Күндөрдүн бир күнүндө жөндөн жөн туруп жамгыр бардыгына мактанып кирет. Жөн гана мактанбастан боюн көтөрүп, башкалардан мыктысына баштайт:«Дүйнөнү бүтүн жашарткан, Менден башка кайсың бар? Жашартканың бар болсо, Жашырбастан айтыңар! Желип өткөн жеримен, Жер тамыры жазылат. Басып өткөн жеримен, Байчечекей ачылат» - деп мактана берет. Аны угуп турган Суу чыдай албай, ал дагы мактанып кирет:«Жамгыр өзүн сел ойлойт, кудук өзүн көл ойлойт. Мен болбосом көрөт элем, сенин жамгыр болуп көктөн төгүлгөнүңдү» - деп өзүн көкөлөтүп.
«...Кыйынын көр, деле булардын?! А менчи?!Мен эмне силерден кем бекенмин?!» - деп аңгыча Шамал шуулдап кирет. Мактанган жагынан берки экөөнөн ашып түшөт:«Асманда жүргөн жаркырап, Айдын нуру колумда, Көктө жүргөн жаркырап, Күндүн нуру колумда» - дейт уялбай. Аны угуп от өрт болуп жалындайт да өзүн мактай баштайт:«Тоңгондорду эритем, Үшүгөндү жылытам. Чийки болсо бышырам, Бышык болсо күйгүзөм».Төртөөнүн эрегиши күчөй турган болот.
Кыйынсынгандарын көрсөң биринен бири ашат. Ошондо аларды байкап турган жер эне кепке кошулуп, калыстык сөзүн айтат. Мактаныч жаман экенин, анын зыяндан башка пайдасы жоктугун төртөөнө түшүндүрүп: «Ынтымактуу жашагыла. Ынтымак бар жерде ырыс бар» - деп балдарын тыйган экен. Алардын талашын, мактаныч сөздөрүн жер эненин акыл-насаатын көркөмдөп, кыш койгондой кынаптап, сөз берметин шурудай тизип, кагаз бетине түшүргөн элдик улуу акын Тоголок Молдо.
Бул сапта акындын «Жер жана анын балдары» деген чыгармасынан алынды. Тоголок Молдонун өз аты-жөнү - Байымбет Абдрахманов. Илгери кат таанып, китеп окуй алган адамды молдо деп аташчу. Байымбет кичинесинде окуганды, жазганды үйрөнүп алган, чарчы бойлуу, тоголок бала экен. Ошондон улам эл аны Тоголок Молдо деп атап калышыптыр.
Кийин Тоголок Молдо акын гана болбостон жомокчу, манасчы да болот. Ал эң кызык жомокторду, тамсилдерди, поэмаларды жазган. Анын «Кемчонтой», «Куштардын ангемеси», «Абышка-кемпирдин көмөчү», «Карышкыр менен Түлкү» жана башка чыгармаларын балдар дайыма кызыгып окушат. Тоголок Молдо «Манас» баш болгон эпосторду да жакшы билген манасчы катары да белгилүү. Ал Акталаа районуна караштуу Куртка деген жерде туулуп, өзүнүн бүткүл чыгармачыл өмүрүн ушул жерде өткөргөн.
Бишкек шаарында Тоголок Молдого эстелик орнотулган.
Кошумча: