Февраль революциясы Кыргызстанда Россиядагы 1917-ж. буржуазиялык-демократиялык Февраль революциясы Россияда жашаган бардык элдердин тарыхындагы маанилуу окуя болгон. Анткени бул революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген. Саясий партиялар подпольеден чыгып, басма соз эркиндик алган. Февраль революциясынын шарапаты менен Россиянын турмолорундо коп жыл отурган кыргыздын тунгуч революционери Т. Жукеев да эркиндикке чыккан. Февраль революциясынын жениши тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында гана жеткен. Пишпек, Ош сыяктуу уезддик борборлордо, комур кендеринде, Чуй сугат тармагында жана башка жумушчулар топтолгон жерлерде массалык митингдер, демонстрациялар болуп, аларда падыша бийликтерин жоюу, сегиз сааттык жумуш кунун киргизуу, согушту токтотуу, саясий камактагыларды бошотуу жонундогу талаптарды койгон 1917-жылы 6-мартта Кызылкыя кениндеги 16-мартта Сулуктудогу шахтерлор жумушчу депутаттарынын Советин тузушкон. Алар менен катар эле Кыргызстандын шаарларында жана аскердик болукторундо солдат депутаттарынын совети тузулуп, алар жумушчу депутаттарынын совети менен бириге баштаган. 6-7-мартта Пишпекте, 14-мартта Ошто кийинчерээк Токмокто, Нарында, Караколдо солдат депутаттарынын Советтери тузулгон. Убактылуу окмотту колдогон буржуазия менен жер ээлери Советтер менен катар оздорунун Аткаруучу комитет, Коомдук коопсуздук комитет деп аталган бийлик органдарын тузо башташкан.
Алар эми Убактылуу окмоттун атынан бийлик жургузуп, мурдагы падышалык администрациянын саясатын улантышкан. Февраль революциясы саясий эркиндикти беруу аркылуу Россиянын тарыхында маанилуу роль ойногону менен жумушчулар менен дыйкандар энсеген жер жана тынчтык, сегиз сааттык жумуш куну жонундогу негизги маселелерди чече алган эмес. Туркстан крайында бийликте мурдагы эле генерал-губернатор Куропаткин калып, Убактылуу окмоттун комиссарынын милдетин аткарган. Облустар менен уезддерде мурдагы аскердик губернаторлор жана уезддин начальниктери оздорунун башкаруу аппараттары менен бийлик жургузуп кала берген. Тундук Кыргызстанды камтыган Жетисуу облусунун комиссарлыгына Пржевальск уездинин келгиндерди жайгаштыруу башкармасынын мурдагы начальниги Шеболин дайындалган. 1916-жылы которулушту басууда озгочолонгон поручик Занемовский Пишпекке, Дряхлов Ошко, Ходосов Пржевальскиге уезддик комиссар болуп дайындалышкан. Алар эл арасында шовинисттик, улутчулдук саясатты улантышкан элдерди бир-бирине тукурууга аракеттенишкен.
[ushka=seredina]Жергиликтуу калктын окулдору колониячыл эзууну жоюу жана улуттук тенчиликти орнотуу учун улуттук-боштондук муноздогу кучторду бириктирген Кыргыз коомдук комитеттери тузулгон. Бирок улуттук муноздогу комитеттер озунун уюшкандыгы жагынан алсыз болуп, олку-солку абалда турушкан. Ошентип, Кыргызстанда Борбордук Россиядан айырмаланып, жумушчулар менен солдаттар депутаттарынын Советтеринен, Убактылуу окмоттун комитеттеринен жана улуттук муноздогу Кыргыз коомдук комитеттеринен турган уч бийлик тузулгон. Булардын биргелешип башкарууга оз ара байланыштарды бекемдоого кылган аракеттери жакшы натыйжа берген эмес. Чындыгында, бийлик Убактылуу окмоттун колунда болгон. Кыргызстанда саясый уюмдардын тузулушу 1917-жылы жазында жана жайында Кыргызстандын калкынын бардык катмарлары саясий турмушка жигердуу тартыла баштаган.
Март айында Сулуктудо, апрель-июнь айларында Пишпекте, Ошто жана Кызылкыяда социал-демократиялык топтор тузулгон. 1917-жылы жайында Пишпекте А. Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» улуттук партиясынын жергиликтуу болуму тузулгон. Бул партия 1917-жылы майда Казакстанда (Оренбург шаарында) тузулуп, анын башында А. Букейханов менен А. Байтурсынов ондуу буржуазиялык-демократиялык багыттагы казак интеллигенциясынын окулдору турган. Буга казак-кыргыз интеллигенциясынын окулдору, демократиялык маанайдагы майда буржуазия, байлар, жумушчулар менен дыйкандардын бир болугу, дин кызматкерлери кирген. Улуттук «Алаш» партиясынын негизги максаты казак жана кыргыз элинин оз алдынча мамлекетин тузуу болгон. Бул партиянын жергиликтуу уюмдарын тузууго кыргыз интеллигенттеринен И. Арабаев, К. Тыныстанов, Н. Тулин, Д. Сооронбаев, С. Чукин жана башка жигердуу катышышкан. «Алаш» партиясынын уюмдары негизинен Тундук Кыргызстанда тузулгон. Бул партия 1918-жылы жоюлуп, анын прогрессивдуу окулдору Совет бийлигине кызмат кылган. Кыргызстандын туштугундо болсо озбек жана кыргыз байларынын жана мусулман дин кызматчыларынын, интеллигенциянын окулдорун бириктирген «Шуро-и-Ислам» (Ислам кенеши) партиясынын жергиликтуу уюму тузулуп, бир кыйла таасирге ээ болгон.
Партия март айында Ташкенде тузулуп, буржуазиялык Россиянын курамында Туркстандын улуттук-мусулмандык автономиясын тузуу максатын коздогон. Партиянын Кыргызстандагы жергиликтуу уюмун Таш Кудайбергенов жетектеген. Бул уюм «Кокон автономиясы» талкалангандан кийин (1918-ж.) жоюлган. Кыргызстандын аймагында Социал-Туран партиясынын жергиликтуу уюмдарын тузуу аракети башталган. Ага соодагерлер, мугалимдер жана окуучулар, котормочулар мучо болушуп, партиянын оз алдынча бирдиктуу Турк мамлекетин тузуу максатын колдошкон. Ал толук уюштурула элек кезинде эле контрреволюциячыл уюм катары тыюу салынган.
Ушул эле мезгилде карапайым калктын, эмгекчилердин тупку кызыкчылыгын коздогон союздар да тузуло баштаган. Алсак, 1917-жылы май айында Пишпек уездиндеги кедей ошондой эле орто жашаган дыйкандарды бириктирип, кошкон демократиялык уюм «Букара» союзу тузулгон. Булардан тышкары Кыргызстанда ар турдуу адистиктеги жумушчуларды бириктирген союздар тузулгон. 1917-ж. жазында Пишпекте Чуй сугат тармагынын жумушчуларын, курулушта иштегендерди, кийим тигуучулорду бириктирген Жумушчулар жана кол онорчулор союзу, Кызылкыя менен Сулуктудо Жумушчу кенчилердин союзу, Жумушчулар менен чайрыкерлердин союзу тузулгон. Бул саясий уюмдардын жетекчилиги менен демонстрациялар, митингдерге чыккан эл эзилген улуттарга эркиндик беруу, империалисттик согушту токтотуу, дыйкандарга жер беруу, чарбанын булунуусуно, ачарчылыкка каршы чараларды коруу, сегиз сааттык жумуш кунун белгилоо жана башка талаптарды коюшкан. Куз айларынан баштап Петроградда боло турган Советтердин Буткул Россиялык 2-съездине карата даярдыктар корулуп, Сулукту Советинин торагасы Д. Деканов жумушчулардын, А. Фролов солдаттардын атынан Советтердин Самаркан облустук конференциясында съездге делегат болуп шайланышкан. Россиядагы буржуазиялык-демократиялык революция анда жашаган бардык элдердин тарыхындагы маанилуу окуя болгон. Бул революция падышачылык жеке бийликти жоюп, республикалык тузулушко жол ачкан.
Бирок бир катар объективдуу жана субъективдуу шарттарга байланыштуу революция озунун негизги максатына жеткен эмес. Тынчтык, жер жана улут маселелери чечилбей, Россиянын борборунда Кош бийлик, ал эми Кыргызстанда Уч бийлик орногон. Коп отпой, жергиликтуу калктын саясий жактан баёлугунун, болшевиктердин таасиринин начарлыгынан бул жакта тузулгон Советтер жана кыргыз улуттук комитеттери бийликти Убактылуу окмотко откоруп беришкен.