Заңдын формасынын Бристоль шкаласы, же Заң формасынын Бристоль шкаласы, кээде жөн гана Бристоль шкаласы (англисче Bristol stool scale, ошондой эле Bristol stool chart) — адам заңынын формасын жана консистенциясынын баалоочу медициналык классификация; маанилүү диагностикалык мааниге ээ.

Шкала же көрсөткүч Бристоль университетинин (Улуу Британия) доктору Кен У. Хитон тарабынан иштелип чыгып, 1997-жылы «Скандинавиянын гастроэнтерология журналында» жарыяланган (Кардифф университетинин медицина мектебиндеги Стивен Дж. Льюис менен авторлоштукта). Ошондой эле, «Мейерс шкаласы» (англисче Meyers Scale) аталышта дагы белгилүү.

Заңдын түрлөрү

Заңдын түрү анын түз жана жоон ичегиде болгон убактысына жараша болот. Бристоль шкаласына ылайык заңдын жети түрүн айырмалашат:

  • 1-түрү: Жаңгакга окшош өзүнчө катуу бөлүктөр, түз ичегиден өтүүсү татаал.
  • 2-түрү: Кесектери бар, колбаса сыяктуу заң (диаметри 3-түрдөн чоң).
  • 3-түрү: Колбаса сыяктуу, үстүңкү бети жаракалар менен (диаметри 2-түрдөн кичине).
  • 4-түрү: Колбаса сыяктуу же жылаан өңдүү заң, үстүңкү бети жумшак жана жылмакай.
  • 5-түрү: Жумшак кесекчелер формасындагы заң, кырлары так, түз ичегиден оңой өтөт.
  • 6-түрү: Кырлары түз, жумшак кесекчелер формасындагы көңдөйлүү, борпоң, жумшак заң.
  • 7-түрү: Толук суюк же катуу кесиндилери жок, суюк заң.
Заңдын формасынын Бристоль шкаласы
Заңдын формасынын Бристоль шкаласы

1 жана 2 түрүн ич катууну аныктоодо пайдаланышат, 3, 4, 5 түрлөр «идеалдуу стул» деп саналат (өзгөчө 4 түр, анткени мындай заң дефекация учурунда түз ичегиден жеңил өтөт), 6 жана 7 ич өтүүнү идентификациялоодо колдонулат, ошону менен бирге 7-түр мүмкүн болуп калуучу олуттуу оору жөнүндө күбөлөндүрөт.

Дагы караңыз

Заңдын формасынын Бристоль шкаласы


Заңдын формасынын Бристоль шкаласы, же Заң формасынын Бристоль шкаласы, кээде жөн гана Бристоль шкаласы (англисче Bristol stool scale, ошондой эле Bristol stool chart) — адам заңынын формасын жана консистенциясынын баалоочу медициналык классификация; маанилүү диагностикалык мааниге ээ. Шкала же көрсөткүч Бристоль университетинин (Улуу Британия) доктору Кен У. Хитон тарабынан иштелип чыгып, 1997-жылы «Скандинавиянын гастроэнтерология журналында» жарыяланган (Кардифф университетинин медицина мектебиндеги Стивен Дж. Льюис менен авторлоштукта). Ошондой эле, «Мейерс шкаласы» (англисче Meyers Scale) аталышта дагы белгилүү. Заңдын түрлөрү Заңдын түрү анын түз жана жоон ичегиде болгон убактысына жараша болот. Бристоль шкаласына ылайык заңдын жети түрүн айырмалашат: 1-түрү: Жаңгакга окшош өзүнчө катуу бөлүктөр, түз ичегиден…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-10-12, Көрүүлөр: 756, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-10-17