TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Макал лакаптар жыйнагы (Э) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Э тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык. ul.nav { margin: 0; padding: 4px; } ul.nav li { display: inline; } Макала мазмуну А Б В Г Д Ж З И К М Н О Ө П С Т У Ү Х Ч Ш Ы Э Достор Э тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Э тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики. Э Эбепке — себеп, эгиз улакка — айры шыбак. Эби бар иш бүтүрөт, кеби бар сөз бүтүрөт. Эбин тапкан — эки ичет, эңсеси каткан — бир ичет. Эбин тапкан эки жейт. Эгер адамзат жай менен кыш, ысык менен суук, ачуу менен таттууну көрбөсө, бул чиркин бир катырган сүрөт эмеспи. Эгиз козудай болуп. Эгизден төл өсөт, эмгек менен эр өсөт. Эгилбеген жер жетим, элинен алыстаган эр жетим. Эгин айдоо — байлык айдоо. Эгин көп болуп эки жыл ичпейт, төө көп болуп конокко сойбойт. Эгин сатсаң — орооңон сат, мал сатсаң — корооңон сат. Эгин эгип мал бакпаптыр, эптеп — септеп жан сактаптыр. Эгиндин барар жери — тегирмен. Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет. Эгинчи жоодо тынат, балыкчы доодо тынат. Эже кийгенди сиңди киет. Эжекем эрге тийди, эскиси мага тийди. Эжекеме ишенип, эрсиз калдым. Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда. Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык. Эзелден желки тон болбойт, эптесең жээн эл болбойт. Эке — токо катындай, эски токум батындай. Эки арамза дос болбойт. Эки ат минген кеч калбайт, элдүү түлкү ач болбойт. Эки атаны төрткө бөлгөн кол башчы жоодон өлөт. Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт. Эки аяктуудан бажа таттуу, төрт аяктуудан бото таттуу. Эки аял — базар, үч аял — жарманке. Эки баатыр эрегишсе, бирөө калат, бирөө өлөт. Эки бай куда болсо — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат. Эки бай куда бөлсө — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат. Эки байдын ортосундагы кедей байыбайт. Эки бакыр — бир тукур. Эки бээлүү — эл сактайт, жалгыз бээлүү — жан сактайт. Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени. Эки дөө кагылышса, орто жерде кара чымын кырылат. Эки жагыңа байкап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр. Эки жакшы баш кошсо — тунук суудай, эки жаман баш кошсо — ылай суудай. Эки жакшы баш кошсо — ырыс, бир жаман менен бир жакшы баш кошсо — дурус, эки жаман баш кошсо — күн сайын уруш. Эки жакшы бир жайлоого чыкса — кудалашып түшөт, эки жаман бир жайлоого чыкса — кубалашып түшөт. Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт. Эки жакшы кошулса бирин-бири кыйышпайт, эки жаман кошулса кең дүйнөгө сыйышпайт. Эки жаман таарынышса — амандашпайт, эки жакшы таарынышса — жамандашпайт. Эки жаманга олжо түшүптүр, аны биле албай топко түшүптүр. Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы. Эки жинди бир кетти — эсен барып, соо келсин. Эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот. Эки жоо беттешсе, коркогу мурда кол салат. Эки жүздүү эл бузат. Эки кайталанган сөздүн ээси табылбайт. Эки катын аламын деп, не балаага калыпмын. Эки катын алганча, эки каптал чай керек, эки семиз бээ керек. Эки кеменин башын кармаган сууга кетет. Эки киши күнөөкөр болсо, бир киши — данакер. Эки коёнду кууган бирин да кармай албайт. Эки кочкордун башы бир казанга сыйбайт. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт. Эки көздүн бири жоо чыккан заман. Эки кузгун жөөлөшсө, бир каргага жем болот. Эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө өгүз өлбөйт. Эки кыз — эрмек көп. Эки кылыч бир кынга сыйбайт. Эки кырчаңгы бир токойдон табышат. Эки молдо — бир киши, бир молдо — жарты киши. Эки нар жөөлөшсө ортосунда кара чымын кырылат. Эки нар жөөлөшсө, ортодогу бейажал чымын өлөт. Эки ой бир көөдөнгө сыйбайт. Эки ойлоп, бир сүйлө. Эки ооз бириксе, жалгыз ооз тим турат. Эки оору бир келсе — ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе — абийириңдин кеткени. Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур. Эки сарыдан маймылча тууйт, эки карадан каргача тууйт. Эки таш беттешкен жерде — күкүм, эки дос беттешкен жерде — бүтүм. Эки текем бир букача жок бекен. Эки тентек элге сыйбайт. Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте. Эки тизгин, бир чылбыр, эптүү киши колунда. Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт. Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат. Эки тоонун башын эңсеген кийик ачтан өлүптүр. Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат (же ачтан өлүптүр). Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат. Эки тоонун чөбүн самаган теке ачка келет. Эки туйгун качырса, каздын шору. Эки уй баккандын үйү — айран, эки аял алгандын үйү — ойрон. Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон. Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар. Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу. Эки шумкар талашса, бир кузгунга (же каргага) жем болот. Эки эл тарап болсо, эптүүжигит катын алат. Эки эр бириксе бийик дабан, бел ашат. Эки эр өлтүргөн бир эр өлтүргөндү кандуу моюн дейт. Эки эргежелге дүйнө тар. Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат. Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ. Экинчи эне — мугалим. Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо. Экөөгө бирөө бата албайт. Экөөнө бирөө бата албайт, аттууга жөө жете албайт. Экөөнө бирөө бата албайт. Экпесеңжер кысыр, асырабасаң кол кысыр. Эксең эгин, ичерсиң тегин. Эл — башы менен, тоо — ташы менен, аяк — ашы менен. Эл - көл, элди билбес чөл. Эл - мазар, элден безген — азар. Эл - мазар, элден чыккан - азар. Эл — мазар, элден чыккан (же кеткен) — азар. Эл - ыйык, элден чыккан - суюк. Эл - ырыстын киндиги, эр - ырыстын коргону. Эл - эл болду, Элебай акем не болду. Эл - эне, жер — ата. Эл (көп) менен көргөнгө, кабак салбай, кайрат кыл. Эл айтат, демек эп айтат. Эл айтпайт, эл айтканда кем айтпайт. Эл акылсыз бөлбөйт, көл казсыз болбойт. Эл аралаган сынчы болот, жыгач араалаган үйчү болот. Эл байлыгынан жер байлыгы. Эл байынан жер байы (көп). Эл байынан жер байы артык. Эл бар жерде — жеңиш бар. Эл бар жерде сөз бар. Эл башчылар достошсо, бактысы болот журтунун. Эл башы болгуча, суу башы бол. Эл башы болмок оңой, эл баштамак кыйын. Эл башына түшкөн күн, эр башына түшкөн түн. Эл бийлөөгө амал керек миң — түмөн, ошентсе гана ачылмакчы түн — туман. Эл болбосо, эр болбойт. Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт. Эл деген киши ээрден түшпөйт. Эл дөөлөтү — эмгек, эмгек баарын жеңмек. Эл жакалай конбосо, бетегелүү бел карып. Эл жасаса жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам белим ооруйт. Эл -жердин гүлү. Эл жоосуз болбойт, жер тоосуз болбойт. Эл ичи — өнөр кенчи. Эл ичи алтын бешик. Эл ичинде эл жүрөт, эт ичинде курт жүрөт. Эл камын ойлоп башкаргандык — кеменгердик. Эл каргаса, жерге батпайт. Эл кимден корксо, ошонун кулу боло берет. Эл көзү — сынчы. Эл көрбөгөн шумдукка, эл көрбөгөн жаза керек. Эл көркү — мал, өзөн көркү — тал. Эл кулагы — элүү. Эл мактабаган кыз эрсиз калат. Эл макул тапканды, эр макул табат. Эл макулга сен да макул. Эл менен көргөнгө, кабак салбай кайрат кыл. Эл менен көтөргөн жүк жерде калбайт. Эл менен эр көгөрөт, суу менен жер көгөрөт. Эл менен эрегишпе, эр (же баатыр) менен жоолашпа. Эл намысы — эр намысы. Эл оозу элек, же эл оозунда элек жок. Эл оозуна калкан коё албайсың. Эл оозунда элек жок. Эл өмүрүн үлгү туткан киши караңгыда чырактуу. Эл сагынбас эр болбос, жер (же үйрүн) сагынбас ат болбос. Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос. Эл сүйгөндөй досуң болсун, жер сүйгөндөй кошуң болсун. Эл сүйгөндөй досуң болсун. Эл сыйлаган адам эшикке жатпайт. Эл тагдырына кол көтөргөндүк — текебердик. Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт. Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт. Эл үчүн жашагың келсе, элден үйрөн. Эл үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс. Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал. Эл четинде жоо жоолап, курман болгон жигитти, өлдү деген жалган кеп. Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи. Эл четине жоо келсе, (эл башына күн түшсө) жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан, (эр башына иш түшсө), мал аяган жигитпи. Эл ыйык — элден чыккан суюк. Эл ынтымагы — бийик дувал. Эл ырысын — эл таңдайт. Эл элге батса, үй үйгө батпайт. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң. Эл эмне болсо, сен да ошо болосуң. Эл энчисин жеп алып сары ооруга баткан бар. Элге (эрге) кылган жакшылык жерде калбайт. Элге берген куруттан мени эмне куруттуң. Элге жаап өтсө, мага таамп өтөт. Элге караганга эл да аркасын салбайт. Элге кызмат эткениң, улуу урматка жеткениң. Элге кылган жакшылык жерде калбайт. Элге ылайык эр туулат, эрге ылайык ат туулат. Элге эл кошулган — дөөлөт, элден эл бөлүнгөн — мээнет. Элге эл кошулса — дөөлөт, элден эл кетсе — мээнет. Элге эмгек кылган өсөт, эл эрдикке кошот. Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат. Элден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес. Элден чыккан азамат — Эл деп иштеп агарат. Элдештирмек — элчилден, жоолаштырмак — жуучудан. Элди баккан жер өлбөйт, эр төрөгөн эл өлбөйт. Элди да үйрөт, элден да үйрөн. Элди жеңүү мүмкүн эмес. Элди сөкпө, ырыскыңды төкпө. Элди сүйгөн — озоор, элден качкан — тозоор. Элди таттуу кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз. Элди үйрөткөн, элден үйрөнөт. Элдин — элчиси, тондун — топчусу. Элдин алтынын алба, алкышын ал. Элдин байманалуу жашашы, падышанын ниетине жараша. Элдин даңкын эл билет, дыйкандын даңкын жер билет. Элдин жолу кенен жол ээрчиген киши адашпайт. Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда. Элдин көзү көп (болот). Элдин көөнүн оорутпа, аттын жонун оорутпа. Элдин салты — атанын наркы. Элдин сөзү элде калсын, душмандын сөзүжерде калсын. Элдин тили — эм. Элдин уурусунан, жердин уурусу жаман. Элдин эки тиреги бар, биринчиси — акылман, экинчиси — баатыр. Элдин элчилиги, журттун журтчулугу — даңаза. Элдин эриши элден, аркагы жолдон. Элдүү түлкү ачка өлбөйт. Элдүүжерде ууру бар, тоолуу жерде бөрү бар. Элдүүжерде элек бар, катындуу жерде челек бар. Элдүүжерде элек бар. Элебай элге теңелет, эчки койго теңелет. Элек сурап барып, эрге тийип кетигггир. Элек сурап келем деп, эрге тийип кетиптир. Эли байдын, өзү бай. Эли журтуң болбосо, ай — күнүңдөн не пайда. Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт. Эли-журтуң болбосо, ай, күнүңдөн не пайда. Эликти көрсөң атып өт, селдени көрсөң качып өт. Эликти көрсөң атып өт. Эликтин мойнун ок кесет, эрдин мойнун жок кесет. Элин коргоп жоо сайган баатыр атка конот. Элин коргоп, жоо сайган — баатыр аталат. Элин сагынбас эр болбос, үйрүн сагынбас ат болбос. Элин сыйлабаган тилин жерийт. Элине арка болуучу уул — эки миздүү шап (канжар). Элине арка болчу уул эки миздүү шап канжар. Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс. Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос. Элинен качканды бөрү жейт. Элиң барда жардымын дебе, мекениң барда шордуумун дебе. Элиң барда шордуумун дебе, мекениң барда жардымын дебе. Элиң сынганы — белиң сынганы. Элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол. Элиңде жаманың болсо — эрмегиң ошол. Элиңде тынчтык жок болсо, алдыңдан таяр алтын так. Элиңди жаман көрсөң, элге кантип батасың, жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың. Элпек болсоң элиң сүйөт, курбу — курдаш теңиң сүйөт. Элсиз түлкү ачка өлөт. Элүү жылда эл жаңы. Элүүжылда — эл жаңырат, жүз жылда — жер жаңырат. Элүүжылда — эл жаңырат, жүз жылда — казан. Элчиге өлүм жок. Эмгеги аздын — өнмөгү аз (же эмгек аздан өнмөк аз). Эмгегине карай өнмөгү. Эмгегинен бакыт тапкан адам — чыныгы сулуу адам. Эмгегиң адал болсо татканың таттуу болор. Эмгегиң катуу болсо, тапканың таттуу болор. Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак. Эмгегиң шаңдуу болсо, жегениң майлуу болот. Эмгегиңден баар тапсаң мартабаң көтөрүлөт. Эмгегиңден баар тапсаң, мартабаң чоңоёт. Эмгек — азоо ат, максат — аны үйрөтүш. Эмгек — дайра, билим — кеме. Эмгек — чыйралтат, өмүр — үйрөтөт. Эмгек — эрдин көркү, эр — элдин көркү. Эмгек адамдын үзүрү. Эмгек аздан өнмөк. Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар. Эмгек бар жерден дөөлөт күт. Эмгек даңкка жеткизет. Эмгек жокко жеткизет, эрикпей кетменди алгын колуңа. Эмгек кылбай эр оңбос, бириндеген эл болбос. Эмгек кылсаң — өнмөк бар. Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан. Эмгек кылсаң эринбей, тоет кардың тиленбей. Эмгек менен эр көгөрөт. Эмгек эрдикке жеткирет, эрдик элдикке жеткирет. Эмгек этсең эмерсин. Эмгексиз бакыт — тузу жок тамактай. Эмгексиз киреше — бетке чиркөө. Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет. Эмгексизге ыракат жок. Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет. Эмгектен булчуң чыңалат, эринчээкке конбос бак. Эмгектен качсаң — дөңгөккө. Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул. Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт. Эмгекти көрбөгөн — ыракаттын кадырын билбейт. Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт. Эмгектин көркү ыракат, эринчээкке конбос бак. Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу. Эмгектин түбү — ыракат, эринчээкке конбойт бак. Эмгектүү (же жазган) кулда чарчоо жок. Эмгектүүнүн — наны таттуу, жалкоонун — жаны таттуу. Эмгектүүнүн аты калат, эселектин даты калат. Эмгекчил кулда чарчоо жок. Эмгекчил таң атаарын күтөт, жалкоо күн батаарын күтөт. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык. Эмдик боз минсең, оозун тарт, элдүү жерде тилиң тарт. Эмнени эксең, ошону оросуң. Эмчектен артык эм жок, кайраттан артык дем жок. Эмчинин өз эми өзүнө түшпөйт. Эне — тоодогу булак, бала — чөлдөгү кулан. Эне адаты — кызга үлгү. Эне көөнү — бешикте, бала көөнү — эшикте. Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок. Эне өлсө, төркүндөн кадыр кетет. Эне сабырында чек жок. Эне сүтүн актоо — унутулгус карыз. Эне сыйлаган элине жагат. Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда. Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт. Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл. Эне элжиресе — өпкө-боорун чабат, баласы акылдуу болсо — ысык мээрим табат. Энеге баланын алалыгы жок. Энеге жакканың — балалык, элге жакканың — адамдык. Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич. Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток. энем өлсө — өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн. Энени көрүп кыз өсөт, атаны көрүп уул өсөт. Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт. Эненин колунан — кыз тойбойт, эрдин колунан — куш тойбойт. Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада. Эненин сөзү — нур, атанын сөзү — ур. Эненин тогуз уулу болсо да көп көрбөйт. Эненин эмгеги эки дүйнөдө эстен кетпейт, ата кадырга жетпейт. Энеңдин баткакта жатканын айтып келгенге сүйүн. Энеңи жонуңа көтөрүп үч ирет Меккеге жөө барсаң да карызыңдан кутулбайсың. Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын уулу урушчаак. Энеси жок кыз — эпсиз, атасы жок уул — жетесиз. Энеси жок кыз, атасы жок уул — жетесиз. Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң. Энеси жоктун — кызы баш, атасы жоктун — уулу баш. Энеси көрбөгөнүн кызы көрөөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөөр. Энеси мактаган кызды алба, жеңеси мактаган кыздан калба. Энеси ой ойлобогон, атасы той тойлобогон. Энеси тепкен кулундун эти оорубайт. Энесиз кыз — никесиз, атасыз уул — жетесиз. Энесин көрүп — кызын ал, эшигин көрүп — төрүнө өт. Энесин Үч — Коргондон таанытам. Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил. Эңкейгенге эңкейгин — атадан калган кул эмес, какайганга какайгын падышанын уулу эмес (өзүңдөн артык уул эмес). Эңсеген таппайт, издеген табат. Эп келтирип сүйлөсөң, эл сөзүңдү угат да. Эп көргөндү эп көр, жек көргөндү жек көр. Эпкиндүү болсоң, элиң сүйөт, курбу — курдаш, теңиң сүйөт. Эптүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат. Эптүү сүйлөп чөгөлөсө, кулдук кылып баш ургун. Эптүүуулдан септүүуул туулат. Эпчил төөнүжаса муштагандай иш кылат. Эпчил эки ичет. Эр — баш, катын — моюн. Эр — бир өлсө, эс — миң өлөт. Эр — зайыптын экинчи кудайы. Эр — тууган жеринде, ит — тойгон жеринде (жашайт). Эр — улан болбойт, ат — кунан болбойт. Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз (же сегиз). Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз. Эр — элден — суу — жерден. Эр — элден, балык — суудан. Эр — элдин оң жагынан каалоосу, жел жагынан паанасы. Эр адамдын жан жолдошу — ат. Эр азамат өлсө, Чубактын кунун куугандай куу. Эр азыгы — элден, бөрү азыгы - жолдон. Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон. Эр айласы - бир, катын айласы — миң. Эр алат деп коркоюнбу, эмчегим чыгат деп коркоюнбу. Эр атасыз болбос. Эр аттан айрылганда — жөө, эр элден айрылганда — алсыз, жетим. Эр атын зайып чаба албайт. Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт. Эр барданы бек болсун, от барданы бош болсун. Эр башына кун (же иш) түшсө өтүгү менен суу кечет. Эр бир өлсө, эс миң өлөт. Эр болсоң эрдигиңди элге көрсөт, арык чапсаң күчүңдү жерге көрсөт. Эр болсоң, көк бол, айткан сөзгө бек бол. Эр бөрү жолдуу. Эр даңкын эл чыгарар. Эр деми — эм. Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз. Эр жалдаган эмгегинен табат. Эр жаңылса да эл жаңылбайт. Эр жаңылып колго түшөт, куш жаңылып торго түшөт. Эр жаратсыз болбойт. Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт. Эр жигит бирде мырза, бирде кул. Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай, эр жигит жолу болобу, кез-кезде торго чалынбай. Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен, карышкыр жолдош болбойт жолборс менен, бир жүрбө миң-миллиард берсе дагы акылы жок — акмак наадан менен. Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен. Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо. Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт. Эр жигит эки айтпайт. Эр жигит эл камын жейт. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде. Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт. Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт. Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аздык кылат. Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына. Эр жигиттин алганы жарашпаса алка жакасы ак болобу да, элине эмгек сиңип бак конобу. Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө. Эр жигиттин башына, нелер (эмне) келип, нелер (эмне) кетпейт. Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул. Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет. Эр жолдошу — тобокел. Эр кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет. Эр кадырын эр билет, эр билбесе ким билет. Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот. Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк. Эр канаты — ат. Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит. Эр кармаган эмгегинен кутулат. Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет. Эр карып эшек түшөбөйт, катын карып пакта (камыр) түшөбөйт. Эр карыса ат бөлөт, кемпирине жат болот. Эр карыса да, ой карыбайт. Эр келин балага жагат, затын эркелеткен эркек соң басып калат. Эр колбашчы өлсө — кол жетим. Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос. Эр коңураттан жер коңурат өтүптүр, ана катындан бала катын өтүптүр. Эр көңүлчөөгү — зар, катын көңүлчөөгү — кар. Эр көрбөгөн кыйшыкты зайып түзөйт. Эр күзгүсү — эмгеги. Эр мактанса, бир октук, бай мактанса, бир жуттук. Эр намыстын кулу. Эр намысы — эл намысы. Эр ортону — элүү жаш. Эр өлсө да, эл өлбөйт. Эр өлтүрүп, эриш бузганым жок. Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат. Эр соргогу үй толтурат, катын соргогу үй курутат (же түгөтөт). Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын. Эр сыйлаган катын эшикке олтурбайт. Эр сыйлаган эшикте отурбайт, ат сыйлаган жөө баспайт. Эр сынаар кучкачмын, бир сынабай учпасмын. Эр тайын тартат, ит атасын тартат. Эр тамагы — элден, бөрү тамагы — жолдон. Эр ташыса — элине, суу ташыса — жээгине. Эр төркүнү эшикте олтурат, катын төркүнү төрдө олтурат. Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат. Эр төрөгөн эл өлбөйт. Эр туулса, элге мактан. Эр уйкусу — куш уйкусу. Эр улан болбойт, ат кунан болбойт. Эр үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс. Эр чегишпей, бекишпейт. Эр чегишпей, билишпейт. Эр чекишип бекишет. Эр эгиз, эмгексиз жалгыз. Эр эл камын ойлойт. Эр эмгеги менен, жер жемиши менен (даңктанат). Эр эмгегин жер жебейт. Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт. Эр эмилбей мал кайда, кетмен чаппай дан кайда. Эр энеден туулат, тулпар бээден туулат. Эр энеден туулат, элге кызмат кылат (же эл үчүн өлөт). Эр энөө болот. Эр эңсегенине жетет. Эр эшиги тоң темир, эритмекке эр керек. Эрге берсең ашыңды эрлер сыйлар башыңды. Эрге жаккан аял элге да жагат. Эрге ишенбе, эки колуңа ишен. Эрге ишенгенче, эки босогоңо ишен. Эрге кылган жакшылык — элге кылган жакшылык. Эрге кылган жакшылык жерге калбайт. Эрге тиймек бат экен, өтүк ултармак кеч экен. Эрге уйку жок. Эрге чарык табылат, жеген иттин бетине кара. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок. Эрден безсең да, элден безбе. Эрден кийин сый жок, энеден кийин төркүн жок. Эрден кийин эрмек жок, уулдан кийин урмат жок. Эрден чыксаң да, элден чыкпа. Эрден ыйман качып кутулбайт. Эрден эрдин неси артык, эптей келсе күчү артык. Эрден эрдин неси артык? Эптеп айткан сөзү артык. Эрди — катын бир үйдүн — айы менен күнү. Эрди — катын урушат, эси кеткен болушат. Эрди — катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси. Эрди даңазалаган эли, жерди даңазалаган кени. Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы. Эрди жоо үстүндө көр. Эрди жоо үстүндө(жоодо) көр. Эрди кабагынан сына. Эрди катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси. Эрди көңүлдө сыйлаң, жоону көрбөй баалаң. Эрди кудай урарда котур болуп кашынат, атты кудай урарда аягынан басынат. Эрди кудай урарда элүүсүндө жаш болот. Эрди намыс өлтүрөт, коёнду камыш өлтүрөт. Эрди талап учурат, кушту канат учурат. Эрди эл баалайт. Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял. Эрди этегинен, нарды буйласынан кармайт. Эрдиги тоодой, кеңдиги көлдөй. Эрдигинен солто кырылды, энөөлүгүнөн колпош кырылды. Эрдигиң бар эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок. Эрдигиң бар, эсиң жок. Эрдик билекте эмес — жүрөктө. Эрдик кылсаң, сүрө бил. Эрдик кылып кой сойду (сойсоң), иттик кылын төш тартты (тартпа). Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа. Эрди-катын — бир үйдүн айы менен күнү. Эрди-катын — эриш — аркак. Эрди-катын бир төшөктө жатып, эки башка түш көрөт. Эрди-катын бирин бири туура түшүнүшпөй, кечиришпей туруп, сыйлаша алышпайт. Эрдиктин мыктысы — жөнөкөйлүк. Эрдиктин түбү өзүнө жоо көбөйтөт. Эрдин ажалы эрден. Эрдин атын алыстан ук, жанына келсең — бир киши. Эрдин атын эмгек чыгарат. Эрдин бир журту — өз эли, бир журту — кайыны, бир журту — тайы. Эрдин даңкын — эл билет, дыйкандын даңкын — жер билет. Эрдин даңкын алыстан (же сырттан) ук. Эрдин даңкын эл чыгарат. Эрдин даңкын эмгек чыгарат. Эрдин ичине ээр токумчан ат батат, катындын ичине кара башыл киши батат. Эрдин көзү өтсө — чамгарак отто, зайыптын көзү өтсө — куттун качканы. Эрдин куну, нардын пулу эмес. Эрдин күнү — эл менен, элдин күнү — жер менен. Эрдин күчү — эшектин оосурагы. Эрдин күчүн эл сынайт. Эрдин малы — элдин малы. Эрдин намысы өз колунда. Эрдин насиби элден. Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук. Эрдин өзүнө караба, сөзүнө кара. Эрдин сөзү эки эмес. Эрдин сөзү элде калсын, душман сөзүжерде калсын. Эрдин тебетейине карап зайыбын сына, атына карап затын сына. Эрдин эриши — элден, аркагы — жолдон. Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт. Эрегишсең энеңди ал. Эрегиштен эр өлөт, кара кулак шер өлөт. Эрегиштен эр өлөт. Эрендер чыккан элет бар. Эрендер элдин четинде, үзөнгүдөн жан берет. Эри өлгөндө катынга төркүнүжакын. Эри өлүп, эрге тийген — элдин адаты; эри туруп, эрге тийген — беттин карасы. Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот. Эри сүйбөс катынга эндик-упа не пайда. Эриккен — койчу, эси кеткен — жолоочу. Эрикпей кезген жолоочу эшек менен Мекеге барат, зерикпей иштеген бакыр ийне менен кудук казат. Эрим мени урса, мен балдарымды урам. Эринбесең эмгегиң өнөт. Эринен айрылган көмгөнчө ыйлайт, элинен айрылган өлгөнчө ыйлайт. Эринчеек эгинчиден эринбеген машакчы өтөт. Эринчеек эшке чыкса, ат жалдайт. Эринчээк түшкө чейин уктайт, кечке чейин эстейт. Эринчээк эгинчиден эринбеген машакчы озот. Эринчээк этегине аарчыйт. Эринчээк эшикке чыкса ат жалдайт. Эринчээкке бүгүндөн эртең оңой. Эринчээктин шылтоосу көи. Эриңе ишенгенче эки улагыңа ишен. Эрите билбесең алтын ирийт, ийлей билбесең тери чирийт. Эришине жараша — аркагы, эшегине жараша — тушагы. Эрк күчтүү болсо, тоо талаага айланат. Эрке бала — туз, ташбоор бала — муз. Эрке козу — эки энеге тең. Эркек (карып) эшек түшөбөйт, катын (карып) камыр түшөбөйт. Эркек атын зайып чаба албайт. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун. Эркек баланы туурап кыз колуна сиет. Эркек берешен болсо — заар, ургаачы берешен болсо — каар. Эркек бий азууга салат, катын бий амал менен алат. Эркек болбосо, үй жетимсирейт. Эркек козу туулганда курмандыкка жараткан, эркек бала туулганда намыс үчүн жараткан. Эркек көңүлчөгү — зар, катын көңүлчөгү — кор. Эркек опкогу үй толтурат, аял опкогу үй түгөтөт. Эркек өзүн менсинет, эркекти ким теңсинет. Эркек туумак, кыз туумак эсте болсун. Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок. Эркек үчүн өлүм таттуу. Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек. Эркектен ийменген катын элине сыйлуу. Эркектин жаманы — катындын экинчи кудайы. Эркектин көй сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең. Эркектин лөгү сөзгө көнөт, катындын лөгү сүзүп ийет. Эркелик балага жагат, зайып эркелеткен эркек сыз басып калат. Эркелээриң болбосо эмшийгениң не пайда. Эркелээриң болбосо, эмшийгениң кимге таң. Эркенин жашы кургабайт, жоргонун тери кургабайт. Эркенин жашы кургабайт. Эркең эселек болот, карыса да эресеге жете элек болот. Эркин жүргөн катын — мурунтугу бош кунаажын. Эркин келсе, эки кулагыңды чой. Эрлүү катын таяк жейт. Эрөөл милдетин так аткарган жоокер өлбөйт. Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт. Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси. Эрте оңбогон кеч оңбойт, кеч оңбогон эч оңбойт. Эрте сепсең бир күнү, эрте оросуң бир жума. Эрте соода — соода, кечки соода коога. Эрте турган — сергек, ырыскыга — теңдеш. Эрте турган адамдын насибеси (насип) артык. Эрте турган аялдын, бир жумушу артык. Эрте турган жигиттин бир ырысы артык, эрте турган катындын (кээде аялдын) бир иши (же жумушу) артык. Эрте турган жигиттин ырысы артык. Эрте турган эркектин (жигиттин), бир ырысы артык. Эрте тургандын этеги толот. Эрте чыксаң, алдыңдан күн чыгат, кеч чыксаң, алдыңдан түн чыгат. Эрте ысыган бат муздайт. Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак. Эртең макул, бүгүн жок. Эртең менен жолу болсо, кечке чейин таскагын жазбайт. Эртең менен жолуң болсо, кечке чейин текиреңинден жазба. Эртең мененки насиптен калба, кечки насипке барба. Эртең тамактана турган идишиңди бүгүн жуу. Эртеңки ашка күт, кечки ашка күтпө. Эртеңки базар кечкидей болбойт. Эртеңки иш эшекти да кайгырткан. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык. Эртеңки күндүн камын бүгүн көр. Эртеңкини бүгүн тарбияла. Эртеңкинин эрте — кечи жок. Эсебин эптеп билебиз, эшегин кантип минебиз. Эсебиң так болсо, эртеңкиң нак болот. Эсен (өлбөгөн) кулга мал бүтөт, мал бүткүчө эс кетет, эшикке келген дос кетет. Эсен уул ыйлабас. Эсеп — чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы. Эсеп — чоттун тагы жакшы. Эсеп билбес — чот билбес, жыйганынан айрылат. Эсеп билбес — эп билбес, жыйганынан айрылат. Эсеп, эсеп билбеген — эшек. Эсепке төө да чөгөт. Эсепсиз колхоз — эшиксиз үй. Эсептешкен дос болбойт. Эсептүү дос айрылбайт, эсепсиз дос кайрылбайт. Эсептүү дос айрылбас. Эсепчини жут алат. Эсери болбой, эл болбойт. Эси жок курсагы тойгондо эсирет. Эси жок элчи эки элди бузат. Эси кеткен сокурга тулку кактырат. Эсиң барда — этегиңди жап. Эсиң оосо, эчки бак. Эсирген серке аскадан секирсе, артындагы аксак койлор ташка жанчылар. Эсирген эркек жаза басат, эсинен жаңылган ургаачы эр кызганат. Эски — жаңыга аралжы, аз — көпкө аралжы. Эски (эки) сөздүн бири жалган, бири чын. Эски даракты түбүнөн кырк. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт. Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос. Эски жаңыга аралжы, аз кепке аралжы. Эски жоо атышаарга жакшы, эски дос алышаарга жакшы. Эски журттун кадыры өрүүдө билинет. Эски карыз — жаңы табылга. Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат. Эски мечитке — күкүк азанчы, эси кеткен адамга — эшек азанчы. Эски сөздүн бири жалган, бири чын. Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе. Эскини тиксең, эсиң кетет. Эскини эптеп кий, жаңыны сактап кий. Эскиси жоктун жаңысы жок. Эстүү — көпчүл, эселек — кекчил. Эстүү — көпчүл, эселек — тууганчыл. Эстүү адам эмгектен качпайт, эзели жаман жакка баспайт. Эстүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат. Эстүү киши — элим дейт, эл жактаган жеңилбейт. Эстүү киши кыйшайбай, эл — журтуна тең болот. Эстүүгө эки ооз сөз жетет. Эстүүлүктүн белгиси — эпчилдик. Эт — этке, сорпо — бетке. Эт бычактуунуку. Эт дегенде бет барбы. Эт жакшысы картадыр, бир чалымы тартадыр. Эт жасаган колун жалайт. Эт жасаган эбин табат. Эт жебеген куш болбойт, эки жакшы туш болбойт, эки жакшы туш болсо, чамгарагы ыш болбойт. Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый. Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру. Эт жокто — карын, эл жокто — барың. Эт кайнаса шорпо жок, Эки сөздүн (убаданын) бири жок. Эт көрбөгөн (ачка киши) — чоң сугунат, ун (кант) көрбөгөн — бор сугунат, туз көрбөгөн шор — сугунат. Эт көрбөгөнгө өпкө таңсык. Эт көрүнгөнчө жип көрүнсүн. Эт менен челдин ортосунда. Эт этиме тийген катыныма баркым жок. Эт, май — бир тууган, пияздан күйгөнү күйгөн. Эт, сүт менен эл баккан, тери, жүн менен пул тапкан, коргол, көң менен от жаккан, эмгектүү адам кой баккан. Этеги шалтак болсо да, бай катыны эмеспи. Этекке жетсе, жеңге жок, эңгиреткен дүйнө бок. Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт, жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт. Эти тургай табагым жок. Эти тургай табагыңды таап ал. Эти тургай, табагымды таппай жүрөм. Эти этиме тийген катыныма баркым жок. Этим, тургай табагымды таппайм. Этке жетпей туз тынбайт, эрге жетпей кыз тынбайт. Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман. Этти касапчы сомдойт, төөнүжүгү бар комдойт. Этти тарткан билбейт, туураган билет. Эч оокатың болбосо, эгин айдап, жерин чап. Эч оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап. Эч өнөрүң болбосо, көмүр өчүр, тал аарчы. Эчки болбосо теке болсун, сүтү болсо болду. Эчки жаан жааганда — койдун бакыры, күн тийгенде анын баатыры. Эчки өзү тууй албай жатып, койго аначы кириптир. Эчки өлөөрүндө сүзөнөөк. Эчки семирсе тоого чыгат, кызыл кулак семирсе соода чыгат, катын семирсе коога чыгат. Эчки сойсо бакырат, элдин баарын чакырат. Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп. Эчки тону этинде, эрдик сыны бетинде. Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур. Эчки эгиз тууп койдон ашпайт, дарыя ташып тоодон ашпайт. Эчки эгиз тууп, койдон ашпайт. Эчки эгиз, иттики сегиз, арстандыкы жалкы, жалкы болмок кимдин баркы. Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт, жолборс бирди тууйт, бир жолборс миң иттин жолун бууйт. Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл. Эчкини сааса булак, ичи толгон улак эле, териси эгинге кап, мүйүзү бычакка сап, тогуз карын майы, токсон чакмак куруту бар эле. Эчкиң болсо, сүт да болот. Эчкиче бакырып өлгүчө, койчо онтоп өл. Эчтемеден жаңылбаган олуяны табуу кыйын. Эшеги — бир теңге, токуму — миң теңге. Эшегине жараша акыры. Эшегине жараша тушагы, эришине жараша аркагы. Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому. Эшегинин тушагы жок, төөсүнө ком жасаар имиш. Эшек айкырса, булбул тынчып калыптыр. Эшек баксаң ардактап тулпар болбойт, эли башка бул арам тууган болбойт. Эшек барга саналса да, малга саналбайт. Эшек кашыганды, жаман сыйлаганды билбейт. Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт. Эшек мингендин эки буту тынбайт, эки катын алгандын кулагы тынбайт. Эшек сайда заңкылдайт, малым болсун баткакта. Эшек сайда заңкылдаса, баткак берер жазаңды. Эшек семирсе ээсин тебет. Эшек табылса, тезек табылбайт, тезек табылса, этек табылбайт. Эшек эшектен калса, кулагын кес. Эшекке ээр жарашпайт. Эшектен жыгылганды элирген атка мингизбе. Эшекти кандай ардактап баксаң да, буудан болуп бербейт. Эшекти отко айдаса, бокко качат. Эшектин жүгү жеңил болсо, жатак (же жаталак) болот. Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот. Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун. Эшектин күчү — адал, сүтү — арам. Эшектин күчү адал, сүтү арам (же эшектин сүтү арам, күчү адал). Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал. Эшик алдынан жел келгиче, үй артынан жоо келсин. Эшик ачык болсо да сурап кир. Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайнэнем каапыр жемелейт. Эшиктен келип төр меники дейт, жолдон келип тон меники дейт. Эшиктен кирип, төр меники дейт. Ээгиңдеги сакалың, эрксиз (элсиз) жүрсөң агарат. Ээк астында элди ойло. Ээн баштык менен тапкан малың өз башыңа жүк болор, эмгек менен тапкан малың өлгөнүңчө мүлк болор. Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк. Ээн жерде ойло, эл ичинде сүйлө. Ээн жердин көк бөрү. Ээн жердин сууру алты айгырга жүк. Ээн көлдү шайтан ээлейт. Ээр токумдуу ат ээсин түгөтөт. Ээси арамза болсо, аты котур болот. Ээси итин жумшайт, ит — куйругун жумшайт. Ээси келсе, бээсин бер. Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот. Ээси теңдикке көнсө да, ууру көнбөйт. Ээси укмуштуу болсо, ую жорго болот. Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат. Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт, (ээсин сыйласаң, итине сөөк сал). Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт. Ээсин сыйласаң (ган) итине сөөк сал (ат). Ээсине буюрбаган мал, башкага буюрбайт. Ээсине керек болсо, коңшу таарынбайт.