TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Макал лакаптар жыйнагы (М) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
М тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык. ul.nav { margin: 0; padding: 4px; } ul.nav li { display: inline; } Макала мазмуну А Б В Г Д Ж З И К М Н О Ө П С Т У Ү Х Ч Ш Ы Э Достор М тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына М тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле. М Маанасы жок сайдан без. Маанасы жок сайдан кеч, кайыры жок байдан кеч. Маанидарлар маселде, маселе сөздөр китепте, мааниге жетмек мээнетте. Мааниси болбой макал болбойт. Маараганга жарагандын бардыгы эле кой болот. Мага дегенди эрин эптүү айтат. Мазары жакын тайынбайт, базары жакын байыбайт. Май жок, ун болсо, казан сурап келип куймак куюп берет элем. Май кармаган бармагын жалайт, жыгач кармаган чамынды жалайт. Май кармаган бармагын жалайт. Май оозго токтобойт, жибек ийинге токтобойт. Май сасыса — туз сыйпайт, туз сасыса — не сыйпайт. Май талканды ичине жаккан киши жейт. Майда жандык көзгө көрүнбөйт. Майдадан — ири курулат, учкундан — жалын тутанат. Майдадан ири курулат, учкундан жалын тутанат. Майдан колум жооруду, көптөн көңүлүм ооруду. Майдын сызыгын, кептин кызыгын айт. Майкан үстүндө машак бар. Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт. Майкана көрбөй, бала оңолбойг. Майсыз арабанын дөңгөлөгү айланбайт. Макал — сөздүн атасы, макул - сөздүн жетеси. Макал — сөздүн атасы. Макал акылман каймагы. Макал атасы — сөз, мата атасы — бөз. Макал кайдан чыкмак, ой болбосо, кийиз кайдан чыкмак, кой болбосо. Макал сөз — тилдин байлыгы. Макал ыр эмес, жаттап алгандай, керегинде өзү келет, күтүп тургандай. Макалдуу сөз бузулбайт. Макоодон макул ден кутул. Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт. Максаты бийик — алдатпайт, кыялы күлүк — карматпайт. Мактаган кыз тойдо оосурат. Мактанчаак кысыр уйду саайт. Мактанчаактын арканы чирик. Мактанчаактын көчүгү ачык. Мактанып айтса байдыкы эп, курап айтса кулдуку эп. Мактоо — жеткирет, чагым (чакоо) — өлтүрөт. Мактоо — макоого да жагат. Макулук болмок — өлмөк бар. Мал — асырагандын көз оту, бала — асырагандын боор эти. Мал — ачуу, жан — таттуу. Мал — ээсин тартпаса, арам өлөт. Мал адамдын боор эти менен тең. Мал аласы — сыртында, адам аласы — ичинде. Мал арстандын оозунда болсо, атып алаар элем. Мал арстандын оозунда, түпкүрдүн түбүндө: арстандын оозунда болсо — атып алар элем, түпкүрдүн түбүндө болсо — казып алар элем, андан ыраагыраак көрүнөт. Мал арыгы семирет, жер арыгы көгөрөт. Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө каңдайт. Мал баасын базар чыгарат, жан баасын молдо чыгарат. Мал багаар уулуң болгончо, эл багаар уулуң болсун. Мал багар — жайыт четинде, эл багар — эрөөлдө, эл четинде. Мал байдыкы, жан кудайдыкы. Мал баккан ток болот, мал бакпаган жок болот. Мал баксаң — чөп чап, жан баксаң — көп тап. Мал баксаң кой бак, — каймак кетпейт чараңдан. Мал баксаң кой бак, каймак кетпейт чарадан, ит баксаң сырттан бак, кой алдырбайт короодон. Мал баласы туулганда жерди карайт, куш баласы туулганда көктү карайт. Мал жайсаң конушун тап, аш жайсаң идишин тап. Мал жетимин асырасаң, ооз майлар. Мал жыйнагандын жазыгы жок. Мал кадырын билбесең, жөөчүлүк берер жазаңды. Мал керек, мал керек, мал табуучу жан керек. Мал көтөрөт өлүмдү, дос көтөрөт көңүлдү. Мал күтпөгөн куу такыр мал жайылып бүткөндө айдап журтка өтө албайт. Мал маарап өсөт, бала ыйлап өсөт. Мал сактаба, ар сакта. Мал семирсе — өлүмгө, жан семирсе — өмүргө. Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы, жер чапкандыкы. Мал тапкандын жазыгы барбы. Мал таштан катыкка, боктон сасыкка бүтөт. Мал үйүрчүл, адам уюмчул. Мал ышкыра келсе жуттуку, кыйкыра келсе жоонуку. Мал ээси — машайык. Мал ээсин тартпаса, арам өлөт. Малай кутурса чарбактагы гүлүңдү басат, катындын паранжасын ачат. Малайдын баркын бай билбейт, байбичеси көп тилдейт. Малга — ээ, балага — ата керек. Малга бай — көөнү жай. Малга жарды болсоң (кылсаң) да, сөзгө жарды болбогун (кылба). Малга жарды болсоң да, сөзгө жарды болбогун. Малдан жарды калсаң кал, акылдан жарды калба. Малдуунун маңдайы жарык, малсыздын көңүлү карып. Малдуунун өңүжарык, малсыздын өңүчарык. Малдуунун сөзү өткүр, малсыздын көзү өткүр. Малды бага билбеген, таба да биле албайт. Малды баккан билет, отунду жаккан билет. Малды жакшы баксаң, маңдайың ачык болот. Малды жерден сура, аккан терден сура. Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр. Малды көрүп, байгамбар жолдон чыгыптыр. Малды курутпайын десең пул кыл, эгинди чиритпейин десең ун кыл. Малды тапканга бактыр, отунду чапканга жактыр. Малды чаппа, кишини какпа. Малды эрден сура, аккан терден сура. Малдын аласы да, куласы да болот. Малдын сыры бакканга маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым. Малдын төлүн күзүндө сана. Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар. Малы барга, баары бар. Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө. Малын аябаган доо алат. Малың барда — баары дос, малың жокто — кана дос. Малың жүзгө жеткенче, таанышың үчкө жетсин. Малыңжакшы болгончо, базарыңжакшы болсун. Манап алжыса, «төө» — деп алжыйт. Манас келет дегенде, байлатма жинди соо болгон. Манастан Чубак кем бекен. Мандалакка башым бышып, жоогазынга ишим түштү беле. Мансабың канча болсо, дымагың ошончо. Мансап ажарыңа да, ажалыңа да карабайт. Мансап үчүн сүйбө, мал — мүлк үчүн достошпо. Мансапка мал керек, кедейге жан керек. Мансапка мал керек. Мансапка мас болгон, көлгө көпүрө салам дейт. Мант бергени түлкүдөй, жалт бергени жылкыдай. Маңдай жарылган — баатыр, таңдай жарылган — чечен. Маңдайлашып айтышса — чечендин чери жазылат. Маңыз сөздүн маанайы пас, куру чечендин пайдасы аз. Маңызданып чечен болбойсуң, мактанып бай болбойсуң. Март жарымын берет, коркок баарын берет. Март марттыгын карматса, сараңды сары оору басат. Марттын бергенин көрүп, сараңдын ичи күйүптүр. Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдыктын капшыты толбойт. Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдын чөнтөгүтолбойт. Мас соолукканча өзүн Султан ойлойт. Мастан — жинди качып кутулуптур. Мастан жинди качып кутулуптур. Масты көрүп жинди эсине келиптир. Масты түртпө — өзү эле жыгылат. Мастыктын түбү — мазак, мазактын түбү — азап. Мастын колдогону бар. Мастын күчү тилинде. Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт. Махабатта акыл бей тарап, жүрөк сот. мгексиз дыйкандын күнү өтпөйт. мгексиз иш бүтпөйт, эринчээктин колу тийбейт. Медери жок туугандан, бек сүйлөшкөн жат жакшы. Мейман бир күнү мейман, экинчи күнү айбан. Мейманга аш кой, эки колун бош кой. Меймандын кетишин сураба, келишин сура. Меймандын өзүн бакпай, атын бак. Мейманыңды бакпай, атын бак. Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды «пыш» дебе. Мекенден айрылганча — өмүрдөн айрыл. Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат. Мекендин кадыры башка жерде билинет. Мекениңдин кадыры, башка жерде билинет. Мекенсиз адам — үнсүз булбул. Мекенсиз турмуш — жаналы турмуш. Мен «чарыкчанды» сүйбөйм, «өтүкчөн» мени карабайт. Мен да бир эркекке катын болуп жүргөнмүн, этегимдин жыртыгын эптеп-септеп бүргөмүн. Мен деген чөл, «биз» деген көл. Мен жакшы да сен жакшы. Мен көргөнмүн көпкөндү, көп чогулуп келгенде төөчө барып чөккөндү. Мен көргөнмүн чанганды, бой көтөргөн дардаңды. Мен күйбөсөм, сен күйбөсөң... ким күйөт. Мен мында деп кыйкырба, кайда жүрсөң эл көрөт. Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес. Менин колума да карга чычаар. Менменсинген жигитти, жоо келгенде көрөөрбүз, чеченсинген жигитти, доо келгенде көрөөрбүз. Менменсинген катындын бешик берсин сазайын. Менменсингендин тобосу жүрбөйт. Мерген иши — илме кайып. Мергендер тилейт кийикти, кийиктер тилейт бийикти. Мергендерде бараң бар, кол кайырсыз сараң бар. Мергендин ажалы — зоодон, баатырдын ажалы — жоодон. Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте. Мергендин кечиккени — олжого тунганы. Мергенчи жанын жейт, үйдөгүлөр майын жейт. Мийзам дегендин укуругу узун болот. Мингениң айгыр, жатып да кайгыр, туруп да кайгыр. Мингениң жакшы ат болсо, алысты жакындай көр. Минерге ат болбогон, жээрге нан болбойт. Минип жүргөн атын издептир. Миң бирге чыккан торгоймун, өз жанымды коргоймун. Миң досуң — аз, бир душманың — көп. Миң жаманга башчы болгуча, бир жакшыга кошчу бол. Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок. Миң жылдык караңгылыктан бир күндүк жарыкчылык. Миң кайгы бир карыздан куткарбайт. Миң калп бир чынга татыбайт. Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр. Миң карганы бир таш учурат. Миң катындын акылы бир тоокчо жок, тооктун акылы болсо чукур беле бок. Миң киши сөөмөйүн кезесе, оорубай өлөсүң. Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил. Миң койду бир серке башкарат. Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак алып чуркаптыр. Миң кошчуга бир башчы. Миң күнкү бейиштен бир күнкү жакырчылык артык. Миң күнкү сыпаакерчиликтен бир күнкү жакырчылык артык. Миң күнү кыйналсаң, бир күнүунутаарсың. Миң ооз сөз бир болсо, бир ооз сөз тек турат. Миң сомдук камчыдан, бир сомдук пайда жок. Миң сөз айткыча, бир ишти кыл. Миң уккандан, бир көргөн артык. Миң чеченди бир долу жеңиптир. Миң чеченди бир дөөдүр жеңиптир. Миң чеченди бир дөөрүк жеңиптир. Миң чеченди бир тантык жеңиптир. Миңгениң жакшы ат болсо, алысты жакындай көр. Миңдеген тилек бир болсо, билеги бир болот. Миңден тандап бирди сүй, сүйгөнүң үчүн отко күй. Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет. Миңди тааныганча, бирөөнүн атын бил. Миңин айтпай, бирин айт, чөп санабай, гүлүн айт. Митаамдыгы түлкүдөйдүн, тили заар жыландай болот. Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт. Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет. Мокок бычак, түлкү албаган бүркүт — баары бирдей. Молдо (же койчу) көп болсо, кой арам өлөт. Молдо ач калса базар кыдырат, сопу ач калса мазар кыдырат. Молдо ачка болсо, тезегин жейт. Молдо билгенин окуйт, карга көргөнүн чокуйт. Молдо жокто молдосуң, молдо барда жолдосуң. Молдо жолдо болсо, шайтан үйүнө кирет. Молдо ишке келсе — таш бака, ашка келсе — ач карышкыр. Молдо карыса ырчы болот. Молдо менен жүрсөң ыйманың озор, араба менен жүрсөң, ыйманың тозор. Молдо молдого кас болот, молдо өлсө моло таш болот. Молдо сабакташ, ууру танапташ. Молдо уктап кетсе, шайтан түшүнө кирет. Молдого сасык май берсең, «таза экен» — деп, жеп коёт. Молдону куран карматам деп коркутпайт. Молдону суктугунан бил, баатырды курчтугунан бил. Молдонун айтканын да, кылганын да кылба. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба. Молдонун айтканын ук, кылганын кылба. Молдонун жазган каты өлбөйт, жакшынын сөзү, аты өлбөйт. Молдонун күчү — тнлинин түшүнүксүздүгүндө. Молдонун өзү тойсо да, көзү тойбойт. Молдонун өзү тойсо тойот, көзү тойбойт. Молдонун сакалы ак, бирок санаасы кара. Молдонун селдеси ак, жүрөгү кара. Молдонун селдесине чок түшсө, эшендин этегине от кетиптир. Молдонун сураганы — куйрук, бөйрөк берсе болот буйруп. Молдонун тили сылык, жакшынын өзү сылык. Молдонун тили таттуу, тилеги катуу. Момундун ишин теңир мактайт. Момундун эсебин куу табат, куунун эсебин кудай табат. Моңолдор — журттун угуткусу. Моңолдорду кыйнаса, коломтодон күкүрт чыгарат. Моюнду артка кайырбасын, күлкүдөн кудай айырбасын. Мөмөлүү дарак бышкан сайын ийилчээк болот. Мөмөсү жок дарактан, жапайы өскөн тал жакшы. Музоо бош болсо сүттү төгөт. Музоо көп эмсе ичи көбөт, бош койсо чакадагы сүттү төгөт. Музоо муз жалайт, торпок тоз жалайт. Музоо уурдаган өгүздү да уурдайт. Музоосунда сүздүргөн өгүз болгондо да коркот. Музоосунда сүздүргөн, карыганда жалтанат. Мундуунун муңу бирге. Муңдуу адамга мукамдуу ыр жакшы. Муңдуу жүргөн адамга, мукамдуу айткан ыр жакшы. Муңдууга мундуу муюшат. Муңдуунун муңу бирге. Муңканганга — катын кыз, буюкканга — жылдыз от. Мурдагы көч кайда барса, кийинки көч анда барат. Мурду бучук болсо да байдын уулу сүйлөсүн. Мурдуңа ченеп бышкыр, жылкыңа каран ышкыр. Мурдуңа ченеп бышкыр. Мурун барган конуш алат, кийин барган өрүш алат. Мурун болбосо, эки көз бир — бирине өч болмок. Мурун кыйкырган короздун башы кетет. Мурун туулуп кеч калды, мурунтугун сүйрөп бош калды. Мурун уткан буудай чычат. Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озгун. Мурундай белес ашкыча, буттай белес тегерен. Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт, баарын бириктирип үй ээси сүйбөйт. Мурунтугу бош букачар менен кең көйнөк ургаачыга ишенбе. Муруттарын шыйпайткан эр башына күн тубар. Муруту өскөндүн өзү каапыр, сакалы өскөндүн айылы каапыр. Мусапыр болбой, мусулман болбойт. Мусапыр болмок бир күндө, мусулман болмок көп күндө. Мусулманды салабатынан тааны. Мусулманчылык — аста — аста, каапыр болмок — бир паста. Мууздап бергенди — жиреген оңой. Мууздап бергенди — жиреш оңой. Мүдүрүлбөс туяк болбойт, жаңылбас жаак болбойт. Мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр. Мүйүз экөө: бирөө сынса, бирөөнүн күчү жок, эмчек төртөө: бирөө кетсе, сүтү жок. Мүйүзгө чапсаң, туяк зыркырайт. Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр. Мүнүшкөрдүн кесиби ит агытып, куш салмак. Мыйзам дегениң буйлалаган төө болот. Мыйзам жолу кең болот, бардыгына тең болот. Мыйзамды аткарсаң жетээрсиң муратка, болбосо каларсың уятка. Мыйзамды түртсө солк этпес, атса ок өтпөс болот. Мыктыдан мылтык коркот. Мылжыңды эзме жеңиптир. Мылтыгыңдын күмүшүн айтпа, тийишин айт. Мылтык болбой, ок болбойт. Мылтык менен окууга карылык жок. Мылтыктан коркпой, ушактан корк. Мытайым шайтандын тилин билет. Мытандан жасалган буламык — ичейин деген ашым эмес, токсон беш — сени көрөйүн деген жашым эмес. Мышык гөшкө (майга) жетпей сасык дейт. Мышык жок болсо, чычканга той. Мышык чычкан дос болсо, кампага каргыш тиет. Мышыкка — оюн, чычканга — өлүм. Мышыктын баласы мышыкча мыёолойт. Мээнет болбой, дөөлөт болбойт. Мээнет деген жалпак, аны көтөрүүгө күч керек. Мээнет жалпак болот, дөөлөт тоголок болот. Мээнет жерде калбайт, мээнетсиз ыракат албайт. Мээнет кетпейт бечелден, кеп кутулбайт чеченден. Мээнет кылбай ыракат жок, урук сеппей эгин жок. Мээнет кылганың — пайда кылганың. Мээнет пилди карып кылат, оору дөөнү карып кылат. Мээнет шашып келип, шашпай кетет, дөөлөт шашпай келип, шашып кетет. Мээнет ыракаттын пайдубалы. Мээнетиң катуу болсо — тапканың таттуу болот. Мээримдүүлүк — жүрөктөн, мээримсиздик — бөлөктөн.