Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тыныбек Жапый уулу (1846-1902)

Манасчылык өнөрдүн чоң устаты, атактуу Тыныбек Жапый уулу 1846-жылы Ысык-көлдүн Кайнар деген жеринде төрөлгөн. Атасы Жапый кедей болгондуктан балалык турмушу оор болгон. Ал 14 жашка чыккандан «Манасты» айта баштап, 25 жашка чыкканда элге таанымал манасчы атыккан. Тыныбектин манасчы болуусуна Чоңбаш, Келдибек, Акылбек дегендердин таасири тийген. Тыныбектин манас айтышы башка манасчылар сыяктуу эле түшкөрүү менен байланыштуу. Анын айткан «Манасынан» 1898-жылы «Семетей» бөлүмүнөн үзүндү гана жазылып алынган. Ал «Манастын» баардык бөлүмдөрүн толугу мөнен эң жогорку көркөмдүктө айта билген.

Анын «манасты» айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда. Өз учурунда андан Тоголок Молдо, Доңузбай, Байбагыш, Сагымбай ж. б. таасирленип, таалим алышкан. Тыныбек XIX кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. «Манас» эпосунун бүгүнкү көркөм бийиктикке жетишине анын да кошкон салымы зор болгон. Ал өзгөчө «Семетей» бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат. Анын айтуусундагы «Семетейдин» бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан. Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 2917, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо