Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Залкарлардын чубатуусу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Залкарлардын чубатуусу

Залкарлардын чубатуусу (залкар — улуу, чубатуу — өткөрүү, берүү, жасоо) — кыргыз өнөрпоздорунун чыгармаларды виртуоздук аткаруусу, негизинен комуз аспабында чебер ойноп, ырдаган адамдар айтылат, бирок, кыл кыяк жана башка кыргыз музыкалык аспаптарынын башка аткаруучуларын дагы айтууга болот.

Залкарлардын чубатуусу деп бир гана өнөр адамдарды айтууга болбойт, буларга элге эмгеги сиңген адамдардын жасаган иш-аракеттерин дагы айтуу туура. Мисалы, ошол эле улуу баатырлардын эрдиктери, саясый адамдардын иштери ж. б. Бирок, көбүн эсе бул түшүнүккө өнөр адамдарын таандык кылышат.

Кыргыздар насилинен акылман жана жоокер калк. Ааламды түшүнүп, жашоо-тиричиликке кабатыр, жолукканга насаат, осуят айткан, көңүлүн эргитип, оюн байыткан, ниет-тилегин тазарткан, адамды ак жолго салган, улуттун байыркы рухий маданиятын негиздеген жана өнүктүргөн улуу хандары, кол башчылары, акыл кошчу аксакалдары, айкөл баатырлары, акылмандары, көсөмдөрү, даанышмандары, чечендери, сынчылары, бакшылары, ырчылары, табыпчылары, төлгөчүлөрү, чеберлери болгон.

Алардын сөздөрү элди, Теңир, Теңирчилик, ата-бабанын арбагын сыйлоо парзы жөнүндө ыр менен да, кара сөз менен да куюлуштуруп, адамды ынандырып, жанын безеп накыл айтышкан. Алардын кээ бирлеринин гана элдик аңызда, санжырада, уламышта, оозеки чыгармаларда, таш бетиндеги жазууларда ысмы калды. Көпчүлүгүнүн аты тумтак унутулду, айткан накыл сөздөрү орток мураска айланып кала берди. Улуу инсандардын ысымдарын, эрдигин жана накыл-керээзин улам кийинки муундар унутууга акыбыз жок.

Биздин парзыбыз: толкун сымал улам келген жаш муунга бабалардын накылын айтып, коңгуроо кагып эскертип турууга милдеттүүбүз.

Бабалардын аңызында, санжырасында тээ алгачкы акылман Улус хан болгон деген кеп бар. Кыргыздардын эзелтен келаткан аңыз, санжырасында б.з.ч. IV—II кылымдарда жашаган сактар, хундар, үйсүндөр (усундар), дөөлөстөр, кыргыздарга боордош ымалалаш эл болгон. Алардын бир ордосу Сары-Өзөн (Чүй), Асман-Тоо (Теңир-Тоо), Туздуу-Көл (Ысык-Көл) эле. Бир кезде көчмөн уруулар биригип, сак хандыгына баш ийген. Кулалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган Улус деген акылман чыккан. Анын эрдиги, акылмандыгы, чечендиги кыргыз санжырасында айтылып калган.

Аңызда, кыргыз санжырасында Батышты багындырган Хун падышасы Атылла Мундуз уул кыргыз болуп айтылат. Кыргыз уламыштарын, элдик оозеки чыгармаларын жана санжыраны жакшылап изилдеп көргөндө, XI-XII кылымдарда энесайлык кыргыздардын улуу инсандары көп: Угуз кан, Теңир Тагай, Кара Чоро, Калач хан, Качы бий, Алтай баатыр, Бекей, Чекир, Азык, Эр Болот, Турумтай, Дөөлөт хан, Эсенгелди, Кожомбай, Дөөлөт, Турду хан, Муса, Амантур, Баткан, Ызак, Темир, Алпар, Элтууган, Шаабото, Кожом, Мамбеталы, Алым арстан, Карга арстан, Акбото, Кубат хан, Дөөлөс, Дуулат, Нарбото, Шералы, Эралы, Кадырбай, Турдубай, Кабыл Турду, Кылыч баатыр (Деңиз Хан), Урумкан, Аалы, Саалы, Даана баатыр, Эр Мамыт, Тайбука, Кожокан, Маркан, Жедигер, Бекболот, Абыл Жетинал, Алдыяр, Алообектегин, Артык, Арысайнал, Жанкороз, Кабылан, Алымкан, Даана баатыр, Шадыкан, Алымбек, Мырзабек, Медербек, Сатыгул, Азымкул, Кенен, Өмүр, Терең, Кожом ж.б.

Энесайдагы аялзаттан чыккан акылман, чечен, акындар: Шербет, Муңайбас, Айнуру, Канымбүбү, Сайкал, Кызалма ж. б.

Кытайдын эски жазмаларында сакталган тарыхый улуу инсандар: Гйеси бей, Гюй-башо бей, Али бей, Шыбоуют Ачжан, Чур Тар душ, Инанчу Чур, Төлө Шыту, Жөө Ок Сол, Абыл жана башкалардын ысымдары аталат. Бул ысымдардын көбү кытай тилинде бурмаланган жана жазуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу так эместиктер бар.

Кыргыздын санжыралары боюнча байыркы Теңир-Тоолук кыргыздарда Абабий, Ыдырысшаа, Күйүкдү, Жамгырчы, Шаабай, Көкөтөй хан, Бай, Кебек Бактыяр, Баймурза, Була, Чолпон-Ата олуя, Арстан баба, Көкбөрү, Коккоён, Султан, Шыбыр-чечен, Бука, Сарбантаз, Үрпү, Кошой, Эр Агыш, Таргын, Эр Бакыш, Шамурат, Ашырхан, Ырыс, Токтогул, Толубай сынчы, Санчы сынчы, Жээренче чечен, Алдар Көсө, Кожоберген, Тобокел хан, Эр Эшим ж. б. дааналардын дайны эскерилет.

Кыргыздардын байыртан берки аңызында, уламыштарында, санжыраларында оозеки чыгармаларында жана жазма тарыхында сөз берметин жамгырдай төгүп, тил безеп айткан адамдар көп болгондугу айтылат.

Энесайлык кыргыздарда санжыра боюнча Жайсаң ырчы, Эменей акун, Карыке чечен, Камбаркан комузчу (комуз легендасы), Турдубай ырчы, Асан кайгы ойчул акун, Нуралы акун, Карыке чечен, Алыбек акун, Сатыбалды ырчы, Эсенгелди чечен, Эмил акылман, Таштанбек ырчы, Чарыша чечен, Коңур акун, Бактыбай акун, Үмөт ырчы, Токтогул ырчы, Карыбай акун, Кетбука ырчы ж. б. акун (акын), ырчы, чечендер, комузчулар өткөн.

Алардын ырлары, насааттары, осуяттары укумдан-тукумга, ооздон-оозго өтүп отуруп, элдик ырларга, дастандарга, терме, санат-насыят ырларына, макал-лакапка, накыл сөздөргө айланып кеткен.

Алардын кээ бир гана ырлары бизге жетти. Байыркы кыргыздардын доорунда сөздүн күн кусуру аябай күчтүү эле. Ооздон чыккан сөздөн жаңылган оңбогон. Чечен деген сөзгө таланттуу, кайраттуу жана жалтанбас адамдар гана татыктуу болушкан. Алар сөздүн касиетин, ийкемин, ыраатын, маданиятын, байлыгын жакшы билишкен. Кыргыздар чечендерди да сөздүн баамы боюнча бөлүп: чечен, жөө чечен, кур чечен, акыл чечен, тил чечен деп да айтышат.

Ат үстүнөн түшпөй, белинде курун чечпей жүрүп Чыгыш-Батыштагы сапырган «Менин тулпарымдын туягы тийбеген жер калган жок, кылычымдын мизи тийбеген эл калган жок» деген Атылакандын (V кылым) Кара Толок жана Байсак деген чечендери акылчылары кыргыз болуптур.

Жалпы түрк элдерине орток болгон улуу инсандар ойчул, комузчу Коркут Ата (VII к.), окумуштуу, философ Абу Наср - ал-Фараби (IX-X к.), акын, окумуштуу Алам-ад-дин ал Жаухари (X-XI к.), окумуштуу Абу Райхан ал-Бируни (X-XI к.), философ, дарыгер Абу-ал-Ибн Сина (X-XI к.), окумуштуу Махмуд Кашкарлык (Махмуд Кашгари, XI к), окумуштуу Жусуп Баласагын (XI к.), Сопу акын Кожо Ахмет Ясауи (Кулкожакмат XII к)., Сопу акын Сулейман Бакыргани (XII к.), акын, ойчул Ахмет Жүйнеки (XII к.), Арыстан Баб (Арсланбаб токою балким бул адамдын ысыманан аталгандыр), Жусуп Хамадани шайыктар кыргыздардын да рухий байлыгына маданиятына жана адабиятына салым кошушкан.

XVIII—XX кылымдагы кыргыздардын таланттуу инсандары: акындар Алдаш Белек уулу (1720-1780) , Калыгул Бай уулу (1785-1855), Балык Кумар уулу (1799-1887), Жөжө Каржабай уулу (1808-1895), Молдонияз Эрназар уулу (1823-1896), Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878), Чоңду Койчуман уулу (1826-1912), Эсенаман Жалгаш уулу (1823-1913), Солтобай Токтоболот уулу (1834-1918), Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920), Жаныш акын (1843-1889), Нышан Молдо (1846-1916), Жеңижок Көкө уулу (1860-1918), Жумамүдүн Молдо (1862), Калмырза Сарпек уулу (1866-1910), Молдо кылыч Шамыркан уулу (1866-1917), Байгабыл ырчы (XIX—XX кылымдар), Үмөталы Эсенаман уулу (1876-1917), Алдаш Молдо (Алдаяр) Жээнике уулу (1874-1930), Тоголок Молдо (Байымбет) Абдырахманов (1860-1942), Токтогул Сатылганов (1864-1933), Эшмамбет Байсейит уулу (1870-1926), Коргоол Досуев (1882-1962), Калык Акиев (1883-1953), Барпы Алыкулов (1884-1949), Актан Тыныбеков (1887-1951), Осмонкул Бөлөбалаев (1888-1967), Алыкул Үсөнбаев (1894-1963), ж.б.

Манасчылар: Келдибек Карбоз уулу (XVIII к.) Акылбек (1840-1920), Назар, Тыныбек Жапый уулу (1846-1902), Найманбай Балык уулу (1883-1911), Кенжекара Калча уулу (1859), Шапак Рысмендиев (1863-1956), Сагынбай Орозбак уулу (1867-1930), Жазыбай Кожоков (1869-1942), Багыш Сазанов (1878-1958), Жакшылык Сарыков (1880-1934), Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961), Дуңкана Кочукеев (1886-1981), Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967), Саякбай Каралаев (1894-1971), Мамбет Чокморов (1896-1973) ж. б.

Куудулдар: Жоошбай Борсол уулу (1840-1919), Көкөтөй Тото уулу Карачупак Шылдыр уулу (1862-1933), Куйручук Өмүрзак уулу (Кудайберген) (1866-1940), Бекназар Арзымат уулу (1884-1953), Шаршен Термечиков (1895-1942), Айдараалы Бейшүкүров (Айдараалы Жөргөлөк) (1851-1934) ж. б.

Кыргыздардын береги бабалары эр жүрөк, сабырдуу, боорукер, намыскөй, акылман жана таланттуу эл башкаруучулары болушкан. Байыртадан ысымы, даңазасы Чыгыштан Батышка жеткен, ай туяктуу ат минген, шилтесе кылыч мизинен от жанган баатырлар эле. Алар элим, жерим деп өмүрүн курмандыкка чалып, келечек тукумун аман өссүн, жашоосу бейпил, таалайы, өркөнү өссүн деп, жерин жат душмандын буту баспасын деп өмүрүн күрөш менен өткөргөн. Кыргыздардын өткөн доордогу эл башкарган улуу инсандары. XIX кылымга чейинки тарыхтагы белгилүүлөр: Ниша Чоро б.з.ч. (III кылым), Акбото Арстан (III кылым), Ногойкан (IV кылым), Кубат баатыр (IV кылым), Адыл баатыр (V кылым), Ишбара Ажан (VII кылым), Барсбек Каган (VII-VIII кылым), Калач Хан (VIII кылым), Тардуш Ынынчу Чур (VIII кылым), Кешикбий (VIII кылым), Кол Жасак бий (VIII кылым), Умай бий (VIII кылым), Авабий Тапу Алп Сол (IX кылым), Алп Арстан (XI кылым), Ырыс-Инал (Арыс) (ХIII кылым), Еди-Инал (XIII кылым), Корлуп хан (XIII кылым), Мамык хан (XIII кылым), Тайбука хан (XIII кылым), Жанкороз (XIII кылым), Алым Арстан (XIII кылым), Домбул бий (XIV кылым), Муратай бий (XIV кылым), Долон бий (XIV кылым), Байгара бий (XIV кылым), Жедигер хан (XV кылым), Ахмет хан (XV кылым), Көчүм хан (XVI кылым), Султан Халил Султан (XVI кылым), Мухаммед кыргыз (Тагай бий) (XVI кылым), Иренек (XVII кылым), Энесай кыргыздарда Акбото бий (XIX кылым), Ормон хан (XIX кылым).

Жайгаштыруу: 2017-08-18, Көрүүлөр: 2347, Өзгөртүлгөн: 2024-01-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо