Шарп - ача туяктуу малдын өтө жугуштуу ылаңдарынын бири, аны менен адам оорушу мүмкүн Шарптын фильтрден, өтүп кетүүчү өтө майда вирус козгойт, аларды электрондук микроскоптун жардамы менен 50-100 мин эсе чоңойткондо гана көрүүгө болот. Ылаңдын негизги булагы болуп оорулуу мал болуп эсептелет. Ылаңдын козгогучу - ооруган малдын шилекейи, ооздо пайда болгон ыйлаакчалары жарылгандагы сары суу аркылуу бөлүнүп чыгат. Шарп бир малдан экинчи малга оорулуу жана соо малды бирге кармаганда ошондой эле жем, чоп, мал чарба продуктылары, жарак жабдыктар жана мал чарбасында иштеген адамдар аркылуу жугат. Биринчи ооруган малды убактысында байкабай жана карантиндик чараларды туура сактабаган учурларда шарп кеңири таралып, бир канча экономикалык зыяндарга учуратат. Шарп менен ооруган малдын температурасы 40-41 градуска которулуп, жалпы абалы начарлап жем, чоп жебей калат. Андан кийин оозунун ичинде, желининде, туягынын ачасында сары суу толгон ыйлаакчалар пайда болуп, шилекейи куюлат, аксайт Бир эки күндөн кийин ыйлаакчалар жарылып, анын орду кызарып чыгат. Оору 10-14 күнгө созулат. Ооруган мал арыктап сүтү азаят. Шарп менен күрөшүүдө биринчиден эле анын кеңири тарап кетпешине жол бербөө чараларын коруу керек. Бул үчүн оору малды башка малдан болуп анын турган жерин дезинфекциялап, тезинен дарылоо керек. Эгер адистер анын шарп менен ооруганын аныкташса, ал чарбага карантин салынып, андан малды да жана продуктыларды да алып чыгарууга тыюу салынат. Шарп чыккан чарбадан алынган сүт кайнатылган турдо ошол эле чарбада пайдаланып, каймагы сызгырылат. Инструкция боюнча белгиленген бардык чараларды ветеринардык адистердин көргөзмөсү менен аткаруу керек. Оору малдын айыкканынан же өлгөнүнөн 14 күн өткөндөн кийин карантин алынып ташталат. Малды карантин алынгандан 6 ай өткөндөн кийин гана бул малды башка чарбага чыгарууга болот.