Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ооздун жана тиштердин гигиенасы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Ооздун жана тиштердин гигиенасы

Теориялык маалымат: Адамдын өздүк гигиенасынын бир бөлүгү-ооз көндөйдүн жана тиштердин гигиенасы. Ооз көңдөйүн тазалыкта алып жүрүү деген тиштерди тазалап, бузулгандан сактап, ошону менен бирге бузулган тиштердин организмге терс таасирин алдын алуу болуп эсептелинет. 6 айдан баштап балдардын тиши чыга баштайт, эки жарым жашка чыкканда 20 сүт же убактылуу тиштерге ээ болот. Ошондон баштап ал титтт тазалаганды, тамактан кийин оозду чайкаганды билиши тийиш. Практика көргөзгөндөй чоң кишилердин баары тиштерин тазалапжүргөнгө карабастан, тиштерин туура эмес тазалагандар аз эмес.

Ошондуктан чоң киши тиштерин өзү туура тазалаганды билип, балдарга үйрөтөт. Сабактын жабдылышы: тиш жуучу паста жана гцетка, суу. Сабактын жүрүшү: окуучулар тиштердин туура тазаланышынын ыкмаларын окуп билет:1.Алгач тиштердин үстүңкү катарын, андан кийин астыңкы катарын тазалайт.2.Тиштерди тиштин узунунан, туурасынан жана тегерек сымал кыймылдардын жардамы менен тазалайт.3.Тиштердин үстүңкү түпкү оң азуулардан баштап тазаланышы дурус.4.Азуулардын сыртын тиштин узунунан кеткен шыпырганга окшош болгон кыймылдардын жардамы менен бир нече жолу сүрөт, анан ошол эле тиштерди туурасынан алды - артты көздөй кеткен кыймылдар менен тазалап, аягында ошол эле тиштерди тегерек сымал кыймылдар менен сүрөт. Ошондон кийин жанындагы тиштерди тазалаганга өтүп, аларды да мурунку тиштердей эле сүрүп тазалайт. Ошентип үстүнкү тиштердин сырткы беттери тазалаганда так эле ошондой кыймылдар менен үстүнкү тиштердин ички беттери сүрүлөт. Эң аягында азуулардын чайноо беттерин туурасынан кеткен жана тегерек сымал кыймылдардын жардамы менен тазалайт.5.Үстүңкү тиштер толугу менен тазалангандан кийин, астыңкы тиштер үстүңкүлөрдөй тазаланат, бирок тиштин узунунан кеткен кыймылдары астынан үстүнө көздөй багытталат.6.Үстүңкү жана астыңкы тиштердин ички беттерин тазалаганда бүйлөлөр да тазалагат.7.Эң акырында оозду суу менен жакшы чайкайт.8.Тишти тазалоо убакыт 2-2.5 мүнөттөн, ал эми ошол убакытта жасалган кыймылдардын саны 200 дөн кем болбошу тийиш.9.Тиш щеткасы тез булганат, ошондуктан ар бир колдонгондон кийин аны самындап, кургаш үчүн тике коёт. Эгерде тиш щетканын түктөрү ийрейип, формасын жоготсо, анда аны ыргытып, жаңы щетканы колдонушу тийиш. Орто эсеп менен 1 щетка 3-4 айга жетет. Дагы бир айта турган сөз ар бир адамдын тиш щеткасы жекече болушу керек, аны менен башка киши тиштерин тазалабайт.10.Тишти күнүнө 2 жолу: жатаардын астында жана эртең мененки тамактан кийин тазалайт. Ар бир тамактангандан кийин оозду суу менен чайкайт.

Окуучулар ыкмалар менен таанышкандан кийин, тиштерин ушул ыкмаларды эстөө менен тазалайт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 5169, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу