Кыргыз комузу кайдан чыккан же комуз легендасы. Кыргыз калкынын оозеки чыгармаларында комуз музыкалык аспабынын пайда болушу жөнүндө белгилүү музыкант Муратаалы Күрөңкеевдин айтуусунда кийинкидей уламыш бар.
Илгери бир доордо Камбаркан (же Камбар) аттуу мергенчи (мергенчи хан деп дагы айтылат) болгон экен. Ал убакта кыргыздар аңчылык менен күн көрүшкөн. Камбаркан бүт айылды мергенчилик аркылуу багып, элдин батасын алган азамат болчу.
Күндөрдүн биринде ал аңчылыктан келе жатып, кайсы бир (өйдөдөн, токойдон) жактан угулган мукам үндү угат. — Бул эмне болуп кетти экен? Ушундай да жагымдуу, мукам үн болобу? — деп таңыркап, жанагы үн угулган жакка бет алат.
Ал жерге келсе, эки дарактын арасында кургап, илинип турган кандайдыр бир жаныбардын (кээ бир маалыматтар боюнча маймылдын ичегиси, башка маалымат боюнча койдуку) ичегисин көрөт. Шамал же сыдырым жел болгондо бутактар кыймылдап, кылга тийип, андан жагымдуу, мукам үн чыгып жатыптыр. Камбаркан көргөнү жөнүндө ой салып, ойлонуп, ал окуядан кийин, үйүнө кайтып, койдун ичегисин кургатып, музыкалык аспап жасап, ага кургаган койдун ичегисинен алгач биринчи кылын тагып, андан соң экинсин жана үчүнчүсүн тагып, алгачкы күүсүн черткен экен. Мына ошол Камбаркан мергенчи жасаган аспап «Комуз» аталып калган. Ошол комузда чертилген биринчи күү мергенчинин ысымынан «Камбаркан» аталыптыр. «Күүнүн башы — Камбаркан» деген сөз мына ошондон калган имиш.
Таңшый бер кыргыз комузу
Абалтан дайым дүйнөгө,
Ала-Тоо ата конушу.
Тарыхын элдин баяндап,
Таңшый бер, кыргыз комузу.
Комузум дайым жоголбойт,
Калдайган кыргыз барында.
Токтобой күүлөр удургуйт,
Толкуган кыргыз канында.
Күнү-түн уксаң канбайсың,
Күүлөрү ары-намысы.
Колумда турган жөнөкөй,
Комузум кыргыз тарыхы.
Сыйкырдуу күүсү комуздун,
Сезимди калат тузактай.
Сыздаган кылдын добушу,
Сызылат тунук булактай.
Көкөйгө тийген тагдыры,
Жараткан «Көкөй кестини».
Жоголбой жетти бу күнгө,
Жоголуп тарых кетчүбү?
Кыдырып дүйнө кыйырын,
Кыргыздын күүсү угулар.
Кайталап нечен чертилер,
«Камбаркан», «Сынган бугулар».
Термелип күүнүн дообушуна,
Теребел көшүйт мелтиреп.
Кылдары бийлеп жүрөктү,
Кыялым айга серпилет.
Кубаныч, кайгы аралаш,
Кээде өтөт турмуш кейиште,
Чертилген комуз күүсүнөн,
Чыккансыйт адам бейишке.
Бирде шар, бирде кайрыгы,
Сыдырым тоонун желиндей.
Керемет күүсү комуздун,
Кең пейил кыргыз элиндей.
Комузда, күүдө, кылында,
Кан жаны бирге өчүрбөй.
Толкутат канды дүргүтүп,
Толкундуу Ысык-Көлүмдөй.
Эртелеп комуз кармаган,
Элинин тийип батасы.
Сайраган шакта булбулдай,
Самара күүнүн атасы.
Комузду таптак сүйлөткөн,
Колдорун кара жоргодой.
Чериңди жазат балкытып,
Черткени Карамолдодой.
Өнөрүң дүйнө кыдыртып,
Өзгөчө жанды жылдызың.
Күүлөрдөн черткен өзүңдүн,
Каниет алат кыргызың.
Жарашып чыкса сахнага,
Жаркылдап жарык маңдайы.
Черткенде сайрайт комузу,
Чечендин болуп таңдайы.
Жайкалган шырдак, кийизди,
Жараткан ишкер кол узу.
Тыңшаган жанды сыйкырлап,
Таңшый бер, кыргыз комузу!
(Эшманбет Токсоев)