Макал лакаптар жыйнагы (Т)

Т тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Т тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Т тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Т

  • Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа.
  • Таалайлуу менен талашып иш кыл, бактылуу менен байлашып иш кыл.
  • Таалайыңа эмнени жазса, ошону көрөсүң.
  • Таамай сөз таяктан катуу.
  • Тааныбагандын (жердин) ой — чуңкуру көп.
  • Тааныбасты сыйлабас.
  • Таанымал жерде бой сыйлуу, тааныбас жерде тон сыйлуу.
  • Таанысаң Тынаймын, тааныбасаң Кудаймын.
  • Таап алсаң да санап ал.
  • Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт.
  • Таарынгандыкы таттуу.
  • Таарынсаң, Таласка бар.
  • Таасирдүү сөз — тарбияга көмөктөш.
  • Таба кылбай тобо кыл.
  • Табарман эрден тубарман бээ өтөт.
  • Табыпчы дартка жолдош.
  • Тагдыр бактылууну сүйөт, бактысызды сүйрөйт.
  • Тагдыр жазмыштагыны көрөм деп, отура берүүгө болбойт.
  • Таз арданса, бөрк алат.
  • Таз дарыкер болсо, өзү таз болот беле.
  • Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү калбасын.
  • Таз таранганча — той таркаптыр.
  • Таз таранганча той таркайт (же тарайт).
  • Таза аба жуткуң келсе — эрте тур, таза өмүр сүргүң келсе — эмгек кыл.
  • Таза болсоң — суудай бол, баарын жууп кетирген.
  • Таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген, балбан болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн.
  • Таза үрөндөн өнгөн дан, дыйканды байытат.
  • Тазалык — өмүр булагы.
  • Тазалык — соолук белгиси, соолук — байлык белгиси.
  • Таздан тарак сурабайт.
  • Таздын бити саналуу.
  • Таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү калбасын.
  • Таздын темир тарагы бар, кемпирдин берекелүүтамагы бар.
  • Тай ат болсо — ат тыныгар, уул эр жетсе — ата тыныгар.
  • Тай атка чыкса, ат азатка чыгат.
  • Тай кунанга жеткизет, кунан атка жеткизет, ат муратка жеткизет.
  • Тай туйлап такка чыкпайт.
  • Тайлак бар, чому жерде калган жок.
  • Тайы жаман болсо да, тайлагы бар.
  • Тайып жыгылган таянып турар.
  • Така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт.
  • Тактыктан достук бузулбайт.
  • Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
  • Такыялуу башка далай иш түшөт.
  • Талаага түнөгүчө, молого түнө.
  • Талаада музоо эмип кетсе, үйдө сүтүн ит ичет.
  • Талаада музоо эмип кетсе, үйдө сүтүнө ит тиет (же сүт төгүлөт).
  • Талаада табылса, бир ором жип олжо.
  • Талаадагыны үйдө болжобо.
  • Талаалуу жерде тоо болбойт, жакшы элде доо болбойт.
  • Талаанын көркү мал менен, калаанын көркү эл менен.
  • Талант тартынчаак болот.
  • Талап — табылбас канат.
  • Талаптанбай муратка жетпейт.
  • Талаштан тактык жаралат.
  • Талкалап салуу бир паста, бир нерсе кылуу аста — аста.
  • Талпынбай тилекке жетпейт.
  • Тама — тама көл болот.
  • Тамагы майлуунун — көйнөгү көөлүү.
  • Тамагын тартпаган таттуусунан айрылат.
  • Тамак болбой, дымак болбойт.
  • Тамак деп асмандагы куш торго түшөт.
  • Тамак көп болсо — итке жакшы, тамак жок болсо — битке жакшы.
  • Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
  • Тамак менен кыйнабай, муш менен кыйна.
  • Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр.
  • Тамак, тамак болсо дымак.
  • Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт.
  • Тамактан аяган мончок курусун.
  • Тамактан өткөндүн баары тамак.
  • Тамакты бир тууш ичет, бир кууш ичет.
  • Тамакты кабак көрөт.
  • Тамакты таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз.
  • Тамакты таттуу кылган — туз, ыраакты жакын кылган — кыз.
  • Тамактын жакшысы ток, жаманы жок.
  • Таманың тайгак болсо, таканы мыктап как.
  • Тамашага — тамаша, каяшага — каяша.
  • Тамашанын таттуусу, таң атканда билинет.
  • Тамашанын теңи — чындык.
  • Тамашанын теңири — чындык.
  • Тамганы күйгүз, күйгүзбөсөң өзүң күйөсүң.
  • Тамды тешкен уурунун сабы кыска чоту бар.
  • Тамчы суудан тал көгөрөт.
  • Тамчы тама берсе таш жарат, бир сөз ырбай берсе баш жарат.
  • Тамыр тарткан талыкпайт.
  • Тамырлуу да жыгылат, такалуу да тайгаланат.
  • Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт.
  • Тандаган тазга жолугат.
  • Тандаган, тандап, тазга жолукту.
  • Тандап алган катының тайлак минип олтурат, көрүп алган катының көсөө минип отурат.
  • Тандачу элең тал — тал кара чачтууну, эми кезиктирди кудайы аарчыган пияз баштууну.
  • Таң сүрө иштегениң — таалай, бакыт издегениң.
  • Таңда күнү таң атар, саамал ичер күн тубар.
  • Таңкы куйруктан азыркы өпкө.
  • Тапкан — сүйүнөт, тааныган — алат.
  • Тапкан — эне эмес, баккан — эне.
  • Тапканыңа сак бол, эсебиңе так бол.
  • Тар жерде табышкан, кең жерде келишет.
  • Тар жерден аш жегиче, кең жерден муш же.
  • Тар жол, тайгак кечүүдө.
  • Тар кийим талашып жыртылат, кең кийим кеңешип жыртылат.
  • Тар өтүгүң бутуңду кысса, кең дүйнөдөн не пайда.
  • Тар үйдө олтуруп тамак жегиче, кең үйдө олтуруп муш же.
  • Таранчы жеген таруунун бөдөнө тартат азабын.
  • Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат жазасын.
  • Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
  • Тарбия — баасыз байлык.
  • Тарбия көп кырдуу, таалим көп сырдуу.
  • Тарбиянын кени мектепте.
  • Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
  • Тартар тилинен тартар.
  • Тарткан — төө, чачкан — чычкан.
  • Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат.
  • Тартынбаганга таяк да курал.
  • Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат.
  • Тарчылык болбой — кеңчилик болбойт, кеңчилик болбой — теңчилик болбойт.
  • Тарыхка кириш кыйын, чыгыш оңой.
  • Таттуу калптан, ачуу чындык жакшы.
  • Таттуу ооздун даамын кетирбе.
  • Таттуу тилден жаның жыргайт.
  • Таш бакага таш жааса деле баары бир.
  • Таш жарбаса, баш жарат (тил баш жарат, жел таш жарат).
  • Таш жарган балта кеңеште баш жарат.
  • Таш менен урганды аш менен ур, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер.
  • Таш түш, таалайыңан көр.
  • Таш түшкөн жеринде оор, иш чыккан жеринде зарыл.
  • Таш, ташты эриткен аш.
  • Ташка салып айдаса, тулпардан туяк кетилет (кетилмек), саяпкери жарашса, тулпарга туяк жетилет (жетилмек).
  • Ташкын өтөөр, таш калаар.
  • Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
  • Ташты таш менен урганда козголот.
  • Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.
  • Ташты эриткен — аш.
  • Ташчы ташты тешет, айың башты тешет.
  • Ташыркаса бууданды, «баса албайт», деп кордобо.
  • Таягың узун болсо, белиң ийилбейт, канаттуунун териси мээлей болуп кийилбейт.
  • Таяк — тайга жеткирет, тай — атка жеткирет.
  • Таяк — тайга, тай — атка жеткирет.
  • Таяк — эттен өтөт, сөз — сөөктөн өтөт.
  • Таяк — эттен өтөт, тез эле унутулуп кетет.
