Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кан

Баш барак | Биология | Кан

Кан (латынча sanguis, байыркы грекче αἷμα) — организмдин ички чөйрөсүнүн суюк жана кыймылдуу бириктирүүчү тканы. Суюк чөйрө — плазмадан жана андагы салмактанган формалуу элементтерден турат (клеткалар жана клетка өндүрүмдөрүнөн): эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер.

Жалпы маалымат

Жабык кан тамырлар системасында римтдүү жыйырылуучу жүрөктүн күчүнүн таасири аркылуу айланат жана дененин башка ткандары менен гистогематикалык тосмонун себебинен түздөн-түз байланышпайт (кан айлануу системасы).

Омурткалуу жаныбарлардын канындагы эритроциттерде кычкылтек ташуучу гемоглобиндин болушунан улам кандын түсү кызыл (ачык кызылдан күңүрт кызылга чейин). Адамда кычкылтекке каныккан кан (артериалдык) ачык кызыл, кычкылтеги жокто (веналык) күңүрт. Кээ бир молюскаларда жана муунак буттууларда кан (тагыраак айтканда гемолимфа) гемоцианиндин эсебинен көк түстө.

Орточо эркектерде нормалдуу учурда кандын көлөмү 5,2 литрди түзөт, аялдарда — 3,9 литр, ал эми жаңы төрөлгөн наристелерде — 200—350 мл. Бойго жеткен адамдын денесиндеги кандын массалык үлүшү 6—8% түзөт.

Адамда кан кан жаратуучу сөңгөк клеткалардан калыптанат, булардын саны 30 000 айланасында, негизинен чучук мээде, ошондой эле, ичке ичегинин пейердик бляшкаларында, тимуста, лимфа түйүндөрдө жана көк боордо.

Канды гематология аталган медицинанын бөлүмү изилдейт.

Кандын организм үчүн маанилүү экендигин адамдар илгертен эле билишет. Бирок, кандын курамы, касиеттери, организмдеги милдети XIX кылымда гана изилденген.

Кан — илээшме кызыл түстөгү суюктук, өзгөчө зат. Ал тирүү организмдин кан тамырларында тынымсыз кыймылдап агып турат. Адамда кан анын салмагынын 6—8 пайызын түзөт (мисалы, салмагы 70 кг адамда 5 литрге жакын кан болот). Кандын негизги курамдык бөлүктөрү: ачык сары түстөгү суюктук — плазма жана анда сүзүп жүрүүчү кызыл жана ак кан денечелери. Кандын плазмасында организмдин жашоосу үчүн зарыл болгон көптөгөн жөнөкөй жана татаал заттар: белок, май, углеводдор, туздар, кислоталар, витаминдер жана башкалар бар. Канга кызыл түстү тоголок келген кызыл кан денечелери — эритроциттер берет.

Алар өтө майда болгондуктан микроскоптон гана көрүнөт. Эритроциттер канда 80-100 күн жашайт, андан кийин бузулат. Бир секундда адамда 10 миллионго жакын эритроцит алмашылат. Эритроциттер гемоглобин деген өзгөчө затка каныккан. Гемоглобиндин курамында темирлүү боёк зат бар. Дем алганда өпкөгө келген абадагы кычкылтекти гемоглобиндин темири оңой эле сиңирип алат. Бул кычкылтек кан менен бүткүл организмге тарайт.

Кычкылтек денедеги ар бир клетка үчүн зарыл, ансыз клеткалар өлөт. Адамдын канын микроскоп менен карап жатып, андагы көптөгөн эритроциттердин арасынан бирин-серин ак кан денечелери — лейкоциттерди көрүүгө болот. Алар эритроциттерден чоңураак жана тунук келет. Лейкоциттер бизди оору пайда кылуучу микробдордон ишенимдүү коргойт. Алар кан тамырлардын капталынан өтүп кетүүгө жөндөмдүү. Микробдор организмге кирээри менен бул коркунучтуу жерге жайнаган ак кан денечелери чогулат да микробду ортого алып, эритип жиберишет. Муну биринчи болуп орус окумуштуусу И. И. Мечников байкаган.

Кан организмди азыктандырат. Денедеги клеткалар өсөт, өркүндөйт. Өлгөн, эскирген клеткалардын ордуна жаңылары пайда болушу керек. Бул үчүн курулуш материалы талап кылынат, ал болсо тамак-аштан алынат. Биз жеген тамак карын жана ичеги аркылуу жылып, узак убакыт бою тыкан иштетүүдөн өтөт да, керектүү азык заттар кан тамырларга сорулуп алынып, кан аларды бүткүл денеге ташып жеткирет. Өтө ичке кан тамырлар — капиллярлар аркылуу кандан клеткаларга кычкылтек, ошондой эле, суу, азык заттар, туздар жана витаминдер берилет. Ошол эле учурда, кан клеткадан зат алмашуу процессинде пайда болуучу жана организмди ууландырышы мүмкүн болгон зыяндуу заттарды алып келет. Бул заттар өпкө, бөйрөк, ичеги жана тери аркылуу сыртка чыгарылат.

Кандагы өзгөчө клеткалар — тромбоциттер канды уютуучу касиетке ээ. Кан тамыр жараланган жерде кан коюланып уюйт да, жараатты бүтөп калат. Бул болсо организдин канын жоготуудан, кансыроодон сактайт.

Кан топтору

Эритроциттердин кээ бир антигендик касиеттери боюнча жалпысынан бардык адамдар кайсы бир кан тобуна таандыгы менен бөлүнөт. Ар бир адамдын канынын тобу индивидуалдуу. Кайсы бир кан тобуна таандык болуу тубаса болуп, жашоонун акырына чейин өзгөрбөйт.

Канды «AB0» системасы боюнча төрт топко жана «резус-фактор» системасы боюнча эки топко бөлүшөт. Дал ушул топтор боюнча коопсуз кан куюуу үчүн кандын айкалышуусун/туура келүүсүн сактоо өзгөчө маанилүү. I топтогу каны бар адамдар универсалдуу донорлор (берүүчү), ал эми IV топтогу каны бар адамдар универсалдуу реципиент (алуучу) саналат. Кан куюуу системасы боюнча адамдарга донордун кан тобу туура келиши керек. Мааниси азыраак кан топтору дагы бар. Мисалы, эненин канынын тобун билүү менен төрөлө турган баласынын канынын тобу окшош болуп калуу мүмкүндүгүн аныктоого болот.

Агглютининдер (изоантителолор) жана агглютиногендер (антигендер) камтылышы боюнча АВ0 системасынын кан топторунун таблицасы:

Кан тобуАгглютининдер (изоантителолор)Агглютиногендер (антигендер)
I (0)α, βжок
II (A)βA
III (B)αB
IV (AB)жокA, B
Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 10972, Өзгөртүлгөн: 2023-12-28, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу