, сүйлөбөсөм дилим ооруйт.
  • Сүйлөсөң сөздү татыгы менен сүйлө.
  • Сүйөөрүң да — от, күйөөрүн да — от.
  • Сүйрөлгөн иште сүйкүм жок.
  • Сүйрүсүнө сүт толот, ийрисине эт толот.
  • Сүйүнгөн менен маңдай айрылбайт, корккон менен жүрөк жарылбайт.
  • Сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт, корккондон жүрөк жарылбайт.
  • Сүйүнчүнү бүюрган киши алуучу, шашкан куру калуучу.
  • Сүйүү башталган жерде, акыл аягына чыгат.
  • Сүйүү кары — жашты ылгабайт.
  • Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
  • Сүйүү оттон ысык, гүлдөн назик.
  • Сүйүү өлүмдөн күчтүү.
  • Сүйүү сулуу издебейт, уйку төшөк издебейт.
  • Сүйүүнүн көзү сокур.
  • Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  • Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  • Сүйүшпөгөндүн оту күйүшпөйт.
  • Сүлөөсүндөй керилбе, чоңдугуң иттей эле бардыр.
  • Сүлөөсүндөй керилген, сүйлөөр сөздөн эринген.
  • Сүрүп — сүрүп мал бер, сары өркөчтүү нар бер.
  • Сүт десең уй бак, эт десең кой бак.
  • Сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен кошо кетет.
  • Сүткордон карыз алба.
  • Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет.
  • Сүткө түшкөн чычкандай.
  • Сүттөн күйгөн оозум айрандан күйөбү деп чоочуйм.
  • Сый — сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
  • Сый көрөм десен сыйлай бил.
  • Сыйга — сый, сыр аякка — бал.
  • Сыйга берген сыналбайт.
  • Сыйдын чеги болбойт.
  • Сыйлаганга аш таппасан, сыпаа — сылык сөз тап.
  • Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур.
  • Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил.
  • Сыйлашарга жат жакшы, ыйлашарга өз жакшы.
  • Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
  • Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашууга өз жакшы.
  • Сыймыгы качкандын үй — бүлөсүнө баркы болбойт.
  • Сылап көргүн (билгин) тил менен.
  • Сылап сакал, сыйпап мурут чыгарган.
  • Сынбас жыгач өсөбү, алдан — күчтөн тайбас алп болобу.
  • Сынбас темир жок, өлбөс киши жок.
  • Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү кудай жаратпайт.
  • Сынбасты уста жасабайт.
  • Сынгандан бертинген жаман.
  • Сынгандан да бертинген жаман.
  • Сындуу болсо өтүгүң, оорутпасын бутуңду.
  • Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
  • Сыныктан башканын баары жугуштуу.
  • Сыңар кепти кетирбей эшит.
  • Сыпаага «сен» деген сөз — өлүм.
  • Сыпайы менен дос болбо, катынга сырыңды айтпа.
  • Сыпайы сырын жашырбайт.
  • Сыпайы тоңбос калтырар.
  • Сыр алдырбас киши жок мактанса да, күнөө кылбас киши жок актанса да.
  • Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
  • Сырга көк, убадага бек бол.
  • Сырдашса сыр чечилет, сырдашпаса не чечилет.
  • Сыртта мырза, үйдө кул.
  • Сырты жалтырак, ичи калтырак.
  • Сыртын көрүп ичинен түңүлбө.
  • Сыртынан тон бычуу.
  • Сырын алган байталдын сырт жагына чыкпагын.
  • Сырын ачкан эмчиге сыйкыр бакпас.
  • Сырын билбей дос болбо.
  • Сырын билгиң келсе, сөзүн ук.
  • Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо