Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз Республикасынын Герби

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз Республикасынын Герби

Кыргыз Республикасынын герби (кыргызстан герби, официалдуу символикасы) — Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин башка көз карандысыз мамлекеттер сыяктуу эле өзүнүн атрибуттарын иштеп чыкты. Кыргыз Республикасынын герби — желек, гимн, кыргыз сому өңдүү Кыргызстандын символикаларынын бири. Герб, ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. Ал бардык маанилүү расмий жана иштиктүү документтерде, мөөрлөрдө, паспорттун беттеринде чагылдырылган.

Мазмуну
Кыргыз Республикасынын Герби
Жогорку сапаттагы гербди көчүрүү (png)

Баяндалышы

Герб негизги төрт элементтен турат: Ак шумкар, Ала-Тоо, Ысык-Көл, буудай жана ак пахта. Гербдеги түстөрдүн саны төртөө: көк, сары (алтын), боз жана көгүш.

КРнын Мамлекеттик гербинде канаттарын жайган ак шумкардын сүрөтү, ак рамканын ичиндеги көк түстөгү тегеректин ылдыйраак жагында жайгаштырылган. Арткы планда көл, Ала-Тоонун чокулары жана алтын түстүү чыгып келе жаткан күн жана анын нурлары, эки капталында пахта менен буудайдын сабактары бар. Тегеректин үстүңкү жагында «Кыргыз», ал эми төмөкү жагында «Республикасы» сөздөрү жайгашкан.

Маанилик мазмуну

Мамлекеттик герб тегерек формасында болуп, анда шарттуу символдор тилинде кыргыз элинин менталитети, табиятынын өзгөчөлүктөрү, маданияты жана чарбачылыгы берилген.

Алдыңкы пландагы ылдыйкы жагынын көпчүлүк аймагын ээлеп канатын жайган ак шумкар түшүрүлгөн. Ак шумкар эркиндиктин, тазалыктын жана асылдуулуктун символу болуп кыргыздын легендаларында жана эпосторунда кездешет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербиндеги бул куштун сүрөтү кыргыздын жашоо образын, салттуу маданиятын жана Ысык-Көлдүн, Ала-Тоонун карлуу чокулары менен чектешкен кыргыз жеринин корголушун билдирет. Айлананын тереңинде, гербдин үстүнкү бөлүгүн ээлеп тоолордун артында, күн нуру түшүп түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси, Кыргызстандын ыйык жерин алтын нурлары каптап турат. Тоолордун ак карлуу чокулары кыргыз калпагынын маанисин берет.

Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай да мааниге ээ. Герб жөнүндөгү түшүнүк кыргыздарда байыртадан эле болуп, анын милдетин, маанисин чагылдырган ар уруунун «эн тамгасы» болгондугу тарыхта айкын далилденип маалымдалгандыгы белгилүү.

Герб жылуу жана муздак түстөр гаммасында жасалган. Ачык түстөгү сүрөттүн күңүрт фондо берилиши так жана айкындык. Четтеринен ак контурдук сызык өтөт. Кыргыз Республикасынын герби негизги геральдика нормаларына туура келет.

Авторлор

Гербдин авторлору сүрөтчү Асейин Абдраев жана милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев. Дубанаев сүрөтчү болбогонуна байланыштуу гербди башынан аягына чейин сүрөтчү А. Абдраев тартып, ал уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Айтымында герб жөнүндөгү талкуу эки жылга созулуп, 2 миңден ашуун эмгектин арасынан бул авторлордун иши тандалып алынган.

Асейин АбдраевСадырбек Дубанаев
Асейин АбдраевСадырбек Дубанаев

«Гербди иштеп чыгууда биз дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнүн гербдеринин энциклопедиясын иликтеп чыктык. Сынактын шартында герб улуттук символдорду, Кыргызстан сыймыктанган нерселерди камтышы керектиги көрсөтүлгөн. Биз буга байланыштуу Ала-Тоону коштук. Анда Кумтөр темасы актуалдуу болчу. Ошондуктан өзүбүздүн вариантка алтын Бөксө-Тоону да тарттык. Андан кийин Ысык-Көл, күндүн нурлары кирди. Өлкөдөгү достуктун, тынчтыктын символу катары Манас атабыздын ак шумкары берилди. Ал эми герб өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын чагылдырышы үчүн ак пахта менен түндүктө өскөн буудайды киргиздик. Жогору жагын Кыргыз, төмөн жагына Республикасы деген сөздөрдү жаздык.» - дейт С. Дубанаев.

Жалпы республика боюнча сынакка 2234 эскиз келип түшүп, комиссия гербдин бешөөсүн тандап алган. Сынак жарыяланганда Асейин Абдраев Нарындагы сүрөт мектебинде иштеп жаткан. Дубанаев сынакка чогуу катышууну сунуштап, бирге иштеп башташкан. Алардын «Нур 19» аттуу эмгегин легендарлуу парламенттеги 350 депутаттын 286сы добуш берип колдогон.

Техникалык спецификация

Кыргыз Республикасынын гербинин көчүрмөлөрү анын өлчөмүнө карабастан КР президентинин резиденциясында сакталган гербдин түстүү же түссүз эталонуна дал келиш керек. Түстөрү Кыргыз Республикасынын Гербинин техникалык спецификацияларында көрсөтүлгөн түстөргө дал келиши зарыл.

Түстүк моделдер

ТүсүPANTONECMYKRGBHEX
КөкPANTONE 2945 C100-53-2-160-102-161#0066a1
Сары (алтын)PANTONE 123 C0-29-100-0253-188-45#fdbc2d
БозPANTONE Cool Gray 5 C0-0-0-28195-195-195#c3c3c3
КөгүшPANTONE 2995 C100-0-0-00-175-239#00afef

Кошумча маалыматтар

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин Жамин Акималиев желек, гимн кабыл алгандыгын айтып, гербди тандоо бир канча жылга созулган. Ошол кездеги эл өкүлдөрү СССР мезгилиндеги гербди калтырууну сунуштагандар да болгон экен. Кыргыз ССРи дегендин ордуна эле Кыргыз Республикасы дегенди жазып коюууну сунушташкан. Бирок Кыргызстандын тарыхын, биримдигин, келечекке болгон умтулуусун чагылдырып бай философияга ээ азыркы герб тандалып, токтом кабыл алынган. 1994-жылга чейин 1937-жылкы Кыргыз ССРинин 5-съездинде кабыл алынган герб колдонулган.

Кыргыз ССРинин герби

Кыргыз ССРинин герби Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик герби. Бул герб Советтер Союзунун Гербинде базаланып 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган. Кыргыз ССР гербинде орок жана балка орнаменттелген айланада, тоо чынжырындагы көк аркадан күндүн чыгышы, оң жагынан буудайдын машагы менен, сол жагынан пахтанын сабагы менен курчалып кызыл боо менен оролгон.

Кыргыз ССРинин герби

Ортосундагы жазуу боосунда кыргыз жана орус тилинде «Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!» деген чакырык жазылган. Ылдый жагында «Кыргыз ССР», ал эми өйдөңкү жагында беш бурчтуу кызыл жылдыз жайгашкан. 1935-жылдын февраль айында ССР биримдигинин кеңешинин 7-чакырылышында СССРдин жаңы конституциясын чыгаруу чечимин кабыл алган.

Жаңы конституциянын проектиси боюнча Кыргыз АССРи РСФСРдин курамынан чыгарылып, союздук Кыргыз ССР республикасы болгон. 1936-жылдын 14-августунда Кыргыз ССРинин гербин түзүү боюнча сынак жарыяланган. Ошол эле жылдын 8-сентябрында калыстар тобу сынактын жыйынтыгын чыгарып, 3 миң рубльга тете биринчи сыйлыкка татыган фреска живописчиси, Москва полиграф институтунун доценти Оксана Трофимовна Павленко аныкталган.

Ошондой эле эскиздин өйдө жагындагы үч саялуу айрыны алып салып, койдун жана жылкынын башынын сүрөтүн киргизүү сунушталган. Герб 1937-жылдын 23-мартында республиканын конституциясы Кыргыз ССРинин V сьездинде кабыл алынган. 1994-жылдын 14-январында жаңы герб кабыл алганга чейин Герб Кыргыз ССРинин мамлекеттик символу болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 26045, Өзгөртүлгөн: 2023-09-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо