Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мээ

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мээ

Айлана-тегерегиңерди караганда ар кандай нерселерди, адамдарды көрөсүңөр. Окуйсуңар, жазасыңар. Өз каалооңор боюнча шкафты ачып, китеп аласыңар же топту көздөгөн жерге мээлеп ыргытасыңар. Мунун баарын кандай ойлонсоңор дал ошондой иштейсиңер. Кечээ кайсы жерде болгонуңарды да оңой эле эстеп, өткөн жайда көргөн зоопаркты кайра көз алдыңарга элестете аласыңар. Мисал иштеп, маселе чыгарасыңар. Мунун бардыгы силер үчүн демейдеги эле анча татаал эмес иштер. Бирок силер айлана-чөйрөнү кантип кабылдай тургандыгыбыз жөнүндө ой жүгүртүп көрдүңөр беле? Биз кантип эске тутуп калабыз, ойлойбуз?

Өзүбүздүн кыймыл-аракетибизди кантип башкарабыз? Мына ушул иштердин бардыгын денебиздеги кайсы орган аткарат? Мунун бардыгын денебиздеги эң маанилүү орган - мээ башкарат. Жаныбарлардын мээси кичинекей. Мышык, ит, маймылдыкы бир кыйла чонураак. Адамдын мээси - чоң жана өтө татаал аппарат десек да болот. Ал бизге айлана-чөйрөнү кабылдоого, кыймыл-аракет жасоого, жасаган, көргөндүн баарын эсте сактап калууга мүмкүндүк берет. Ал биздин сүйлөөбүздү, оюбузду башкарат.

Адамдын мээси көп сандагы нерв клеткаларынан турат. Мээни каптап турган боз зат катмарында эле мындай 14 миллиард клетка бар. Ар бир нерв клеткасы адамга жеткен белгилерди (сигнал) кабылдайт. Мисалы, бир клеткалар көрүү белгилерин, экинчилери - үндөрү, үчүнчүлөрү - териге тийген кандайдыр бир нерсенин сезүү белгилерин кабыл алат. Ошондой эле буту-колдун кыймылын башкаруучу атайын клеткалар да бар. Алар мээ кыртышынын алдыңкы бөлүктөрүндө жайгашкан. Нерв клеткаларында кичинекей дөмпөкчөлөр бар. Алардан жөргөмүштүн жибиндей өтө ичке нерв жипчелери кетет. Жипчелердин бири нерв клеткасын көз, кулак, бут, кол менен байланыштырат. Башкалары мээнин буйругун булчуңдарга жеткирет.

Бардык нерв клеткалары өз ишинде бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Ошондуктан, бир клеткадагы дүүлүгүү дароо башкаларына да берилет. Муну өтө ичке синапстар аркылуу ишке ашырат. Алардын ар бири өзүнчө бир татаал фабрика, мында дүүлүгүүнү бир нерв клеткасынан башкасына берүүгө мүмкүндүк берүүчү өзгөчө химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Адамдын мээсинде денени ар кайсы органдарынан белгилерди кабыл алуучу жана буга жараша аларга тийиштүү кыймыл берүүчү нерв клеткаларынан башка да, бир клетканы башкасы менен байланыштырып турган нерв клеткалары да бар. Мээдеги клеткалардын көпчүлүгү мына ушундай клеткалар. Алар эң майда жылдызчага окшоп турат, бул клеткалар бүтүндөй мээнин бирдиктүү шайкеш иштөөсүн камсыз кылат. Мына ушунун аркасында адам ойлоп сезе алат. Мээнин бардык клеткалары өтө так тартипте жайгашкан.

Биздин сезүү органдарыбыздан келген дүүлүгүүнүн кабыл алуучу нервдердин үстүндө бул билдирүүлөрдү талдап, жалпылап, татаал сүрөт элеске айландыруучу нервдер турат. Мээнин ич жагындагы клеткалардын жыйындысын мээнин өзөгү деп коюшат. Бул клеткалар мээге энергия берип, анын сергек, иштиктүү болушун камсыз кылат. Мээнин бул бөлүгү ишин токтоткондо адам уктайт. Мээнин арт жактагы: желке, чыкый, төбө бөлүктөрү өтө татаал. Алардын жардамы менен адам айлана-чөйрөдөн сигналдарды алып, ал сигналдарды талдап, эсинде сактап калат. Мээнин алдынкы бөлүктөрү (чеке маңдай жагы) адамдын бардык кыймыл-аракетин жөнгө салып, анын өз ниетин жүзөгө ашыруусуна, иштеп жатканда алаксыбай ынтаа коюусуна мүмкүндүк берет. Адамдын мээси эки чон бөлүккө - оң жана сол жарым шарларга бөлүнөт. Сыртынан бирдей, окшош көрүнгөнү менен алар ар башка кызмат аткарат.

Адамдардын көпчүлүгүндө сол жарым шар маанилүүрөөк. Эгер сол жак жарым шарынын иштөө эрежеси бузулса, адам сүйлөй да, башка бирөөнүн сөзүн түшүнө да албай калат. Адамдын мээси дүйнөдөгү бардык аппараттардын эң татаалы жана өтө мыктысы. Көптөгөн окумуштуулар аны изилдеп жатышат. Бирок адамдын мээсинин түзүлүшүндө жана иштешинде али белгисиз, сырдуу жактар көп. Бул табышмактар өз изилдөөчүлөрүн күтүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6812, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо