Микроб


Бир кезде адамдар, ал тургай илимпоздор да дүйнөдөгү эң кичинекей тирүү жандык - бүргө деп эсептешкен! Биз менен бирге, айланабызда жана ичибизде көзгө көрүнбөгөн сансыз көп тирүү жандар жашап, почта маркасынан океан кемеси кандай айырмаланса, чекит сымал бүргө да алардан дал ошондой айырмаланары эч кимдин оюна да келген эмес. Окумуштуулар бул таң калыштуу көзгө көрүнбөгөн жандыктарды абдан чоңойтуп көрсөтүүчү микроскоптун жардамы менен көрүштү. Ошондо да дароо эле ишенишкен жок! Бирок изилдеп үйрөнгөндөн кийин толук ынанышты. Бул тирүү жандарды микробдор же микроорганизмдер (грекче микрос - майда, кичине) деп атап коюшту. Микроскоп ар бир микробду өзүнчө карап көрүүгө мүмкүндүк түздү. Бул жандыктардын бардыгы адатта бир гана тирүү клеткадан турганы менен алардын формасы, касиети, жашоо мүнөзү, айлана-чөйрөгө таасири боюнча өтө ар түрдүү экен.

Микробдордун ичинде негизги орунду бир клеткалуу өсүмдүк организмдер - бактериялар ээлейт. Жердеги бүткүл турмуш көп жагынан мына ушул бактерияларга жараша болот. Алар бардык жерде: абада, жерде, сууда, кыртышта, өсүмдүктөр, жаныбарларда жашайт. Айрым бактериялар өтө назик келип, бат өлөт. Башкалары ал тургай кайнатканда, тоңдурганда да эч нерсе болбойт, кислота, щёлочь, ууларга да туруштук берет. Көзгө көрүнбөгөн бактериялар биздин турмушубузга өтө чоң таасир тийгизет. Алар адамдын же жаныбардын организмине кирип, туберкулёз, келте, сибирь жарасы, манка, ангина, чума, холера, өпкөдөн кагынуу, ириңдөө, кан бузулуу сыяктуу коркунучтуу ооруларга дуушар кылат. Бирок пайдалуу бактериялар да бар. Алар болбосо жерде жашоо бир кыйла кыйын болмок. Мындай бактериялар сүттү - айранга, айранды - ацидофилинге, жүзүм ширесин - спиртке, ошондой эле уксусду, шарапка айландырат...

Бирок эң негизгиси - эгер пайдалуу бактериялар болбосо бизде сүт да, нан да, эт да өтө аз болмок. Иш мына мында: жаныбарлардын тиричилиги өсүмдүккө байланышкан, өсүмдүк болсо азоту көп кыртышта эн жакшы өсөт. Кыртышта жашаган өзгөчө бактериялар азотту абадан кыртышка алып келет. Бирок бактериялардын пайдасы муну менен да бүтпөйт. Эгер жерде чиритүүчү бактериялар болбогондо биздин планета куураган өсүмдүктөр менен өлгөн жаныбарларга бара-бара көмүлүп калмак. Чиритүүчү бактериялар алардын чиришине көмөк берет. Өлгөн өсүмдүк же жаныбардын денесин түзгөн заттар ушинтип кайра кыртышка кошулат. Бул заттар башка өсүмдүк, жаныбарлардын өсүп-өнүгүшү үчүн материал катары кызмат кылат.

2016-05-22 2728 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22