Макал лакаптар жыйнагы (М)

М тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор М тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына М тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле.

М

  • Маанасы жок сайдан без.
  • Маанасы жок сайдан кеч, кайыры жок байдан кеч.
  • Маанидарлар маселде, маселе сөздөр китепте, мааниге жетмек мээнетте.
  • Мааниси болбой макал болбойт.
  • Маараганга жарагандын бардыгы эле кой болот.
  • Мага дегенди эрин эптүү айтат.
  • Мазары жакын тайынбайт, базары жакын байыбайт.
  • Май жок, ун болсо, казан сурап келип куймак куюп берет элем.
  • Май кармаган бармагын жалайт, жыгач кармаган чамынды жалайт.
  • Май кармаган бармагын жалайт.
  • Май оозго токтобойт, жибек ийинге токтобойт.
  • Май сасыса — туз сыйпайт, туз сасыса — не сыйпайт.
  • Май талканды ичине жаккан киши жейт.
  • Майда жандык көзгө көрүнбөйт.
  • Майдадан — ири курулат, учкундан — жалын тутанат.
  • Майдадан ири курулат, учкундан жалын тутанат.
  • Майдан колум жооруду, көптөн көңүлүм ооруду.
  • Майдын сызыгын, кептин кызыгын айт.
  • Майкан үстүндө машак бар.
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт.
  • Майкана көрбөй, бала оңолбойг.
  • Майсыз арабанын дөңгөлөгү айланбайт.
  • Макал — сөздүн атасы, макул - сөздүн жетеси.
  • Макал — сөздүн атасы.
  • Макал акылман каймагы.
  • Макал атасы — сөз, мата атасы — бөз.
  • Макал кайдан чыкмак, ой болбосо, кийиз кайдан чыкмак, кой болбосо.
  • Макал сөз — тилдин байлыгы.
  • Макал ыр эмес, жаттап алгандай, керегинде өзү келет, күтүп тургандай.
  • Макалдуу сөз бузулбайт.
  • Макоодон макул ден кутул.
  • Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт.
  • Максаты бийик — алдатпайт, кыялы күлүк — карматпайт.
  • Мактаган кыз тойдо оосурат.
  • Мактанчаак кысыр уйду саайт.
  • Мактанчаактын арканы чирик.
  • Мактанчаактын көчүгү ачык.
  • Мактанып айтса байдыкы эп, курап айтса кулдуку эп.
  • Мактоо — жеткирет, чагым (чакоо) — өлтүрөт.
  • Мактоо — макоого да жагат.
  • Макулук болмок — өлмөк бар.
  • Мал — асырагандын көз оту, бала — асырагандын боор эти.
  • Мал — ачуу, жан — таттуу.
  • Мал — ээсин тартпаса, арам өлөт.
  • Мал адамдын боор эти менен тең.
  • Мал аласы — сыртында, адам аласы — ичинде.
  • Мал арстандын оозунда болсо, атып алаар элем.
  • Мал арстандын оозунда, түпкүрдүн түбүндө: арстандын оозунда болсо — атып алар элем, түпкүрдүн түбүндө болсо — казып алар элем, андан ыраагыраак көрүнөт.
  • Мал арыгы семирет, жер арыгы көгөрөт.
  • Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө каңдайт.
  • Мал баасын базар чыгарат, жан баасын молдо чыгарат.
  • Мал багаар уулуң болгончо, эл багаар уулуң болсун.
  • Мал багар — жайыт четинде, эл багар — эрөөлдө, эл четинде.
  • Мал байдыкы, жан кудайдыкы.
  • Мал баккан ток болот, мал бакпаган жок болот.
  • Мал баксаң — чөп чап, жан баксаң — көп тап.
  • Мал баксаң кой бак, — каймак кетпейт чараңдан.
  • Мал баксаң кой бак, каймак кетпейт чарадан, ит баксаң сырттан бак, кой алдырбайт короодон.
  • Мал баласы туулганда жерди карайт, куш баласы туулганда көктү карайт.
  • Мал жайсаң конушун тап, аш жайсаң идишин тап.
  • Мал жетимин асырасаң, ооз майлар.
  • Мал жыйнагандын жазыгы жок.
  • Мал кадырын билбесең, жөөчүлүк берер жазаңды.
  • Мал керек, мал керек, мал табуучу жан керек.
  • Мал көтөрөт өлүмдү, дос көтөрөт көңүлдү.
  • Мал күтпөгөн куу такыр мал жайылып бүткөндө айдап журтка өтө албайт.
  • Мал маарап өсөт, бала ыйлап өсөт.
  • Мал сактаба, ар сакта.
  • Мал семирсе — өлүмгө, жан семирсе — өмүргө.
  • Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы, жер чапкандыкы.
  • Мал тапкандын жазыгы барбы.
  • Мал таштан катыкка, боктон сасыкка бүтөт.
  • Мал үйүрчүл, адам уюмчул.
  • Мал ышкыра келсе жуттуку, кыйкыра келсе жоонуку.
  • Мал ээси — машайык.
  • Мал ээсин тартпаса, арам өлөт.
  • Малай кутурса чарбактагы гүлүңдү басат, катындын паранжасын ачат.
  • Малайдын баркын бай билбейт, байбичеси көп тилдейт.
  • Малга — ээ, балага — ата керек.
  • Малга бай — көөнү жай.
  • Малга жарды болсоң (кылсаң) да, сөзгө жарды болбогун (кылба).
  • Малга жарды болсоң да, сөзгө жарды болбогун.
  • Малдан жарды калсаң кал, акылдан жарды калба.
  • Малдуунун маңдайы жарык, малсыздын көңүлү карып.
  • Малдуунун өңүжарык, малсыздын өңүчарык.
  • Малдуунун сөзү өткүр, малсыздын көзү өткүр.
  • Малды бага билбеген, таба да биле албайт.
  • Малды баккан билет, отунду жаккан билет.
  • Малды жакшы баксаң, маңдайың ачык болот.
  • Малды жерден сура, аккан терден сура.
  • Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр.
  • Малды көрүп, байгамбар жолдон чыгыптыр.
  • Малды курутпайын десең пул кыл, эгинди чиритпейин десең ун кыл.
  • Малды тапканга бактыр, отунду чапканга жактыр.
  • Малды чаппа, кишини какпа.
  • Малды эрден сура, аккан терден сура.
  • Малдын аласы да, куласы да болот.
  • Малдын сыры бакканга маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  • Малдын төлүн күзүндө сана.
  • Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар.
  • Малы барга, баары бар.
  • Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө.
  • Малын аябаган доо алат.
  • Малың барда — баары дос, малың жокто — кана дос.
  • Малың жүзгө жеткенче, таанышың үчкө жетсин.
  • Малыңжакшы болгончо, базарыңжакшы болсун.
  • Манап алжыса, «төө» — деп алжыйт.
  • Манас келет дегенде, байлатма жинди соо болгон.
  • Манастан Чубак кем бекен.
  • Мандалакка башым бышып, жоогазынга ишим түштү беле.
  • Мансабың канча болсо, дымагың ошончо.
  • Мансап ажарыңа да, ажалыңа да карабайт.
  • Мансап үчүн сүйбө, мал — мүлк үчүн достошпо.
  • Мансапка мал керек, кедейге жан керек.
  • Мансапка мал керек.
  • Мансапка мас болгон, көлгө көпүрө салам дейт.
  • Мант бергени түлкүдөй, жалт бергени жылкыдай.
  • Маңдай жарылган — баатыр, таңдай жарылган — чечен.
  • Маңдайлашып айтышса — чечендин чери жазылат.
  • Маңыз сөздүн маанайы пас, куру чечендин пайдасы аз.
  • Маңызданып чечен болбойсуң, мактанып бай болбойсуң.
  • Март жарымын берет, коркок баарын берет.
  • Март марттыгын карматса, сараңды сары оору басат.
  • Марттын бергенин көрүп, сараңдын ичи күйүптүр.
  • Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдыктын капшыты толбойт.
  • Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдын чөнтөгүтолбойт.
  • Мас соолукканча өзүн Султан ойлойт.
  • Мастан — жинди качып кутулуптур.
  • Мастан жинди качып кутулуптур.
  • Масты көрүп жинди эсине келиптир.
  • Масты түртпө — өзү эле жыгылат.
  • Мастыктын түбү — мазак, мазактын түбү — азап.
  • Мастын колдогону бар.
  • Мастын күчү тилинде.
  • Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт.
  • Махабатта акыл бей тарап, жүрөк сот.
  • мгексиз дыйкандын күнү өтпөйт.
  • мгексиз иш бүтпөйт, эринчээктин колу тийбейт.
  • Медери жок туугандан, бек сүйлөшкөн жат жакшы.
  • Мейман бир күнү мейман, экинчи күнү айбан.
  • Мейманга аш кой, эки колун бош кой.
  • Меймандын кетишин сураба, келишин сура.
  • Меймандын өзүн бакпай, атын бак.
  • Мейманыңды бакпай, атын бак.
  • Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды «пыш» дебе.
  • Мекенден айрылганча — өмүрдөн айрыл.
  • Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат.
  • Мекендин кадыры башка жерде билинет.
  • Мекениңдин кадыры, башка жерде билинет.
  • Мекенсиз адам — үнсүз булбул.
  • Мекенсиз турмуш — жаналы турмуш.
  • Мен «чарыкчанды» сүйбөйм, «өтүкчөн» мени карабайт.
  • Мен да бир эркекке катын болуп жүргөнмүн, этегимдин жыртыгын эптеп-септеп бүргөмүн.
  • Мен деген чөл, «биз» деген көл.
  • Мен жакшы да сен жакшы.
  • Мен көргөнмүн көпкөндү, көп чогулуп келгенде төөчө барып чөккөндү.
  • Мен көргөнмүн чанганды, бой көтөргөн дардаңды.
  • Мен күйбөсөм, сен күйбөсөң... ким күйөт.
  • Мен мында деп кыйкырба, кайда жүрсөң эл көрөт.
  • Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес.
  • Менин колума да карга чычаар.
  • Менменсинген жигитти, жоо келгенде көрөөрбүз, чеченсинген жигитти, доо келгенде көрөөрбүз.
  • Менменсинген катындын бешик берсин сазайын.
  • Менменсингендин тобосу жүрбөйт.
  • Мерген иши — илме кайып.
  • Мергендер тилейт кийикти, кийиктер тилейт бийикти.
  • Мергендерде бараң бар, кол кайырсыз сараң бар.
  • Мергендин ажалы — зоодон, баатырдын ажалы — жоодон.
  • Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте.
  • Мергендин кечиккени — олжого тунганы.
  • Мергенчи жанын жейт, үйдөгүлөр майын жейт.
  • Мийзам дегендин укуругу узун болот.
  • Мингениң айгыр, жатып да кайгыр, туруп да кайгыр.
  • Мингениң жакшы ат болсо, алысты жакындай көр.
  • Минерге ат болбогон, жээрге нан болбойт.
  • Минип жүргөн атын издептир.
  • Миң бирге чыккан торгоймун, өз жанымды коргоймун.
  • Миң досуң — аз, бир душманың — көп.
  • Миң жаманга башчы болгуча, бир жакшыга кошчу бол.
  • Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок.
  • Миң жылдык караңгылыктан бир күндүк жарыкчылык.
  • Миң кайгы бир карыздан куткарбайт.
  • Миң калп бир чынга татыбайт.
  • Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр.
  • Миң карганы бир таш учурат.
  • Миң катындын акылы бир тоокчо жок, тооктун акылы болсо чукур беле бок.
  • Миң киши сөөмөйүн кезесе, оорубай өлөсүң.
  • Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил.
  • Миң койду бир серке башкарат.
  • Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак алып чуркаптыр.
  • Миң кошчуга бир башчы.
  • Миң күнкү бейиштен бир күнкү жакырчылык артык.
  • Миң күнкү сыпаакерчиликтен бир күнкү жакырчылык артык.
  • Миң күнү кыйналсаң, бир күнүунутаарсың.
  • Миң ооз сөз бир болсо, бир ооз сөз тек турат.
  • Миң сомдук камчыдан, бир сомдук пайда жок.
  • Миң сөз айткыча, бир ишти кыл.
  • Миң уккандан, бир көргөн артык.
  • Миң чеченди бир долу жеңиптир.
  • Миң чеченди бир дөөдүр жеңиптир.
  • Миң чеченди бир дөөрүк жеңиптир.
  • Миң чеченди бир тантык жеңиптир.
  • Миңгениң жакшы ат болсо, алысты жакындай көр.
  • Миңдеген тилек бир болсо, билеги бир болот.
  • Миңден тандап бирди сүй, сүйгөнүң үчүн отко күй.
  • Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет.
  • Миңди тааныганча, бирөөнүн атын бил.
  • Миңин айтпай, бирин айт, чөп санабай, гүлүн айт.
  • Митаамдыгы түлкүдөйдүн, тили заар жыландай болот.
  • Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.
  • Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.
  • Мокок бычак, түлкү албаган бүркүт — баары бирдей.
  • Молдо (же койчу) көп болсо, кой арам өлөт.
  • Молдо ач калса базар кыдырат, сопу ач калса мазар кыдырат.
  • Молдо ачка болсо, тезегин жейт.
  • Молдо билгенин окуйт, карга көргөнүн чокуйт.
  • Молдо жокто молдосуң, молдо барда жолдосуң.
  • Молдо жолдо болсо, шайтан үйүнө кирет.
  • Молдо ишке келсе — таш бака, ашка келсе — ач карышкыр.
  • Молдо карыса ырчы болот.
  • Молдо менен жүрсөң ыйманың озор, араба менен жүрсөң, ыйманың тозор.
  • Молдо молдого кас болот, молдо өлсө моло таш болот.
  • Молдо сабакташ, ууру танапташ.
  • Молдо уктап кетсе, шайтан түшүнө кирет.
  • Молдого сасык май берсең, «таза экен» — деп, жеп коёт.
  • Молдону куран карматам деп коркутпайт.
  • Молдону суктугунан бил, баатырды курчтугунан бил.
  • Молдонун айтканын да, кылганын да кылба.
  • Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба.
  • Молдонун айтканын ук, кылганын кылба.
  • Молдонун жазган каты өлбөйт, жакшынын сөзү, аты өлбөйт.
  • Молдонун күчү — тнлинин түшүнүксүздүгүндө.
  • Молдонун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
  • Молдонун өзү тойсо тойот, көзү тойбойт.
  • Молдонун сакалы ак, бирок санаасы кара.
  • Молдонун селдеси ак, жүрөгү кара.
  • Молдонун селдесине чок түшсө, эшендин этегине от кетиптир.
  • Молдонун сураганы — куйрук, бөйрөк берсе болот буйруп.
  • Молдонун тили сылык, жакшынын өзү сылык.
  • Молдонун тили таттуу, тилеги катуу.
  • Момундун ишин теңир мактайт.
  • Момундун эсебин куу табат, куунун эсебин кудай табат.
  • Моңолдор — журттун угуткусу.
  • Моңолдорду кыйнаса, коломтодон күкүрт чыгарат.
  • Моюнду артка кайырбасын, күлкүдөн кудай айырбасын.
  • Мөмөлүү дарак бышкан сайын ийилчээк болот.
  • Мөмөсү жок дарактан, жапайы өскөн тал жакшы.
  • Музоо бош болсо сүттү төгөт.
  • Музоо көп эмсе ичи көбөт, бош койсо чакадагы сүттү төгөт.
  • Музоо муз жалайт, торпок тоз жалайт.
  • Музоо уурдаган өгүздү да уурдайт.
  • Музоосунда сүздүргөн өгүз болгондо да коркот.
  • Музоосунда сүздүргөн, карыганда жалтанат.
  • Мундуунун муңу бирге.
  • Муңдуу адамга мукамдуу ыр жакшы.
  • Муңдуу жүргөн адамга, мукамдуу айткан ыр жакшы.
  • Муңдууга мундуу муюшат.
  • Муңдуунун муңу бирге.
  • Муңканганга — катын кыз, буюкканга — жылдыз от.
  • Мурдагы көч кайда барса, кийинки көч анда барат.
  • Мурду бучук болсо да байдын уулу сүйлөсүн.
  • Мурдуңа ченеп бышкыр, жылкыңа каран ышкыр.
  • Мурдуңа ченеп бышкыр.
  • Мурун барган конуш алат, кийин барган өрүш алат.
  • Мурун болбосо, эки көз бир — бирине өч болмок.
  • Мурун кыйкырган короздун башы кетет.
  • Мурун туулуп кеч калды, мурунтугун сүйрөп бош калды.
  • Мурун уткан буудай чычат.
  • Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озгун.
  • Мурундай белес ашкыча, буттай белес тегерен.
  • Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт, баарын бириктирип үй ээси сүйбөйт.
  • Мурунтугу бош букачар менен кең көйнөк ургаачыга ишенбе.
  • Муруттарын шыйпайткан эр башына күн тубар.
  • Муруту өскөндүн өзү каапыр, сакалы өскөндүн айылы каапыр.
  • Мусапыр болбой, мусулман болбойт.
  • Мусапыр болмок бир күндө, мусулман болмок көп күндө.
  • Мусулманды салабатынан тааны.
  • Мусулманчылык — аста — аста, каапыр болмок — бир паста.
  • Мууздап бергенди — жиреген оңой.
  • Мууздап бергенди — жиреш оңой.
  • Мүдүрүлбөс туяк болбойт, жаңылбас жаак болбойт.
  • Мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр.
  • Мүйүз экөө: бирөө сынса, бирөөнүн күчү жок, эмчек төртөө: бирөө кетсе, сүтү жок.
  • Мүйүзгө чапсаң, туяк зыркырайт.
  • Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр.
  • Мүнүшкөрдүн кесиби ит агытып, куш салмак.
  • Мыйзам дегениң буйлалаган төө болот.
  • Мыйзам жолу кең болот, бардыгына тең болот.
  • Мыйзамды аткарсаң жетээрсиң муратка, болбосо каларсың уятка.
  • Мыйзамды түртсө солк этпес, атса ок өтпөс болот.
  • Мыктыдан мылтык коркот.
  • Мылжыңды эзме жеңиптир.
  • Мылтыгыңдын күмүшүн айтпа, тийишин айт.
  • Мылтык болбой, ок болбойт.
  • Мылтык менен окууга карылык жок.
  • Мылтыктан коркпой, ушактан корк.
  • Мытайым шайтандын тилин билет.
  • Мытандан жасалган буламык — ичейин деген ашым эмес, токсон беш — сени көрөйүн деген жашым эмес.
  • Мышык гөшкө (майга) жетпей сасык дейт.
  • Мышык жок болсо, чычканга той.
  • Мышык чычкан дос болсо, кампага каргыш тиет.
  • Мышыкка — оюн, чычканга — өлүм.
  • Мышыктын баласы мышыкча мыёолойт.
  • Мээнет болбой, дөөлөт болбойт.
  • Мээнет деген жалпак, аны көтөрүүгө күч керек.
  • Мээнет жалпак болот, дөөлөт тоголок болот.
  • Мээнет жерде калбайт, мээнетсиз ыракат албайт.
  • Мээнет кетпейт бечелден, кеп кутулбайт чеченден.
  • Мээнет кылбай ыракат жок, урук сеппей эгин жок.
  • Мээнет кылганың — пайда кылганың.
  • Мээнет пилди карып кылат, оору дөөнү карып кылат.
  • Мээнет шашып келип, шашпай кетет, дөөлөт шашпай келип, шашып кетет.
  • Мээнет ыракаттын пайдубалы.
  • Мээнетиң катуу болсо — тапканың таттуу болот.
  • Мээримдүүлүк — жүрөктөн, мээримсиздик — бөлөктөн.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо