Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адамдын тамак сиңирүү органы

Баш барак | Медицина | Адамдын тамак сиңирүү органы

Адамдын тамак сиңирүү органы (системасы) — адам организмине зарыл болгон азыктарды алуу, иштетилгендерин тышка чыгаруу процесси жана ага катышуучу органдар. Адамдын тамак сиңирүү системасы ичеги-карын көңдөйүнөн жана жардамчы органдардан (тил, шилекей бездери, ашказан алдындагы без [уйку без], боор жана өт) турат.

Адамдын тамак сиңирүү органы (системасы)

Негизги макала: Тамак сиңирүү

Адамдын организмине өзгөчө иштетилген тамак-аш керек. Жеген азык пайдалуу болуусу үчүн ал канга кошулуп организмге сиңирилиши керек, канга кошулган соң, бүт денеге тарайт. Муну ишке ашыруу үчүн адамга тамак сиңирүү органдары кызмат кылат. Адамдын тамак сиңирүү системасынын борбору катары үч негизги аймактар белгиленет: ооз көңдөйү, ашказан жана ичке ичеги. Ооз — ички ашкананын баштапкы бөлүгү. Шилекей оозго түшкөн тамакты нымдап туруш керек. Антпесе, тамакты чайноо жана жутуу кыйын болмок.

Нымдалып, чайналып, майдаланган тамак-аш кызыл өңгөч аркылуу ашкананын экинчи бөлүгүнө — карынга (ашказанга) түшөт. Карындын капталдарында өзгөчө бездер бар. Буга тамак келип түшкөндө бездерден кычкыл зил (туз кислотасы) бөлүнүп чыгып, ал белоктун молекулаларын ажыратат. Баарынан кызыгы бул: бир тиштем нанды чайнай баштаганда эле карын безинен аны сиңире тургандай өлчөмдөгү жана курамдагы зил бөлүнүп чыга баштайт. Бардыгы ушунчалык чеберлик менен макулдашылган.

Тамак канчалык чүйгүн, жыттуу болсо шилекей жана карындан зил ошончо көп бөлүнүп чыгат. Демек, тамак тез сиңип, организмге көп пайда алып келет. Эгер тамак ичип жатканда адам башка ишке алаксып, мисалы, кызууланып сүйлөп, китеп окуп же телефон карап алагды болсо зил аз чыгып, же такыр чыкпай да калышы мүмкүн. Карын мезгил-мезгили менен жыйрылып, тамактын чала синирилген бир бөлүгүн ичегиге жылдырып турат. Ичеги адамдын тамак сиңирүү органдарынын эң узун бөлүгү. Анын узундугу 9 метрдей болот. Карында ботко болгон тамак ичегинин ийри-буйру жолдору аркылуу жылат. Анын ар кайсы жеринен түрдүү зилдер (ферменттер) бөлүнүп чыгып, тамактын калганынан белок, углевод жана майларды сиңирет.

Бул жерден шилекей, ашказандын, ичегинин ширелери менен иштетилген тамакка өт аралашат. Андан ашказан менен ичегинин ички бетиндеги кырындылары менен сорулуп, канга өтөт. Тамактын калдыгы жоон ичегиге өтүп, ал жерден сыртка чыгарылат (дефекация).

Мазмуну

Кыскача маалымат

Эскертүү! Өз алдынча диета түзүү же түрдүү ыкмаларды колдонуу сунушталбайт. Сөзсүз түрдө сертификатталган диетолог же дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Жүгүрүп баратып жеген кургак тамактар, ачуулар, тез татымдар, кесек тамактар ашказанга зыян алып келет. Мунун айынан гастрит оорусу пайда болушу мүмкүн. Булар убагында тамактанбай, кургак нерсе менен шам-шум эткен адамдарда кездешет. Кез-кези менен убактысыз жеген тамактар ашказанды туура эмес иштетет.

Суткасына бир нече жолу жана бир убакта тамактануу жакшы. Мындай учурда ашказан милдетин туура жана так аткарат. Эгерде адамдын ден соолугу жакшы болсо, анда анын тамак сиңирүү органдары талаптагыдай иштейт.

Тамак сиңирүү (жалпы тирүү жандыктардын тамак сиңирүүсү) — бул азык заттар организмге сиңе тургандай кылып, азыкты майда бөлүктөргө ажыратуу дегенди билдирет. Тамак сиңирүү процесси үч баскычка ээ: цефаликалык, ашказан жана ичеги фазалары.

Тамак сиңирүүнүн цефаликалык баскычы организм азыкты көргөндө жана жытын сезгенде ашказан бездеринин секрециясынан башталат. Бул баскыч өзүнө азыкты механикалык майдалоону (чайноо) жана ооз көңдөйүндөгү тамак сиңирүүчү ферменттер аркылуу химиялык ажыратууну камтыйт. Шилекейде, шилекей жана тилдин күкүрттүк (сероздук) бездери тарабынан секрециялануучу тамак сиңирүүчү амилаза жана лингвалдык липаза ферменттери бар. Чайноодо азык шилекей менен аралашып, тамак сиңирүүнүн механикалык процесси ушундан башталат. Натыйжада, жутууга мүмкүн болгон кесек пайда болуп, андан ары ал ашказанга түшөт.

Экинчи баскыч, ашказанда жүрөт. Мында азык ашказан суюктугу менен аралашып бөлүктөргө ажыратылат дагы, ичке ичегинин биринчи бөлүгү болгон он эки эли ичегиге жылат.

Үчүнчү баскыч болгон ичеги фазасы он эки эли ичегиде башталып, бул жердеги азык жарым-жартылай иштетилип, ашказан алдындагы без (уйку без) бөлүп чыгарган бир катар ферменттер менен аралашат.

Тил жана тиштер менен жакшы чайналган азык, ошондой эле, перистальтика менен сегментациянын жыйрылуулары тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ашказан алдындагы бездин кислотасы жана ашказандагы бөлүнүп чыккан былжыр тамак сиңирүүнү улантуу үчүн зарыл.

Перистальтика — бул кызыл өңгөчтө башталып, ашказан дубалында жана ичеги-карын көңдөйүнүн калган бөлүгүндө улантылуучу булчуңдардын ритмикалык жыйрылуусу. Алгач бул химустун (суюк же жарым-жартылай суюк болгон ашказан же ичегидеги зат) иштелип чыгуусуна алып келет, ал ичке ичегиде толук ажыраганда хилус (адам жана жаныбарлардын лимфа системасындагы сүт сыяктуу сюуктук) түрүндө лимфа системасына сиңирилет. Азыктын көпчүлүк бөлүгүнүн кайра иштетилиши ичке ичегиде жүрөт. Суу жана айрым минералдар жоон ичегиде канга кайрадан сиңирилет (реабсорбция). Тамак сиңирүүнүн калдыктары (заң) түз ичегиден арткы өтмөк аркылуу сыртка чыгарылат. Тамак сиңбей калганда кайсы бир ыкмаларды колдонуу сунушталбайт, себеби, тамак сиңирүү системасы өтө көптөгөн баскычтардан өтүп, түрдүү суюктуктар, ферменттер азыкка аралашат жана муну баарын туура иштүү үчүн нерв системалары да туура иштөөсү абзель. Ушундан улам тамактын сиңбей калуу себеби өтө кеңири спектрдага себептерден келип кайсы бир ыкманы сунуштоо туура эмес.

Компоненттер

Адамдын тамак сиңирүү системасынын процессинде бир нече органдар жана башка компоненттер катышат. Кошумча же жардамчы органдар боор, өт жана ашказан алдындагы без (уйку без) саналат. Башка компоненттер өзүнө ооз көңдөйүн, шилекей бездерин, тил, тиш жана кекиртекти камтыйт.

Адамдын тамак сиңирүү системасынын эң ири түзүмү — ичеги-карын жолдору (ИКЖ, орусча ЖКТ) саналат. Бул түзүм ооз көңдөйүнөн башталып, түз ичеги менен бүтүп, тогуз метрдин айланасындагы аралыкты камтыйт.

Тамак сиңирүүнүн башкы органы — ашказан. Анын былжыр челинде миллиондогон ашказан бездери жайгашкан. Бездердин бөлүп чыгаруулары ашказандын туура иштөөсү үчүн абдан зарыл.

Айтылгандай эле азыктын иштетилишинин көпчүлүк бөлүгү ичке ичегиде жүрөт, ал ичеги-карын жолдорунун эң узун бөлүгү.

Ичеги-карын жолдорунун эң чоң бөлүгү — жоон ичеги. Мында суу сиңирилип, калган калдыктар дефекацияга чейин сакталат.

Ичеги-карын жолдорунда көптөгөн адистештирилген атайын клеткалар бар. Буларга ашказан алдындагы бездердин түрдүү клеткалары, даам сезүү, ашказан алдындагы түтүктөрдүн клеткалары, энтероциттер, микро бүктөмдөрдүн клеткалары таандык.

Тамак сиңирүү системасынын айрым бөлүмдөрү тышка чыгаруу системасынын бөлүгү болот, анын ичинде жоон ичеги дагы.

Ооз көңдөйү

Ооз көңдөйү ичеги-карын жолдорунун жогорку бөлүмү болуп, бир нече түзүмдөрдү камтып, андан тамак сиңирүүнүн биринчи процесси башталат. Процесске шилекей бездери, тиштер жана тил катышат. Ооз көңдөйү эки бөлүктөн турат; ооз босогосу жана ооз көңдөйү. Ооз босогосу — тиштер, эриндер жана жаактар ортосундагы аймак, калган бөлүгү — ооз көңдөйү. Ооз көңдөйүнүн көпчүлүк бөлүгү, шилекей бөлүп чыгаруучу ооздун былжыр чели менен төшөлгөн. Былжыр челдер дененин ар кайсы бөлүктөрүндө түзүмү боюнча айырмаланып турат бирок, булардын бардыгы майлоочу былжырды өндүрөт, алар ар кайсы органдардын беттериндеги клеткалар же көбүнчө андан төмөн жаткан бездер тарабынан секрецияланат. Ооздун былжыр чели жука былжыр чел түрүндө уланып, тиштердин түбүнө чейин жайылган. Былжырдын негизги компоненти муцин аталган гликопротеин, мунун бөлүнүп чыгуучу түрлөрү жабыркаган аймакка жараша болот. Муцин чоюлма, илээшкек жана түссүз. Ооздун былжыр чели алдында жылмакай булчуң ткан катмары бар, анын чел менен болгон тыгыз эмес биримдиги ага чоң ийкемдүүлүктү берет. Ал жаактарды, эриндердин ички бетин жана ооздун түбүн каптайт, ал эми иштелип чыгуучу муцин кариестен жакшы коргойт.

Таңдай ооз көңдөйүн муруң көңдөйүнөн бөлүп турат. Таңдай катуу жана жумшак болуп экиге бөлүнөт. Катуу бөлүгү таңдайдын борбору жана ооздун маңдайкы жагына жакынкы аймагы, эки чети жана кекиртек жакка жакыны — жумшак таңдай. Былжыр чел сөөк пластинасын каптап тургандыктан маңдайкы жактагы таңдай катуу келет. Арткы жагы булчуң жана бириктирүүчү ткандардан туруп, жумшак, кыймылдуу, мунун эсебинен азык жана сууну жутуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Жумшак таңдай тилче менен аяктайт. Катуу таңдайдын бети азык кабыл алууда зарыл болгон басымды берип, мурундук кыймыл таза бойдон калуусун камсыз кылат. Эриндер арасындагы ачыктык ооз өтмөгү аталат, ал эми кекиртек жолу же ачыктыгы — алкым өтмөгү.

Жумшак таңдайдын эки жагында таңдай-тил булчуңдары орун алган, булар тилдин бөлүктөрүнө чейин жетет. Бул булчуңдар тилдин арткы бөлүгүн көтөрүп, алкымдын (орусча гортань) эки жагын жаап, азыкты жутууга мүмкүндүк жаратат.

Шилекей бездери

Башкы шилекей бездеринин үч түгөйү бар, майдаларынын саны 800дөн 1000ге чейин. Булардын бардыгы тамак сиңирүү процессине катышып, тиштердин саламаттыгы жана ооз көңдөйүнүн жалпысынан кургап кетпөөсү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Шилекей бездер жок болгондо адам сүйлөй алмак эмес. Бардык негизги бездер түтүктөр аркылуу секрециялануучу экзокрин болуп саналат. Бул бездердин баары ооздо жайгашкан. Эң ирилери — кулак айланасындагы бездер — секрециясы артыкча күкүрттүк. Кийинки түгөй жаактын астындагы бездер, күкүрттүк суюктук жана былжыр чыгарат. Күкүрттүк суюктук шилекей бездеринин күкүрттүк бездери аркылуу иштелип чыгып, лингвалдык липазаны да чыгарат. Булар ооз көңдөйүндөгү шилекейдин дээрлик 70% иштеп чыгат. Үчүнчү түгөй — тил астындагы бездер, булардын секрециясы негизинен былжырлуу, анча-мынча пайызы шилекейди камтыйт.

Ооз көңдөйүнүн былжыр челинде, ошондой эле, тилде, таңдайда, ооздун түбүндө кичи шилекей бездери орун алган; булардын секрециялары негизинен былжырлуу келип, беттин нервтери (CN7) менен иннервацияланат (органдардын жана ткандардын нерв клеткалары менен камсыздалышы). Ошондой эле, бездер азыктагы углеводдорго таасир этип, азыктагы крахмалды мальтозага айландырып, амилазаны бөлүп чыгарат (азыктын ажыратылышынын биринчи баскычы). Тилдин арткы бөлүгүндөгү (кекиртекке жакын) бетинде даам сезүү рецепторлорун курчаган күкүрттүк бездер бар, булар дагы лингвалдык липазаны бөлүп чыгарат. Липаза — липиддердин (майлардын) гидролизин катализдөөчү тамак сиңирүүчү фермент. Бул бездер (тилдин артындагы) фон Эбнер бездери деп аталып, гистаниндерди секрециялоо боюнча дагы функцияны аткарып, азыктар тилдин ткандарындагы бул бездер менен контакт болгондо микробдон алдын-ала коргоону (имммундук системадан тышкары) камсыз кылат. Сенсордук маалымат шилекейдин секрециясына түрткү берип, тилдин иштөөсү жана азыкты жутууну жеңилдетүү үчүн зарыл болгон суюктукту камсыз кылат.

Шилекей

Шилекей азыкты нымдаштырып, тиштердин чайноо иш-аракети менен аны жумшартып, жылмакай кесекке айлантат. Болюстун (жарым-жартылай чайналган же иштетилген азык) ооздон кекиртекке жылышында шилекей менен аралашуусу кошумча жардам болот. Ошондой эле, шилекейдеги амизала жана липаза тамак сиңирүүчү ферменттердин болуусу чоң мааниге ээ. Амилаза углеводдордогу крахмалга таасир этип, аны жөнөкөй канттар — мальтоза жана дектрозага ажыратат, булар кийин ичке ичегиде ажыратылат. Ооздогу шилекей крахмалдын алгачкы иштетүүсүнүн 30% түзүшү мүмкүн. Липаза майларды бөлүктөргө ажыратат. Липаза андан ары ашказан алдындагы безде иштелип чыгып майларды ажыратууну улантууга катышат. Шилекей липазасынын болуусу, ашказан алдындагы бездери өнүгө элек наристелер үчүн чоң мааниге ээ.

Шилекейдин тамак сиңирүүчү ферменттер менен камсыздоо ролунан тышкары, ал тиштерге жана ооз көңдөйүнө тазалоочу таасирди берет. Иммуноглобулин А антителолору менен дагы камсыздап иммунологиялык ролду ойнойт. Бул нерсе шилекей бездеринин инфекциясын алдын алуунун негизги учуру деп саналат, өзгөчө паротит оорусунда.

Ошондой эле, шилекей өзүнө B12 витаминин байланыштырган гликопротеин гаптокорринди камтыйт. Ал витамин менен байланышып, аны ашказандын кычкыл чөйрөсүнөн коопсуз өткөрөт. Он эки эли ичегиге жеткенде ашказан алдындагы бездердин ферменттери гликопротеинди бөлүктөргө ажыратып, витаминди бошотот, жана ал ички факторлор тарабынан организмге сиңирилет.

Тил органы

Тамак оозго түшүп, мында тилдин жана шилекей бөлүнүүнүн жардамы аркылуу тамак сиңирүү процессинин биринчи баскычы жүрөт. Тил — булчуңдуу сезүү органы болуп, биринчи сенсордук маалымат анын бетиндеги даам сезүү рецепторлорунан келет. Эгер даам жагымдуу болсо, тил ооздогу азыкты башкарып, ары-бери оңкорот, муну менен шилекей бездеринен шилекейдин бөлүнүп чыгуусуна өбөлгө түзөт. Шилекей суюктугу азыкты жумшартып, андагы ферменттер азыкты бөлүктөргө ажырата баштайт.

Тил ооздун ылдыйкы бөлүгүнө ооздук аталган байламта менен бекилген, бул ага азыкты (жана сүйлөөнү) башкаруу үчүн чоң кыймылдуулукту берет; башкаруучулардын диапазону бир нече булчуңдар менен оптималдуу түрдөө көзөмөлдөнүп, тышкы диапазондо ооздуктун чоюлуусу менен чектелет. Өзүнүн башатын тилден алган эки булчуңдар топтому төрт ички жана төрт тышкы булчуңдан туруп, биринчиси тилдин калыптануусуна катышат, экинчиси сөөктөн башат алып тилдин кыймылында катышат.

Даам сезүү

Кошумча макала: Сезүү органдары

Даам сезүү — ооздогу даам сезүү бүртүкчөлөрүнүн түзүмдөрүндө орун алган атайын даам сезүүчү рецепторлордо жүрүүчү хеморецепция формасы. Даам сезүү рецепторлору айрыкча тилдин үстүңкү бетинде жайгашкан. Даам сезүү функциясы зыяндуу же жараксыз (чириген) азыктарды кабыл алууну алдын алуу үчүн адамдын тамак сиңирүүсүнө абдан маанилүү. Ошондой эле, даам сезүү бүртүкчөлөрү коконун бетинде, кызыл өңгөчтүн жогорку бөлүгүндө да бар. Даам сезүү бүртүкчөлөрү бет нервтери жана тил-кекиртек нервтери менен иннервацияланат (нерв клеткалары менен камсыздалат). Даам жөнүндөгү билдирүүлөр баш сөөктүн нервтери аркылуу мээге берилет. Мээ, азыктын химиялык касиеттерин айырмалай алат. Беш негизги даамдардын аталышы: туздуу, кычкыл, ачуу, таттуу жана умами (жагымдуу) аталат. Туздуу жана кычкылдуулукту таанып билүү туз жана кычкылдуулук теңсалмактуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ачууну таанып билүү уулар жөнүндө белги берет: көптөгөн өсүмдүктөрдүн коргоо механизмдери ачуу уулуу кошулмалардан турат. Таттуу болсо, энергия менен камсыздай турган азыктарды көрсөтөт; Шилекейдин амилазасы тарабынан энергия берүүчү углеводдорду бөлүктөргө ажыратуусу таттуу даамды берет, анткени, мунун натыйжасы жөнөкөй канттарды берет. Умами даамы белокторго бай азык тууралуу белги берет деп саналат.

Тил органындагы даам сезүү аймактары
Тил органындагы даам сезүү аймактары

Кычкыл даам — бул, начар азыкта көп кездешүүчү кислота. Мээге мындай азыкты кабыл алууга болобу же болбойбу деп өтө тез чечим кабыл алууга туура келет. 1991-жылкы биринчи жыт сезүү рецепторлорун баяндаган ачылыштар, даам сезүүнү изилдеп баштоого жардам берген. Жыт сезүү рецепторлору мурун клеткаларынын үстүңкү бетинде жайгашып, жыттарды кабыл алууга мүмкүндүк берген химиялык заттар менен байланышат. Даам сезүү рецепторлорунун белгилери мурун рецепторлорунун белгилери менен бирге иштеп, азыктын татаал даамдары жөнүндө маалыматты калыптандырат деп жоромолдонот.

Тиштер

Тиштер адамдын тамак сиңирүү органдарында маанилүү орунду ээлейт. Булар өзүнө спецификалуу келген материалдардан турган татаал түзүмдү элестетет. Тиштер дентин аталган сөөк материалынан туруп, организмдин эң катуу кездемеси делген эмаль менен капталган. Тиштер азык кесектерин майдалоо, жумшартуу үчүн ар кандай формага ээ. Чайноо учурунда тамак сиңирүү ферменттеринин көбүрөөк аймакка жайылып, азык менен аралашуусуна алып келет. Тиштер өзүнүн чайноо процессиндеги ролуна жараша аталган: кашка тиштер (орусча резцы) азыкты кесүү же кесектерин үзүп алуу үчүн колдонулат; азуу тиштер жулуп тиштөө үчүн арналган, премолярдык жана түпкүлүктүү тиштер — чайноо жана майдалоо үчүн. Шилекей жана былжыр менен азыкты чайноо жумшак кесектин калыптанышына алып келип, аны жутууга мүмкүндүк жаралат. Шилекейдеги тамак сиңирүүчү ферменттер тиштин арасына тыгылган азык бөлүктөрүн бузуп, тиштин тазалыгын сактоого жардам берет.

Тиштердин аталыштары
Тиштердин аталыштары

Коко

Коко (орусча надгортанник), коко босогосуна бекилген ийкемдүү өөн кемирчекти элестетет. Коко былжыр чел менен капталып, оозду караган тилдик бетинде даам сезүүчү бүртүкчөлөрү бар. Кекиртектин бети кекиртекти карайт. Коко үн бүктөмдөрүнүн ортосундагы үн көзөнөгүнүн босогосун коргоп турат. Негизинен ал дем алуу учурунда өйдө карап турат, ошону менен бирге, анын төмөнкү жагы алкым бөлүгү катары иштейт, жутуу учурунда коко ийилип, горизонталдуураак абалга ээ болуп, жогорку бөлүгү алкым бөлүгү катары иштейт. Мындай ыкма менен ал азыктын трахеяга түшпөөсүн алдын алып, аны артында жайгашкан кызыл өңгөчкө багыттайт. Жутуу учурунда тилдин артка болгон кыймылы коконун үн көзөнөгүн жабууга мажбурлайт, бул жутулуучу азыкты кекиртек аркылуу өпкөгө өтүп кетпөөсүн алдын алат; ошондой эле, бул процесске өбөлгө түзүү үчүн кекиртек өйдө карай тартылат. Жутулган заттар аркылуу кекиртектин стимуляциясы өпкөнү коргоочу катуу жөтөлүү рефлексин чакырат.

Кекиртек

Кекиртек (орусча глотка) дем алуу системасынын өткөрүүчү аймагынын, ошондой эле, тамак сиңирүү системасынын бөлүгү. Мурун көңдөйүнөн кийин эле, ооздун арткы бөлүгүндө, коко менен кызыл өңгөчтүн үстүндө жайгашкан моюндун бөлүгү. Кекиртек үч бөлүктөн турат. Эки төмөнкү бөлүм — ооз кекиртек жана коко — тамак сиңирүү системасында катышат. Кекиртек, коко, кызыл өңгөч менен биригип азык менен абанын өткөргүчү катары кызмат кылат. Аба (кычкылтек) кекиртектин маңдай жагына келет, бирок, жутулган азыктар артыкчылыкка ээ болуп, өтмөк аркылуу өтүүдө аба убактылуу жабылат. Кекиртек, тентиме нервдин (орусча блуждающий нерв) кекиртек чырмалуусу менен иннервацияланат. Кекиртек булчуңдары азыкты кызыл өңгөчкө түртөт. Кекиртек кызыл өңгөч менен оймок сымал кемирчек артында жайгашкан кызыл өңгөчкө кире беришинде биригет.

Кызыл өңгөч

Кызыл өңгөч (орусча пищевод) кекиртектен ашказанган азык өтүүчү булчуң түтүгүнөн турат. Ал көкүрөк клеткасынын арткы орто керегеси аркылуу өтүп, көкүрөк диафрагмасынын көзөнөгү аркылуу (онунчу көкүрөк омурткасынын деңгээлиндеги азык өткөрүүчү көзөнөк, Т10) ашказанга келет. Узундугу орточо 25 см түзүп, адамдын боюнан көз каранды.

Тынч абалда кызыл өңгөч төмөнкү жана жогорку кызыл өңгөч сфинктерлери менен жабык абалда болот. Жогорку сфинктердин ачылууcу жутуу рефлекси менен чакырылат, мунун эсебинен мындан азык өтөт. Ошондой эле, сфинктер суюктуктун кызыл өңгөчтөн кекиртекке артка чыгуусун алдын алат. Кызыл өңгөч дагы былжыр челге ээ, ал эми коргоо функциясын аткарган эпителий кызыл өңгөчкө келип туруучу азыктын көлөмүнүн эсебинен дайыма алмашып турат. Жутуу учурунда азык ооздон кекиртек аркылуу кызыл өңгөчкө түшөт. Коко горизонталдуураак абалга ийилип, азыкты (трахеядан эмес) кызыл өңгөчкө багыттайт.

Азык кесеги кызыл өңгөчкө түшүү менен ал жактан перистальтика аталган булчуңдардын римтдүү жыйрылып жана бошоосу (толкундуу кыймыл) аркылуу ашказанга барат. Төмөнкү кызыл өңгөчтүк сфинктер, кызыл өңгөчтүн төмөнкү бөлүгүн курчаган булчуңдуу сфинктерди элестетет. Кызыл өңгөч менен ашказандын ортосундагы ашказан-кызыл өңгөчтүк өтмөк төмөнкү кызыл өңгөчтүк сфинктер менен көзөмөлдөнүп, ал (сфинктер) жутуу жана кусуу учурунан тышкары, ашказандагы заттардын кызыл өңгөчкө өтүп кетпөөсү үчүн дайыма кууш бойдон (жабык) турат. Кызыл өңгөчтө ашказандын кислотасы сыяктуу суюктуктардан коргоосу жок болгондуктан, бул сфинктердин ишинин каалаган бузулуусу зарына же көкүрөктүн кыжылдоосуна (орусча изжога) алып келет.

Диафрагма

Диафрагма (боор эт) адамдын тамак сиңирүү системасынын маанилүү бөлүгү саналат. Булчуңдуу диафрагма көкүрөк көңдөйүн тамак сиңирүү органдарынын көпчүлүгү жайгашкан курсак көңдөйүнөн бөлүп турат. Илип туруучу булчуң эт, чыгуучу он эки эли ичегини диафрагмага бекитет. Бул булчуң эт тамак сиңирүү системасына көмөктөшөт деп саналат, анткени, анын бекилиши он эки эли-бош ичегилик бүктөлүүгө кененирээк бурчту камсыз кылып, иштетилүүчү материалдын оңой өтүүсүн жеңилдетет делет. Ошондой эле, диафрагма боордун жылаңач бөлүгүнө бекилип аны кармап турат. Кызыл өңгөч, курсак көңдөйүнө Т10 деңгээлинде орун алган диафрагма көзөнөгүнөн өтөт.

Ашказан

Ашказан — ичеги-карын жолдорунун жана тамак сиңирүү системасынын маанилүү органы. Бул орган ырааттуу J (джей) сымал формасында келип, жогорку учу кызыл өңгөч жана төмөнкү учу он эки эли ичегинин учу менен кошулган. Ашказанда иштелип чыгуучу ашказан кислотасы (формалдуу эмес аталышы — ашказан ширеси) тамак сиңирүү процессинде маанилүү ролду аткарып, негизинен туз кислотасын жана натрий хлоридин камтыйт. Ашказандын бездеринин G-клеткалары тарабынан иштелип чыгуучу гастрин пептиддик гормону ашказан ширесинин иштелип чыгуусуна түрткү берип, ашказан ширеси тамак сиңирүү ферменттерин активдештирет. Пепсиноген — бул ашказандын негизги клеткалары тарабынан өндүрүлүүчү ферменттин мурдагысы (зимоген), ашказан кислотасы муну пепсин ферментине чейин активдештирет, ал эми пепсин, белокторду иштетет. Бул эки химиялык зат ашказан дубалчасын бузгандыктан, көптөгөн ашказан бездери былжыр бөлүп чыгарып, ал былжырлуу коргоочу катмарды калыптандырат дагы, ашказандын ички катмарларынын бузулуусунан сактайт.

Ошол эле убакта, белок иштетилип жатканда, перистальтиканын эсебинен механикалык аралашуу жүрөт. Бул азык массасынын тамак сиңирүүчү ферменттер менен кошумча аралашуусуна мүмкүндүк берет. Ашказандын былжыр челинин фундалдык бездеринин негизги клеткалары тарабынан секрециялануучу ашказан липазасы, ашказан алдындагы бездин жегич липазасынан айырмаланып кычкыл липазаны элестетет. Ал кайсы бир деңгээлде майларды бөлүктөргө ажыратат, бирок, ашказан алдындагы бездин (уйку бездин) липазасындай эффективдүү эмес.

Дарбазачы, ашказандын эң төмөнкү бөлүмү, ал пилориялык канал аркылуу он эки эли ичегиге бекилет, өзүнө тамак сиңирүүчү ферменттерди секрециялоочу көп сандаган бездерди камтыйт, анын ичинде гастринди дагы. Ашказанга азык түшкөндөн бир-эки саат өткөндөн кийин коюуу жарым суюк болгон суюктук химус калыптанат. Пилори сфинктери же клапаны ачылганда химус он эки эли ичегиге түшөт, мында ал ашказан алдындагы бездин тамак сиңирүүчү ферменттери менен аралашып, масса ичке ичеги аркылуу жылат дагы тамак сиңирүү уланат.

Ашказан түбүндөгү париеталдык клеткалар ички фактор аталган гликопротеинди иштеп чыгат, бул зат B12 витаминин сиңирүүгө зарыл. Шилекей бездери тарабынан секрециялануучу (транскобаламин I, ошондой эле, гаптокоррин аталышында) гликопротеин менен капталган B12 витамини (кобаламин) ашказанга келип, ашказан кислотасына сезимтал келген витамин эрип кетүү коркунучунан тоскоолдуксуз өтөт. Нейтралдуу келген он эки эли ичегиге түшкөндө ашказан алдындагы бездердин ферменттери B12 витамининин коргогон гликопротеинди бузат. Эркиндикке чыккан витамин ички фактор менен байланышып, андан соң жамбаш ичегинин (орусча подвздошный) энтероциттери менен сиңирилет.

Ашказан чоюлчаак орган, жана негизинен бир литрдин айланасындагы азыкты батыруу үчүн кеңейе алат. Мындай кеңейүү ашказандын ички дубалдарындагы бир катар бүктөмдөр аркылуу камсыздалат. Жаңы төрөлгөн наристенин ашказаны 30 мл айланасындагы азыкты кармап туруу үчүн кеңейе алат.

Көк боор

Көк боор (орусча селезёнка) — организмдеги ири лимфоиддик орган болуп саналат, бирок, мунун башка функциялары дагы бар. Ал керектелген кызыл жана ак кан денечелерин бузат. Буга байланыштуу муну кээде «эритроциттер мүрзөсү» деп дагы аташат. Мындай тамак сиңирүүнүн өндүрүмү катары билирубин пигменти саналат, ал боорго барып, өт менен секрецияланат. Башка өндүрүмү — чучук мээде кандын жаңы клеткаларын калыптандыруудагы темир саналат. Медицина көк боорду бир гана лимфа системасынын бөлүгү катары карашат, бирок, анын маанилүү функцияларынын бардык спектри дагы деле изилдене элегин таанышат.

Боор

Негизги макала: Боор

Боор чоңдугу боюнча экинчи орундагы орган (териден кийин) жана организмдеги зат алмашууда (метаболизм) роль ойногон тамак сиңирүүгө көмөкчү без. Боорду тамак сиңирүүдөгү эң чоң без деп дагы аташат. Боордун функциялары көп, алардын айрымдары тамак сиңирүү үчүн маанилүү. Түрдүү метаболиттерди детоксикациялай алат; тамак сиңирүү үчүн зарыл болгон белокторду синтездеп, биохимиялык заттарды өндүрөт. Глюкозадан (гликогенез) калыптана алган гликогендин сакталышын тууралайт. Ошондой эле, боор белгилүү бир амин кислоталарынан глюкозаны синтездей алат. Органдын тамак сиңирүүдөгү функциялары кыйла деңгээлде углеводдорду бөлүктөргө ажыратуу менен байланышкан. Белоктун синтезделишинде жана бөлүнүүсүндө метаболизмди колдойт. Липиддик алмашууда холестеринди синтездейт. Майлар дагы липогенез процессинде иштелип чыгат. Боор липопротеиндердин негизги бөлүгүн синтездейт.

Денедеги жайгашуусу: курсактын жогорку оң квадрантында жана диафрагма алдында орун алып, бир бөлүгү, тагыраак айтканда, жылаңач бөлүгү менен диафрагмага бекилген. Ашказандын оң жагында жайгашып, өттү жаап турат. Майларды сиңирүүгө түрткү берген өт кислоталарын жана лецитинди синтездейт.

Өт (суюктук)

Боор тарабынан иштелип чыгуучу өт (орусча желчь, өт органы же өт баштыкчасы [орусча желчный пузырь] менен алмаштырбайлы) суудан (97%), өт туздарынан, былжырдан, пигменттерден, 1%ы майлардан жана органикалык эмес туздардан турат. Билирубин анын негизги пигменти болуп саналат. Өт беттик-активдүү зат катары жарым-жартылай иштеп, эки суюктук же катуу тело менен суюктуктун ортосунда беттик тартылууну төмөндөтүп, химустагы майларды эмульгациялоого жардам берет. Азык майы, өттүн таасири алдында мицелла аталган майда бөлүктөргө ажырайт. Мицеллаларга ажыроо, уйку бездин липаза ферментинин иштөөсү үчүн чоңураак аянтты түзөт. Липаза триглицериддерди сиңирип, алар май кислоталары жана моноглицериддерге ажырайт. Андан соң алар ичегинин дубалындагы бүртүкчөлөр менен сиңирилет. Эгер майлар мындай ыкма менен ичке ичегиде сиңирилбесе, кийин майларды сиңире албаган жоон ичегиде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өт азыктан K витаминин сиңирүүгө жардам берет. Өт жалпы боордук өтмөктө чогулуп, ошол эле жактан чыгарылат. Бул өтмөк баштыктуу өтмөк менен биригип, өт баштыкчасы менен жалпы өт өтмөгүн калыптандырат. Өт, өт баштыкчасында сакталып, он эки эли ичегиге азык түшкөндө чыгат, ошодой эле, бир нече саатан кийин дагы.

Өт баштыкчасы

Өт баштыкчасы (орусча желчный пузырь) — боордун астында жайгашкан өт чыгаруучу жолдордун көңдөйлүү бөлүгү, ал эми өт баштыкчасынын денеси анча чоң эмес чуңкурчада орун алган. Бул боор тарабынан иштелип чыгуучу өттүн ичке ичегиге түшөөр алдында сакталып туруучу органы. Өт боордон өт жолдору аркылуу өт баштыкчасына сакталуу үчүн агып турат. Ал он эки эли ичегиден бөлүнүүчү холецистокинин, пептиддик гормонго жооп катары бөлүнүп чыгат. Холецистокинин (он эки эли ичегинин эндокриндик клеткалары тарабынан) өндүрүлүшү он эки эли ичегиде майдын болуусу менен стимулданат.

Өт баштыкчасы үч бөлүмгө бөлүнгөн: түбү, денеси жана моюнчасы. Моюнчасы ичкерип отуруп өт чыгаруучу жолдор менен баштыкча өтмөгү аркылуу бириктирилген, андан кийин жалпы боордук өтмөк менен биригип, жалпы өт өтмөгүн же жолдорун калыптандырат. Бул кошулмада Гартман баштыгы аталган былжыр челдин бүктөмү бар, мында негизинен өт баштыгындагы таштар кептелип калат. Мунун денечесинин булчуң катмары жылмакай булчуң тканынан туруп, жыйрылуусуна жардам берет, өз кезегинде мындай кыймыл өт баштыкчасынын өтүн, өт жолдоруна чыгарат. Өт баштыкчасы дайыма өттүн табигый, жарым суюк формасында сактап туруусу зарыл. Өт баштыкчасынын ички катмары тарабынан бөлүнүп чыгуучу суутек иондору өттүн жетишээрлик кычкылдуулугун сактап, анын катып калуусун алдын алат. Өттү суюлтуу үчүн тамак сиңирүү системасынан суу жана электролиттер кошулуп турат. Мындан тышкары, туздар өттөгү холестерин молекулаларына жабышып, анын кристаллдашуусун алдын алат. Эгер өттө холестерин же билирубин көп болсо, же өт баштыкчасы өзүнүн иштөөсүндө туура бошобосо, системалар иштен чыгышы мүмкүн. Кальцийдин анча чоң эмес кесеги холестерин же билирубин менен капталганда, ал эми өт кристаллдашканда, өт ташы калыптанат. Өт баштыкчасынын башкы максаты — өттү сактоо жана аны бөлүп чыгаруу. Тамак сиңирүүгө көмөктөшүү үчүн майлардын чоңураак молекулаларын, майда молекулаларга ажыратуу жолу менен өт ичке ичегиге бөлүнүп чыгат. Майлар сиңирилгенден кийин өт дагы сиңирилип, кайтадан колдонуу үчүн кайрадан боорго транспорттолот.

Ашказан алдындагы без

Ашказан алдындагы без же уйку без (орусча поджелудочная железа) — тамак сиңирүү системасындагы жардамчы тамак сиңирүүчү бездин функциясын аткарган негизги орган. Уйку без, бир эле убакта эндокриндик жана экзокриндик без боло алат. Эндокриндик бөлүгү кандагы канттын деңгээли жогорулаганда инсулинди бөлүп чыгарат; инсулин кандагы глюкозаны энергия катары колдонуу үчүн булчуңдарга жана башка ткандарга жумшайт. Кандагы канттын деңгээли төмөн болгондо эндокриндик бөлүк глюкагонду бөлүп чыгарат; глюкагон кандагы канттын деңгээлин теңсалмактоо үчүн боор тарабынан топтолгон кантты глюкозага ажыратууга мүмкүндүк берет. Уйку без панкреатиттик шире түрүндөгү маанилүү тамак сиңирүүчү ферменттерди иштеп чыгып, ал он эки эли ичегиге жеткирилет. Уйку без ашказандан төмөнүрөөк (ушундан улам ашказан алдындагы без деп дагы аталат) жана арт жагында жайгашкан. Ал он эки эли ичеги менен уйку без өтмөгү аркылуу кошулуп, он эки эли ичеги өз кезегинде өт өтмөгүнүн жери менен биригип, мында өт дагы, уйку бездин ширеси да ашказандан он эки эли ичегиге бөлүнүп чыккан химуска таасир эте алат. Уйку бездин өтмөк клеткаларынан чыккан суу секрециясы бикарбонат иондорун камтып, алар жегичтүү келет жана өткө ашказан иштеп чыккан кычкыл химусту нейтралдаштырууга жардам берет.

Уйку без майларды жана белокторду сиңирүү үчүн ферменттердин негизги булагы болуп саналат. Ферменттердин айрымдары он эки эли ичегидеги холецистокининдин иштелип чыгышына жооп катары бөлүнөт (жана тескерисинче, полисахариддерди сиңирүүчү ферменттер негизинен ичеги дубалчалары тарабынан өндүрүлөт). Уйку бездин клеткалары тамак сиңирүүчү ферменттердин муруңкуларын камтыган секрециялык бүртүкчөлөр менен толтурулган. Ашказан алдындагы бездин белокторго таасир эткен негизги протеазалары жана ферментери катары трипсиноген жана химотрипсиноген саналат. Ошондой эле, эластаза дагы иштелип чыгат. Липаза жана амилаза аз санда секрецияланат. Уйку без A2 фосфолипазасын, лизофосфолипаза жана холестеринэстеразды дагы секрециялайт. Муруңку зимогендер ферменттердин активдүү эмес варианттарын элестетет; а бул өзүн-өзү деградациялоо менен чакырылган панкреатитти алдын алууга мүмкүндүк берет. Ичегинин былжыр челинде болгон энтеропептидаза ферменти ичегиге түшөөрү менен трипсиногенди активдештирет дагы, аны бөлүктөргө ажыратып трипсинди калыптандырат; андан аркы ажыратуу химотрипсиндин калыптануусуна алып келет.

Ичеги-карын жолдорунун төмөнкү бөлүмү

Ичеги-карын жолдорунун (ИКЖ) төмөнкү бөлүмү өзүнө ичке ичегини жана бүткүл жоон ичегини камтыйт. Ичеги-карын жолдорунун төмөнкү бөлүмү ашказандын полирикалык сфинктеринен башталып арткы өтмөк менен аяктайт. Ичке ичеги он эки эли ичегиге жана жамбаш ичегиге бөлүнөт. Сокур ичеги (орусча слепая кишка) ичке ичеги менен жоон ичегинин бөлүнүүсүн белгилейт. Жоон ичеги өзүнө түз ичегини жана аналдык каналды камтыйт.

Ичке ичеги

Тамактангандан кийин бир саат өткөндө жарым-жартылай сиңирилген азык жарым суюк химус түрүндө ичке ичегиге түшөт. Ашказандын жарымы орточо 1,2 сааттан кийин бошойт. Төрт-беш сааттан кийин ашказан толук бошойт.

Ичке ичегиде чечүүчү мааниге pH ээ боло баштайт; ал тамак сиңирүүчү ферменттерди активдештирүү үчүн кылдат теңсалмактанган болуусу керек. Химустун pH деңгээли төмөн болуп, өтө кычкыл келип, ашказандан чыгат, жана аны жегичтүүрөөк кылуу зарыл. Он эки эли ичегиде бул нерсе ага өт баштыкчасынан өттү жана уйку без өтмөктөрүнөн бикарбонаттык секрецияларды, ошондой эле, он эки эли ичегинин бездеринен чыккан Бруннер бездери аталган бикарбонаттарга бай былжыр секрецияларын кошуу менен ишке ашырылат. Химус болсо ичегиге ашказандын пилорикалык сфинктер көзөнөгүнөн чыккандан кийин түшөт. Калыптануучу жегичтүү суюктук аралашмасы ичегинин былжыр челине зыян келтирүүчү ашказан кислотасын нейтралдаштырат. Былжырлуу компонент ичегинин дубалдарын майлайт.

Иштетилген азык бөлүкчөлөрү өлчөмү жана курамы боюнча жетишээрлик деңгээлге жеткенде, алар ичегинин дубалдары аркылуу сиңирилип, кан агымына өтө алат. Мындай азык химусун батыруучу биринчи жайы катары он эки эли ичегинин башы болот. Бул жерден ал ичке ичегинин үч бөлүмүнүн биринчиси он эки эли ичегиге өтөт (кийинки бөлүм — эң ичке ичеги же бош ичеги, арык ичеги деп дагы айтылат [орусча тощая кишка], үчүнчүсү — жамбаш ичеги). Он эки эли ичеги — ичке ичегинин биринчи жана эң кыска бөлүмү. Бул ашказан менен арык ичегини бириктирген муундуу С сымал формасындагы көңдөй түтүкчө. Он эки эли ичегинин башынан башталып ошол эле ичегини кармап туруучу булчуң менен аяктайт. Кармап туруучу булчуңдун диафграмага да биригип турушу бекилишинин кененирээк бурчунан улам азыктын өтүүсүн жакшыртат деп эсептелет.

Азыктын иштетилишинин көпчүлүк бөлүгү ичке ичегиде жүрөт. Сегменталдык жыйрылуулар ичке ичегидеги химустун жай жылуусуна жана аралашуусуна көмөк болуп, организмге сиңирилишине көбүрөөк убакыт берет (азыктардын сиңирилиши андан ары жоон ичегиде уланат). Он эки эли ичегидеги панкреатиттик липаза майлардын андар ары иштетилиши үчүн химуста камтылган кофермент колипаза менен кошо секрецияланат. Мындай бөлүнүүнүн натыйжасында хиломикрон аталган майлардын майдараак бөлүктөрү калыптанат. Ичегиге төшөмчү болгон энтероцит аталган тамак сиңирүүчү клеткалар дагы бар, булардын көбүнчөсү ичке ичегиде орун алган. Булар өзгөчө клеткалар, анткени, алардын бетинде атайын бүртүкчөлөр болуп, өз учурунда көп сандаган микротүктөрдү камтыйт. Бул түктөр көбүрөөк аянтта химустун сиңирилишин гана камсыз кылбастан, анын микротүктөрдө болгон көп сандаган тамак сиңирүүчү ферменттер менен андан аркы иштетилишине шарт түзөт.

Хиломикрондор, энтероциттердин түктөрү аркылуу «сүттүү» аталган лимфалык капиллярга өтүү үчүн жетишээрлик кичинекей келет. Негизинен эмулгацияланган майлардан турган хилус аталган сүттүү суюктук, сүтүү бездердеги лимфа менен абсорбцияланган аралашманын натыйжасында калыптанат. Андан соң хилус лимфа системасы аркылуу дененин башка бөлүктөрүнө транспорттолот.

Илип туруучу булчуң эт он эки эли ичегинин аягын белгилеп, ичеги-карын жолдорунун жогорку бөлүмүн төмөнкүсүнөн бөлүп турат. Тамак сиңирүү жолдору арык ичеги жана жамбаш менен уланат. Арык же бош ичеги ичке ичегинин ортоңку бөлүгү, өзүнө шакектүү бүктөмдөрдү, экиге бөлүнгөн былжыр челдин кесиндилерин камтып, алар жарым-жартылай, кээде толугу менен ичеги көрүнүшүн (орусча просвет) курчайт. Бүктөмдөр түктөр менен кошо кан агымына иштетилген канттарды, амин жана май кислоталарын көбүрөөк сиңирилишин камсыз кылып, арык ичегинин аянтын көбөйтөт. Тегерек бүктөмдөр азык заттардын сиңирилишине көбүрөөк убакыт берип азыктын ичегиден өтүшүн жайлатат.

Ичке ичегинин акыркы бөлүмү — жамбаш ичеги. Бул дагы түкчөлөрдү жана B12 витаминин камтыйт; Мында өт кислоталары жана сиңимдүү азыктын калдыктары сиңирилет. Качан химуста сиңимдүү заттар түгөнгөндө, калган калдыктар фекалий аталган жарым катуу заттарга айланат да, булар жоон ичегиге түшөт. Мында ичеги флорасындагы бактериялар калдыктуу белокторду жана крахмалдарды бөлүктөргө ажыратат.

Ичке ичегидеги азыктын жүрүү убактысы орточо 4 саатты түзөт. Тамак калдыктарынын жарымы ичке ичегиде орточо тамактангандан кийин 5,4 саатта чыгат. Ичке ичегинин бошоо процесси орточо 8,6 саатта аяктайт.

Сокур ичеги

Сокур ичеги, ичке ичеги менен жоон ичегинин чек арасын белгилөөчү баштыкчаны элестетет. Курсактын төмөнкү оң жак квадрантында, илеоцекалдык клапандан төмөн орун алган. Сокур ичеги химусту ичке ичегинин, жамбаш ичегинин акыркы бөлүгүнөн алып, өзү жоон ичегинин башталгыч алкагы менен биригет. Бириккен жерде сфинтер же клапан орун алган, илеоцекалдык клапан жамбаш ичегидеги химустун жылышын жайлатып, андан аркы тамак сиңирүүнү камсыздайт.

Жоон ичеги

Жоон ичегидеги иштетилген азыктын жылышы алда-канча жайыраак жүрөт: дефекация аркылуу анын сыртка чыгарылышына 30дан 40 саатка чейин убакыт талап кылынат. Жоон ичеги негизинен иштетилүүчү заттардын ичеги флорасы тарабынан ферментациялануучу жер катары кызмат кылат. Керектелүүчү убакыт ар адамда ар башка болуп, кыйла айырмаланат. Калган жарым катуу калдыктар заң аталып, ичеги дубалдарынын перистальтика аталган координацияланган жыйрылууларынын эсебинен тышка чыгарылат (дефекация). Заң массалары адамдын физиологиясы жана ден-соолугунун абалына жараша түрдүү формаларда калыптанат (Заңдын формасынын Бристоль шкаласы). Ичеги-карын жолдорунун көпчүлүк бөлүгү күкүрттүү катмар менен капталып, кирич чел бүгүлүшүнө (орусча брыжейка) ээ.

Кан тамырлар

Тамак сиңирүү системасы курсак артериясы аркылуу кан менен камсыздалат. Курсак артериясы карын аортасынын биринчи ири бутагы жана тамак сиңирүү органдарын азыктандырган жалгыз ири артериясы болуп саналат.

Үч негизги бөлүмдү белгилешет — сол ашказандык артерия, жалпы боордук артерия жана көк боордук артерия.

Курсак артериясы кычкылтекке бай кан менен боорду, ашказанды, көк боорду, он эки эли ичегинин жогорку үчтөн бир бөлүгүн (Одди сфинктерине чейин) жана уйку безди камсыздайт. Кандын көпчүлүк бөлүгү кайра иштетүү жана детоксикациялануу үчүн капка веналар системасы аркылуу боорго кайтып келет, андан соң боор веналары аркылуу кан айлануунун чоң айлпампасына кайтат (Кан айлануу системасы).

Курсак аортасынын кийинки бутагы жогорку кирич чел бүгүлүшү саналат, ал ортончу ичегиден чыккан тамак сиңирүү жолдорунун бөлүмдөрүн кан менен камсыздайт, анын ичинде он эки эли ичегинин 2/3 дисталдыктары, арык ичеги, жамбаш ичеги, сокур ичеги, аппендикс, чыгуучу алкактык ичеги жана туурасынан кеткен алкактык ичегинин 2/3 проксималдуулуктары.

Адамдын тамак сиңирүү органдарынын кан менен камсыздоонун акыркы бутагы — төмөнкү кирич чел бүгүлүшү. Ал тамак сиңирүү жолдорунун арткы ичегиден чыккан аймактарын кан менен камсыздайт. Анын ичинде: туурасынан кеткен алкактуу ичегинин 1/3 дисталдыгы, төмөн чыгуучу алкактуу ичеги, сигма сымал ичеги, түз ичеги жана кыр-жондуу сызыктан жогорку анус.

Тамак сиңирүү жолдоруна кандын келиши тамак ичкенден 20-40 мүнөт өткөндөн кийин максимумга жетип, 1,5—2 саат сакталат.

Нерв системалары

Негизги макала: Нерв системасы

Негизинен, адамдын тамак сиңирүүсүнүн борбору жүлүн мээде жайгашып, көбүнчө маалыматтар ошол жактан иштетилет. Нервтер болсо маалыматтарды жүлүн мээге жеткирет. Энтералдык (ичеги-карындык) нерв системасы кызыл өңгөчтөн башталып арткы өтмөккө чейин созулган ички бетти каптап турган киричке (кирич — курсак көңдөйүн ички беттерин жана көпчүлүк ички органдардын дубалдарын каптаган жука жана жарым тунук келген күкүрттүү катмар) кошулган болжолдуу жүз миллион нейрондордон турат. Бул нейрондор эки чырмалышка чогулган — биринчиси узатасынан жана жылмакай булчуң катмарларынын ортосунда жайгашкан миентерикалык (же Ауэрбахов) чырмалыш жана экинчиси циркулярдык жылмакай булчуңдуу катмар менен былжыр челдин ортосундагы, былжыр чел астындагы чырмалыш (же Мейснеров чырмалышы).

Алкактык ичегинин чыгуучу бөлүгүнүн парасимпаттык иннервациясын адашма (тентиме) нерв камсыз кылат. Симпаттык иннервацияны курсак ганглийлерине кошулуучу ички алып жүрүүчү нервтер камсыз кылат. Тамак сиңирүү жолдорунун бул чоң бөлүгү эки чоң курсак ганглийлер менен иннервацияланат, ошону менен бирге, ар бир ганглийдин жогорку бөлүгү чоң курсак нерви менен кошулган, төмөнкү бөлүгү — кичи курсак нерви менен. Дал ушул ганглийлерден көптөгөн ашказан чырмалыштары чыгат.

Эмбрионалдык өнүгүү

Эмбрионалдык өнүгүүнүн эрте баскычтарында эмбрион үч түйүлдүк жалбыракчасынан туруп, өт баштыкчасына биригет. Өнүгүүнүн экинчи жумасында эмбрион өсүп, өт баштыкчасын курчап, бул органдын бөлүгүн кучагына алат. Кабыктык бөлүктөр бойго жеткен адамдын ичеги-карын жолдорунун негизин түзөт. Бул ичегинин маңдайкы бөлүмдөрү кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилер сыяктуу ичеги-карын жолдорунун органдарына дифференциацияланат.

Өнүгүүнүн төртүнчү жумасында ашказан айлануу кыймылында болот. Башында эмбриондун ортоңку сызыгында жаткан ашказан көңтөрүлүп, анын денеси сол жакта болуп калат. Мындай буралуу түздөн-түз ашказан алдында орун алган ичеги-карын жолдорунун бөлүгүн козгойт, кийин бул он эки эли ичегиге айланат. Төртүнчү жуманын аягына жакын өнүгүп келе жаткан он эки эли ичегинин оң жагында анча чоң эмес дөмпөк чыгат, муну боордук дивертикул дейбиз, кийин ал өт дарагына айланат. Кичине төмөнүрөөк жагында кистоздук дивертикул аталган экинчи дөмпөк орун алган, убакыттын өтүшү менен ал өт баштыкчасына өнүгөт.

Клиникалык мааниси

Тамак сиңирүү органдарынын ар бир бөлүгү кеңири спекрдагы ооруларга чалдыгат, алардын көпчүлүгү тубаса болушу мүмкүн. Булар тамак сиңирүү системасынын оорулары болот. Ооз көңдөйүнүн оорулары, оору алып келүүчү бактериялар, вирустар, грибоктор жана айрым дарылардын кыйыр таасирлери тарабынан пайда болушу мүмкүн. Ооз көңдөйүнүн ооруларына тилдин, тиштин, бүйлөнүн жана шилекей бездеринин, ошондой эле, оозу көңдөйүнө өтүп кетүүчү тамак оорулары таандык. Бүйлөө же тиш этинин кеңири таралган оорусу гингивит саналат, бул ооруну тиштин каптамдарындагы (орусча налёт) бактериялар чакырат. Көп жайылган ооз көңдөйүнүн вирустук инфекциясы гингивостоматит саналып, жөнөкөй герпестин айынан жаралат. Көп тараган грибоктук оору болсо — кандидоз, ошондой эле, орусча молочница деп дагы айтышат, мында ооз көңдөйүнүн былжыр челдери жабыркайт. Мындай оорулардын алдын алуу үчүн ооздун жана тиштердин гигиенасын сактоо маанилүү.

Кызыл өңгөчтүн Шацки шакеги сыяктуу бир катар оорулары да бар, мындайда жутуу процесси татаалдап, азыктын өтүмдүүлүгүн чектейт. Айрымдары кызыл өңгөчтү толугу менен бүтөп салышы мүмкүн.

Ашказан оорулары көп учурда өнөкөт абалда болуп, өзүнө гастропарез, гастрит жана пептиддик жараларды камтыйт (караңыз: Ашказан оорулары).

Бир катар көйгөйлөр, анын ичинде, чала тамактануу, анемия мальабсорбциянын (ичеги-карын жолдорундагы азык заттарды аномалдуу сиңирүү) айынан пайда болушу мүмкүн. Мальабсорбциянын себептери көп: инфекциядан баштап ферменттердин жетишсиздигине чейин, мисалы, уйку бездин экзокриндик жетишсиздиги. Ошондой эле, бул нерсе башка ичеги-карын ооруларынын натыйжасында жаралышы ыктымал, мисалы, целиакия. Целиакия — ичке ичегинин аутоиммундук оорусу. Ичке ичегидеги азыктардын туура эмес сиңирилишинин айынан оору витаминдердин жетишсиздигин чакыры мүмкүн. Ичке ичеги түйүлүп (ичеги илмеги) калуудан бүтөлүп калышы да ыктымал. Мындай учурда ичеги буралып, ага бекилген кирич чел бүгүлүшүн да ала жатат. Эгер абал өтө оор болгон учурларда мезентериалдык ишемияга өтүп кетиши мүмкүн.

Ичегинин кеңири жайылган ооруларына дивертикулит кирет. Дивертикулиттер — бул ичегинин дубалдарынын ичинде калыптануучу анча чоң эмес баштыкчалар, алар сезгенип, дивертикулитти чакырат. Бул оору татаалдашууга ээ болушу мүмкүн, эгер сезгенген дивертикул жарылып кетсе, инфекция чыгат. Ал эми каалган инфекция курсактын былжыр челине жайылып, потенциялдуу өлүмгө алып келүүчү перитонитти чакырышы мүмкүн.

Крон оорусу — көп кездешкен ичегинин сезгенүүчү өнөкөт оорусу, ал ичеги-карын жолдорунун каалган бөлүгүн жабыркатышы мүмкүн, бирок, көбүнчө жамбаш ичегинин терминалдык бөлүмүндө башталат.

Жаралуу колит, колиттин жаралуу формасы, ичегинин дагы бир олуттуу сезгенүүчү ооруларынын бири, жоон ичеги жана түз ичеги менен чектелет. Бул айтылган эки ичегинин сезгенүүчү оорулары (ИСО) колоректалдык рак оорусунун өнүгүү тобокелин жогорулатышы мүмкүн. Жаралуу колит ичегинин сезгенүү ооруларынын көбүрөөк жайылганы деп саналат.

Сезгенген ичеги синдрому (СИС) — ичеги-карын жолдорунун көп жайылган функционалдык бузулуулары. Бул Римдик процесстин аныктаныкталышына жардам берген идиопаттык бузулуулар.

Мындан тышкары, баарына белгилүү диарея (ичтин өтүшү) же ичтин катышы, боор ооруларынын белгилери да тамак сиңирүү органдарына таасирин тийгизет.

Лямблиоз — Giardia lamblia протист мителери тарабынан козголуучу ичке ичегинин оорусу. Бул оору жайылбайт, бирок, ичке ичеги жолдорун чектейт. Көп учурда белгисиз өтөт, бирок, көбүн эсе бул ооруга башка белгилер көрсөтмө берет. Лямблиоз — адамдын көп кездешкен патогендүү мителик инфекциясы.

Ичени-карын жолдорунун ооруларын изилдеген аспаптар да бар, негизинен барий сульфатын кабыл алуу менен диагностикалоо. Ичеги-карын жолдорунун жогорку бөлүмдөрүн визуалдаштырууга мүмкүндүк берген түрү, негизинен, алкым, кекиртек, кызыл өңгөч, ашказан жана ичке ичеги, ошондой эле, ичеги-карын жолдорунун төмөнкү бөлүмдөрүнө арналган түрү, негизинен, жоон ичегини изилдейт.

Боюнда болуу кезинде

Боюнда болуу белгилүү бир тамак сиңирүүнүн бузулууларына жакындатышы мүмкүн. Гестациондук диабет боюнда болуу кезинде энеде өнүгүп кетиши ыктымал, көп учурда белгилерсиз өткөнү менен, преэклампсияга алып келиши да ыктымал.

Тарыхы

XI кылымдын башында мусулман медик-философ Ибн Сина (Авиценна) көптөгөн темаларга макалаларын жазган, анын ичинде медицинага дагы. Мындай медициналык трактаттардын кырктайы сакталып калган, анын ичинде белгилүү болгон «Медицина канонунда» ал адамдын тамак сиңирүү органдарында пайда болгон газдарды талкуулаган. Авиценна тамак сиңирүү системасынын дисфункциясы ичеги-карын жолдорундагы газдардын ашыкча өндүрүлүүсүнүн себеби деп санаган. Ал жашоо образын өзгөртүп, дарылоо үчүн дары-дармектерди колдонууну сунуштаган.

1497-жылы Алессандро Бенедетти ашказанды диафрагма менен бөлүнгөн таза эмес орган катары карачу. Негизги орган катары ашказанга жана ичегиге болгон мындай көз караш XVII кылымдын ортосуна чейин сакталган.

XVI кылымдагы Кайра жаралуу доорунда, Леонардо да Винчи ашказандын жана ичегинин бир нече эрте сүрөттөрүн түзгөн. Ал, тамак сиңирүү системасы дем алуу системасына жардам берет деп саначу. Андреас Везалий XVI кылымда курсак көңдөйүнүн органдарынын эрте анатомиялык сүрөттөрүн берген.

XVII кылымдын жарымында фламандык врач Ян Баптист ван Гельмонт тамак сиңирүүнүн биринчи химиялык баяндалышын сунуштаган, кийинчерээк бул баяндама алда канча убакыттан кийин концептуалдаштырылган ферментке өтө жакын деп баяндалган.

1653-жылы Уильям Гарвей ичегини, анын узундугу, кан менен камсыздалышы, кирич чел бүгүшү жана майлары (аденилатциклаз) жаатында баяндаган.

1823-жылы Уильям Праут ашказан суюктугунда туз кислотасын тапкан. 1895-жылы Иван Павлов анын нерврологиялык рефлекс тарабынан стимулдашып секрецияланат деп баяндаган, ошону менен бирге мында чечүүчү ролду адашма (тентиме) нерв ойнойт делет. 1916-жылы Эдвард Попельски гистаминди ашказандын туз кислотасынын секрециясынын стимулятору катары баяндаган.

Аскер хирургу Уильям Бомонт (англисче William Beaumont) 1825-жылы ашказандагы болуп жаткан тамак сиңирүүнү байкаган. Ал ашказанына жаракат алган адамдын жарааты толугу менен айыкпай, ашказаны көзөнөктүү болуп калып, ушул себептен анын иштөөсүн байкоого жакшы мүмкүндүк түзүлгөн.

XIX кылымда тамак сиңирүү процессинде химиялык процесстер катышат деп саналчу. Секреция жана ичеги-карын жолдорунун физиологиялык изилдөөлөрү Клод Бернард, Рудольф Гейденгайн, Иван Павлодордун эксперименттери менен жүргүзүлгөн.

XX кылымдын калган бөлүгү ферменттерди изилдөөгө арналган. Биринчилерден болуп 1902-жылы Эрнест Старлинг тарабынан секретин ачылган, андан кийин 1905-жылы Джон Эткинстин эмгегинин жыйынтыктары чыгып, биринчи жолу гастринди сунуштаган, анын түзүмү 1964-жылы гана аныкталган. Андре Латарже жана Лестер Драгстедт тамак сиңирүү системасындагы ацетилхолиндин ролун табышкан. 1972-жылы Дж. Блэк тарабынан гистаминдин аракетин бөгөттөгөн жана туз кислотасынын иштелип чыгышын төмөндөткөн Н2-рецепторлорунун агонисттери баяндалган. 1980-жылы Юлиус фон Сакс протондук помпанын ингибиторлорун баяндаган. 1983-жылы Хеликобактер пилоринин (латынча Helicobacter pylori) жараларды калыптандыруудагы ролун Барри Маршалл жана Робин Уоррен баяндаган.

Байыркы жер ортолук деңиз коомдорунун иконографиялык жазууларында дээрлик дайыма сол капталында жатып алып тамактангандай сезилет деп искусство тарыхчылары белгилешет. Мунун бир мүмкүн болуучу себеби, ашказандын анатомиясында жана тамак сиңирүү механизминде болушу мүмкүн. Адам сол капталында жатканда, азык кеңейүүгө мүмкүндүк алат, анткени, бул абалда ашказандын кыйшаюуусу күйчөйт делет. Бирок, бул нерсенин пайдасы же тескерисинче зыяны белгисиз.

Жайгаштыруу: 2017-11-27, Көрүүлөр: 35643, Өзгөртүлгөн: 2024-09-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу