Адам менен жаныбарлардын организминин жашоосунда жана иш-аракетинде нерв системасы өтө зор мааниге ээ. Нерв системасынын эң негизги органы - мээ. Ал бардык маселелер боюнча чечим кабыл алып, буйрук берет жана аткарылышын көзөмөлдөйт.
Мээнин ар кайсы жери ар түрдүү жумуш аткарат. Бир жери колдун ишин, экинчиси уйкуну, үчүнчүсү маанай, көңүлдү, төртүнчүсү ойлонууну башкарат. Мээнин негизги жардамчылары - сезуу органдары. Алар мээге айлана-чөйрөдө эмнелер болуп жатат, анда кандай нерселер бар, алар каякты көздөй кыймылдап баратышат, өңү-түсү кандай, жыты барбы же жокпу, ысыкпы же муздакпы, жылмакайбы же одуракайбы, кандай үн чыгарат, мына ушулар тууралуу айтып берет.
Сезүү органдарын туш тарапка баам салган чалгынчылар деп койсо болот. Алардан тышкары организмдин ичинде сезип-билүүчү клеткалар да бар. Алар мисалы, колдун кандай абалда тургандыгын, жүрөктүн жай же тез кагып жаткандыгын, бет булчуңдары адамдын жүзүнөн анын маанайын туура же туура эмес чагылдырып жатканын кабарлап турат. Эгер органдардын иши бузула баштаса, кабарчы клеткалар бул тууралуу мээге дароо кабарлайт. Мээ баарын көзөмөлдөөгө жетише албайт. Ага жүлүн жардам берет.
Буту-колдун, дененин булчуңдары, ички органдар анын буйругун аткарат, мына ушунун негизинде бүтүндөй организмдин шайкеш иштөөсү камсыз болот. Мээге келген жана мээ жиберген бардык кабарлар нерв аркылуу берилет. Кудум эле зым аркылуу берилген сыяктуу белгилер (сигналдар) нерв аркылуу өтө зор - секундасына 120 метрге чейин жеткен ылдамдыкта өтөт. Нерв системасы организмдин бардык бөлүктөрүн бир бүтүнгө бириктирет жана аны башкарат. Жөнөкөй эле мисал аркылуу буга ишенүүгө болот.
Бутактан алмурутту көрдүңөр. Бул белги (сигнал) нерв аркылуу дароо мээге жетет. Мээ болсо көзгө алмурутту карап турууга, ал эми бутка алмурутту көздөй басууга буйрук кылат. Силер басып бардыңар, көз алмурут жапжакын турат деп мээге билдирет. Мээ колго алмурутту үзүп алып оозго салууга, ал эми ооз болсо ачылып, тишке тиштөөгө, тилге даамын татып көрүүгө буйрук берет. Тил мээге: өтө даамдуу, ширин алмурут экен деп билдирет. Бирок силер буга чейин эле ушундай го деп ойлогонсуңар. Анткени, көз алмуруттун сапсары болуп эзилип тургандыгын билдирген.
Эс — сентябрь айы, жемиштер бышып калды деп эскерткен. Колдун манжалары муну ырастады: жумшак экен, демек ширелүү. Мурун болсо анын жагымдуу жыттанып жаткандыгын кошумчалады. Мээ булардын баарынын ширин алмурут экен деп жыйынтык чыгарды. Ошентип, ал шилекей жана карын бездерине даамдуу тамакты кабыл алууга буйрук берет. Ал эми жүлүн кандай милдет аткара тургандыгын мына бул мисалдан көрүүгө болот: ысык үтүккө кокустан колуңар тийип кетти дейли. Ооруганын сезип, чочуй электе эле колуңар өзүнөн өзү үтүктөн серпиле түшөт.
Кандайча мындай болот? Колдун сезип-билүүчү клеткалары өтө катуу ысыкты сезет. Этияттык керек! Бул билдирүү жүлүнгө дароо жетет. Ал колдун бардык булчуңдарына токтоосуз жыйрылууга буйрук берери менен кол тартыла түшөт. Жүлүн бул тууралуу мээге билдиргенден кийин гана силер ооруксунууну сезип, чочулайсыңар, күйгөн жеринерди карап, эмне кылса оорубай калат деп ойлой баштайсыңар.
Өтө татаал маселе-милдеттерди адам гана чече алат, анткени анын мээси абдан мыкты өөрчүгөн. Жаныбарлардын мээси адамдыкынан кичине, өнүгүп-өөрчүгөнү да начар. Ошондуктан алар жөнөкөй гана маселелерди чече алат. Мисалы, сөөлжандын бүткүл нерв системасы денесин бойлото узатасынан кеткен эки жоон нервден жана калыңыраак бир нече нерв клеткасынан турат. Албетте, мындай мээ менен ойлоно албайсың. Нерв системасы кандай зор ролду ойной тургандыгы, анын мыкты, чың болушу эмне себептен өтө маанилүү экендиги аздыр-көптүр түшүнүктүү болду го. Эгер мээге кандайдыр бир залал келсе, организмдин абалына сөзсүз таасир тийгизет. Айталы, желкеге катуу сокку тийсе, көрүү сезими начарлашы мүмкүн. Чыкыйга тийген сокку угуу сезимин бузат, ал эми маңдай (чеке) зыянга учураса, ойлонуу жөндөмдүүлүгү начарлайт. Эгер жүлүн зыянга учураса, угуу, ойлоо начарлабайт, бирок ички органдардын, буту-колдун иш-аракеттери бузулат.
Тартиптин (режимдин) бузулушу, уйкунун канбай калышы, ашыра көп уктоо, ашкере көп ойлонуп санаркоо (өзгөчө уктаар алдында), чарчоо нерв системасынын ишин бузат. Ошондуктан өз убагында уктоо, убагында туруу, абада басып жүрүү, ойноо, иштөө, тамак ичүүнүн мааниси зор. Мына ошондо гана силер дайыма сергек болуп, көңүлүңөр көтөрүңкү жүрөт, ойлогон ишиңердин баарын жасоого кудуретинер жетет.
Адам денесин толук башкарбайт: жүрөктүн согушун тездетүү, тамак-ашты аш кылууну токтууга, дем алганын жана кирпик ирмегенин байкабайт. Адамдын организми-көптөгөн бөлүктөрдөн турган татаал механизм, ар бир бөлүктүн туура жана ирээттүү иштөөсү үчүн макулдашып иштөө зарыл. Мындай макулдашууну адамдын нерв системасы камсыздайт.
Адамдын борбордук нерв системасынын негизин баш мээ жана жүлүн түзөт.
Нерв системасы адамдын бардык бөлүктөрүн бир бүтүндүккө байланыштырып анын иштешин башкарат. Бул белгилүү бир чектен чыкпаган түйүнгө окшогон, организмдин бардык бөлүктөрүн байланыштырып турган кубаттуу сервер – жүлүн жана мээден турган борбордук нерв системасы. Борбордук нерв системасынан адамдын денесиндеги ар бир органга, ар бир булчуңга көптөгөн ичке нерв түйүндөрү тарайт. Эгерде адамдын бардык нервин бир жип кылып улаштырса, ал Жерден Айга чейинки аралыктан 4 эсе узунураак болот. Нервдер четки нерв системасын түзүшөт.
Сезүү органдарынын нерви аркылуу маалымат электрдик импльс катары мээнин жана жүлүндүн атайын бөлүгүнө жетет, ал компьтер сыяктуу эле (чечмелеп, мурункуга салыштырып, эске тутуп) иштеп чыгат, жыйынтыгында кандайдыр бир чечимге келет. Мисалы: адам жол чырактын кызыл түсүн көргөндө, мээ буттун булчуңдарына кыймылды токтотууга белги берди, же болбосо ысык нерсеге колу тийгенде, адам ооруганын сезе электе эле колун дароо тартып алат.
Бул организмди коргоо механизми. Колдун сезүү клеткалары ысыкты сезгенде, бул белги жүлүнгө барат, жүлүн колдун булчуңдарына дароо жыйрылууга, коркунуч булагынан колун тез тартып алууга буйрук берет. Бир эле мезгилде күйгөндүгү жөнүндөгү кол клеткасынын белгиси мээге барат, ал оору жөнүндө буйрук берет. Оору – бул коркунучка болгон организмдин реакциясы.
Нерв системасынын ирээттүү иштешин нейрондор камсыз кылат, нерв клеткалары желенин борборунда отурган жөргөмүшкө окшош. Ар бир нейрон денечеден жана көптөгөн урчуктардан турат, тармакташкан кыска урчуктар - дендриттер, бир узун урчугу – аксон деп аталат. Ошол нерв клеткаларынын урчуктары алсыз электр сигналындай болуп маалымат беришет. Нейрондор бири-бири менен урчуктар аркылуу байланышат.
Жүлүн аркылуу электрдик белгилердин көпчүлүк бөлүгү өтөт. Жүлүн омуртка тутумунун ичинде жайгашкан. Жүлүндүн негизги милдети – мээден денеге, денеден мээге бараткан маалыматты иштеп чыгуу. Муну “маалымат жолу” десе болот.
Жүлүн 31 бөлүкчөгө бөлүнгөн, ар бир бөлүктөн оңго жана солго, бүткүл денени каптаган нервдер кетет.
Жүлүн таяныч – кыймылдаткыч тутумдарынын жана бир топ ички органдарынын иштерине жооп берет, сезүү органдары аркылуу айлана-чөйрө жөнүндө маалымат жыйнайт. Жүлүндүн жайлуу, ыктуу иштеши үчүн омурткалардын абалын байкап, бой келбетти туура кармоо абдан маанилүү. Жондун булчуңдарын бекемдөө үчүн дене тарбия жана кыймылдуу эмгек менен талыкпай машыгуу керек. Эсиңерде болсун, омуртканын сынышы нерв ткандарынын жабырланышына, сезгичтиктин толук же жарым-жартылай жоголушуна, кыймылсыз абалга алып келет. Ошондуктан жабырлануучу олуттуу кырсыкка учураганда врач келмейинче ордунан жылдырбоо керек.
Жүлүн мээ менен байланышкан — мээ адамдын организминдеги «борборбук компьтер». Адамдын мээси баш сөөк менен бекем корголгон. Жаңы төрөлгөн баланын мээсинин салмагы – 360 грамм, 20 жашында мээнин салмагы – 1,5 кг. чейин жетет.
Мээ кыймылды көзөмөлдөйт, ойго, сезүүгө, күчтүү сезимге жооп берет, ички органдардын иштешин жетектейт. Мээ негизги үч бөлүктөн турат: чоң жарым шар, каракуш, мээ сөңгөгү.
Мээ оң жана сол жарым шарга бөлүнөт. Ар бир жарым шар 4 үлүшкө бөлүнгөн: маңдай, төбө, желке жана чыкый.Жарым шарлар сыртынан ак зат менен курчалган, мээ кыртышы грек жаңгагына окшогон кобулдар, бырыштардан түзүлгөн.
Оң жарым шар дененин сол тарабын, ал эми сол жарым шар дененин оң тарабын көзөмөлдөйт. Көпчүлүк адамдардын бир тарабы жакшы өнүккөндүгүнө байланыштуу адам оң кол же сологой болуп калат. Эгер сол жарым шар жакшы өнүккөн болсо, адам – оң кол, эгер оң жарым шар жакшы өнүксө – сологой болот.
Мээ бөлүктөргө бөлүнгөн, ар бири белгилүү бир милдеттерди аткарат. (мисалы: кыймыл аракетти жөнгө салуу, ырдоо, үндү айырмалоо, даамды билүү жана башка ушул сыяктуу) бирок керек болгон учурда, берилген белги баарына жетет да, мээ бир бүтүн функцияны аткарат.
Мээнин желке тарабында каракуш бар, ал адамдын кыймыл-аракетин жөнгө салып, тең салмактуулукту кармап турат.
Адам басып баратканда кайсы бутун көтөрүп, кайсы бутун жерге коюу керектиги жөнүндө ойлонбойт, бул ишти каракуш ойлонот. Эгерде каракуштун иштөөсү бузулса, анда адамдын кыймыл- аракетинде көйгөй жаралат.
Мээ сөңгөгү – мээнин бардык бөлүктөрүн өз ара байланыштырып жана жүлүндүн уландысы катары созулган түзүлүш.
Мээ тынымсыз иштегендиктен анын клеткалары башкаларга караганда азыктарды жана кычкылтекти 10 эсе көп алат. Мээнин кыртышы кан тамырлар түйүнү менен капталган, алар аркылуу нейрондорго азыктар жана кычкылтектер келет. Эгер адам тар бөлмөдө көпкө отурса, башы ооруй баштайт – бул мээнин клеткаларына абанын жетишсиздигинин белгиси. Таза аба менен дем алып, бөлмөнү желдетип туруу керек.
Дененин башка бөлүктөрүндөй эле, мээ клеткалары да чарчайт, эс алууну талап кылат. Нерв системасы уктаган мезгилде гана эс алат.
Күнү бою мээ ар кандай маалыматтарды, таасирлерди алат, ал эми түндө кийинки күнгө даярданат: алган маалыматтардын негиздүүлөрүн бөлүп эске тутуп калат. Мээ бул ишти аткарып, эс алып жатканда, адам уктап жаткан болот. Түнкүсүн мээнин кан тамырларына кандын келүүсү азаят, ошон үчүн уйкунун кануусу маанилүү. Уйку канып, чарчоону сезбеш үчүн адам 8-10 саат укташы керек. Күндүзү дене тарбия менен машыгуу, кыймылдуу иштерди жасоо, ишти алмаштырып туруу мээнин чарчашына жол бербейт. Булчуңдар сыяктуу эле мээни да машыктыруу керек: шахмат ойноо, логикалык тапшырмаларды чыгаруу, ырларды эске тутуп жаттоо.