  • Таяк (кылыч, муш, ок) жарасы бүтөт (кетет), сөз (тил) жарасы бүтпөйт (кетпейт).
  • Таяк тапса төкөр сүйүнөт.
  • Таяк эттен өтөт, сөз сөөктөн өтөт.
  • Таянаарың болбосо, таамай сөздөн пайда жок.
  • Таянган кожоң сууга акса, алды — артынан тал карма.
  • Таянган тооңу көчкү алса, талдуу бутагынды ким калкалайт.
  • Таянган тоосу бийик болсо, текенин көзү кызыл болот.
  • Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташы алыс түшөт.
  • Таянычы жок адам жаман болот, бөөдөсүнөн ар дайым залал болот.
  • Тегин (же бекер) жерден өрт чыкпайт.
  • Тегин жаткан текемди сенин эчкиң ала кетти.
  • Тегин жерде өрт чыкпайт.
  • Тегин эмес түшүңүз, оңолот экен ишиңиз.
  • Тегинен эмес, кебинен.
  • Тегирмендин барасы жүгүрсө, ташы талкаланууга макул.
  • Тез жанында ийри жыгач жатпайт, (тез бар жерде ийри жыгач турбайт).
  • Тез жанында ийри жыгач жатпас (же) тез бар жерде ийри жыгач турбас.
  • Тек жүргөн — ток жүрөт.
  • Тек жүрсөң — тең жүрөрсүң, шок болсоң — жок болорсуң.
  • Тек тургуча тегин иште.
  • Теке — тоочул, коён — коңулчул.
  • Теке — турукка, азамат — урукка.
  • Теке болсо мейли, сүт берсе болду.
  • Текенин мүйүзү көккө жетпейт, төөнүн куйругу жерге жетпейт.
  • Текенин өзү ойдо болсо да, көзү зоодо.
  • Тектүүжер — намыстуу эл.
  • Темене берип, төө алат.
  • Темене тартып төө алат, өрдөк берген, каз алат.
  • Темене тартып, төө алат, тартуу кылып чай алат.
  • Темир — отто, киши — жокто чыңалат.
  • Темирди кызуусунда сок.
  • Темирди ысыгында сок, кепти кызуусунда сок.
  • Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
  • Темирдин кадырын уста билет.
  • Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
  • Темирдин эки башы да ысык.
  • Темирчи көмүрчүгө үйүр.
  • Темирчинин бычагы жок.
  • Тентек молдо — телмирген өгүз.
  • Тентек чокмор жыйнайт.
  • Тентекке санат болбосо, журт ырааты бузулат.
  • Тентектик — кудаанын жолунан чыгуу.
  • Тең — теңи менен, тезек — кабы менен.
  • Тең — теңи менен, тезек кабы менен.
  • Тең жегенди теңирим сүйөт, ашык жегендин кепини күйөт.
  • Тең жегенди теңирим сүйөт.
  • Тең көргөндү теңирим сүйөт, тең көрбөгөндүн кепини күйөт.
  • Тең теңин тапса, деңиздей чалкып жашайт.
  • Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
  • Теңин тапса, тегин бер.
  • Теңине албаганга жолобо.
  • Теңине албагандын жанына жолобо.
  • Теңир кошкон теңтуш болот, ата тапкан кайын болот.
  • Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
  • Теңсинбегенге теңелбе.
  • Теңтуштар менен салган обон пейилди тазартып, адамга жакындатат.
  • Теңтуштун теңири бир.
  • Теңчилик жоголду, темингендер оңолду.
  • Тер көтөрбөй, күлүк болбойт.
  • Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер.
  • Теректей бойдон, теменедей акыл артык.
  • Теректин башы тыт болот, жаман киши кырс.
  • Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.
  • Тери тондун ичинде тердесин жигит, өлбөсүн.
  • Терини ашата албаган жыдытат, сүттү сактай албаган иритет.
  • Терс угулган сөздүн жообу да терс.
  • Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
  • Тетири болсо кыялың тартарсын зыянын.
  • Тешик (же көздүү) мончок жерде калбайт.
  • Тешик ооз тек турбайт.
  • Тиги дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн кейиши артык.
  • Тиешелүү сөз келсе айта албаган дөдөйлүк.
  • Тизе жерге тийсе, бет кара болот.
  • Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн жакшы (артык).
  • Тийбегенге сүйкөнбө.
  • Тийбегенге тийишпе.
  • Тийген болсо тилин айт, күнөөсү болсо билип айт.
  • Тийип туруп жааган күндөн түңүл, күлүп туруп сүйлөгөн кишиден түңүл.
  • Тийсе аякка, тийбесе таякка.
  • Тикенди түбүнөн үз.
  • Тикенексиз гүл болбөйт, тик айтылбас тил болбойт.
  • Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
  • Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  • Тил — жүрөктүн ачкычы.
  • Тил — менин тууганым, тил — менин душманым.
  • Тил — ойдун сандыгы.
  • Тил — топчусуз, ооз — ачкычсыз.
  • Тил азар — тилге кирбейт, тилинен — өлөөрүн билбейт.
  • Тил акыйкатты табат.
  • Тил акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
  • Тил акыл таразасы.
  • Тил акылдын жарчысы.
  • Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
  • Тил албаган уулуң — бел ашпаган арыктай.
  • Тил албасты жумшаганча, тына — тына өзүң бар.
  • Тил ачуусу шакардай.
  • Тил баш жарат, жел таш жарат.
  • Тил башты багат.
  • Тил билги жүйөөкөч кол ийиктен элпек.
  • Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
  • Тил курсак тойгузат.
  • Тил кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
  • Тил кылычтан өткүр.
  • Тил менен тикенди да аласың.
  • Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
  • Тил ойдун сандыгы.
  • Тил ооруткан дос эмес.
  • Тил таш (ты да) жарат.
  • Тилде сөөк жок, не дебейт, айбанда (итте) акыл жок, не жебейт.
  • Тилден бал да тамат, уу да тамат.
  • Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
  • Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  • Тилден уу да, бал да тамат.
  • Тилди бош койсо (эрк берсе) тишти сындырат.
  • Тилди бош койсо, тишти сындырат.
  • Тилди тил кесет.
  • Тилди тилге бүлөйлү, тишти тишке кайрайлы, анан жарыя окуйлу.
  • Тилдин кулпусу - тиш.
  • Тилдин топчусу жок, ооздун ачкычы жок.
  • Тилеги бирдин — билеги бир.
  • Тилеги жаманды ит кабат.
  • Тилемчинин куржуну толбойт, алыңча берсең аз деп кордойт.
  • Тили — бал, жүрөгү — муз.
  • Тили жумшак (татты) аш жейт, тили катуу (ачуу) муш жейт.
  • Тили жүгүрүк — кепке, буту жүгүрүк — ашка.
  • Тили тайгактын, оозу айгак.
  • Тили таттуу аш жейт, тили ачуу муш жейт.
  • Тили шогураактын — батымы жогураак.
  • Тили шогураактын батымы жогураак.
  • Тилин тишине каткан жакшы адат.
  • Тилинген жара айыгат, тил жарасы айыкпайт.
  • Тилинде актык келмеси бардын, дилинде шайтан сөзү бар.
  • Тилиң жүгүргүчө, колуң жүгүрсүн.
  • Тилиң тишиңе күбө.
  • Тилиңе — тибиртке.
  • Тирилигиң — зор дөөлөт.
  • Тириликтин күчү бирдикте.
  • Тирүү болсок бир дөбөдө (бололу), өлүп калсак бир чуңкурда (бололу).
  • Тирүү болуп санда жок, өлүү болуп көрдө жок.
  • Тирүү койгонду куру койбойт.
  • Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук — тууган, дос — тамыр, куда — сөөктөрдөн оолак бол.
  • Тирүүдө сыйы жоктун, өлгөндө ыйы жок.
  • Тирүүлүгүң — зор дөөлөт.
  • Тирүүлүк — жолдон башталат.
  • Тирүүлүктө — күдөрүңдү үзбө.
  • Тирүүлүктө — мал таттуу, өлмөйүнчө — жан таттуу.
  • Тирүүлүктө күдөрүң үзүлбөсүн.
  • Тирүүндө сыйлашпасаң, өлгөндөн кийин ыйлашпа.
  • Тирүүнүн өз кесиби бар.
  • Тирүүсүндө сыйлашпаган, өлгөндө ыйлашпайт.
  • Тиш барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда.
  • Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
  • Тиши бүтүнүрөөктүн, тили тагыраак, томуктай түйүнү бар болот.
  • Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
  • Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.
  • Тишиң барда таш чайна, тишиңден кийин аш кайда.
  • Тишиң барда таш чайна.
  • Тишиң ооруса — жулуп тын, коңшуң жаманбы — көчүп тын.
  • Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунарсың (же чыгарасың).
  • Тишти (тилди) кордосоң — сөзгө зыян, чөптү кордосоң — көзгө зыян.
  • Тобокел — кээде жакшы, кээде жаман.
  • Тобокел - эрдин жолдошу.
  • Тобокел ишке кайгы жок.
  • Тобокел түбү — жел кайык, желесиң да жетесиң.
  • Тобокелге салгандык — илимден артта калгандык.
  • Тобокелде кайгы жок.
  • Тобокелдин көөнү ток.
  • Тобокелчи тоо аттайт.
  • Тобунан ажыраган — торго түшөт.
  • Тоготпогон жыланды топтошкон кумурска өлтүрөт.
  • Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
  • Тозгон казды топтошкон карга алат.
  • Тозок менен тооруган, бейиш менен алдайт.
  • Тозокко үйрөнгөн от чачышып ойнойт.
  • Тозокту көргөн от менен ойнойт.
  • Той — токчулуктун жышааны.
  • Той — тондуунуку, аш — аттуунуку.
  • Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат.
  • Тойбой жеген (кээде ичкен) аш курусун, кордукта жашаган баш курусун.
  • Тойго барсаң тоюп бар — торко тонуң кийип бар, ашка барсаң ачка бар, ала чапаныңды кийип бар.
  • Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.
  • Тойгон — таткан — баарыга тең.
  • Тойгон ит ээсин тааныбайт.
  • Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
  • Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.
  • Тойгондон кийин токтунун эти топурак татыйт.
  • Тойгонуңа сүйүнбө, сиңиришиңе сүйүн.
  • Тойдо тонумду бер дебе.
  • Тойдум деп сүйүнбө — сиңерине сүйүн, байыдым деп сүйүнбө — ийгилигиңе сүйүн.
  • Тойдун көркү — аш, тоонун көркү — таш.
  • Ток бала ач балага карабайт.
  • Ток бала ач болом деп ойлобойт.
  • Ток бала эчтемени ойлобойт.
  • Ток чычканга тоң май жакпайт.
  • Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
  • Токмун деп томуктун этин таштаба.
  • Токой — тоонун көркү, Эр — ЭЛДИН көркү.
  • Токойдо жүрүп сайраган: булбулдан муңдуу куш барбы, өлгөндөн жаман иш барбы.
  • Токойлуу жер аңсыз болбос.
  • Токол катын — эрге жакын, алкы таза — элге жакын.
  • Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
  • Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
  • Токол эчки кой баштабайт.
  • Токол эчки койдо жок, токол катын тойдо жок.
  • Токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр (айрылыптыр).
  • Токол эчки өзүн улаксыйт.
  • Токоч — тоют, жарма — оокат.
  • Токоюна карай аңы, учуруна карай заңы.
  • Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар.
  • Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
  • Токтогулдай ырчыны айт, Толубайдай сынчыны айт.
  • Токтоолук — бакытка алып баруучу ырыстуу жол.
  • Токумдай тоосу жок, кемегедей коосу жок.
  • Токчулукта ит күчөйт, ачарчылыкта бит күчөйт.
  • Толбоско куйба, тойбоско бербе.
  • Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
  • Толтура буудай салганда кампанын чери жазылат, топ этип жерге түшкөндө жампанын чери жазылат.
  • Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол.
  • Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
  • Томуктай нерсени тоодой кылат.
  • Тон жылуусун ээси билет, муңдуунун муңун муңдуу көрөт.
  • Тон жылуусун ээси билет.
  • Тон кийбеген тон кийсе, кача-кача (бүтүрөт) тоздурат, ат минбеген ат минсе, чаба-чаба өлтүрөт.
  • Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой — суук.
  • Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
  • Тоо — ташсыз болбойт, эл — башсыз болбойт.
  • Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
  • Тоо бийиктиги алыстан байкалат.
  • Тоо бөрүсү, токой каракчысы көп.
  • Тоо түгөнүп уч болот, жол айрылып үч болот, жер түгөнүп сай болот, ат арыктап тай болот.
  • Тоодо кийгенин тойдо да киет.
  • Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
  • Тоодогу эчки күүлөгөндө, теке жүгүрүп келет.
  • Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир.
  • Тоодой караны томуктай ак жеңет.
  • Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер.
  • Тоодон түшкөн — таскак, тоого чыккан — аксак.
  • Тоодон түшөрдө — таскак, тоого чыгарда — аксак.
  • Тооксуз эле таң атат.
  • Тооктун түшүнө таруу кирет.
  • Тооктун түшүнө таруу кириптир.
  • Тоолуу жер аңсыз болбойт, көчмөн эл малсыз болбойт.
  • Тоолуу жер, карсыз болбос.
  • Тоолуу жердин бөрүсү, ойлуу жердин уурусу.
  • Тоону — ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  • Тоону бийик дебе, талаптансаң чыгаарсың, жоону күчтүү дебе, кайраттансаң жыгасың.
  • Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  • Тоонун көркү — кенинде, талаанын көркү — эгинде.
  • Тоонун түбү — бек болоор, жоонун түбү — эл болоор.
  • Тоонун түлкүсү жакшы, бардын күлкүсү жакшы.
  • Тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс түшөт.
  • Тоорумду бирге тооруштук, качан көңүл калыштык, чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык.
  • Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.
  • Топ болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
  • Топ жүргөн мал карышкырга алдырбайт.
  • Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү — Султан.
  • Топтон качкан каракчыга туш болот.
  • Топтон озгон — чечен, көптөн озгон — көсөм.
  • Топту карай таш ыргытпа.
  • Топук кылсаң тоёрсуң, ууруну коёрсуң.
  • Топуксуздун курсагы тойбойт.
  • Торко — тозот, туяк — озот.
  • Тоту — куштун барчасы, кеклик — куштун калчасы.
  • Тоту жүнү менен, булбул үнү менен (даңктанат).
  • Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.
  • Тоюмдук эмес, көңүлдүк.
  • Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
  • Төгүлгөн сарттын бозосу, сынган сарттын кесеси.
  • Төгүлгөн соодагер бозосу, сынган соодагер кесеси.
  • Төгүлгөндүн толугу бар, карысы бардын ырысы бар.
  • Төгүлсө — кыргыздын бозосу.
  • Төгүн жерден өрт чыкпайт.
  • Төө — бойдон, асыл — койдон.
  • Төө баласы — төрө баласы.
  • Төө жазасын көпүрө берет.
  • Төө канча болсо, жүк ошончо.
  • Төө качып, жүктөн кутулбайт.
  • Төө көп болуп, конокко сойбойт.
  • Төө көрдүңбү? — Жок бээ көрдүңбү? — Жок.
  • Төө кыядан өткөн соң, «оо» — дегениң курусун.
  • Төө кыядан өткөндөн кийин «Өч!» дегениң курусун.
  • Төө кыядан өтүп кеткенден кийин.
  • Төө минген иттен коркпойт.
  • Төө мингендин төбөсү бийик.
  • Төө минип, эчкиге жашынба.
  • Төө өлгөндө жүк өгүзгө жүктөлөт.
  • Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
  • Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.
  • Төө чөлдү ойлосо, бака көлдү ойлойт.
  • Төөгө жантак керек болсо, мойнун созот.
  • Төөгө минген боюн жашырбайт.
  • Төөнү кыядан өткөрүп жибердиң.
  • Төөнү мээнет чырмаса, жайдын күнү чоо басат.
  • Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр.
  • Төөнүн бир өркөчү кесилсе, бирөөнүн күчүжок, эки эмчектин бири кесилсе, биринин сүтү жок.
  • Төөнүн куйругу жерге тийгенде.
  • Төөнүн мазар менен иши жок.
  • Төөнүн пайдасы талаада билинер, адамдын пайдасы балаада билинер.
  • Төөсүнө жараша — кому, эшегине жараша — чому.
  • Төөчө чайнаганыңды билип, жутканыңды билбей калба.
  • Төп болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
  • Төр көркү — гүл, үй көркү — зайып.
  • Төрдө орун болсо, улагага отурба.
  • Төрдө орун болсо, эшикке жакын отурба.
  • Төркүндүн төбөсү — кубат.
  • Төркүндүн төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
  • Төркүнү бар сөзүң болсо, төркүнүн көрсөтө айтпайсыңбы.
  • Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.
  • Төркүнүңдөн төө сура, коркконунан бээ берсин.
  • Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
  • Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
  • Төрт өлчөп тең кескин, ток этээр сөздү бир айткын.
  • Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар.
  • Төшөгүн салып жата албай — жерден көрөт, өз эрин алып жата албай — элден көрөт.
  • Төшөгүңө карай аягыңды соз.
  • Төшөгүңө карай бутуңду сун.
  • Төшөктүн тардыгы — тардык, көңүлдүн тардыгы — кордук.
  • Туз таткан жериңе карасанаба.
  • Тузга кара санаган жарыбайт.
  • Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
  • Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот, кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
  • Тузу аз болсо туздалар, тузу көп болсо бузулар.
  • Тукум уласа, журттун жылдызы жарык.
  • Тул катынга жалчы айгыр.
  • Тулпар — тушунда, күлүк — күнүндө.
  • Тулпар айланып үйрүн табат.
  • Тулпар жерин, эр элин сагынат.
  • Тулпар жүнүн оордобойт.
  • Тулпар тушунда, күлүк күнүндө (керек).
  • Тулпар түгүн оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
  • Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
  • Тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт.
  • Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
  • Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
  • Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына, ай-ааламдагы элдердин кашында сына.
  • Тулпардын бир туягы кем.
  • Тулпардын туягы кетилет, сазга басса жетилет.
  • Тулпардын туягы кымбат.
  • Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
  • Тулпардып изи жоголбойт, бузуктун иши оңолбойт.
  • Тумагын, топусун ал десе келлесин алган, жасакердин жосуну.
  • Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
  • Тунук көлдүн түбү курт.
  • Тунук суу кысыктан жол табат.
  • Тур — турдан кабар келсе, уйкудан маза кетет.
  • Турмуш ажарыңды да, базарыңды да ылгабайт.
  • Турмуш эшек араба, карабасаң сынып калат.
  • Турмушта эң кыйын нерсе — акылсыздыкты жөнгө салуу.
  • Турмуштун туткасы — аял.
  • Турнадан бий (башчы) койсоң, кайгы кетпейт башыңан.
  • Турнанын да башчысы бар.
  • Тур-тардан кабар келсе, уйкудан маза кетет.
  • Туткундагы эр — канаты жок куш.
  • Туубаган катындан улактуу эчки жакшы.
  • Тууган ай — туураган май.
  • Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
  • Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
  • Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
  • Тууган издеп, достон кетпе.
  • Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил.
  • Тууган күйдүрүп айтат, душман күлдүрүп айтат.
  • Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  • Тууган туугандын казанына аш салбайт.
  • Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
  • Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт.
  • Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
  • Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
  • Туулбаган — өлбөйт.
  • Туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган жаман.
  • Туулган жер — алтын бешик.
  • Туулган жерге тууңду тик.
  • Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң — билесиң.
  • Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
  • Туулган жердин ташы алтын, суусу дары.
  • Туулган жердин топурагы - алтын, суусу — мүрөк.
  • Туулган жердин топурагы — алтын, эли — мазар.
  • Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн.
  • Туулдуң — өлдүң, тутандың — күйдүң.
  • Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
  • Туура сөз — кылычтан өткүр.
  • Туура сөз — темирди тешет, өткүр сөз — кылычты кесет.
  • Туура сөз (кеп) — тууганга жакпайт, катуу айткан — катынга жакпайт.
  • Туура сөз кылычтын мизинен курч.
  • Туура сөз тууганга жакпайт.
  • Туура сөзгө жооп жок.
  • Туура сөздү туура дебеген адам, калыстыктан кетет.
  • Туурамчыдан тууганың болсун.
  • Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн.
  • Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
  • Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүгүн шумкар жок.
  • Түбөлүгү түз болсо — болду.
  • Түбү бирге — түбөлүк, учу бирге — утурумдук.
  • Түбү бирге түтпөйт.
  • Түгөйсүз Сайкал, жүгөнсүз байтал.
  • Түгөнбөгөн дүйнөдөн түркүн — түркүн эр өткөн (же түрдүү — түрдүүжер өткөн).
  • Түгөнөр уй түгүн жейт, түгүнөн кийин өзүн жейт.
  • Түгөнөр уй түгүн жейт.
  • Түз жүрсөң, ток жүрөрсүң.
  • Түз кишиге жүз киши жакын.
  • Түзөлөр жолго түшпөйм десе, түбөлүк дешкен досуңдан кеч.
  • Түзүк эле биздин кыз, түйтөк баш кылган өзүңүз.
  • Түйөргө түйүнчөк табылбайт.
  • Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт.
  • Түйшүгү жок жан болбойт.
  • Түк бүткөн (же күткөн) сайын калтырайт.
  • Түлкү алган итке сый жок.
  • Түлкү ийнин карап үрсө котур болот.
  • Түлкү ийнинин түбүн карап үрбөсө, котур болот.
  • Түлкү өз куйругун күбө тартат.
  • Түлкүнүн адамдан бир эле амалы кем.
  • Түлкүнүн башы батты дегиче, өтүп кетти дей бер.
  • Түлкүнүн душманы — териси.
  • Түлкүчүнүн жыйганы ичик үчүн.
  • Түмөн ойдун түйүнүн бир сөз менен чеч.
  • Түн — бакырдыкы.
  • Түн болбой Айдын баркы билинбейт.
  • Түндө Ай ордуна Күн чыкпайт.
  • Түндө КӨЛӨКӨ болбойт.
  • Түндөгү түлкү — бүгүнкү күлкү.
  • Түнкүууру күндүз кармалат.
  • Түнттү түртмөйүнчө билбейт.
  • Түпкүрдүн түбүндө болсо, казып алаар элем.
  • Түптүү эл түгөнбөйт.
  • Түркөй кишинин напсиси бир, молдонуку — экөө, ажыныкы — үчөө.
  • Түркүктү түртпөй билбейт, акы төлөбөсөн молдо үйүнө такыр кирбейт.
  • Түркүктү түртпөй билбейт, эмгексиз бакыт үйгө кирбейт.
  • Түркүндү түртпөй билбейт, акы төлөбөсөң молдо үйүңө кирбейт.
  • Түсү ийгиден түңүлбө.
  • Түтүн үйлөгөн өзү ышталар.
  • Түтүнү бөлөктүн — түйшүгү бөлөк.
  • Түтүнү көптүн түйшүгү көп.
  • Түшкү тамактын ээси көп.
  • Түштүк өмүрүң болсо, кечтик мал жыйна.
  • Түштүн башы казандай, моюну кылдай, жоруган жакка оойт.
  • Түшү оңолбой, иши оңолбойт.
  • Түшү оңолгондун иши оңолот.
  • Түшүм алам десең түйшүктөн.
  • Түшүң жаман болсо сууга жорут.
  • Тыйын, тыйын иши кыйын.
  • Тыртайсаң тыртай, алымсагың бир тай.
  • Тыртыкты алган кудай менин уулумду коёбу (же кимди коёт дейсиң).
  • Тышы жалтырак, ичи калтырак.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо