Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кутурма

Баш барак | Ветеринария | Кутурма

Кутурма боюнча жалпы маалымат. Кутурма - сүт эмүүчүлөрдүн вирус козгогон, борбордук нерв системасын жабыркаткан белгилер менен коштолгон тез өтүүчү өлүм менен аяктоочу оору. Кутурма ылаңынын жаратылыштагы таркатуучу жана сактоочу булагы болуп жапайы жырткыч айбандар (карышкыр, түлкү, чөө ж. б.), жолбун иттер, мышыктар эсептелет. Вирустун таза организмге кирүүчү негизги жолу болуп, ылаңдаган жандыктын тиштеген жери саналат. Кутурма менен ооруган жандык тиштегенде, вирус анын шилекейи менен кошо башка организмге өтүп оору козгойт. Кутурма ылаңынын негизги алып жүрүүчүлөрү жапайы айбандар болгондуктан, бул оору жаратылышта чордону бар инфекцияларга кирет. Короочу иттер кутурма ылаңынын негизги жуктуруучусу болушат.

Кутурмадан өлгөн адамдардын 95% иттин тиштегендигинен болууда. Кутурган иттер адам баласына оор жаракат алып келип көпчүлүк учурда өлүмгө алып келет. Кутурма ылаңынын козгогучу узак убакытка чейин жолбун иттер арасында жашашы мүмкүн. Көп учурда айыл чарба малдары кутурган айбандардын курмандыгы болушат. Кутурма менен ылаңцаган иттерди дарылоо иштелип чыга элек. Ылаңдаган иттерди тезинен жок кылуу керек. Кутурмага бир аз эле шек туулса ветеринардык врачка кайрылуу керек, эгер кутурмага коюлган диагноз такталса, иттин ээси ооруканага кутурмага каршы эмдөө курсунан өтүүгө тийиш.

Кутурма оорусун дарылоо жана алдын алуу боюнча болгон бардык сунуштар - кутурган жандыкты жок кылуу, кутурган жандык тиштеген жерди темирди кызарта ысытып басуу ж. б. алгылыктуу натыйжа берген эмес. Дээрлик кутурган жандык тиштеген адам баласынын бардыгы өлүмгө дуушар болушкан. 19 кылымдын 80-чи жылдарына чейин адам баласында бул коркунучтуу оорудан коргонуунун ишеничтүү каражаты жок болгон. Кутурманын вирусу аз убакытка чейин денеге кирген жеринде туруп, андан соң жүлүңгө анан мээге өтөт, андан шилекей бездерине жетип нерв түйүндөрүндө көбөйүшөт. Анан шилекей бездери чыкчу түтүкчөлөр аркылуу былжыр челге чыгат. Вирус мындан сырткары көзгө, өпкөгө, бөйрөкө, скелет булчуңдарына, уйку безге, желинге чейин жетет.

Кутурма оорусу олуттуу экономикалыкзыян алып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) эсептөөсү боюнча, кутурма оорусунун бир жылдагы дүйнөлүк экономикага алып келген зыяны 1 миллиард доллардан ашат. Буга жандыктардын жана адамдардын өлүмүнө байланышкан жана профилактикалык иш-чараларды, чектөөлөрдү (ограничение) өткөрүүгө кеткен чыгымдар кирет. Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын кутурмадан алтымыш миң киши каза болот жана болжол менен он миллион адам кутурган же кутурмага шектүү жандыктардын тиштегендигине байланыштуу профилактикалык дарылоо иш-чараларынан өтүшөт. Кутурманын чордонун табигый жана шаардык типтери деп экиге бөлүшөт. Биринчи тибинде - чордон жапайы айбандарда (карышкыр, түлкү, чөө, скунс, мангуст, жарганат), экинчисинде - үй айбандарында (ит, мышык, айыл чарба малдары) өтөт.

Жандыктарды кутурманы кабыл алуусу боюнча үч даражага бөлүшөт:
-Жогорку (мышык, мүйүздүү ири мал);
-Ортонку (ит, кой, эчки, жылкы, маймылдар);
-Төмөнкү (куштар)

Кутурма оорусу үч стадиядан турат:
1.Баштапкы (алгачкы жышааны билине баштайт) - 1-3 күнгө созулат. Дене температурасы 37,2—37,3 °С, көтөрүлөт, абдан кыйналат, уйку качат, жаныбарлардын тынчы кетип чабалактайт. Тиштеген жери айыкканына карабай оорутат.
2.Кызыган маалы (гидрофобия, агрессия). 1-4 күнгө созулат. Сезүү органдарын кичине эле дүүлүгүүсүнө жогорку сезгичтиги байкалат-жарыктан, ар кандай үндөрдөн, чуулдоолордон (шумы) суудан, шамалдан корккону байкалып, буттарынын булчуңцарынын катыраганы жана галлюцинация байкалат. Анан дартка чалдыккан жандык агрессивдүү, жаалдуу буулукма абалга келет.
3.Шал болгон учуру. Көзү, арткы буттары шал болот. Дем алуу системасынын шал болуусунан ооруган жан өлүмгө дуушар болот. Оорунун жалпы узактыгы 5-8, айрым учурда 10-12 күнгө жетет.

Кыргыз Республикасынын аймагында жыл сайын айыл чарба малдарынын, үй жана жапайы айбандардын арасында кутурма оорусунун чыгышы катталууда. Мунун кесепетинен адамдар жабыркап көп учурда өлүмгө дуушар болууда.

2011-жылы республика боюнча кутурманын 79 учуру катталган (бодо малда 27, майда малда 4, жылкыда 6, итте 36, мышыкта 2, жапайы жаныбарларда 4).

2012-жылы кутурманын 103 учуру катталган (Бододо 27, майда малда 6, жылкыда 5, эшекте 2, итте 50, мышыкта 4, жапайы жаныбарларда 9). Кутурма оорусу негизинен республиканын түштүк облустарында, б. а. бардык учурларды 82% түштүктө катталууда.

2000-жылдан 2012- жылга чейин 46 адам кутурма оорусунан каза болушкан.

Тактап айтканда 2008-жылы кутурмадан 2 адам (Жалал-Абад обл. -2), 2009 - жылы 3 адам (Жалал-Абаддан -1, Баткенден -2), 2010- жылы 3 адам, (Баткенден -1, Жалал-Абаддан -2), 2011- жылы 2 адам, (Баткенден - 2), 2012-жылы 1 адам (Ош обл. -1) каза болушкан.

Жандыктар тиштеп алган адамдарга жасалуучу биринчи жардамдар:
-Тиштелген жараатты самындап жууп, андан кийин 70% спирт же 5% йод менен сүртүү;
-Эгер жараат тешилген же терең тилинген болсо, жарааттын ичине самындуу сууну резина катетрдин жардамы менен куюп жакшылап жууп, андан соң 70% спирт же 5% йод менен сүртүү керек;
-Эгер жараатта үзүлгөн тери же жанчылган ткандар болсо, 3 күн бою күйгүзүүгө, хирургиялык жол менен алып салууга, кесүүгө ж. б. жасоо-го болбойт;
-Эгер ит малды же адамды себепсиз тиштеп алса, ал ит тезинен өзүн-чө бөлүнүп кармалат жана аны ветеринар 10 күнгө чейин көзөмөл-гө алат. Эгер бул убакыттын ичинде, ал итте кутурманын белгилери билинбесе аны кутурмадан таза деп эсептейт. Ал эми ит тиштеген адам ит тиштээр менен дароо ооруканага кайрылуусу зарыл, эгер тиштеген ит кутурмадан таза болсо ал адамга эмдөө токтотулат;
-Эгер тиштеген ит табылбай калса, же итте кутурманын белгилери (агрессия, шилекейинин куюлушу ж. б.) байкалса, анда жапа чеккен адамга дароо эмдөө иштери жасалат;
-Ал эми адамды жапайы айбандар, келемиштер, жарганат ж. б. айбан-дар тиштеп алса, ал адам тезинен ооруканага кайрылып кутурмага каршы эмдөө жасатууга тийиш.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 5549, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу