Барсбек, Ынанчу Алп Билге - 7чи кылымдын аяк жагы 8чи кылымдындын баш жагында Енисей Кыргыз каганынын башчысы. Барсбектин тушунда кыргыз элчилери Тибетке, Кытайга, Тургош каганына жиберилип турчу. Экинчи Чыгыш Турк кагандыгынын кагандары да Барсбекди озуно ийитуу максатында оболу анын каганын таанып билишкен жана Элтерис кагандын кызы Барсбекке канышалыкка берилген (Кул тегинге арналган эстелик маалыматынан). Барсбек каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (тургоштор), чик, аз сыяктуу турк уруулары менен Орхондогу туркторго каршы согуштук ынтымак тузууго жетишкен. Бирок, Тон-Йокук жана Кул тегин башкарган кошуун озунуп, ушул ынтымактын окулдорун бириндетип талкалоону коздошуп, 710чи жылдан 711чи жылга караган кыш мезгилинде алар Когмен (Саян) тоосун ашып тушуп, капылеттен кыргыздарга кол салышкан. Сунга атту чертокойлуу жерде Барсбек баатырча согушуп-салгылашып, каза болгон. Орхон турктору аны каармандарча курошкон жоосу катары аздектешишкен. Енисей кыргыздары оздорунун руна сыяктуу бир нечен жазма эстеликтеринде Барсбекке кошок, жоктоо создорун жазып багыштаган. Ушул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышы озу да «кыргыз бодун» дегендей Орхон жазмаларында айтылган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт.