Бактерия (латынча Bacteria, байыркы грекче βακτήριον — «таякча») — прокариоттук организмдердин домени, адамга, деги эле тирүү жандыктарга зыян дагы, пайда дагы алып келүүчү микроорганизмдер. Клеткалары ар кандай формада болушу мүмкүн: шар, таякча жана спираль сымалдууга чейин.
Бактериялар Жердеги жашоо формасынын биринчилери. Көп учурда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн симбионту жана митеси. Учурда (2023), бактериялардын көпчүлүгү дагы деле баяндала элек, жана бактерия бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн жарымы гана лабораторияда өстүрүлүүгө мүмкүндүк бар. Бактерияларды микробиологиянын бөлүмү — бактериология илими изилдейт.
Бир грамм топуракта орточо 40 миллиондой бактерия клеткалары бар, ал эми таза суунун 1 миллилитринде миллион бактерия клеткарын табууга болот. Жердеги бактериялардын саны орточо 5⋅1030 бактерия, булардын биомассасы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн биомассасын кошкондо дагы көптүк кылат.
Азык заттардын айлануусунда маанилүү ролду ойнойт, мисалы, дал ушул бактериялар атмосфералык азотту бекемдейт. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн калдыктарын чиритүү аркылуу заттарга ажыратат. Муздак жана ысык гидротермалдык булактардын жанында жашаган бактериялар күкүрт-суутек жана метан сыяктуу эрибеген кошулмалардан энергия иштеп чыгат. Тереңдиги 11 километрди түзгөн Мариан чуңкурунда бактериялар жашайт деген жоромолдор бар.
Адам микрофлорасын 39 триллион бактерия клеткалары түзөт (адамдын денеси 30 триллиондун айланасындагы клеткалардан турат). Эң эле көптүк кылган ичеги микрофлорасы. Тери дагы көптөгөн бактерияларга толгон. Адам денесинде жашаган бактериялардын көпчүлүгү иммундук системанын коргоосунан улам зыянсыз же пайда дагы алып келет. Ошол эле убакта бир катар бактериялар адам баласы үчүн патогендүү. Холера, сифилис, сибирь жарасы, пес жана бубон тумоосу (орусча бубонная чума) оорулары бактериялардан пайда болот. Өлүмдөрдүн көпчүлүгү бактериалдык респиратордук инфекциялардан болгон, бир гана кургак учук оорусу жыл сайын 2 миллиондой адамды өлүмгө учуратат (айрыкча Сахарадан түштүгүрөөк Африкада). Өнүккөн өлкөлөрдө антибиотиктер адамдарда гана эмес, мал чарбасындагы ооруларды даарылоо үчүн пайдаланылат, мунун айынан антибиотиктерге туруктуулук көйгөйү күндөн-күнгө өрчүүдө. Өнөр-жайда бактериялар саркын сууларды тазалоодо, нефтинин агып кетишин жок кылууда, сыр жана йогурт жасоодо, алтынды, палладийди, жезди жана башка металлдарды кенден алууда (калыбына келтирүүдө), ошондой эле, биотехнологияда антибиотик жана башка кошулмаларды алууда колдонулат.
Алгач, бактерияларды Schizomycetes классынын курамындагы өсүмдүктөр падышалыгына киргизишкен. Учурда (2023), бактериялар өсүмдүктөрдөн жана башка эукариоттордон айырмаланып, калыптанган өзөгү (ядросу), жана эреже катары мембраналык органеллалары жок экени белгилүү. Салттуу түрдө бактерия деп бардык прокариотторду аташчу, бирок, 1970-жылдары прокариоттор эки көз карандысыз домендер менен берилгени көрсөтүлгөн — бактериялар жана архейлер (эукариоттор үчүнчү доменди түзөт).
Бактериялар — диаметри 0,1-10 микрометр, узундугу 1-10 микрометр, ал эми жип сымал көп клеткалуу бактериялар — 50-100 микрометрге жетет. Көбү чабырткылуу болуп, кыймылдуу келишет. Бактериялар физиологиялык жактан ар түрдүү, биохимиялык жактан активдүү келет. Ыңгайсыз шартка туруктуу спора пайда кылат.
Органикалык заттар менен (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыктанышат. Кычкылтек бар (аэробдор), ошондой эле, ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Бактериялар — космополиттер, башкача айтканда, бардык материкте, бардык жерде жашайт: топуракта, сууда, абада, кычкыл ысык булактарда, радиоактивдүү калдыктарда, жердин терең катмарларында.
Микрофлоранын, башкача айтканда, бактериялардын курамы экологиялык шартка жараша болот. Мисалы, жылуу, туздуу, муздак чөйрөлөрдө жашоочу бактериялар бар. Заттардын табиятта айлануусунда бактериялардын ролу зор. Бактериялар өсүмдүк жана жаныбарлардын калдыктарын толук минералдаштырып, тирүү клетканын түзүмүнө кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Чириткич бактериялардын таасиринен белок аммиакка чейин ажырап, андан ары нитритти, нитратты пайда кылат.
Азот топтоочу микроорганизмдер топуракка азот топтоп, анын кирдүүлүгүн арттырат. Бактерия жер семирткичин колдонуу да ушуга негизделген (жер семирткичтер). Кычкыл сүт азыктарын (кымыз, айран жана башкаларды) даярдоодо сүт ачыткыч бактериялары колдонулат (сүт азыктарын кайра иштетүү жана сатуу).
Сүт ачыткыч бактериялары пайда кылган сүт кычкылы чириткич бактериялардын тиричилигин басаңдатат, мунун негизинде силостоо, капуста жана башка жашылчаларды ачытуу процесстери ишке ашат. Көпчүлүк бактериялар — кишинин, малдын жана өсүмдүктүн оору, ылаң жана илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химиялык жана башка өнөр жай тармактарында колдонулат.
Тиричиликте, адамдын жеген тамак-ашында, териде, кийим-кечекте, дем алган абада бактериялар көбөйгөндө, ал адамды ооруга чалдыктырып, ден-соолукка зыяны өтө чоң. Бактерия бул көзгө көрүнбөгөн майда организм болуп, бөлүнүү аркылуу көбөйөт. Бөлүнгөн соң 10-20 мүнөттүн ичинде саңы эки эсе көбөйөт. Бактериялардын таралышына беш шарт керек:
Бактериялар өзгөчө белок (протеин) азыктарын жакшы көрөт: эт, балык, жумуртка, сүт, куурулган тамактар, соустар, кремдер, палоо, бышкан тамактарда абдан тез көбөйөт.
Тоңдурулган же кургатылган азыктарда ылайыктуу нымдуу чөйрө жок болгондуктан, бактериялар өөрчүбөйт. Өзүнө ылайыктуу жылуулукту (температураны) жакшы сезет. Азыктарды, тамак-аштарды муздаткычта сактаган учурда, бактериялардын көбөйүшү токтоп турат. Тондурулган тамактарда бактериялар өөрчүбөйт. Бактериялардын өөрчүшү үчүн убакыт керек, ылайыктуу шарттарда бактериялардын саны 10-20 мүнөт сайын эки эсеге көбөйөт. Көбөйүүсүнө ошондой эле аба (кычкылтек) керек, себеби жандуу нерселер дем алышат. Мисалы, узак убакытка багышталган азыктардын же тамактардын (консервалар) сакталуучу идишинен абаны чыгарып (вакуум чөйрөсүн түзүп), калай же пластикалык капкак менен жабат. Кокусунан же туура эмес жабылган тамактарга бактерия аба менен кирип, тамак бузула баштайт, көмүр кычкыл газдар пайда болуп, консерванын капкагы көтөрүлүп, жарылат же капкагы көбүп, тамак бузулат. Мындай тамактарды ыргытуу керек. Коркунучтуу ботулизм оорусу ушундайча жаралат.
Бактериялардын көбөйүшүнө кандай каршылык көрсөтүү үчүн:
Бактерия адамга кайдан келет:
Бактерия булактарын ар дайым көзөмөлдөө шарт. Мындан тышкары, тамактарды жез, цинк, темир идиштерде сактаса, азыктагы суулар кычкылданып, тамакта химиялык өзгөрүүлөр жүрүп, натыйжада тамактар ууланат, ошол үчүн тамактарды азык сактоого арналган целлофанда, пластикалык, эмаль, калай капталган идиштерде сактоо сунушталат. Ылайыксыз шарттарда сакталган тамак-азыктар бузула баштайт.
Тамак-аштын бузулуу процесстери төрт топко бөлүнөт:
Адам өзүнүн ден соолугуна зыян келтирбес үчүн тамак-ашты пайдаланууда төмөнкү эрежелерди сактоосу керек: