Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чүй облусу

Баш барак | Гео | Чүй облусу

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан административдик аймак. 1939-жылдын 21-ноябрында Фрунзе облусу болуп калыптанып, 1959-жылы жоюлган. 1990-жылы республикалык баш ийүүдөгү райондордон Чүй облусу болуп калыптанган.

Чүй облусу
Чүй облусу
Чүй облусунун желегиЧүй облусунун герби
ЖайгашуусуКыргызстан
Административдик борборуБишкек
ШаарларБишкек, Токмок, Кант, Кара-Балта
Аянты20 200 км² (2024)
Калк1 086 842 адам (2024)
Калк жыштыгы40,5 адам/км²
ISO 3166-2 кодуKG-C
Саат алкагыUTC+6:00
Автомобиль номерлеринин кодуC, S, 08

Түндүгүндө жана чыгышында Казакстан мамлекети, түштүк-батышында — Талас облусу, Жалал-Абад, түштүгүндө — Нарын облусу, түштүк-чыгышында Ысык-көл облусу менен чектешет.

Географиясы

Чүй облусунун аянты 20 200 км². Өзүнө Чүй, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Суусамыр өрөөндөрүнүн, Кыргыз Ала-Тоосу, Иле Ала-Тоо жана Күнгөй Ала-Тоо аймактарын камтыйт.

Рельеф

Чүй облусу өзүнө Чүй бөксө тоолорун, ошондой эле, Суусамыр жана Чоң-Кемин тоо аралык ойдуңдарын камтыйт. Рельефи бөлүктүү, абсолюттук бийиктик деңиз деңгээлинен 550метрден 4856 метрге чейин. Чүй өрөөнү батышында жана орто бөлүгүндө дээрлик тегиз түздүктү элестетет, сезилээрлик дөңсөөлөр Кыргыз Ала-Тоосунун этектеринде белгиленет, чыгышында Кыргыз кыркасынын жана Иле Ала-Тоонун тоо тармактары менен кошулат. Облустун аймагына негизинен деңиз деңгээлинен 550 метрден 1300 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан Чу дарыясынын түздүктүү келген сол жээги таандык (болжолдуу 7 миң км2). Чүй алдындагы түздүк анча чоң эмес жантаюууларга ээ, көбүнчө түндүк-батышты карай. Мунун бети жер-жерлерде шиленди, чуңкур жана суулардын ойдуңдарынан улам азыраак толкундуу. Түздүктүн түштүк чети боюнча кыйыктануу жана жер астындагы суулардын анча терең эмес жайгашуулары байкалат. Мындан жогорку (1300 метрден) жазылыгы 5-15 км болгон тоо этек шлейфи кетет, бети түндүктү карай жантайып, анча чоң эмес кыркалардан турат.

Түштүгүрөөк, бийигирээк келген экинчи кырка жайгашкан, биринчисинен Орто-Алыш ойдуңу менен бөлүнүп турат (узундугу 30 км чейин, жазылыгы 3-6 км). Мындан түштүгүрөөк капчыгайлар менен бөлүнгөн орто тоо алкагы байкалат. 3500 м бийиктиктен түбөлүк карлар, мөңгүлөр жана аскалар алкагы башталат. Чу дарыясынын оң жак жээгинин анча чоң эмес түздүктүү аймагы, тагыраак айтканда Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгү (Кичи-Кемин өрөөнү), Иле Ала-Тоо кыркасында тоо этек шлейфи менен Кичи-Кемин суусунун алып чыккандарынын жана Чу дарыясынын суу киришинин айкалышынан турат.

Физика-географиялык шарттар менен мүнөздөлгөн өзгөчөлүктөргө Суусамыр бийик тоолуу өрөөнү ээ: узундугу 155 км, бийиктиги 2000 метрден жогору, аянты 4,3 миң км2, Суусамыр, Жумгал, Кыргыз жана Талас Ала-Тоо кыркалары менен курчалган. Облустун курамына кирген экинчи бийик тоолуу өрөөн — Чоң-Кемин (Көк-Ойрок а.), Иле жана Күнгөй Ала-Тоонун бийик кыркаларынн ортосунда орун алган. Өрөөндөрдүн түбү чыгышты карай 1340 метрден 3100 метрге чейин жогорулайт. Өрөөндү түзгөн топурактар неоген-төртүнчүлүк жаштагы кесектүү жана кум-чопо аллювиал-пролювиалдык катмарлар менен берилген.

