Сезүү органдары адамдар менен жаныбарлардын тышкы дүйнөнү кабылдоосуна мүмкүндүк түзөт. Көз көрөт, кулак угат. Мурун ар кандай жытты, тил даамды билет. Тери бир нерсенин тийгенин сезет. Көз кичинекей фотоаппаратка абдан окшош. Күзгүгө карасаңар - силер ар бир көздүн ортосунда кичинекей кара тегеректи көрөсүңөр. Бул карек.
Фотоаппараттын объективи аркылуу өткөндөй каректин өзөгү аркылуу жарыктын шооласы өтөт да, көздүн ички үстү жагына биздин көз алдыбыздагы нерселердин бардыгынын сүрөтү түшөт. Табият көрүү органдарын ар нерседен коргойт. Чекеден аккан терди көзгө жеткирбей калың өскөн каш тосуп калат. Чаңдан - калың кирпик сактайт. Эгерде бир аз чаң кирип кетсе көздүн жапкыч жаргагы ирмелип аны сыртка шилеп чыгарат.
Көздүн ичи нымдуу болот, ал ирмелген сайын автомобилдин айнектерин тазалаган кир тазалагыч сыяктуу көзгө түшкөн чаңдарды жууп кетирип турат. Эгерде кандайдыр коркунуч көзгө жакындаса, ал жөнүндө биз ойлогуча эле көз өзү жумула калат. Кулак менен угабыз. Кулак калкандары баштын эки капталында жайгашып, үндүн кайсы тараптан чыгып жатканын баамдоого ыңгайлашкан. Кулак калканынын ортосунда тешикче бар. Үн ошол тешикче аркылуу кулактын ичине кирет да, туюкка такал ат. Андан ары аны жука, ийилчээк тарсылдак жаргакчасы өткөрбөйт.
Бул жерде термелүү пайда болот да, ортоңку кулакка берилет. Бирок ал да эч нерсе укпайт. Бар болгону андагы үн кенедей сөөкчө - балкача, дөшүчө жана үзөңгүчө добуш күчүнөн термелүүгө дуушар болушат. Өз термелүүсүн алар ички кулактагы суюктукка беришет. Мына ошол суюктук үндөрү кабылдап, мээге жеткирет.
Жытты мурун сезет. Эгер биз бир нерсени жыттагыбыз келсе мурун көңдөйлөрүбүз менен дем тартабыз. Аба мурундун ичине кирип, анын ийри-буйру каналдары аркылуу өтүп. мурундун ички кыртышындагы сезүүчү чекиттерге жыт жөнүндө кабарлайт. Мындан мээге кабар келет. Бирок силер мурун бир эле мезгилде фильтр да, меш да, кароолдук жай да экенин билбешиңер мүмкүн.
Мурундун ичиндеги ийри-буйру каналдарда көптөгөн майда түктөр өскөн. Алар дайыма шамалга ыргалган чөп сымал кыймылда болот да, мурунга аба менен кирген чаңдар ага жабышып калат. Чаң жолду басып өткөндөн кийин мурдуңардын ичин бет аарчы менен аарчып көргүлө. Ага жуккан кара тактардан улам фильтринер өпкөгө жеткирбей канча чаңды кармап калганын түшүнөсүңөр. Ал эми эмне себептен меш деп эсептейбиз? Мурундун ичинин үстү жагы көптөгөн кан тамырлары бар былжырлуу чел менен капталган.
Кан тамырлар аркылуу жылуу кан өтүп турат. Ошондуктан мурундун ичке каналдары ысык болот. Анда абдан муздак аба да заматта жылыйт. Ошентип мурун бизди суук тийүүдөн сактайт. Эми биз мурунду эмне үчүн организмдин кароолдук жайы деп атаганыбызды түшүндүрүп берели. Былжырлуу чел кан тамырларга абдан бай. Ошол себептүү ал көлөмүн өзгөртүп тура алат: кан тамырлар тарыганда былжырлуу чел да кичирейет. Анда мурундун тешиги кеңейет да, адам мурду менен жеңил жана эркин дем алат.
Эгер эртең менен эрте талаага чыгып, токойдо же деңиздин жээгинде турсаңар жеңил дем аласынар. Кээде башкача да болот: кан тамырлар кеңип, былжырлуу чел көп-көндө, мурун бүтөт. Организмге абанын келиши азаят. Бул көбүнчө адам булганыч, сасык жайга киргенде болот. Тил даам сезүү органы болуп эсептелет. Ал сансыз, өтө майда быдырлардан турат, алар оозго түшкөн кычкыл, таттуу же ачуу туздуу нерселерди ылгайт да мээге кабар берет. Тилдин учу айрыкча таттууну тез сезет. Бал муздакка тилдин учун тийгизип көрүп эле даамын дароо аныктоого болот. Тилдин эки капталы кычкыл жана туздуу тамакты, өзөгү ачууну сезет.
Тил да биздин кароолдорубуздун бири. Эгерде кокусунан биз оозго жагымсыз жана эскирген азыкты салсак, тил ошол замат сезет да, биз организмге зыяндуу нерсени түкүрүп таштайбыз. Тери бизди кантип коргоп турарын Тери деген макаладан окусанар болот. Ал биздин бешинчи сезүү органыбызды - туюну башкарып турат. Эгер биздин бул сезүү органыбыз болбосо денебиз түрдүү жара менен күйүккө толмок. Тери колубуз ысык нерсеге тийгенин сезет да, биз колубузду дароо тартып алабыз.