Иван Петрович Павлов (26-сентябрь, 1849-жыл, Рязань, Россия — 27-февраль, 1936-жыл, Санкт-Петербург, Россия) — окумуштуу, адамдын жана жаныбарлардын организминин кандайча иштей тургандыгы жөнүндөгү илимге — физиологияга салым кошкон жана нервдин иш-аракети жөнүндөгү окууну түзгөн.
Павловго чейин окумуштуулар тамак сиңирүү органдарынын иштөөсү жөнүндө өтө аз билишкен. Бул органдагы бездер, тамак сиңирүү үчүн зарыл болгон зилди нерв системасынын катышуусуз эле бөлүп чыгарат деп эсептешкен. Ал эми Павлов бардык органдардын, анын ичинде тамак сиңирүү органдарынын ишин да мээ башкарат деп бекем ишенген. Бирок, муну кантип далилдөө керек? Павлов дени сак итте тамак сиңиргич зилдин бөлүнүп чыгышына байкоо жүргүзүүнүн, зил чыгаргыч бездер кандай шартта иштей баштарын билүүнүн жолун тапкан.
Ал бездерге барчу тамырлар менен нервдерге залал келтирбей наркоз менен (наркоз — оору сезимин жок кылуу) ар түрдүү операцияларды жасаган. Мындай иттер операциядан айыккандан кийин да бездери кадимкисиндей иштеп көп жылга чейин жашаган. Тажрыйбалардын биринде иттин жеген тамагы карынына жеткен эмес. Бирок мындай тамактандырууда да карын бөлүп чыгарган тамак сиңиргич зил атайын коюлган түтүкчө аркылуу сыртка бөлүнүп чыкканы байкалган. Ал тургай тамакты көргөндө эле зил иштеп чыккан. Бирок карынга баруучу нервди кыркып таштаганда зил чыкпай калган. Павлов шилекейдин же башка тамак синиргич зилдин бөлүнүп чыгышы — демейдеги эле рефлекс, башкача айтканда дүүлүктүрүүгө болгон жооп экендигин далилдеген. Оозго тийген тамак даам сезгич нервдердин учтарын дүүлүктүрөт. Бул нервдер болсо телеграф сыяктуу мээге тамак оозго түштү деген кабарды жеткирет.
Мээ ошол замат башка нервдер аркылуу карын бездерине буйрук жиберет, ошентип алар зилди көп бөлүп чыгара баштайт. Тамак сиңирүү органдарынын иш-аракетин изилдеп жатып Павлов улам жаңы суроолорго жооп издеген. Эмне себептен дайыма тамак берген адамдын баскан дабышын укканда эле иттин карыны зил бөлүп чыгара баштайт? Эгер итке күн сайын белгилүү бир убакта тамак берип турса, дал ошол убакыт келгенде тамак бербесе деле шилекей бөлүнүп чыгат экен. Бул эмнеликтен? Көп ирет кайталанган дүүлүктүрүүлөргө карата белгилүү бир жагдайларда жаныбарларда жаңы рефлекстер пайда боло тургандыгы айкын. Демек, адам жана жаныбар даяр рефлекстери менен кошо туулат деп эсептеген окумуштуулардын пикири туура эмес болуп чыкты.
Жаңы рефлекстерди Павлов шарттуу рефлекстер деп атаган. Өмүрүнүн калганын Павлов мына ушул шарттуу рефлекстерди, башкача айтканда адамдын жана жаныбарлардын жогорку нерв иш-аракетин изилдөөгө арнады. Павлов адамдардын иш-аракети, ойлонуусу, адаттары, сезимдери көзгө көрүнбөгөн кандайдыр бир жандын эмес, мээнин, өзгөчө анын өнүккөн жогорку бөлүгүнүн - чоң жарым шарлардын кыртышынын иш-аракетине байланыштуу болорун далилдеген. 1935-жылы СССРде болуп өткөн физиологдордун эл аралык конгрессинде Павловду дүйнөдөгү физиологдордун башчысы деп жарыялашты. Ушул эле жылы жаштарга кайрылып: Илим адамдан анын бүткүл өмүрүн талап кыла тургандыгын эстен чыгарбагыла - деп жазган Павлов. Бул эң сонун илимпоз өз өмүрүн бүтүндөй илимге жумшаган.
Анын окуусу физиология, психология жана педагогиканын өнүгүшүндө чоң роль ойноду.