Ген (байыркы грекче γένος — тукум) — тукум куугучтук бирдиги. Классикалык генетикада — белгилүү бир белгини же организм функциясын алып жүргөн, тукум куугучтуктун түзүмү жана функционалдык бирдиги болгон, тукум куугучтук фактору. Мындай сапатта «ген» термини 1909-жылы даниялык ботаник, өсүмдүктөр физиологу жана генетики Вильгельм Йоханнсен тарабынан киргизилген.
Нуклейн кислоталары ачылгандан кийин, тукум куугучтук маалыматын алып жүрүүчү катары гендин аныктамасы өзгөрүп, генди ДНКнын (дезоксирибонуклеин) аймагы катары аныктай башташкан. Ген — полипептидде же функционалдык РНКда (рибонуклеиндик кислотада) мономерлердин ыраатын берүүчү дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) молекуласынын (айрым вирустарда — рибонуклеин кислотасы — РНКнын) бир аймагы.
Гендердин түзүмү жана иштеши жөнүндөгү маалыматтардын топтолуусунан улам, «ген» түшүнүгү өзгөрүүсүн уланткан. Бирок, бүгүнкү күндө бардык изилдөөчүлөрдү канааттандырган гендин универсалдуу аныктамасы жок.
Гендин заманбап аныктамаларынын бири, физикалык жактан сөзсүз чектеш болбогон сегменттерди түзгөн, ДНКнын ыраатын билдирет. Бул ДНК ырааты бир же бир нече өндүрүмдөр жөнүндөгү маалыматты белок же РНК түрүндө камтыйт. Ген өндүрүмдөрү генетикалык жөндөөчү тармактар курамында иштеп, булардын иштөөсүнүн натыйжасы фенотип деңгээлинде ишке ашырылат.
Жайгашкан ордуна карата ген хромосомалык (ядролук), цитоплазмалык же пластидалык болушу мүмкүн. Ар бир ген белгилүү бир белоктун (ферменттин жана башкалардын ) синтезделишин камсыз кылат жана көзөмөлдөйт.
Организмдин гендеринин жыйындысы генотипти түзөт. Генотип айлана-чөйрө факторлору жана өнүгүү менен, фенотип кандай болоорун аныктайт. Гендерди тукумга берүү, фенотиптик белгилердин тукум кууп алуу негизин түзөт. Көпчүлүк биологиялык белгилер полигендик, башкача айтканда көптөгөн гендердин таасири алдында болот. Гендер, ДНКнын ыраатын өзгөрткөн мутациянын натыйжасында өзгөрүшү мүмкүн. Мутация болгондо, популяцияда гендер аллелдер аталган ар кандай варианттарда болуп калат.
Гендин ар кандай аллелдерди белоктун айырмаланган версияларын коддой алат, бул фенотиптик жактан көрүнүшү мүмкүн. Гендер, гени жок ДНК аймактары менен кошо, организмдин бардык тукум куугучтук материалын билдирген геномдун курамына кирет.
Гендер организмдин бардык химиялык реакцияларын башкаруу менен анын белгилүү касиеттери жана белгилеринин жаралышын аныктайт. Ген ДНКнын бир нече нуклеотиддеринен турат. Нуклеотиддердин түз жайгашуу ирети генетикалык маалыматты чечмелейт. Ген бөлүнөт жана анын аракети айрым бөлүктөрүнүн жыйындысына жараша болот. Гендин бөлүктөрү рекомбинацияга (жуп хромосомаларда бөлүктөр өз ара алмашып гендин жаңы айкалышынын пайда болушу) жана мутацияга жөндөмдүү. Аргындаштырууда особдордун хромосомалары гендери менен гана алмашпастан, анын бөлүктөрү менен да алмашат.