Орто жана бийик тоо аймактары палеозой жашындагы, ар кандай курамдагы аска жана жарым аска тектери менен калыптанган, кубаттуулугу бир нече ондогон метрден бир километрге чейин. Климаты, рельефи, топурак тектин генезиси жана анын курамы геодинамикалык процесстердин өнүгүүсүн аныктайт (чөгүү, көчүү, уроо, күбүлүү, сел агымдары).

Гидрография

Чүй облусунун гидрографиялык тармагы Чу жана Нарын дарыяларынын бассейндерине таандык. Чу дарыясынын Кыргызстан чегиндеги узундугу 221 км. Чоң-Кемин дарыясынын (узундгу 110 км) оң куймасы менен кошулуу жеринен төмөнүрөөк орточо көп жылдык Чу дарыясынын чыгымы секундасына 53 м3. Кыргыз кыркасынын түндүк капталынан Чүй өрөөнүнө көптөгөн дарыя-суулар агат, булардын эң ирилери: Кегети, Ысык-Ата, Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук, Ак-Суу, Кара-Балта. Бул суулар дээрлик толугу менен сугат иштерине колдонулуп, Чу дарыясына анча мынчасы гана жетет. Нарын дарыясынын бассейнине Суусумыр өрөөнүнүн дарыялары (Суусамыр жана Батыш Каракол) таандык. Дарыялар мөңгү, кар, булактар жана жаан-чачындар менен толукталат. Анча чоң эмес мореналык жана уранды түрүндөгү көлдөр Кыргыз кыркасынын капчыгайларында жайгашкан. Чүй өрөөнүндө ирригациялык тармактар кеңири жайылып, көптөгөн каналдардан, жасалма көлмөлөрдөн турат. Ысык-Ата жана Ак-Суу дарыяларынын капчыгайларында жер астындагы суулардын минералдык булактары белгилүү.

Көлдөр

Чүй облусунда жана андагы тоолорунда көлдөр салыштырмалуу аз жана майда. Кыргыз кыркасында бир нече ондогон тоо көлдөрү бар. Көбүнчө булар туурасынан 0,1—0,2 км түзгөн өтө майда көлдөр. Көлдөрдүн негизги массасы 3000—3500 метр бийиктиктерде жайгашкан. Булар мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген, ошондой эле жаан-чачынардын суулары менен азыктанат. Ысык-Ата суусунун бассейнинде аянты 0,09 км2 болгон үч көл бар. Эң ириси — 2723 метр бийиктикте орун алган Көк-Мойнок көлү, Кара-Көл көлү 2873 м бийиктикте, Ак-Көл — 3114 м. Аламүдүн дарыясынын бассейнинде аянты 0,3 км2 болгон бир нече көл бар. Эң чоңу урандылардан пайда болгон — Кегети Көлтөрү (Ош облусундагы Көлтөр менен алмаштырбайлы), деңиз деңгээлинен 2733,6 метр бийиктикте. Узундугу 0,7 км, жазылыгы 0,5 км чейин, аянты 0,2 км2. Көлдүн тосмосу ири морено-уранды калыптануусунан турат. Көл суулары тосмонун денеси аркылуу чыпкаланып, анын этегинен кубаттуу булак катары чыгат. Булак сууларынын чыгуу жеринде тосмонун денесине кошулуу тенденсиясына ээ болгон терең чуңкур калыптанган. Мындан тышкары, суу көп болгон мезгилдерде көлдүн үстүнөн суунун агып түшүүсү жөнүндө маалыматтар бар, мисалы, мындай нерсе 1979-жылы байкалган. Бул эки кырдаал Көлтөр көлүнүн жырылып чыгуу мүмкүндүгүн абдан жогорулатат.

Чүй өрөөнүнүн түздүктүү бөлүгүндө, өзгөчө Чоң Чүй Каналынан (ЧЧК) түндүктү карай бир катар майда жасалма көлмөлөр бар. Булар балык багууда белгилүү бир мааниге ээ. Эң маанилүүлөрү төмөнкү жана жогорку Ала-Арча суу сактагычтары, көлдөр — Спартак, Сокулук, Комсомол ж. б. Бул көлдөрдүн жана суу сактагычтардын көпчүлүгү, өзгөчө Бишкек шаарынын айланасындагы шаардыктардын эс алуучу жери катары да кызмат кылат.

Климаты

Чүй өрөөнү, буга ылайык Чүй облусу дагы, климаттык аймакташуусу менен Түндүк жана Түндүк-Батыш Кыргызстанга таандык. Чүй облусунун жаан-чачындардын бөлүштүрүлүшүнө деңиз деңгээлинин болгон бийиктиги чечүүчү таасирди берет. Жаан-чачындын саны орточо түндүгүндө 370 мм, Чүй өрөөнүнөн чыгышты карай 425 мм, жана түштүктү карай 450-500 мм.

Тоо этек жана тоолуу аймактарда жылдык жаан-чачындардын суммасы 500дөн 2000 ммге чейин өзгөрөт. Батыш тоо капталдарында нымдуулукту алып келген аба агымдарынан улам ошол эле бийиктиктеги чыгыш капталдарына караганда жаан-чачындар көбүрөөк түшөт. 2000-2300 метр бийиктикке чейинки төмөнкү аймактарда жана тоо этектеринде жаан-чачындардын максимуму апрель жана май айларына туура келет, кырларында май-июнь айларына жылып кетет, минимум августа айына туура келет.

Жылуу мезгилде түшүүчү жаан-чачындар төмөнкү аймактарда 53-60% чейин көбөйөт, тоо этектеринде 70% чейин. Кардын турушу төмөнкү аймакта 80 күндөн ашпайт, тоо этектеринде 90-120 күн, бийик тоолуу аймакта — 160-180. Кардын орточо калыңдыгы төмөнкү аймакта жана тоо этектеринде 15-20см, ошону менен бирге кар каптамы туруксуз. Бийиктеген сайын кардын калыңдыгы 20-30 см чейин жогорулайт, ал эми деңиз деңгээлинен 3000 метр бийик айланасында кардын калыңдыгы 80-90 см.

Төмөнкү аймактагы абанын орточо жылдык температурасы 9-10 °C, тоо этектеринде 5-7 °C жылуу, бийик тоолуу аймакта 0-2 °C суук. Абанын орточо суткалык температурасы 0 °C төмөн болгон муздак мезгил 85-100 күндөй созулат, тоо этектеринде 115-120 күн. Төмөнкү аймактагы январдын орточо температурасы -5 -7 °C суук, түндүк боюнча -10 °C, тоо этектеринде -4 -6 °C. Орточо минималдуу температура 9-11 °C, Чүй өрөөнүнүн түндүгү боюнча жана Кыргыз кыркасынын капталдарында (болжолдуу 3000 метр бийиктикте) 15-16 °C суук. Абсолюттук минимум 36-39 °C, Чүй өрөөнүнүн түндүгү боюнча 44-46 °C, ошондой эле тоо этектеринде 30-34 °C суук. Абанын орточо суткалык температурасы 10 °C жогору болгон жылдын жылуу мезгили деңиз деңгээлинен 600-800 метр бийиктигинде 185-190 күн созулат, үшүксүз күндөр 174-186. Июль айынын орточо температурасы төмөнкү аймакта — 23-25 °C, тоо этектеринде 18-25 °C жана болжолдду 3000 метрлик бийикте 8-9 °C жылуу. Орточо максималдуу температура 30-32 °C, абсолюттук максимум 40-44 °C.

Суусамыр ойдуңу

Суусамыр ойдуңу деңиз деңгээлинен 2060 метр бийиктикте орун алган. Климаттык өзгөчөлүктөрүнө муздак жана узак (180—190 күн) келген жетишээрлик карлуу кыш таандык. Жылдык жаан-чачындар 357 мм, булардын 72% жылдын жылуу мезгилинде түшөт. Жаан-чачындардын көбү май, июнь айларында белгиленет, азы январь, февраль айларында. Кар каптамы 150—160 күндөй сакталат. Кар калыңдыгы 50-55 см чейин болуусу сейрек эмес. Абанын орточо жылдык температурасы 2-3 °C түзөт. Муздак мезгилдердеги орточо суткалык температуранын 0 °C төмөн болуусу 210-215 күндөй созулат. Январь айынын орточо температурасы -21—22 °C, орточо минималдуу температура -30—31 °C, сууктун абсолюттук минимуму -49 °C. Абанын 10 °C орточо суткалык жылуу мезгили болжолдуу 90 күнгө созулат. Июль айынын орточо температурасы 13 °C, орточо максималдуу температура 23 °C, абсолюттук максимум +33 °C.

Облус шаарлары

Чүй облусунун административдик борбору катары, бүткүл Кыргызстандын борбору саналган — Бишкек шаары. Бишкек республикалык баш ийүүдөгү шаар болгондуктан Чүй облусунун курамына кирбейт. Буга байланыштуу статистикалык маалыматтар (калк, улуттар ж. б.) өзүнө Бишкек шаарын камтыбайт.

Ири шаарлары — Токмок (2003-жылдан 2007-жылга чейин облустун мурдагы борбору), Кант жана Кара-Балта.

Административдик-аймактык бөлүштүрүү

Чүй облусунун курамына кийинкидей райондор кирет:

Чүй облусунун райондору

Айыл акмартарынын саны — 105, алар: Ак-Дөбө, Ала-Арча, Аламүдүн, Арашан, Васильев, Грозденский, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединов, Ленин, Маев, Төмөнкү Ала-Арча, Октябрь, Байтик, Пригородный (Шаар чети), Таш-Дөбө, Таш-Мойнок, Жайыл, Кара-Суу, Кызылчыгыш, Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Полтавский, Суусамыр, Сары-Коо, Сары-Булак, Сосновский, Степнинский, Талды-Булак, Алмалуу, Боролдой, Жаңы-Алыш, Ильичев, Кара-Булак, Көк-Ойрок, А. Дуйшеев, Кызыл Октябрь, Чым-Коргон, Чон-Кемин, Ак-Туз, Ак-Суу, Александров, Беш-Терек, Беловодский, Петровский, Биринчи май (2), Предтечь, Садовое, Сретенский, Телек, Целинный, Чапаев, Вознесенов, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Фрунзе (2), Чалдыбар, Ат-Башы, Төш-Булак, Военно-Антонов, Гаврилов, Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Камышановка, Асылбаш, Кунтуу, Крупский, Кызыл-Туу, Төмөнкү Чүй, Новопавлов, Саз, Орок, Сокулук, Кайназарова, Ак-Бешим, Бурана, Искра, Ибраимов, Кегети, Кош-Коргон, Он бир жылга, Сайлык, Чүй, Шамшы, Ак-Кудук, Бирдик, Иванов, Нурманбет, Жээк, Кен-Булуң, Интернационал, Ысык-Ата, Краснореченский, Логвиненко, Кочкорбаев, Люксембург, Милянфан, Сын-Таш, Новопокровский, Юрьевский, Туз, Узун-Кыр.

Тарыхынан

1939-жылы Фрунзе облусу калыптанганда өзүнө 11 районду камтыган: Будённов, Ворошилов, Каганович, Калинин, Кант, Кемин, Киров, Ленинпольша, Сталин, Талас жана Чүй.

1942-жылы Иванов жана Панфилов райондору калыптандырылган, 1944-жылы — Быстров, Кызыл-Аскер, Петров жана Покров. Ошол эле 1944-жылы Будённов, Киров, Ленинпольша, Покров жана Талас райондору, жаңы калыптанган Талас облусуна берилген.

1956-жылы Талас облусу жоюлуп, жогоруда айтылган 5 район Фрунзе облусуна кайрадан кайткан. 1957-жылы Каганов району Сокулук району болуп аталып, бир жылдан кийин Ворошилов районун Аламүдүн деп аташкан.

1958-жылы Будённов, Быстров, Петров жана Покров райондору жоюлган, ал эми 1959-жылдын 27-январында Фрунзе облусу да жоюлган. Облустун бардык райондору республикалык баш ийүүгө өткөн.

1990-жылы Чүй облусу түзүлгөндө ал 9 районго бөлүнгөн: Аламүдүн, Ысык-Ата, Калинин, Кант, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук жана Чүй. 1993-жылы Калинин району Жайыл району болуп аталган.

1994-жылы Чүй облусунун курамына Нарындан Суусамыр району берилген, бир жылдан кийин ал Жайыл району менен бириктирилген. 1998-жылы Кант району Ысык-Ата районуна бириктирилген.

Калк

Чүй облусу Кыргызстандын өнөр-жай жана айыл чарба жагынан өнүккөн аймагы катары саналат.2024-жылга карата калкынын саны 1 086 842 адам.

Тоолуу аймактардан кыргыздар көбүрөөк өлкөнүн бул аймагына келүүсү XX кылымдын экинчи жарымында башталган. Ошого карабастан 1990-жылдардан кийин облустан орустардын, украиндердин, немистердин жана башка улуттардын кетүүсүнө карабастан кыргыздар дагы деле 8 райондун 6да калктын жарымынан азын түзгөн.

Типтүү түрдө кыргыз айылдары көбүнчө тоого жакын аймактарда орун алган. Бирок, массалык ички миграциянын натыйжасында (өзгөчө түштүк аймактардан) жана табигый өсүүдөн улам кыргыздар көбөйүп, облустун жана Бишкек шаарынын калкынын жарымынан көбүн түзүп калган.

Бирок, облустун транс чек аралык абалынан улам түрдүү этно тилдик аз улуттардын саны жогору. Улуу Ата-Мекендик согушка чейин жана андан кийин Кыргызстанга жөнөтүлгөн элдердин көпчүлүгү ата-мекенине кайткан болсо да, алардын кээ бирлери (корейлер, даргиндер, лезгиндер, карачайлар ж. б.) республиканын аймагында калып, алардын саны дагы өсүүдө.

Мындан тышкары облуста Кытайдан келген улуттардын саны дагы кыйла, алар: уйгурлар, дунгандар, акыркы учурда (2024) кытайлар, индиялыктар, пакистандыктар ж. б.

Тоолуу аймактарда калк жыштыгы анча чоң эмес. Өрөөндөрдө жана Чу дарыясын бойлой өткөн мамлекеттик чек аранын жанында калк жыштыгы жогору.

Башка облустар менен салыштырмалуу Чүй облусунда төрөт саны, өлүмдүүлүк, табигый өсүү орточо, акыркы он жылдыкта (2024) Кыргызстандан тышка кетүүлөр кыйла деңгээде (анын ичинде кыргыздар дагы), кыргыздардын ички миграциясы жогорку деңгээлде.

Улуттук курам

Чүй облусунун улуттук курамы өтө ар түрдүү мүнөзгө ээ болуп кийинкидей улуттарды камтыйт: кыргыздар, орустар, украиндер, дунгандар, корейлер, уйгурлар, кытайлар, индиялыктар ж. б.

1926-жыл

Фрунзе жана Чүй кантондору

  • Кыргыздар 42% — 89 миң.
  • Орустар 32% — 69 миң.
  • Украиндер 17% — 37 миң.
  • Башкалар 9% — 20 миң.

Бардыгы 214 миң.

1939-жыл

Фрунзе облусу, Фрунзе шаары менен кошо

  • Кыргыздар 29 % — 142 миң.
  • Орустар 38 % — 185 миң.
  • Украиндер 20 % — 98 миң.
  • Башкалар 12 % — 57 миң.

Бардыгы 482 миң.

Соңку жылдар

Облустун этникалык курамы (республикалык баш ийүүдөгү Бишкекти эске албаганда):

Саны 1989-жыл% Саны 1999-жыл%Саны 2010-жыл%
бардыгы796 692100,00 %770 811100,00 %803 230100,00 %
Кыргыздар233 69929,33 %337 23643,75 %474 80559,11 %
Орустар331 04941,55 %245 86331,90 %167 13520,81 %
Дуңгандар30 0993,78 %43 9585,70 %49 8026,20 %
Уйгурлар10 4021,31 %14 7061,91 %15 2761,90 %
Өзбектер12 0961,52 %13 6621,77 %14 7551,84 %
Казактар15 3841,93 %17 5102,27 %12 8001,59 %
Түрктөр6 4710,81 %13 2861,72 %11 1241,38 %
Украиндер43 5985,47 %25 7133,34 %10 8501,35 %
Азербайжандар5 8820,74 %7 3990,96 %10 1961,27 %
Татарлар8 8031,10 %8 4941,10 %6 4820,81 %
Немистер71 8809,02 %14 0951,83 %5 9190,74 %
Курддар6380,08 %3 7410,49 %4 5440,57 %
Корейлер5 7920,73 %5 6840,74 %4 3880,55 %
Тажиктер4120,05 %2 5690,33 %2 6000,32 %
Лезгиндер2 0900,26 %2 2830,30 %2 2460,28 %
Даргиндер1 7190,22 %1 9930,26 %1 8120,23 %
Карачайлар1 9910,25 %1 7600,23 %1 3790,17 %
Чечендер1 8200,23 %1 7840,23 %1 3160,16 %
Балгарлар8560,11 %8060,10 %6920,09 %
Белорустар2 4680,31 %1 3600,18 %5740,07 %
Цыгандар5990,08 %6630,09 %4090,05 %
Аварлар6240,08 %4510,06 %3530,04 %
Башкырлар4840,06 %4210,05 %2700,03 %
Молдавандар7530,09 %4810,06 %2670,03 %
Армяндар3150,04 %3140,04 %2400,03 %
Кытайлар2580,03 %2820,04 %2380,03 %
Мордвалар1 2740,16 %6520,08 %2170,03 %
Балхаштар2460,03 %2100,03 %2090,03 %
Польшалыктар6180,08 %4350,06 %1890,02 %
Агулдар1220,02 %2430,03 %1590,02 %
Чуваштар7760,10 %3970,05 %1410,02 %
Түркмөндөр880,01 %910,01 %1230,02 %
Гректер1770,02 %1350,02 %1210,02 %
Калмактар1240,02 %1390,02 %1090,01 %
башкалар3 0850,39 %1 9950,25 %1 4900,19 %

Кыргыз тили — мамлекеттик жана эне тил. Орус тили — официалдуу тил.

Туризм

Чүй облусу тарыхка, маданиятка жана табигый кооздуктарга бай болгон Кыргызстандын аймагы.

Эң эле белгилүү тарыхый эстелик — Бурана. XI кылымда курулган бул байыркы мунара, аймактын бай тарыхынын күбөсү.

Бишкек шаарынан 41 км алыстыкта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк бетинде, деңиз деңгээлинен 1600—4860 метр бийиктикте жайгашкан Ала-Арча улуттук паркы кооздугу жана көркөмдүгү менен өзүнө көптөгөн туристтерде жана жергиликтүү элди тартат. Мында көбүнчө жөө, велосипед жана ат менен эс алышат.

Түндүк Тянь-Шандын чыгыш бурчун ээлеген Чоң-Кемин өрөөнү Чу дарыясынан Кемин — Челек тоо түйүнүнө чейин 120 км аралыкта жайгашкан туристтик ажайып жерлерге кирет. Мында көз жоосун алган жашыл талаалар, дөңсөөлөр, ийри-буйру болгон Чоң-Кемин суусу камтылган.

Бишкек шаарынан 70 км жана Токмок шаарынан 20 км аралыкта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк бетинде Кегети капчыгайы орун алган. Капчыгай өзүнүн шаркыратмалары, токой аралаш жашыл тоо беттери, салттуу боз үй лагерлери менен белгилүү.

Башка капчыгайлар; Аламүдүн, Чуңкурчак, Шамси, Ысык-Ата, Ак-тоо.

Чүй облусунун Токмок шаарында IX кылымдагы Баласагын шаарынын тарыхый калдыктары дагы өзүнө туристтерди тартып келет. Бул шаар Улуу Жибек жолунун маанилүү борбору болгон. Ушул эле жерде «Баласагын» тарыхый-археологиялык музей комплекси бар.

Жайгаштыруу: 2024-04-30, Көрүүлөр: 1120, Өзгөртүлгөн: 2024-05-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо