Кыргызстанда совет бийлигинин орношу жана чындалышы


1917-жылы кузго жакын Россияда большевиктер партиясынын ролу жогорулай баштайт. Алардын таасиринин оскондугу озгочо Советтердин ишинде байкалган. Олкодо аскердик бийликти орнотууга аракет кылган корниловчулардын талкаланышы большевиктердин авторитетин которуп, контрреволюциячыл кучторду начарлаткан. Ушундай кырдаалда В. И. Ленин июль окуяларынан кийин убактылуу алынып салынган «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураанды кайрадан койгон. 1917-жылы 24-октябрда (6-ноябрь) Петроградда куралдуу которулуш башталып, 25-октябрда (7-ноябрь) эртен менен Аскердик-революциячыл комитет Убактылуу окмоттун кулагандыгы жонундо жарыялаган. Советтердин Буткул россиялык 2-съезди В. И. Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи окмоту - Эл Комиссарлар Советин шайлаган.

Ушул мезгилден тарта большевиктер партиясы башкаруучу партияга айланган. Бул съездде тынчтык жана жер жонундогу маселелер каралып, эки маселе боюнча Совет мамлекетинин алгачкы декреттери (мыйзамдары) кабыл алынган. «Тынчтык жонундогу» декрет боюнча жалпы демократиялык тынчтык келишимин тузуу программасы иштелип чыккан. «Жер жонундогу» декрет боюнча жерге болгон помещиктердин менчиги жоюлуп, аны мамлекеттин байлыгы катары дыйкандарга пайдалануу учун бекер беруу чечилген. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ото кыйын жана озгочо шарттарда жургузулгон.

Ондургуч кучтордун начарлыгы, онор жай пролетариатынын аз санда болушу, большевиктер партиясынын таасиринин аздыгы, колониялык саясаттын натыйжасындагы кыргыздар менен орустардын ортосундагы кастык мамиле жаны бийликтин орношуна тескери таасирин тийгизген. Ташкенде 1917-жылы 1-ноябрда Совет бийлигинин орношу Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, Совет бийлигинин орнотулушун тездеткен. 1917-жылы жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын аймактык 3-съезди Туркстандагы мамлекеттик бийликтин Эл комиссарлар Советине откондугун таанып, жер-жерлердеги бийлик жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын колуна откондугу жонундо чечим кабыл алган. Кыргызстандын аймагында биринчи болуп Сулукту менен Кызыл кыяда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстандын туштугундо Совет бийлигинин орношун тездетууго Советтердин Фергана облустук 6-съезди (1917-ж. 6-7-декабрь) чон таасир тийгизген. Съездде большевиктер басымдуулук кылган жана алардын резолюциясы кабыл алынып, Фергана облусунда бийликти Советтердин колуна алуу маселеси чечилген. 1917-жылы декабрда Жалалабатта, 1918-жылы январда Ошто Совет бийлиги орногон, ошондой эле Фергана ороонундогу бардык айыл-кыштактарда да Советтер уюшулуп, бийликти оз колдоруна ала баштаган.

[ushka=seredina]

Кыргызстандын тундугундо Совет бийлиги адегенде Таласта 1917-жылы декабрдын башында орногон. Бул жерде Совет бийлигин орнотууга Ташкен-Олуяата темир жолунун жумушчулары жана Олуяата шаарындагы аскер гарнизону жардам корсотушкон. Пишпек шаары Кыргызстандын тундугундо Совет бийлигин орнотууда чон роль ойногон. 1917-жылы октябрь айында Пишпектеги большевиктер бирдиктуу уюмга бириге элек болчу. Алар дагы эле солчул эсерлер менен бирдикте иштеп жатышкан. Жумушчулардын, кол онорчулор менен солдаттардын, 1916-жылы которулуштон жабыр тарткан кыргыз кедейлердин нааразычылыктарынын осушунун натыйжасында ноябрь-декабрь айларында Пишпекте революциячыл кыймылдар куч алып, аларда большевиктердин таасири кучогон. Кузундо Пишпек уездинде болыневиктердин жашырын топтору: башында жумушчу А. И. Иваницын турган Чуй сугат тармагынын курулушундагы топ, механик И. С. Меркун башында турган Пишпектеги жумушчулар тобу, Г. И. Швец-Базарный жетектеген солдаттар тобу тузулгон. Ошол эле мезгилде Пишпекте Кыргызстандагы алгачкы болшевиктик улуттук топ тузулуп, аны X. Хасанов, К. Сарыкулаков, И. Худайбергенов жетектеген.

Уезддеги бардык болуштуктардын дыйкандарынын арасында зор таасири бар «Букара» союзу большевиктердин негизги таянычын тузгон. Пишпек уездинде Совет бийлигин орнотуу контрреволюциячыл кучтордун каршылыгына дуушар болуп курч муноздо откон. 1917-жылы 31-декабрындагы Пишпектин Дубовый паркында 1000ден ашык киши катышкан митинг уезддеги революциялык окуялардын журушундо бурулуш учур болгон. Митинг большевиктер башында турган бардык революциячыл кучторду чечкиндуу аракетке отуу учун баш коштуруп, Кызыл Гвардия кошуундарын тузуу жонундо чечим кабыл алган. 1918-жылы 1-январда Пишпек Советинин аскердик жетекчилиги большевиктер менен алмаштырылып, терагалыгына Г. И. Швец-Базарный шайланган. 1918-жылы 5-январында откон Пишпек уездинин Советтеринин съездинде бул аймакта Совет бийлиги орногондугун жарыяланган. Февралда Токмок шаарында бийлик Советтердин колуна отуп, 300 адамдан турган Кызыл Гвардия тузулгон.

Пишпек уездинде Совет бийлигинин орношу Жетисуу облусунун борбору Верный (азыркы Алматы) шаарында буржуазиянын бийлигин кулатууну бир кыйла женилдеткен. 3-мартта Верныйда Совет бийлигинин жениши облустун калган аймагында, анын ичинде Пржевальск уездинде Совет бийлигин орнотууда чечуучу мааниге ээ болгон. Пржевальск жана Нарын аймагында Совет бийлигин орнотуу курч кырдаалда откон. Бул аймактын калкы Совет бийлигин орнотууга жардам беруулорун сурап, Жетисуу облустук жана Пишпек уезддик Советтерге кайрылышкан. Нарын кыргыздарынын чакыруусу боюнча Токмоктон Ф. Дубовицкий командирлик кылган кызыл гвардиячылар келишип, мындагы контрреволюциячыл кучторду, Кокон автономиялуу окмотунун куралдуу кошуундарынын калдыктарын талкалаган. 1918-жылы 8-апрелде откон Нарын аймагынын Советтеринин съездинде Совет бийлиги орногондугун билдирген. Ысыккол ороонундо, озгочо Пржевальскиде, Туп, Теплоключенко сыяктуу айрым кыштактарда бай орус дыйкандары, казак орустар коп болгондуктан, алар Совет бийлигин орнотууга айыгышкан каршылык корсотушкон. Бул жерде контрреволюциячыл кучторду басуу 1918-жылы жайына чейин созулган.

1918-жылы июнь айынын аягында Верныйдан келген кызыл гвардиячылардын кошууну Пржевальскидеги Убактылуу окмоттун бийлигин жоюп, 26-июнда Советтердин уезддик съездин чакырууга комоктошкон. Съезд Советтердин эски курамын таратып, жаны курамды шайлаган. Советтердин жаны курамы Пржевальскидеги бийликти колуна алган. Ошентип, 1918-жылы орто ченинде Совет бийлиги Кыргызстандын бардык жерлеринде орнотулган. Граждандык согуш Борбордо жана жер-жерлерде Совет бийлигинин орношу бийликтен кулатылган таптардын куралдуу каршылыгын туудурган. Граждандык согуш 1918-жылы экинчи жарымынан башталып, 1920-жылы аягына чейин созулган.

Бул согуш Туркстан аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, эн эле катаал формада жургузулуп, айрым бир озгочолуктор менен откон. 1918-жылы жайында империалисттик мамлекеттердин аракеттеринин натыйжасында граждандык согуш куч алат. Ак гвардиячылар менен бириккен Англиянын, Франциянын, АКШнын жана Япониянын куралдуу кучтору Совет бийлигин кулатуу учун согуш аракеттерин ачык башташкан. Алардын негизги сокку уруучу кучун революцияга чейин эле чехтер менен словактардан тузулгон 40миндей аскери бар Чехословакия корпусу тузгон. Атаман Дутовдун 1918-жылы 3-июлда Оренбург шаарын басып алышы менен Туркстан Борбордук Россиядан болунуп калган. Туркстандагы контрреволюциячыл кучторду басуу учун 1918-жылы июлда Актобо, Закаспий, Жетисуу фронттору тузулгон. Согуштук аракеттерге жетекчилик кылуу учун Туркстанда коргонуу штабы, фронтторду башкаруу учун Туркстан Республикасынын Революциялык аскердик совети тузулгон. Кызыл Армиянын жаны болукторун тузууго озгочо конул бурулган. Кыргызстандын туштугундо граждандык согуш басмачыларга каршы багытталган.

Алгач басмачылардын аракети жергиликтуу калктын улуттук-боштондук курошу катары башталып, бара-бара реакциячыл кыймылга айланып кеткен. Басмачылыкты жергиликтуу феодалдар менен буржуазия жетектеген улутчул кыймыл деп бир беткей баалоого болбойт. Аларды империалисттик мамлекеттер, биринчи кезекте Англия колдоп, оз кызыкчылыктары учун пайдаланууга аракеттенишкен. Туштук Кыргызстана кенири жайылган кыймылды Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Кершермат, Аман палван жана башка колбашылар жетектеген. Алар бул кыймылга саясий тус бериш учун панисламизм жана пантуркизм идеяларын пайдаланышкан. Совет бийлигин коргоо Совет бийлигин коргоо ишине жергиликтуу калкты тартууга озгочо конул бурулуп, натыйжада жергиликтуу калктын окулдору Кызыл Армияга ыктыярдуу турдо ото баштаган. Кыргызстанда алгачкылардан болуп Ю. Абдрахманов, К. Баялинов, С. Каралаев, Ж. Саадаев, И. Токбаев ондуу кыргыз жигиттери Кызыл Армияга кызмат кылган.

Граждандык согуштун журушундо Я. Н. Логвиненко, А. Осмонбеков, Ж. Саадаев, С. Кучуков, М. Масанчин сыяктуу мыкты командирлер чыккан. 1918-жылы сентябрда Пишпекте 250 адамдан турган кошуун тузулуп, Жетисуу фронтуна жонотулгон. Бул кошуун кийин Кызыл Армиянын Пишпектеги советтик биринчи полку болуп кайра тузулуп, Я. Н. Логвиненко командирлик кылган. Ушундай эле кошуундар Токмокто, Пржевальскиде, Нарында, Ошто, Жалалабатта, Кызылкыяда жана башка жерлерде тузулгон. Кыргызстандын туштугундо басмачылар куч алып тынч жаткан кыштактарды талап-тоноп, бир нече орус кыштактарын орттоп жок кылышкан. Басмачыларга каршы курошуу учун Анжиян менен Ош уездинде Дыйкандар армиясы тузулгон.

Бирок - ага кирип алышкан ак гвардиянын офицери К. Монстров, мурдагы падыша генералы А. Муханов 1919-жылы жайында бул армияны Совет бийлигине каршы бурууга жетишишкен. 1919-жылы 7-декабрда солчул эсерлердин жетекчилиги менен Ак-суу (Беловодск) кыштагында козголон башталып, ал жердеги Совет бийлигин жоюп, анын окулдорун асып олтурушкон. 14-декабрда алар Пишпекке чабуул коюшуп, анын батыш болугун ээлеп алышат. Аларга Сокулук, Карабалта, Садовое, Александровка жана башка кыштактардан келгин дыйкандар кошулган. Аны басуу учун Тундук Кыргызстандын бардык райондорунан Кызыл аскерлер чогулган.

Тундук Жетисуу фронтунда атагы чыккан 1-Пишпек полку жардамга жиберилген. Алар 600 км жолду 9 суткада басып отуп, 22-декабрда Пишпекке келген. Кызыл аскерлердин бириккен кучтору 23-декабрда козголончуларга сокку урган. Кызыл Армиянын болуктору 2-декабрда Беловодск кыштагын ээлеп, 29-декабрда уезд контрреволюционерлерден тазаланган. Бул согушта каза болгон Кызыл аскерлердин соогу Пишпектеги паркка коюлган.

1919-жылы июль айында ак гвардиячылардын кошууну Пржевальск уездиндеги Туп кыштагын ээлеп алган. Аларды Николаевна, Покровка, Михайловна, Семеновка кыштактарындагы келгин бай дыйкандар колдогон. 20-июлда ак гвардиячылар Пржевальскиге чабуул койгон. Шаардын эли Токмоктон, Верныйдан кызыл аскерлер жардамга келгиче бир жума бою шаарды коргогон. 26-27-июлда кызыл аскерлердин биргелешкен кучтору козголончуларга чечуучу сокку урган. Козголондун уюштуруучулары Кытайга кире качкан.

Туркстанда Совет бийлигин чындоо учун 1919-жылы 14-августта Совет окмоту Туркстан фронтун уюштурган. Анын башкы командачылыгына М. В. Фрунзе дайындалып, Туркстан Республикасындагы бардык аскердик кучтор анын карамагына откон жана Ташкен менен Россиянын ортосундагы байланыш калыбына келтирилген. 1920-жылы февралда М. В. Фрунзенин буйругу менен Жетисуудагы кыргыз-казактардан Озгочо кыргыз атчандар бригадасы тузулгон. Буга чейин 1919-жылы декабрда Токмок уездинде М. Масанчи командалык кылган дунган атчандар полку уюштурулган. Наманган уездинде А. Осмонбеков кыргыздардан турган кошуун тузгон. 1920-жылы сентябрда Дыйкандар армиясынын командири К. Монстров Мадаминбек колбашы менен союз тузуп, алардын бириккен кучтору 8-сентябрда Ош шаарын ээлеген.

17-сентябрда болсо Анжиянды курчоого алышкан. Бул шаарларга жардамга келишкен кызыл аскерлердин кошуундары К. Монстров менен Мадаминбектин куралдуу кучторун сентябрдын аягында талкалаган. 1919-жылы октябрда Алайдагы Эркештам кыштагында колбашчылар курултайында Фергана автономиясынын убактылуу окмоту тузулуп, окмоттун башына Мадаминбек шайланып, хан деп жарыяланган. Бир нече куралдуу кармаштардан кийин К. Монстров 1920-жылы 17-январда колго тушкон, ал эми Мадаминбек 6-мартта багынып, Совет бийлигин тааныган. 1920-жылдын башында Антанта Совет бийлигине каршы дагы бир журуш уюштурган. Май айында Польша Врангель менен биргелешип, Украинага кол салган. Туркстанга жаны журуш даярдала баштаган. Коопсуздукту сактоо учун М. В. Фрунзе 1920-жылы 7-майда Кызыл Армияга жергиликтуу калктан 19-35 жаштагы 30 мин адамды мобилизациялоо жонундо буйрук чыгарган. Бул Борбордук Азия элинин тарыхындагы биринчи мобилизация болуп, иш жузуно ийгиликтуу ашырылган.

Ички жана тышкы контрреволюциячыл кучтор талкаланган сон анын калдыктары чет жактагы райондорго барышып, ал жактарда акыркы аракеттерин жасашкан. Ошондой козголондордун бири 1920-жылы ноябрда Атбашыда башталып, анын башында мурдагы офицер Д. Кирьянов, соодагер К. Бондарев турган. Алар жергиликтуу бай-манаптардын жардамына таянып, Нарын шаарында контрреволюциячыл тонкоруш жасаган жана андагы 23-полктун командалык курамын туткундаган. Шаардагы Совет бийлигинин жетекчилери олтурулуп, 47 адам камакка алынган. Падышачылык бийлик орнотулган. Козголончулар Жетисуудагы бийликти колго алыш учун Токмок жана Пишпекке аттанышкан. Кызыл Армиянын аскерлери аларды Кочкордон тоскон. 1920-жылы 16-ноябрда тонкоруулор талкаланып, башчысы Д. Кирьянов колго тушуп, калдыктары Кытайга качкан. Ноябрдын аягында Нарын уездинде Совет бийлиги калыбына келтирилген.

Ошентип, 1920-жылдын аягында Кыргызстанда граждандык согуш аяктаган.

2016-05-20 5631 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2018-04-29