Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Солтобай Токтоболот уулу

Баш барак | Биографиялар | Солтобай Токтоболот уулу

(1834, Ысуис-Көлдүн тескейи -1918, Каракол уезди, Жууку өрөөнү) - акын поэзиясынын ири өкүлү. Өз заманында чоң ырчы аталган. Бугу уруусунун желдең уругунан. Арстанбек менен замандаш, аны устаты эсептеп, пир туткан. Көп жылдар аны менен чыгармачыл байланыш түзүп, таасир-таалим алган. Устанын чыгармаларын эл арасында ырдап жүрчү экен; мисалы, Арстанбек менен казак ырчысы Сүйүмбайдын айтышы С. аркылуу бизге жетти. С. өз мезгилиндеги УРУУ башчыларын кези келсе мактап, же тайманбай сындап, эл арасында кадыр-баркка ээ болот.

Айрыкча өтө абройлуу Шабдан манапты кордоп ырдагандан кийин ал баатыр ырчы аталат. С-дын чыгармаларынын ичинен «Боромбайдын керээзи» (акын тарабынан поэтикалык формага түшүрүлүп, мааниси кеңейтилген), ТекесЖылдыз, Ысык-Көл менен копггошуусу жана Назар семетейчи менен кайым айтышынан үзүндү сыяктуу азыноолак гана мурасы бизге келип жетти. Кордосо да, мактаса да чегине жеткирген чоң акын экени байкалат. Бирок, кантсе да, С-дын жаркын таланты, чоң сүрөткерлиги анын коштошуу ырларынан ачык көрүнөт. Мында сөз ырчынын жеке керт башынын тегерегинде гана жүрбөстөн, анда калк тагдыры, Ата-Журт келечеги, адеп-ахлак, замана мыйзамы, элдин соңиалдык ал-абалы сыяктуу коомдук курч маселелер козголуп, чыгарма коиггошуу ырынын жанрдык чегинен чыгып, өз алдынча поэмага тете окуяны ичине камтыйт. Эл оозунда калган кепке караганда С. кошок, жоктоо жана башкалар жанрдагы салттуу ырларды көп жараткан экен. Бирок, тилекке каршы, ал эскичил, уруу ырчысы эсептелип, анын чыгармачылыгы кийинки мезгилге чейин иликтөө, изилдөө алкагынан четте турган.

Анын колдо бар азыноолак ырларынан эле ал өз доорунун тарыхыйтурмуштук кырдаалын, калк муктаждыгын терең туюп, эл сезимине жеткире ырдаган, сөз кудурети бийик чоң акын экени даана байкалат.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 903, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу