Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Махмуд Кашгари

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Махмуд Кашгари

Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед (туулган жана өлгөн жылы белигиз) - 11–кылымда өткөн орто азиялык филолог, энциклопедист, окумуштуу. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок.

Изилдөөчүлөр Махмуд Кашгаринин «диван лугат–ит-түрк» аттуу эмгегине жана Караханилерге тиешелүү маалыматтарга таянып, Махмуд Кашгари 1029—1038-жылдар ичинде Кашкар шаарында төрөлгөн, Ысык–Көл жээгиндеги байыркы шаар Барсханда (Барскоон кыштагы) жашап, кийинчирээк Кашкарга жер которуп кеткен. Барсхан эмири Хусейн ибн Мухамедин уулу, Караханилер тукумунан деген божомолдуу пикир айтылат. Орто кылымдагы маданий очоктоорунан болгон Багдад, Кашкар, Бухара шаарларынан билим алган. Өз заманынын көрүнүктүү тарыхчысы, филологу, георграфы жана этнографы катары белгилүү. Көп жылдар бою түрк урууларынын арасында жүрүп, алардын турмушундагы, көркөм маданиятындагы тахый–географиялык, этнографиялык, филологиялык өзгөчөлүктөрү, алардын негизинде «Диван лугат–ит-түрк» деген эмнегин жазган.

Махмуд Кашгаринин атын илим дүйнөсүнө тааныткан ошол эмгек. Ал эмгегинде тил менен фактыларды талдоо үчүн түркология тарыхында салыштырма – тарыхый методду биринчи колдонуп, түрк тилдерринин диалектологиясына негиз салып, дүйнөнүн өзү түзгөн картысын тиркеген. Ал картанын түзүлүшү азыркы жарым шар формасына тура келет. Картасы жөнүндө өзү мындай деп жазат: «Румындан Моченге чейинки болгон шаарлардын ордун аныкташ үчүн аларды жер түспөлүндөгү тегеректе көрсөттүм» («Диван лугат–ит-түрк», 1 – т., Тош., 1960, 65 – б.). Картадагы шарттуу кабыл алынган боёктор жөнүндө тегеректин четинде эскертүү бар. Тегеректин чети көк жашыл боёк менен сызылган. Бул – жер шарын океандар курчап турат дегендин белгиси.

Махмуд Кашгаринин бул картасы шарттуу белгилери, жалпы сүрөттөлүшү жагынан орто кылымдардагы чыгыш карталарына окшош болсо да, көп элементтердин берилиши, ошондой эле, мазмуну жагынан алардан айырмаланган. Маселен, жер шарынын борбору Орто Азияга, тагырак айтканда, Ысык–Көл менен Баласагундун аралыгына тура келет (Орто кылымдагы араб карталарында жердин борбору катары Мекке жана Медина жайгашкан жерлер көрсөтүлчү). Махмуд Кашгари Орто Азия жана Кашгар элдеринин дүйнө жөнүндөгү байыртан келаткан тарыхый жана аңыз сөздөн чыккан көз карашына таянып, чыгыш тарапты картанын жогорку, белгилүү географиялык байланышы бар; дарыялар салааланып тоолордон башталат да, дениздерге же көлдөргө куят: шаарлар көбүнчө тоо арасында же дарыя жээктеринде жайгашып, тоолор, дарыялар, мамлекет чек аралары схема түрүндөгү түз сызыктар менен көрсөтүлсө да, алардын аралыгында белгилүү пропорция сакталган.

Маселен, Ысык–Көлдөн Японияга чейинки аралык, Ысык–Көлдөн Хабашстанга чейинки аралыкка тең же барабар. Бул чындыгында эле ошондой. Картада бир топ бош калган жерлер да учурайт. Алар картанын толук иштелбегендигинен калса керек. Ырас, Махмуд Кашгаринин бул картасын бардык жагынан туура түзүлгөн деп эсептешке болбойт. Анда ката жерлер да кезигет: мисалы, картанын аңыз сөздөргө да таянгандыктан, Аму–дарыя менен Сыр-дарыянын Каспий денизине куят деп көрсөтүп алган. Ошондой болсо да бул карта өз доору үчүн баалуу эмгек болгон. Махмуд Кашгари «Жавохирун – н нахв фм луга–ти-түрк» («Турк тилдер синтаксисинин негиздери») деген эмгек да жазганы белгилүү.

Тилекке каршы ал эмгек азыркы убакка чейин табыла элек. Махмуд Кашгаринин иштери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдөөгө негиз болчу маанилүү илимий даректерден.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 39636, Өзгөртүлгөн: 2021-02-25, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу