Медицинага тиешелүү макалалар, терминдер, оорулардын аталыштары
Гемоглобин (байыркы грекче αἷμα «кан» + латынча globus «шар») — бул кан айланууда кычкылтекти ткандарга жеткирүүнү камсыз кылып, аны менен кайтарылма байланыша алган, курамына темирди камтыган жаныбарлардын жана адамдын татаал белогу. Адамдын, омурткалуу жана айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы эритроциттин кызыл пигменти.
Алкоголизм же аракечтик — өнөкөт психикалык прогредиенттик оору, алкоголго кызыгуу, жана андан психикалык, физикалык көз карандылыгы менен мүнөздөлгөн токсикоманиянын бир түрү.
Ич катуу же ичтин катышы (синонимдер — констипация, обстипация) — басаңдатылган, татаалдашкан же системалык жактан жетишсиз дефекация (ичегинин бошошунун татаалдыгы).
Заңдын формасынын Бристоль шкаласы, же Заң формасынын Бристоль шкаласы, кээде жөн гана Бристоль шкаласы (англисче Bristol stool scale, ошондой эле Bristol stool chart) — адам заңынын формасын жана консистенциясынын баалоочу медициналык классификация; маанилүү диагностикалык мааниге ээ.
Саякатчылар диареясы — адаттан тышкаркы өлкөлөргө же климаттык зоналарга саякаттаган адамдардын көп кездешүүчү оорусу. Полиэтиологиялык клиникалык синдром көрүнүшүнө ээ. Оорунун негизги белгиси суткасына үч жолудан ашык болгон калыптанган эмес заң менен заңдоо, көп учурда карышуу сыяктанган ичтин оорушу, кускунун келиши, метеоризм жана баш оору (мигрень) менен коштолот.
Амёбиаз (амёбалык дизентерия) — заңдык-оралдык берүү механизмдүү антропоноздук инвазия (мителенүү), ичегиден тышкаркы өнөкөт рецидивделенүүчү колит менен мүнөздөлөт. «Амёбиаз» терминин көбүнчө Entamoeba histolytica жөнөкөй мителер чакырган амёбалык дизентерияга колдонушат. Башка амёбиаздарга алгачкы амёбалык менингоэнцефалит дагы кирет, козгогучтары Naegleria fowleri, Acanthamoeba spp жана B. Mandrillaris амёбалары, ошондой эле, акантамёбалык кератит, мунун козгогучу Acanthamoeba тукумунун өкүлдөрү.
Трансплантация — медицинада кайсы бир органды же тканды алмаштыруу, көчүрүү, мисалы, бөйрөк, жүрөк, боор, өпкө, чучук (сөөк мээси), найлык (стволовой) гемопоэтикалык клетка, чачтар.
Шигеллёз, дизентерия же бактериалдык дизентерия (латынча dysenteria ← байыркы грекче δυσ- + ἔντερα «ичеги») — заңдык-оралдык жугуу механизмдүү, шигелла (Shigella) түрүндөгү бактериялар чакырган инфекциялык оорулардын курама тобу, артыкча жоон ичегинин дисталдык бөлүмүндө интоксикация жана бузулуунун өнүгүүсү менен мүнөздөлөт.
Дизентерия (байыркы грекче — δυσεντερία; δυσ- [dus-, «жаман»] + ἔντερα [éntera, «ичеги»]) — инфекциялык оору, жалпы инфекциялык интоксикация жана ичеги-карын энинин жабыркоо синдромдору менен мүнөздөлөт, көбүнчө жоон ичегинин дисталдык бөлүмү.
Пневмония же өпкөнүн сезгениши (байыркы грекче πνευμονία — «өпкөнүн оорусу», байыркы грекче πνεύμων — «жеңил» сөзүнөн) — негизинен инфекциядан келип чыккан, көбүнчө альвеолдорду жабыркатуу менен (андагы сезгенүү экссудациянын [экссудация — сезгенген тканга сюук кандын кан-тамыр дубалчалары аркылуу чыгуусу] өнүгүшү менен) коштолгон өпкө ткандарынын сезгениши.