TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Макал лакаптар жыйнагы (И) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
И тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык. ul.nav { margin: 0; padding: 4px; } ul.nav li { display: inline; } Макала мазмуну А Б В Г Д Ж З И К М Н О Ө П С Т У Ү Х Ч Ш Ы Э Достор И тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына И тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. И И деген үн ишке дөмөөр. Издеген табат, сураган алат. Изденип калсаң — табасың, көздөп калсаң — аласың. Изденүү — ийгиликтин жолу. Изи барды издеш оңой. Изилдегенде ар нерсенин жолу табылат. Ийгилик кетпесин, жамандык жетпесин. Ийгилик устүндө пейлиңди тарытпа, иш үстүндө көңүлүңдү иритпе. Ийгиликке — сүйгүлүк. Ийгиликтин кечи жок. Ийгиликтин эртекечи жок, көрүнген тоонун ыраагы жок. Ийибеген эмчек болбойт. Ийилген (же ийген) башты кылыч кеспейт. Ийилчээк тактай сынбайт. Ийлеп — ийлеп итке салба. Ийменчектик кыз — келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт. Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат. Ийне көзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат, адам (чечен) — сөзүнөн сынат. Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат. Ийне өткөн жерден шоона да өтөт. Ийнеге учук керек. Ийненин көздүүучу колго сайылбайт. Ийненин чөпкө түшкөнү — жоголгону. Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо. Ийри отурсаң да түз сүйлө. Ийри отуруп түз кеңешели. Ийри таяктын көлөкөсүтүз болбойт. Ийри тумшуктун ырысы кайыптан. Илгери кетердин ити чөп жейт, кедери кетердин келини ууру кылат. Илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп. Илгеркинин жакшысы журттун камын жейт, эмдигинин жакшысы өзүнүн кара жанын жейт. Илең — салаң оорудан, шара — бара өлүм артык. Илим — ийне менен кудук казгандай. Илим — окуу булагы, өнөр — турмуш чырагы. Илим — тозбогон кудук, билбеген киши — дудук. Илим — турмуш чырагы, өнөр — эрдин куралы. Илим — элге, суу — жерге. Илим — элдин көркү, токой — жердин көркү. Илим акылдын кайрагы. Илим албай — мактанба, өнөрлүү болбой — баптанба. Илим башка жугат, кына ташка чыгат. Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт. Илимдин падышасы — акыл, сөздүн падышасы — макал. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт. Илкий — силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн. Илээидинин малы көчкөндө жогөлот. Инек баштаса — ийри жарга, өгүз баштаса — өлөңдүү сазга. Инек мүйүздүү өгүздүн күчү жок, өгүз мүйүздүү инектин сүтү жок. Иниси бардын — ырысы бар. Иреңине карасаң — күндөй, ишине карасаң — түндөй. Иретсиз иште ийгилик жок. Ириген ооздон чириген сөз (кеп) чыгат. Ит — тойгон жеринде, куш — конгон жеринде, ат — көнгөн жеринде, эл — туулган жеринде. Ит адамга жолдош, ошон үчүн атын койгон Жолборс. Ит алы жеткенин талайт. Ит арабанын астында жүрүп, «мен тарттым» дейт. Ит арка ишти — кокуйдун кошогу дейт. Ит бир күн бок жебесе, башы ооруйт. Ит жадаса — үрөт, киши жадаса — күлөт. Ит жакшысы — сырттан. Ит жакшысы ичик табат, ит жаманы киши кабат. Ит жакшысын чык дебейт. Ит жалдаган суу кечпейт. Ит жаманы бороондо кычайт. Ит жандаган сууга кетет, эр жандаган муратка жетет. Ит жарасын жалап сакайтат. Ит жеңгенин талайт. Ит жыйыны бирикпейт. Ит жыйыны топ болбойт. Ит заңы дары болсо, дарыянын башына чыгат. Ит итаягын жаламайынча алымсынбайт. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт. Ит иттигин кылбаса башы ооруйт. Ит ичпеген аштан үмүт этет. Ит ичпей турган ашынан үмүт кылат. Ит ичпес ашынан үмүт кылат. Ит кабышып өлөт, наадан чабышып өлөт. Ит коруган жерге чычат. Ит кулагын кескенге үйүр. Ит кутурса ээсин кабат. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт. Ит менен дос болсоң сөөк талашасың. Ит менен жеген аш кустурбай койбойт. Ит менен куда болсоң, жегени менен той бересиң. Ит менен ойносоң үрөсүн, бала менен ойносоң — күлөсүң. Ит мурдуна суу киргенде сүзөт. Ит начары — үрөнөөк. Ит өлөрүндө кайышчыл болот. Ит семирсе ээсин кабат. Ит төөгө арсылдайт, төө итти барсынбайт. Ит тумшугуна суу жеткенде сүзөт. Ит тумшугуна суу кирмейинче сүзө албайт. Ит уялашынан коркпойт. Ит үйүр болсо, жолборско үрөт. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Ит үрө берет, ушак жүрө берет. Ит үрөт — кербен жүрөт. Ит үрөт, эр кечирет. Ит ырысы менен, куш куту менен. Ит эмнеге үрбөйт, түшкө эмне кирбейт. Ит, бок жеп, жан сактайт. Ителги салба, кепил алба. Итенген сайын бир боорсок. Ити семиз, мал арык — жер азганы, ынтымагы болбосо — эл азганы. Итке набат таштасаң, таттуулугун биле албайт. Итке темирдин баркы эмне. Итте жээн жок, букада кайын жок. Иттей ала болгуча, бөрүдөй көк бол. Иттен көлөкө талашканды — жалкоо дейт. Иттердин кордугуна чыдоо кыйын, өлүү оңой. Итти баксаң — сырттан бак, кой жоголбойт корооңдон. Итти каппайт дебе, атты теппейт дебе. Итти сыйласаң, килемге чычат. Итти сыйласаң, төрдү (же килемди) булгайт. Итти эркелетсең да таягынды таштаба. Иттин акмагы күндүз үрөт. Иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет. Иттин башын сыласаң, өзүңдү кабаар. Иттин жаманы күчүктү талайт. Иттин ичине сары май жакпайт. Иттин тойгон жери бар, туулган жери жок. Иттин тумшугуна суу жеткенде сүзөт. Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар. Иттүү конок батпайт, бирдиктүү конок жатпайт. Иттүү конок батпайт, биттүү конок батат. Ичер ашы жок, үрөр ити жок. Ичер ашы жоктун, үрөөр ити да жок. Ичер ашы жоктун, үрөр ити да болбойт. Ичер суусу түгөнгөн киши өлөт. Ичердин ашын ичпес кечет. Ичердин ырысын ичпес ичет. Ичи жаманды ит кабат, пейли жаман ниетинен табат. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт. Ичи өткөндүн ыштаны билет. Ичи тар итине бок бербейт. Ичи тар итине кебек бербейт. Ичи тардан ийне артпайт. Ичи тардан итине жугунду артпайт. Ичи тардын — иши да тар. Ичи тардын иши тар. Ичиң күйсө таш жала. Ичиң күйсө, туз жала. Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат. Ичип арактын көөнүн алган, кусуп кудайдын көөнүн алат. Ичип берүүчүгө ченеп берүүчү бар. Ичке жерден үзүлөт. Ичке үзүлөт, жоон сүзүлөт. Ичкенге — аш берем, ичпегенге — кара таш берем. Ичкенге аш берет, ичпегенге таш берет. Ичкенге бар, иштегенге жок. Ичкенде тойбогон, жалаганда тоймок беле. Ичкенде, жегенде сиздикинде, ойногондо, күлгөндө биздикинде бололу. Ичкендин даамы эртеси билинет. Ичкени — ирим, жегени — желим, сарсанаа баскан адамдын. Ичкенин кускан чабалдын иши, бергенин алган жамандын иши. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын. Ичкилик арты — өкүнүч. Ичкиликке тойгон энесин тааныбайт, ичкиликте мактаныч жок, сактаныч бар. Ичпей — жебей жыйнагын, бай болоруңа мен кепил. Ичпей, жебей, бакыл бол; бай болбосоң мага кел. Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил. Ичтен чыккан ийри жылаан. Ичээр сууңа түкүрбө. Иш бар жерде ийгилик бар. Иш бүтүргөи кернейчи, балаага калган сурнайчы. Иш дегенде жата калган, сөз дегенде тура калат. Иш көп, темир аз, уста көп, көмүр аз. Иш кылган колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай сынбайт. Иш кылдырба чоркокко, жүк артпагын торпокко. Иш кылсаң акылың менен. Иш кылсаң, артын ойло. Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай да сынбайт. Иш этсең, аш этесиң. Ишенбегин тоодо жүргөн кайыпка, сырыңды айтпа акылы жок зайыпка. Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын. Ишенген кожоң (төрөң) сууга акса, алды — алдыңан тал карма. Ишенген кожоң сууга акса, алды — артыңдан тал карма. Ишеним — кишиге аска, ишенбес киши — көпшөк. Ишеним сыймык алып келет, ийгилик — сыйлык алып келет. Иши жоктун — ашы жок. Иши жоктун түйшүгү жок. Иши жүрөөрдүн ташы өйдө кулайт. Иши илгери кетердин ити чөп жейт, иши кедери кетердин келини ууру кылат. Иши илгери кетердин ташы өйдө кулайт. Иши иттикиндей, сөзү кишиникиндей. Иши көңүлдүү болгондун эгини түшүмдүү болот. Иши кыйшык кишинин жүгү кетээр артына. Иши кыйшык кишинин куну кетер артына, ооруп өлөр кишинин дабаа болбос дартына. Иши оңолбогондун уулу урушчаак, келини керишчээк. Иши оңолоордун ити чөп жейт. Ишиң илгери келгенче, итиңе кош арт. Ишиң калганча, ашың калсын. Ишиңди бирөө кылып берсе, колуңду кычыштырба. Ишке ашпаган илим — жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет. Ишке келгенде — бала, сөзгө келгенде — балээ. Ишке чабал тагдырына таарынат. Ишкер иштеп байыйт. Иштебей туруп, тиштээриңди ойло. Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт. Иштеген колдон көргөн көз уста. Иштегендин оозу ойнойт, иштебегендин көзү ойнойт. Иштегени жакшы болсо, жибектен шал өйдө. Иштегениң ата-энең үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн. Иштегениң биз үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн. Иштеги темир чирибейт. Иштесең досуң көбөйөт ушактан касың көбөйөт. Иштесең каптап аласың, иштебесең ачка каласың. Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот. Иштесең кулча, тиштейсиң байча. Иштесең тиштерсиң. Ишти баштап мактанба, мактангын бүтүп жатканда. Ишти сүйсөң, ишмер болосуң. Ишти ыгына карай иште, баланы шыгына карай тарбияла. Иштин агы билбейт, жигиттин багы билет. Иштин көзүн уста билетБөдөнөнү сойсо да, касап сойсун. Иштөө — кыйын, сыноо — оңой. Иштөө керек жүгүрүп, басуу керек чалкалап. Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.