Анын өз аты Кудайберген. Азыркы Жумгал районунда туулган. Атасы Өмүрзак жардылыктын айынан байларга жалчы болуп жүрчү, апасы болсо алардын үй жумушун жасаган. Оор турмуштан улам Куйручук ден соолугу начар, куу далы болуп чоңойгон. Алтыга чыкканча бечелдиктен арылган эмес. Энеси каза болгондон кийин атасына кошулуп малайлыкка жалданып, байлардын козу-улагын кайтарат.
Жокчулук аны түтүн чыккан үйлөрдү түрө кыдырып, өзү жана бир туугандар үчүн тамак-аш суроого ылайыгы келгенде бай-манаптардын казан-аягын какшытууга мажбур кылган. Бул үчүн далай мүшкүлгө да учураган. Бала эл турмушуна жакын болуп, оозеки чыгармачылыкка зээн койгон. Ал чукугандай сөз табар, бай-манаптардын жоруктарын ашкерелеген ашкан куудул катары эл арасына тааныла баштайт. Ушундан улам эл аны Куйручук атка кондурушат.
Албетте, буга анын табигый шыгы, жөндөмдүүлүгү себепкер болот. Молдо атчан үргүлөп келе жатты. Олжого түшкөн тайды жетелеп алган. Бир маалда жетегиндеги тай чиренип баспай калгандыктан, артын карап, бир бакырып алды да, атын камчылап качып жөнөдү. Тай кандайдыр бир балаага (балээ) айланып, аны тиктеп турган экен. Молдо үйүңө келип курмандыкка мал союп, балаа (балээ) тууралуу элге айтат, ооруп да калат. Бирок көп узабай балаанын сыры ачылды.
Көрсө молдонун үргүлөп келатканын көргөн Куйручук жылаңачтанып, денесине ылай шыбап, бети-башын да боёп, молдо жетелеп келаткан тайдын жүгөнүн шыпырып алып, өз мойнуна салып, чирене туруп калган экен. Ошентип элди алдаган молдо эл алдында маскара болду. Куйручук өз жоруктары менен бай-манаптардын терс жоруктарын ашкерелеген.
Куйручук төкмө ырчы, аткаруучу да болгон. Ал атактуу Токтогул менен да жолугушуп, ырдап учурашкан, Найманбай ырчы менен кадимкидей айтышкан. Ошондой эле Манастан, айрым башка эпостордон, элдик дастандардан да үзүндүлөрдү айткан. Бирок Куйручук ашкере куудул, куйкум, мурчтуу сөздүн, ширин азилдин чебери катары кыргыз адабиятынын тарыхында калды.