Макал лакаптар жыйнагы (Ы) Акыркы оңдоо: 2023-07-17 Ы тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.
Макала мазмуну
Достор Ы тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Ы тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.
Ы
Ыза тозокко алып барат.
Ый менен күлкү аякташ.
Ый менен өлгөнчө ыр менен өл.
Ыйдын да өз күлкүсү бар.
Ыйдын түбү — ый, сыйдын түбү — сый.
Ыйкы — тыйкы болсоң чачыларсың.
Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
Ыйлабаган балага эмчек жок.
Ыйлаганды сураба өлгөнү бардыр, күлгөндү сураба билгени бардыр.
Ыйламайынча балага эмчек кайда.
Ыйлап жүрүп арык казсаң, ырдап жүрүп суу сугарасың.
Ыйлар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
Ыйласа — сураба, күлсө — сура.
Ыйлашарга — өз жакшы, сыйлашарга — жат жакшы.
Ыйман турар токтуктан, ыйман качар жоктуктан.
Ыймандуу уул болбосо, баланын баласына кор экен.
Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай, ыйманы жок боз бала, жакын да болсо ыраактай.
Ыйык сезим жүрөктү кытыгылайт.
Ылай суу — оору булагы.
Ылдыйкы бутак — өйдөкү бутактын тиреги.
Ымыркай бала куштун көлөкөсүнө тоңот.
Ынанымы жоктун адеби жок.
Ынсапсыз ыйманына камчы чабат.
Ынтымагы бар элдин карды ток болот.
Ынтымагы жок элден ырыс качат.
Ынтымагың бар болсо, айылың менен журтка тең болоорсуң, ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
Ынтымак — ийгиликтин башаты.
Ынтымак бар жерде — ырыс бар.
Ынтымак бар жерде (же элде) ырыс бар.
Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
Ынтымак болбосо, иш оңолбойт.
Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
Ынтымак турбай, ырыс турбайт.
Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
Ынтымаксыз атадан алтоо болсоң — оңбоссуң.
Ынтымаксыз эл жетим.
Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
Ынтымактуу атадан алтоо болсоң — жолборссуң.
Ыңырчагы ырдагандын, келини (керегеси) кердейт.
Ыңырчакта — сыр жок, кыңаракта — кын жок.
Ыр — өмүр булагы.
Ыр — сөздүн падышасы.
Ыр менен күлкү — тамактын тузу.
Ыр менен күлкү бүткөндө жашоо токтойт.
Ыр, гүл — өмүрдүн канаты.
Ыраак да болсо — жакын жол, жакын да болсо — ыраак жол.
Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
Ырайына жараша ыйманы.
Ыракатсыз өмүрдөн, уктап көргөн түш жакшы.
Ыракмат мээнеттен кийин.
Ыргайдан катуу шиш болбойт, кебептен ширин көш болбойт.
Ырдаган ырым бүтпөгөн чырым.
Ырдап жүргөн ыры бардын, бүтпөй жүргөн чыры бар.
Ырдуу күйөө, чырдуу кыз.
Ыржың кызга, тыржың күйөө жолутат.
Ыржың кызга, тыржың күйөө.
Ырксыз үйдүн баласы тентек, баштуу үйдүн карысы жөнтөк.
Ырчы жарыбайт, тулпар арыбайт.
Ырчы менен думананын жүрбөгөн жери жок.
Ырчылардын (жамакчынын) сөзү алтын.
Ырчылык — чоң өнөр.
Ырчынын тилинде мурчу болбосо, сөзүнүн курчу болбойт.
Ырынан чыры көп.
Ырыс алды — ден соолук, андан кийин ак жоолук.
Ырыс алды — ынтымак, ыркы жокко конбос бак.
Ырыс алды — ынтымак.
Ырыс алды ынтымак, ынтымагың болбосо (жок болсо), жашоо кыйын тынчыраак, башыңдан учат конгон бак.
Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко (эринчекке) конбос бак.
Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
Ырыс качса, бакыт конбойт.
Ырыскы — иште, иш — колдо.
Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл сүйөт.
Ырыскысыз киши болбойт.
Ырыстууга — жуучу келет, ырысы жокко — доочу келет.
Ырыстууга — жуучу келет.
Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу чыгат.
Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу.
Ырысы жок элдин ырымы күч.
Ырысы жокко ышкындан айтпайт, кешиги жокко кемирчектен айтпайт.
Ырысы жоктун аты, кара чабуулда жүгүрөт.
Ырысы жоктун ырымы күч, таалайы жоктун табышмагы күч, олоңунан жырышы күч.
Ырысы жоктун этегине буудай салса төгүлөт.
Ысабы жокко кашык салсаң беш ууртайт.
Ысарда (же Букарда) булу бардын көңүлүток.
Ысык суу да бир кезде муздак болгонун унутпайт.
Ысыктасаң кымыран суук, кулагың кычышса, «Жылкычынын чымыроонду» ук.
Ышкысы жоктун ыйманы жок.
Ыштаны жоктун түшүнө бир кары бөз кирет.
Ыштанын булгаган — колун аябайт.
Ыштанына чычкан колун аябайт.
Көрүүлөр: 947
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо