Сактар (байыркы персче Sakā, байыркы грекче Σάκαι, латынча Sacae) — б. з. ч. I кылымдардагы иран тилдүү көчмөн жана жарым көчмөн уруулар тобунун аталышы.
Сактар | |
---|---|
Жайылуусу | Борбордук Азия, Синьцзян, Индиялык субконтинент, Хорасан, Кавказ |
Археологиялык маданият | Андрон маданият, аштоо маданият |
Тили | Сак |
Дин | Скиф-сарматтык |
Таандыгы | Иран калктары |
Тектеш калктар | Скифтер, Сарматтар, Массагеттер |
Этникалык топ | Скифтер |
Теги | Индоирандыктар |
Биздин заманга чейинки VI—III кылымдарда Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан аймактарында сактар, же болбосо скифтер деп айтылган көптөгөн уруулар болгон. Бирок, скифтер менен сактарды алмаштырбоо зарыл, сактар скифтерге жакын же тууган уруулар (ошондой эле, сарматтар, массагеттер). Индиянын булактарында сактарды турлар, илгерки кытай маалыматтарында «сэ» эли деп айтышкан.
«Сак» деген түшүнүк «эркин адам», «күчтүү эркек» (жоокер) дегенди билдирген. Биздин заманга чейинки VI—V кылымда сактар эки чоң уруу союзуна кошулуп биригишкен. Биринчи кошумга абилер, массагеттер, дебектер, апасиакилер, дахилер жана башка уруулар кирген. Байыркы персиянын жазууларында булар тиграхауд сактары — «шуншугуй калпакчан сактар» деп аталган.
Экинчи союз Түндүк Индиядан Алай, ошондой эле, Ферганага чейин мейкиндиктерге ээлик кылып турган. Перстиктер аларды хаумаварга — «хаум чобун урматтаган сактар» деп айтышкан. Бүгүнкү Кыргызстандын түндүк райондорунда «тиграхауд сактары», ошондой эле түштүгүндө «хаумаварга сактары», тиричилик кылган. Тарыхчы Т. Рыскуловдун изилдөөлөрү боюнча сактар байыркы түрк тилдеринде сүйлөшкөн, көбүнчө европеоид түспөлүндө болгон. Тиграхауд сактарынын айрымдарында монголоиддик белгилер да кездешкен. Коомдук түзүлүшүндө сактар үй-бүлөлөрдөн турган көчмөн жамааттарга бириккен. Ал эми жамааттык түзүлүштүн бузулуусунан урук-уруулардын ак сөөктөрү бөлүнө башташкан. Жоокер башчыларынын мартабалары көтөрүлүп, байлыктары өскөн. Биздин заманга чейин V-кылымда сактардын коомунда социалдык теңсиздик пайда болгондугун, аларга тиешелүү көрүстөндөрдүн көлөмү, андан табылган археологиялык эстеликтер далилдейт.
«Падышалардын» мүрзөлөрүнүн диаметри 50дөн 120 метрге чейин, узундугу 9-15 метрге жеткен. Уруунун ак сөөктөрү диаметри 30-45 метр, узуну 5-7 метр келген мүрзөлөргө, эрдик көрсөткөн жоокерлер чоңураак, ал эми жөнөкөй адамдар бир аз гана белгиленген мүрзөлөргө коюлган. Эң чоң мүрзөлөрдөн 4 миңге жакын алтын буюм-тайымдар, жөнөкөй адамдардыкынан бир-эки чопо буюмдар табылган. Коомдун эң төмөнкү тепкичинде аз сандагы кулдар турган. Коомдук түзүлүшү боюнча сактар мамлекет түзүүнүн алдында турган.
Сактар жалпысынан чарбачылыгы мал багуу жана жер иштетүү менен айкалышкан. Мал багуунун үч негизги багыттары өнүккөн:
Жаратылыш шартына ылайык, Кыргызстандын түндүгүндөгү сактар негизинен мал чарбачык менен жашоо-тиричилик кылышкан.
Ферганадагы сактар болсо мал чарбасын дыйканчылык менен айкалыштырып тиричилик өтөгөн. Кой, жылкы, уй, төө асырашып, буудай, арпа, таруу айдашкан. Сут, эт азыктары сактардын тамак-ашынын негизин түзгөн. Жүндөн, өсүмдүктөн жип ийрип, кездемелерди токуган. Кийизден жасалган учтугуй калпак кийген. Териден да кийим жасап, ат жабдыктар, идиш жасоо кеңири жайылган. Кыргызстандан сак менталитет-маданият эстеликтери Чүй өрөөнүнөн, Ысык-көлдөн, Теңир тоодон жана башка жерлерден табылып алынган. Курмандыкка чала туруучу такты, шам чырактар, конус формасындагы буту бар казандар өтө зор кызыгууларды туудурат. Ушул буюмдар жаныбарлардын колодон жасалган сөлөкөттөрү менен өтө чебер кооздолгон.
№ | Түрлөрү | Негизги өнүгүү аймактары | Өзгөчөлүктөр |
---|---|---|---|
1. | Көчмөн мал багуу | Батыш жана жарым-жартылай Борбордук Казакстан талааларында | Жыл бою көчүп жүрүү мүнөздүү: кыштоо, жайлоо, көктөө, күздөө |
2. | Жарым-жартылай көчмөн мал багуу | Чыгыш жана түндүк Казакстан талааларында, Жети-суу (Семиреченск), Борбордук Казакстандын бир катар аймактарында, Тянь-Шань тоолорунун этектеринде | туруктуу кышкы жана жайкы туруктарынын болуусу |
3. | Туруктуу мал багуу | Казакстандын түштүгүндө, Сырдарыя, Чу, Талас жана Келес дарыяларынын өрөөндөрүндө | Жер иштетүү менен айкалышта өнүгүү |
Борбордук Казакстандагы археологиялык казууларда табылган сөөк материалдарына ылайык жылкылардын эки түрү аныкталган:
Мал чарбасында маанилүү ролду койлор ээлешкен, булар эт, жүн жана теринин булагы болгон. Койлору чоңураак келген, заманбап куйруктуу койлордун тукумдарына жакын.
Көбүнчө Казактандын талаа жана жарым чөлдүү аймактарында көбүрөөк өнүккөн. Төөлөрдү минүүчү жана жүк артуучу жаныбарлар катары пайдаланышкан, ошондой эле, алар жүн, эт жана сүт берген.
Археологиялык эстеликтер сактарда зергерчилик иштери бийик чебердикке жеткенин тастыктайт. Алтын, коло ошондой эле, чоподон жасалган буюмдар, түрдүү кооздуктар, өзгөчө айбанаттардын сөлөкөттөрүн жасоо жана сүрөтүн түшүрүү искусствосу сактардын дүйнөгө болгон көз карашын, философиясын чагылдырат.