Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз мамлекетинин негизделиши жана өнүгүшү

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз мамлекетинин негизделиши жана өнүгүшү

Орто Азияны улуттук мамлекеттүүлүктөргө бөлүү, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү Орто Азияда контрреволюциячыл күчтөр, өзгөчө басмачылардын кыймылы басылгандан кийин гана бул аймакты улуттук-мамлекеттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Туркстан АССРинде өзбек, түркмөн, кыргыз бөлүмдөрү иштешип, аймактагы элдердин этностук курамын, экономикалык жана географиялык чектерин такташкан. 1922-жылы 30-декабрда Советтердин Бүткүл Россиялык I съезди РСФСР, Украина, Белоруссия жана Закавказье Федерациясын бириктирип, Советтик Социалисттик Республикалар Союзун (СССР) жарыялаган. 1924-жылы 31-январда Советтердин II съезди СССРдин биринчи Конституциясын бекиткен. Федерациялык негизде бирдиктүү союздук мамлекеттин түзүлүшү улуттук мамлекеттик бирикмелердин пайда болушун тездеткен.

Туркстан АССР Советтеринин II съездинде (1924-ж.) кыргыз делегаттары Кыргызстанды өзүнчө автономиялык бирдик катары түзүүнү суранышкан. Бирок, кыргыздардын улуттук автономиясы Туркстан АССРине, Бухара жана Хорезм республикаларынын курамындагы өзбек, түркмөн, тажик элдерине автономия бергенде гана чечилмек. 1924-жылдын сентябрына карата жаңы түзүлө турган мамлекеттердин калкын жана чегараларын тактоо иштери негизинен аяктаган. 860 мин адамдан турган кыргыз эли Туркстан АССРинин Жетисуу, Фергана, Сырдарыя жана Самаркан облустарында жашаары аныкталган. Мындан тышкары 210 миндей кыргыз Памирде, Бухарада, Батыш Кытайда жашаган. РСФСРдин Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1924-жылы 14-октябрда Бухара, Хива Республикаларынын, Туркстан АССРнин элдеринин эркине ылайык, Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ошентип, революцияга чейин эле бытырап бөлүнгөн кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, казак жана кара калпак жерлери кайрадан бириктирилген.

Натыйжада Түркмөн ССРи, Өзбек ССРи, Тажик автономиялуу облусу, РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автономиялуу облусу, Казак АССРинин курамында Кара-Калпак автономиялуу облусу түзүлгөн. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун РСФСРдин курамына өтүшү жөнүндөгү маселе зор кыйынчылык менен чечилген. Анткени, Р. Кудайкулов башында турган топ Кыргызстанды Казак ССРинин курамына киргизүү үчүн күрөшкөн. Жаңыдан түзүлгөн республикалар менен облустардын чектерин тактоо менен катар эле, аларга мурда Туркстан АССРине, Бухара, Хорезм республикаларына караган капиталдык байлыктар — фабрика, завод, айдоо аянттары, мал жана башка байлыктар бөлүштүрүлүп берилген. Мамлекеттүүлүктөргө бөлүнүү менен Орто Азия элдеринин өз тагдырын өзү чечүү укугу кандайдыр бир деңгээлде чечилген.

Кара Кыргыз автономиялуу облусуна мурдагы Туркстан АССРинин Жетисуу облусунун Бишкек, Нарын, Каракол уезддери дээрлик бүт бойдон, Ош уезди, Анжиян уездинин 10 болушу, Наманган уездинен дагы 10 болуштук, Фергана областынын Кокон уездинен 2 болуштук, Сырдарыя областынан Олуяата уездинен 14 болуштук кирген. Статистика бюросунун маалыматы боюнча облустун калкы 828,3 миң адамды тузуп, анын 63,5 пайызын кыргыздар, 15,4 пайызын өзбектер, 16,8% пайызын орустар, 4,3% пайызын башка улуттар түзгөн (1924). Автономиялуу облустун аймагы болжол менен 200 миң чарчы км, 6 шаар, 321 айыл ошондой эле 5 хутор болгон. Ошентип, кылымдар бою чачыранды болуп бөлүнүп келген кыргыз эли автономия формасында болсо да, бирдиктүү улуттук мамлекетке бириктирилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин Кыргызстанда партиялык жана Советтик бийлик органдары уюштурулуп, 1924-жылы 18-октябрда РКП(б) БКнын Саясий бюросу Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Убактылуу партиялык бюросунун, ошондой эле революциялык комитетинин (ревком) курамын бекиткен. РКП(б) Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-катчылыгына Михаил Каменский, 2-катчысы болуп Жусуп Абдрахманов, облустун ревкомитетинин төрагалыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган. Облустук ревкомдун алдында түзүлгөн комиссия, кийин Мамлекеттик пландоо комиссиясы деп аталып, географиялык, чарбалык-экономикалык, финансылык иштерди тейлей баштаган.

Кыргызстандын калкынын санын, улуттук курамын, айдоо аянттарын, малдын санын, токой байлыктарын тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Облустук борбордун жоктугуна байланыштуу облустук ревком адегенде Ташкенде турган, ал 1924-жылдын декабрында гана Пишпекке (Бишкек) көчүп келген. Ошондон тартып Бишкек ш. Кыргызстандын борбору болуп калды. Облустук ревкомдун президиуму Кыргызстанды башкаруу үчүн Жалалабат, Каракол-Нарын, Бишкек жана Ош округдарын түзгөн. Облустук ревкомдун алдында атайын комиссия түзүлүп, ал мамлекеттик жана чарбалык штаттарды тактаган. Жергиликтуу элден чыккан мамлекеттик жана чарбалык иштерди билген адистердин жетишсиздиги мамлекеттүүлүктүн алгачкы жылдарында өзгөчө кыйынчылыктарды туудурган.

22-декабрда облустук ревком Турдалы Токтобаевди Кыргыз автономиялуу облусунун Москвадагы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетиндеги өкүлү кылып дайындаган. 1925-жылы 15-январда облустук ревкомдун кеңешмесинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынып, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн салтанаттуу түрдө жарыяланган. Декларация жарыяланган 16-январь майрам күнү катары белгиленген. 1925-жылы 27-30-мартта Бишкекте автономиялуу облустун уюштуруу съезди өткөн. Ага 135 делегат катышып, анын ичинде 18 жумушчу, 25 дыйкан, 8 кызматкер, 8 студент болгон. Съездге Кыргызстанда жашаган бардык улуттар: 81 кыргыз, 29 орус, 8 өзбек, 3 украин, жана башка 14 улуттун өкүлдөрү катышкан. Советтердин Уюштуруу съезди Кыргыз автономиясынын аткаруучу органы - Советтердин облустук аткаруу комитетин (облатком) шайлаган, ага 51 адам кирген. 1925-жылы 31-мартта облустук облаткомдун 1-пленумунда такай иштөөчү, 11 адамдан турган облаткомдун Президиуму шайланган.

Анын төрагалыгына мурдагы батрак, кийин жумушчу болуп иштеген, Совет бийлиги үчүн жигердуу күрөшкөн Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. Советтердин уюштуруу съезди Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунда маанилуу роль ойногон. Мамлекеттүүлүккө ээ болуу менен чегара маселелери такталган, кыргыз эли өз жерине ээ болуп, экономиканын жана маданияттын жогорулашына - улуттун кайра жаралышына шарт түзүлгөн. Бийлик үчүн күрөш. Отузчулардын каты Кыргыз обкомунун 1-катчысы М. Каменский облусту жетектөөдө бир катар кемчиликтерди кетирип, Сталиндин ыкмасы боюнча өзүнүн жеке бийлигин орнотууга аракет кылган. Бул максатына жетиш учун А. Сыдыков менен Р. Кудайкулов жетектеген эки топтун каршылыгын пайдаланат.

Ал Р. Кудайкулов жетектеген топту колдоп, облустагы татаал абалды ого бетер курчуткан. М. Каменский Кудайкуловдун тобу аркылуу Кыргызстандагы өтө таасирдуу күч болгон А. Сыдыковдун тобун талкалоону көздөгөн. 1925-жылы мартта өткөн облустук партиялык конференцияда М. Каменский А. Сыдыковдун пикирлеши, өтө таланттуу адис Ю. Абдрахмановду кызматынан (партиянын обкомунун 2-катчысы) бошоткон, ошондой эле Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун торагасы И. Айдарбековго жалган жалаа жабылып, ал облустук аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланбай калган. Партиянын Кыргыз обкомунун ашкере саясатын ооздуктоо учун Кыргызстандын белгилуу 30 кызматкери 1925-жылы июнда РКП(б) БКга жана партиянын Орто Азиялык бюросуна кат жазышып, анда партиянын Кыргыз обкомунун акимдик-буйрукчул саясатын сынга алышкан. Бул документ «отузчулардын» каты деп аталган. ВКП(б) БКнын Орто Азиялык бюросу тарабынан бул иш-аракет бай-манап элементтердин партийны болуп жарууга кылган аракети катары бааланын, ага кол койгондордун бардыгы куугунтукталып, кызматтарынан алынган, айрымдары Кыргызстандан кетирилген. «Отузчулардын» катын уюштуруучулар катары А. Сыдыков менен И. Арабаев партиянын катарынан чыгарылган. Ал эми бийлик үчүн күрөштө экинчи топту жетектеген Р. Кудайкулов жөн гана эскертүү алуу менен чектелген. Бирок Р. Кудайкулов өзүнүн адамдары менен Пишпек округунда оор кылмыш иштери учун 1926-жылы партиядан чыгарылып, сот жообуна тартылган.

Анын ишин жактаган кызматкерлер жумуштан бошотулган. Облустун жетекчи кызматтарына Т. Айтматов, X. Шоруков, Э. Эсенаманов, X. Жээнбаев, К. Камбаров, С. Кулматов. О. Алиев жана башка келишкен. Партиянын облустук комитетинин 1-катчысы Н. А. Узюков облустагы партиялык жана советтик активди баш коштуруу үчүн бир топ иштерди жасаган. 20-жылдардын ортосунда партиянын биримдигин сактоо үчүн партиянын линиясына туура келбеген ой-пикирлерге, фракцияларга биригүүгө, саясатка каршы пикир айтууга тыюу салынып, партиянын бийлиги чыңдалган. Кыргыз автономиялуу республикасы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун уюштуруу съездинде (1925-ж. март) делегаттар союздук өкмөткө Кара Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу облусу, ошондой эле облусту Кыргыз Автономиялуу Республикасына айландыруу өтүнүчү менен да кайрылган. Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин 1925-жылы 25-майдагы чечими менен Кыргыз автономиялуу облусу болуп аталган.

Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) чечимине ылайык 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономия облусунун ордуна Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы түзүлүп, ал РСФСРдин курамында болгон. 1927-жылы 7-12-мартта өткөн Кыргыз АССР Советтеринин 1-съездинде Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. Кабыл алынган Декларацияда кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүү укугу аныкталып, Кыргызстанда жашаган элдердин өз ара ынтымакташтыгынын негизги принциптери жарыяланган. Съездде жалпыга бирдей окуу милдетин киргизип, араб алфавитинен латынчага өтүү жөнүндө маанилуу чечим кабыл алган. Советтердин 1-съезди республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүүнү бийлик органдарынын кезектеги милдети деп жарыялаган. Анткени бул жакта жерсиз жана жери аз дыйкандар 60 пайызды түзүп, жердин көбү ири жер ээлеринин колунда болгон. 1927-жылы 12-мартта Кыргыз АССРинин БАКтын Президиумуна 17 адам шайланган.

Президиумдун төрагалыгына А. Орозбеков шайланат. Сессияда Кыргызстандын өкмөтү - Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) түзүлүп, Юсуп Абдрахманов анын төрагасы болуп дайындалган. Эл Комиссарлар Советине жер, финансы, эл агартуу, эмгек, жумушчу-дыйкан инспекциясы боюнча эл комиссарлары кирген. Республикада мамлекеттик саясий жана статистика башкармалыктары түзүлгөн. Кыргыз АССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы Советтердин съезди эсептелип, Ал Борбордук Аткаруу Комитетин шайлап, анын отчетун уккан. Республиканын өкмөтү да бул съездге отчёт берген, СССР БАКнын Улуттар Советине өкүлдөрдү, Советтердин Буткул Россиялык съезддерине делегаттарды шайлаган. Кыргыз АССРинин советтеринин съезди РСФСРдин Конституциясына ылайык, Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу бийликтин милдетин аткарып, Кыргыз АССРинин Конституциясын иштеп чыгарылып, кабыл алуу укугу берилген. Бул орган шайлаган БАК ар бир 3 айда сессияга чакырылып, иш жүргүзгөн.

БАКтын Президиуму декреттерди жана токтомдорду чыгарып турган. БАК Эл Комиссарлар Советин түзгөн, анын ишинин багытын аныктаган жана эл чарбасын өнүктүрүүнүн планын иштеп чыккан. Кыргызстандын Эл Комиссарлар совети - аткаруучу бийлик катары мамлекеттик жогорку жана жергиликтүү бийликтердин иштерин жөнгө салган. Жер-жерлерде болсо бийликти: Советтердин кантондук, райондук, болуштук съезддери жана алардын комитеттери, ошондой эле шаардык, айылдык Советтер жүргүзгөн. 1929-жылы 25-30-апрелде Кыргыз АССР Советтеринин II съездинде Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган. Конституция республиканын жаңы мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүн бекиткен. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тең укуктуулугу жарыяланып, алар өз тилинде билим алуу укугуна ээ болушкан. Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тең билүүгө милдеттүү болуп, натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын өсүшү учун ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кыргыз АССРинин Конституциясы мамлекеттик улуттук символдор - желекти жана гербди бекиткен. Республиканын борбору - Фрунзе ш. аныкталган. 1936-ж. 5-декабрда СССРдин Советтеринин 8-съездинде СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынган. Ушул күндөн Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланып, СССРдин курамына тең укуктуу союздук республика катары кирген. Бул окуя кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы чоң жетишкендик болгон. Кыргыз элинин бул жеңиши республиканын буга чейинки тарыхый өнүгүүсү менен шартталган. Кыргыз ССРинин түзүлүшү үчүн Кыргыз АССР БАКтын төрагасы А. Орозбеков, Кыргыз АССР ЭКСтин төрагасы Ю. Абдрахманов, Б. Исакеев жана башка чоң эмгек сиңиришкен.

Көрүүлөр: 36225, Акыркы оңдолгон дата: 2024-12-03 22:04:08 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо