Алдаяр Жээнике уулу (1874, Ак-Кочкор айылы, азыркы Жети-Өгүз районунун аймагы —1930, ошол эле жер) - кыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын; «замана» агымынын өкүлү. Жардынын үй-бүлөсүнөн. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюпггуруп, балдарды окутууга киришкен (1904—06-ж.). Октябрь рев-ясынан кийин 1919-жылы Жети-Өгүздүн Талды-Булак коктусунда мектеп ачкан. 1921—22-жылы Алматыдагы кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-жылы «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлөөчүлөрдүн болуштук талашып чабышып, чыгымын элге тарттырып, калкты бүлүнткөнүн ашкерелеген. «Баракан жөнүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. Алдаш Молдонун көрүнүктүү чыгармаларынын бири -«Хал заман» (1914). Анда Кыргызстан Россияга бириктирилгенден кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалдарга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Россиянын тийгизген таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсөтүүгө аракеттенет. Ошону менен катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да көрсөтөт.

1916-жылы «Үркүн» аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин муң-зары бир кыйла реалдуу сүрөттөлөт. Алдаш Молдонун ырлары эл арасында колдон колго өтүп окулган.

Алдаш молдо


Алдаяр Жээнике уулу (1874, Ак-Кочкор айылы, азыркы Жети-Өгүз районунун аймагы —1930, ошол эле жер) - кыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын; «замана» агымынын өкүлү. Жардынын үй-бүлөсүнөн. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюпггуруп, балдарды окутууга киришкен (1904—06-ж.). Октябрь рев-ясынан кийин 1919-жылы Жети-Өгүздүн Талды-Булак коктусунда мектеп ачкан. 1921—22-жылы Алматыдагы кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-жылы «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлөөчүлөрдүн болуштук талашып чабышып, чыгымын элге тарттырып, калкты бүлүнткөнүн ашкерелеген. «Баракан жөнүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. Алдаш Молдонун көрүнүктүү чыгармаларынын бири -«Хал заман» (1914). Анда…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 2413, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27