Элге билим беруу Совет бийлигинин орношу менен Кыргызстандагы бардык маданият мекемелери мамлекеттин карамагына откоргон. Бишкектеги типография, «Эдисон» кинотеатры, шаарлардагы бардык китепканалар мамлекеттештирилген. Жаны китепканалар, кызыл боз уйлор, оз алдынча драмалык ийримдер уюштурулган. 1918-жылы 9-мартта Кыргызстандагы эн биринчи гезит «Пишпек баракчасы», 1918-жылдын аягында Пржевальск уездинде «Пролетариаттын уну» аттуу уезддик гезит чыга баштаган. Кыргыз элинин жаны коомдук ан-сезиминин калыптанышында акындар Токтогул Сатылгановдун, Тоголок Молдонун, Барпы Алыкуловдун, Калык Акиевдин, Исак Шайбековдун жана башка ырлары да чон роль ойногон. Сабатсыздыкты жоюу иши 20-жылдарда эле башталып, сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын комиссия тузулгон. 1924-1925-окуу жылында Кыргызстанда биринчи баскычтагы 465 мектеп, бир нече экинчи баскычтагы мектеп жана интернаттарда 32 минден ашуун бала билим алган.
Бирок алардын арасында кыздар ото эле аз санда болгон. Эне тилиндеги жазуунун жоктугуна байланыштуу кыргыз балдары казак, татар, озбек тилдеринде окуган. Кыргыз тилинде окуу китептерин жазып чыгарууда И. Арабаев, К. Тыныстанов озгочо эмгек синиришкен. 1924-жылы И. Арабаевдин «Кыргыз алиппеси» деген эмгеги Ташкенден чыккан. Бул кыргыз тилиндеги биринчи окуу китеби эле. Ошол эле жылы дагы 12 китеп 28 мин нускада чыгарылган, анын ичинде К. Тыныстановдун кыргыз тилине арналган окуу китептери бар эле. Кыргыз улуттук мектептерин уюштурууда жана алардын иштерин жакшыртууга агартуучулар И. Арабаев, М. Байгазаков, Ш. Сатылганов, А. Исаева, Э. Сутичеров, 3. Кыдырбаев, А. Койгелдиев, орус педагогдору Н. Ивановский, А. Лобанов, И. Локтионов, А. Сапожников жана башка чон салым кошушкан. 1925-жылдын биринчи жарымында эле 156 сабатсыздыкты жоюу мектептери ачылып, алардын 134-айыл-кыштактарда иштеген. Бул мектептерден 8 мин адам сабатсыздыгын жойгон.
[ushka=seredina]1925-1926-окуу жылында мындай мектептердин саны 246га жеткен. Мындан тышкары сабатсыздыкты жекече жоюу ыкмасы да кенири пайдаланылган. 1926-жылы СССРдин калкынын сабаттуулугу 51,1 пайызга жеткен. Ал эми бул корсоткуч Кыргызстанда 15,1 пайызды тузгон. 1927-1928-окуу жылында 548 мектепте 42,5 мин окуучу окуган. 1925-жылы Ошто бир жылдык педагогикалык техникум, Бишкек менен Караколдогу тогуз жылдык мектептердин базасында айыл чарба техникумдары уюшулган. Ушул эле жылы Бишкекте агартуу институту ачылган.
1925-1926-окуу жылында Бишкекте, Караколдо, Жалалабатта аялдардын кесиптик-техникалык жана советтик-партиялык мектептер ачылат. 1929-жылы Кыргызстандын атайын орто окуу жайларын жуздон ашуун адистер бутуруп чыккан. Ушул жылы Кыргыз пед. техникумун 21, кийинки жылы 47 адис бутургон. Алардын арасында кийин элге белгилуу болгон А. Малдыбаев, Г. Айтиев, К. Жантошов, М. Элебаев, У. Абдукаимов, К. Маликов, Ж. Боконбаев, А. Осмонов, М. Алыбаев жана башкалар болгон. 1928-1929-окуу жылында ликбездерде (сабатсыздыкты жоюучу мектептер) окуу латын алфавитинде жургузулуп, X. Карасаевдин, А. Шабдановдун жана С. Нааматовдун окуу куралдары колдонулган. Сабатсыздыкты жоюуда 1930-жылы башында Кыргызстанда жургузулгон маданий журуш чон роль ойногон. Бул ишке атайын уюштурулган комиссия жетекчилик кылган. Мындай аракеттердин натыйжасында 1929-1930-окуу жылында ликбездерде 100 мин адам окуп, алардын 73 мини окуганды жана жазганды уйронгон.
1930-жылы чала сабаттууларга жардам катары «Сабаттуу бол!» деген гезит чыга баштаган. 1935-жылы 181,5 мин адам сабатсыздыгын жойгон. 1936-жылы Кыргыз Окметунун алдында сабатсыздыкты жоюу боюнча башкармалык уюшулган. 1937-1938-окуу жылында республикада 1358 башталгыч, 327 жети жылдык жана 62 орто мектептер болгон. Мугалимдер эки эсеге кобойгон. 1930-жылы жалпыга милдеттуу башталгыч, 1935-жылы шаарларда, ал эми 1937-жылы айыл-кыштактарда жалпыга милдеттуу жети жылдык, шаарларда он жылдык билим беруу киргизилген. 30-жылдары Кыргызстанда атайын орто жана жогорку окуу жайлары да онуго баштаган.
1937-жылы республикада 12 техникум, 5 мед. орто окуу жайлары иштеп, аларда 3 мин окуучу окуган. Экинчи беш жылдыкта атайын орто окуу жайлары 1,4 мин адистерди даярдаган. 1932-1933-окуу жылында кыргыз элинин тарыхындагы биринчи жогорку окуу жайы - Кыргыз Мамлекеттик пед. институту ачылган. Бул окуу жайынын калыптанып, онугушуно Москва, Ленинград жана башка шаарлардан келген окумуштуу-педагогдор чон жардам беришкен. 1936-жылы институтту 46 адис бутургон, алардын 13у кыргыздар болгон. 1933-жылы Бишкек айыл чарба техникумунун базасында Кыргыз зооветеринариялык институту ачылган. 1938-1939-окуу жылында Кыргыз Мамлекеттик мед. институту ишке киришкен.
Ошентип, 1940-1941-окуу жылында Кыргызстандын улан-кыздары 6 жогорку, 34 атайын орто окуу жайларында билим ала баштаган. Жогорку окуу жайларында республика учун илимпоздор даярдала баштайт. 1937-жылы Кыргыз окмотунун алдында илим боюнча комитет тузулуп, республикадагы илимдин борборуна айланган. Согуштун алдында республикада 13 илим-изилдоо мекемеси болуп, анда 323 илимий кызматкерлер иштеген, алардын арасында илимдин 13 доктору жана 45 кандидаттары эмгектенген. Улуттук жазуунун жана басма создун негизделиши элдин маданиятын которуудо озгочо окуя болгон. 1924-жылы араб алфавитинин негизинде кыргыз жазуусу иштелип чыгып, 7-ноябрда кыргыз тилинде «Эркин Тоо» гезити басылып чыккан. 1925-жылы 12-мартта орус тилинде «Батрацкая правда» гезити чыккан.
1926-жылдын ноябрында жаштардын «Ленинчил жаш» гезити негизделет. «Коммунист» журналы да ушул жылы чыга баштайт. 1928-жылы «Жаны маданият жолунда», «Дыйкан» аттуу журналдар чыгарылган. Акырындык менен кыргыз профессионалдык адабияты да онуго баштайт. Анын башатында К. Тыныстанов, К. Баялинов, М. Элебаев, К. Жантошов, С. Карачев, М. Токобаев, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков жана башкалар турган. Кыргыз совет адабиятынын онугушуно акындар Т. Сатылганов, Тоголок Молдо, Б. Алыкулов, И. Шайбеков, А. Жутакеев, К. Акиев, О. Белебалаев жана башкалар чон салым кошушкан. Согушка чейин кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы жаны бийиктерге которулгон. 1934-жылы апрелде откон Кыргызстан жазуучуларынын 1-съездинде Кыргызстан жазуучуларынын союзу уюштурулуп, анын торагалыгына А. Токомбаев шайланган.
Кыргыз адабияты менен катар эле улуттук профессионалдык искусствонун театр, музыка, корком сурот жана башка тармактары оскон. 1926-жылы музыкалык-драмалык студия ачылып, аны алгач А. Куттубаев, А. Боталиев, К. Эшимбеков ондуу мыкты артисттер бутуруп чыккан. Театрдык жамаатка кыргыз элинин эл чыгармачылыгынын окулдору музыканттар М. Куронкеев жана К. Орозов, акындар К. Акиев, О. Белебалаев, манасчы М. Мусулманкулов, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров жана башкалар чакырылып, алар профессионалдык маданияттын калыптанып онугушуно оздорунун салымдарын кошушкан. 1930-жылы республикалык музыкалык-драмалык студия театрга айланган. Театрдын алдында эл аспаптар оркестри уюшулган. 1935-жылы Орус драма театры ачылган. 1936-жылы Кыргыз мамлекетинин театры, Кыргыз музыкалык-драма театры болуп кайра тузулгон. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекетинин филармониясы уюшулган. 1937-жылы майда Кыргыз мамлекетинин драма театрында Ж. Боконбаевдин «Алтын кыз», 1938-жылы «Ажал ордуна» драмасы коюлган.
1939-жылы апрелде коруучулорго Кыргыз музыкалык драма театры «Айчурок» операсын тартуулаган.1920-30-ж. кыргыздын улуттук музыкасы да онуккон. Кыргыз мамлекеттик филармониясы ири музыкалык борборго айланат. Анда улуттук хор, кыргыз бий ансамбли, уйломо аспаптар ансамбли жана башка уюштурулган. 1939-жылы А. Малдыбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстан композиторлорунун союзунун уюштурулушу республикада музыка искусствосунун онугушуно оболго болгон. Кыргыздын улуттук музыкасын жазып алуу, аларды изилдоо иши да колго алына баштайт. Бул багытта А. В. Затаевич чон эмгек жасаган. Согуштун алдында Кыргызстанда корком сурот онору да жаны баскычка которулгон. 1934-жылы Кыргызстан суротчулор союзу уюштурулуп, аны С. Чуйков жетектеген.
1935-жылы Кыргыз мамлекеттик сурет галереясы уюштурулган. Анда таланттуу суротчулор С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акылбековдун жана башка суроттору коюлган. 1939-жылы Корком сурот окуу жайы ачылган. Республикага скульптор О. Мануйлова жана башка графиктер келишкен. Сурот искусствосунун жаны тармактары калыптана баштаган. 1939-жылы 26-майдан 30-июнга чейин Москвада откон Кыргызстандын маданий турмушундагы озгочо чон окуя болгон кыргыз искусствосунун он кундугуно улуттук искусствонун 550 чеберлери катышкан. Кыргыз мамлекеттик музыкалык-драма театры Ленин ордени, Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз искусствосунун 71 онорпоздору орден, медалдар менен сыйланышкан.