Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баткен облусу

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Баткен облусу

Баткен облусу — Кыргызстандын административдик аймактарынын бири. Облустун административдик борбору — Баткен шаары.

Баткен облусу
Баткен облусу
Баткен облусунун желеги
2015-жыл, 24-декабрь
Баткен облусунун герби
2015-жыл, 24-декабрь
Кайсы өлкөдө жайгашканКыргызстан
БорборуБаткен шаары
Расмий тилКыргыз тили
Калыптанган датасы1999-жыл, 12-октябрь
Калкынын саны583 362 адам (2024)
Калк жыштыгы25,95 адам/км²
Аянты17 048 км²
Авто унаа кодуA, 03
Координаттар40°45′ түндүк кеңдик 70°45′ чыгыш узундук
ISO 3166-2KG-B

Облустун түндүк бөлүгү айыл-чарбалык Фергана өрөөнүнүн бөлүгү саналат. Жердин деңгээли түштүктөн тоону көздөй түштүк чек арага чейин көтөрүлөт: Чыгышынан Алай тоолору жана батышынан Түркстан кыркасы.

Аймактын калкы 2024-жылдын каттоосуна ылайык 583 362 адамды түзөт. Алардын ичинен 24,2% аймактын төрт шаарында жана беш шаар түрүндөгү айылдарда жашашкан, ал эми 75,8% — айыл аймагында. Аймактын жашоочуларынын көпчүлүгү (76,5%) кыргыздар, мындан тышкары башка улуттун өкүлдөрү дагы бар, мисалы, өзбектер (14,7%), тажиктер (6,9%), орустар (0,8%), татарлар (0,4%), түрктөр (0,2%).

Мазмуну

Тарыхы

Баткен облусу 1999-жылдын 12-октябрында (башка маалыматтар боюнча 13-октябрь) Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарынын административдик чек араларынан калыптанган (Ош облусунун эң батыш бөлүгүнөн).

Кайрадан калыптанган Баткен облусунун административдик борбору ошол кездеги Баткен айылы болуп (11,4 миң адам), ал 2000-жылдын 18-февралында шаарга айландырылган. 2001-жылдын февраль айында Баткен шаардык кеңеши калыптанып, анын курамына Булак-Башы, Кызыл-Жол жана Базар-Башы айылдары берилген. Натыйжада, Баткен шаардык кеңешинин жалпы калкынын саны 16,6 миң адамды түзгөн. 2008-жылдын 1-декабрында Баткен шаары райондуктан облусутук баш ийүүгө өткөн.

2000-жылдын 18-февралында Сүлүктү шаары Лейлек районунан чыгарылып, ага облустук баш ийүүдөгү шаар макамы берилген.

Географиялык абалы

Баткен облусу Кыргызстандын батыш бөлүгүндө орун алып, Памир-Алай тоолорунун капталдарын жана Фергана өрөөнүнүн бөлүгүн ээлейт.

Облустун аянты 17 048 км² келип, деңиз деңгээлинен 400 метрден 5500 метрге чейинки бийиктиктерде жайгашкан.

Түндүгүнөн Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери, түштүгүндө жана батышында Тажикстан менен, чыгышында жана жарым жартылай түштүгүндө Ош облусу менен чектешет.

Калкы

Калкынын саны 2024-жылга карата 583 362 адам. Баткен облусунун бийик тоолуу аймактары кыргыздардын салттуу жашоо түрүнө жакын — мал багуу, жер айдоо, көчмөндүк.

Чек аралык жайгашуу абалына ылайык ар кандай этно тилдүү улуттардын үлүшү жогору.

Тоолуу аймактарда калктын жыштыгы анча чоң эмес, өрөөндөрдө жана мамлекеттик чек арага чектеш аймактарда жогору. Облуска жогорку төрөмдүүлүк, төмөнкү өлүмдүүлүк, жогорку табигый өсүш мүнөздүү.

Улуттук курам

Облус калкынын этникалык курамы:
Берилген улуттун өкүлдөрүнүн саны
1989 1999 2009
Баткен облусу 311 761 100,00% 382 426 100,00% 428 636 100,00%
Кыргыздар 204 997 65,8% 284 110 74,3% 327 739 76,5%
Өзбектер 45 201 14,5% 55 104 14,4% 63 048 14,7%
Тажиктер 22 077 7,1% 26 516 6,9% 29 569 6,9%
Орустар 21 421 6,9% 8 312 2,2% 3 560 0,8%
Татарлар 9 279 3,0% 3 904 1,0% 1 910 0,4%
Түрктөр 1 088 0,3% 1 104 0,3% 888 0,2%
Хемшилдер - - 497 0,1% 363 0,1%
Уйгурлар 291 0,1% 305 0,1% 264 0,1%
башкалар 7407 2,4% 2574 0,7% 1295 0,3%

Административдик-аймактык бөлүнүшү

Баткен облусунун аянты 17048 чарчы км. Административдик борбору — Баткен шаары. Облустун аянты 3 административдик-аймактык райондорго бөлүнөт: Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондору.

Облуста 6 шаар бар, алардын ичинен Кызыл-Кыя, Баткен жана Сүлүктү шаарлары облустук баш ийүүдө, ал эми Раззаков, Айдаркен жана Кадамжай шаарлары райондук баш ийүүдө. 1 шаар түрүндөгү айыл (аталышы?) бар.

Айыл аймактар: Дарыя, Төрт-Көл, Кара-Бак, Кара-Булак, Кыштут, Самаркандек, Аксай, Ак-Татыр, Суу-Башы, Ак-Суу, Бешкент, Кең-Талаа, Жаңы-Жер, Лейлек, Катран, Кулунду, Сумбул, Тогуз-Булак, Ак-Турпак, Алга, Бирлик, Абсамат Масалиев, Котормо, Майдан, Айрыбаз, Орозбеков, Үч-Коргон, Исхак-Полотхан, Кыргыз-Кыштак, Советтик, Чаувай (2024).

Облустун орточо калк жыштыгы 1 чарчы кмге 25,95 адам туура келет.

Табият жана климаты

Облустун аймагы өзүнө Баткен, Исфара-Исфана, Шахимардан жана Исфайрам ойдуңдарын, ошондой эле, Фергана өрөөнүнүн бөлүгүн камтыйт, булар, анча бийик эмес Бели-Сынык, Андыген-Тоо, Курук-Сай, Катран-Тоо, Көк-Бел кыркалары менен чектелет.

Түштүгүнөн Түркстан жана Алай кыркалары менен чектелген. Рельефи кыйла бөлүнүп, абсолюттук бийиктиктер 401 метрден 5539 метрге чейин. Климаты өтмө, субтропикалыктан мелүүн кеңдиктердин климатына чейин.

Жылдын жылуу мезгилинде абанын температурасы жогору, жайдын аягы кургакчыл келип, кышкы-жазгы мезгилдеги жаан-чачындар континенталдык түрдөгү субтропикалык климаттын мүнөздөрү болуп саналат. Бирок, субтропиктерге салыштырмалуу муздагыраак кышы мелүүн алкакка мүнөздүү.

Тоолуу аймактары мелүүн алкак климатына ээ. Орточо жылдын жаан-чачындардын саны 140-500 мм түзөт. Жазгы жаан-чачындар басымдуулук кылат.

Кар каптамы туруксуз келип, орточо 1,5-2 ай жатат. Кардын орточо калыңдыгы 15—30 см. Орточо жылдык температура +9℃. Облустын деңиз деңгээлинен төмөнкү аймактарындагы орточо суткалык температурасы 0℃ төмөн болгон мезгилдин узактыгы 70—80 күндү түзөт, деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктик айланасында бул көрсөткүч 120—130 күнгө барабар.

Январдын орточо температурасы төмөнкү аймактарында -4℃ жана деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктик айланасында -12...-13℃. Орточо минималдуу температура: төмөнкү бөлүгүндө — -8...-9℃, 2000 метрдик бийиктик айланасында -12...-13℃. Абсолюттук минимум — -26...-28℃.

Орточо суткалык температурасы +10℃ болгон эң жылуу мезгилдин узактыгы деңиз деңгээлинен 1100—1200 м бийиктикте 175—180 күнгө барабар, 2000 метр бийиктик айланасында — 150—155 күн, 2400 метрдик бийиктикте — 135 күн, 3000 метрлик бийиктикте болсо — 45 күнгө чейин.

Июлдун орточо температурасы 21...22℃, ал эми деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктик айланасында 18...19℃. Орточо максималдуу температура 25...28℃, абсолюттук максимум төмөнкү аймактарда 36...37℃, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктик айланасында 32...33℃.

Гидрографиялык тармак Сырдарыя бассейнине таандык жана Алай, Түркстан кыркаларынын түндүк капталдарынын мөңгү-кардык азыктануусуна ээ. Негизги суулары: Ак-Суу, Кара-Суу, Козу-Баглан, Исфара, Сох, Шахимардан жана Исфайрам-Сай.

Дарыялардын агып келиши ирригациялык тармактар жана каналдарга бөлүштүрүлөт, ошондой эле, Төрт-Көл куйма суу сактагычы менен туураланат. Алай жана Түркстан кыркаларынын түндүк капталдарында Ак-Суу, Сох, Шахимардан жана Исфайрам-Сай сууларын азыктандыруучу тоолуу көлдөр бар.

Туризм

Баткен облусу — өзүнө гана тиешелүү болгон көрүнүштөрүнө ээ болгон аймак. Кыргызстандын эң алыскы аймактарына таандык болуп, бир караганда Кыргызстандын башка аймактарынан анча-мынча гана айырмаланышы мүмкүн, бирок, бул андай эмес.

Биринчи кезекте Баткен облусу треккинг сүйүүчүлөрү үчүн жакшы аймак. Кеңири жерди ээлеген Түркстан кыркасы өзүнө көптөгөн кызыктарды камтыйт. Эки күндүк жөө жүрүш аралыкта азиялык Патагония даңкын алган таң калтыраарлык Каравшин жана Лейлек капчыгайлары жатат, ошондой эле, ачык көк түстөгү Ай-Көл көлү жана Пирамидалык аталган учтуу чоку бар.

Баткен облусунун тоолорунда көптөгөн километрлерде адам кездешпеген жана көздүн жоосун алган азиялык кеңдиктерге күбө болууга болот. Ошондой эле, Баткенде дүйнөнүн бир дагы жеринде өспөгөн Айгүл гүлү өсөт.

Тарых жана маданият сүйүүчүлөрү үчүн да Баткен кызыктардын аймагы. Облуста Кан чеп өңдү Кокон хандыгынын чептеринин калдыктары сакталып калган. Албетте Баткен өзүнүн үңкүрлөрү менен белгилүү, алардын ичинен эң белгилүүсү Самаркандек районундагы Кан-и-Гут (Фарс тилинен «Өлүм кени» деп которулат) үңкүрү. Муну жергиликтүү жашоочулар «Барса келгис үңкүр» деп дагы атап коюшат, себеби үңкүр тоону көздөй терең кирип, дээрлик 6 километрге созулат. Мында ал миңдеген жылдар бою Фергана өрөөнүнүн күмүш булагы болуп келген.

Археология

Баткен районунун аймагында дүйнөгө белгилүү палеолит эстеликтери жайгашкан, алар Сел-Үңкүр жана Обишир-5 үңкүрлөрү.

1980-жылдары Сел-Үңкүр үңкүрүндө адамдын баш сөөгү табылган, кийинчерээк байыркы адамдын баш сөөгүнүн, ийин сөөгүнүн бөлүктөрү жана тиштери табылган, болжолдуу түрдө булар түз басуучу адамдын архаикалык формасына (архантропко) таандык деп интерпретацияланган. Ошол кездеги комплекстин 1 млн жыл мурун деген даталоочу талаштуу келип, ошол кездеги акыркы маалыматтар менен тастыкталган эмес. Орус изилдөөчүлөрү тарабынан адамдын тиштери жана ийин сөөгү 126 миң жыл мурун деген дата менен даталанып, түз басуучу адамдын өтмө формаларынын бирине таандык делген. Табылгалар Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турат.

Эшме жана Сур айылдарынын ортосундагы, Айдаркен шаарынан 4 км алыстыкта жайгашкан Обишир-5 эстелигинде археологдор жашы 8—10 миң жыл мурунку бир нече миң эмгек куралдарын жана жасалгалоолордун табышкан. Обиширдеги сыкма эмес сокмо ыкмасы менен жасалган куралдардын эң байыркысы 23 миң жыл мурун айланасындагы жашка ээ. Обишир-5 үңкүрүндөгү Ovis aries үлгүлөрүнүн ДНК изилдөөлөрү алардын биздин заманга чейинки 6-миң жылдыкта бул экземплярлар үй жаныбарлары болгонун көрсөткөн, булардын генетикалык көрсөтмөлөрү колго үйрөтүлгөн койлордун айланасында болгон. Тиштердин цементинин анализи малдын күзгү союп алууга туура келүү мүмкүндүгүн жоромолдогон. Обиширде жашаган адамдар кой, эчки жана ири мүйүздүү малды жок дегенде эле 4300 жыл мурун бага баштаган деп айтылат.

Жайгаштыруу: 2024-11-23, Көрүүлөр: 61, Өзгөртүлгөн: 2024-11-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо