Боор (латынча jecur, iecur, байыркы грекче ἧπαρ [hepar]) — омурткалуу жаныбарлардын, анын ичинде адамдын дагы тиричилиги үчүн маанилүү тышкы секрециядагы ири без.
Адамдын боору ич көңдөйүндө, диафрама алдында, оң жакта жайгашып, көп сандагы ар кандай физиологиялык функцияларды аткарат. Боор адамдын жана омурткалуу жаныбарлардын эң ири ички органы жана бези.
Боорду медицинадагы гепатология илими изилдейт, боор оорулары боюнча дарыгер адистин кесибинин аталышы — гепатолог, көбүнчө бул боордун патологияларында адистешкен гастроэнтеролог. Кыргызстанда гепатолог адистиги сейрек, жокко эсе.
Жылкынын боору ич көңдөйүнүн сол жагында жайгашат. Боор зат алмашуу, кан айлануу процесстерине катышат, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун камсыз кылат. Боордо углевод (гликоген түрүндө), белок, липид жана башка заттар синтезделет жана ажырайт. А витамини пайда болуп, чогулат. Түрдүү уулуу заттар зыянсыздандырылат.
Адамдын боор оорусунун белгилери көбүнчө алкоголизм менен ооруган адамдарда, боор курттар организмге кирип кеткенде пайда болот.