Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чегиртке

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чегиртке

Канаты менен ырдап, буту менен тыңшаган таң каларлык жаныбар бар. Бул кадимки силер көрүп жүргөн эле чегиртке. Силер аны адегенде эле көрө албашыңар мүмкүн, бирок анын чырылдаганын сөзсүз угасыңар: кимдир-бирөө балкача тез-тез тыкылдатып бир нерсени чегип жаткансыйт (мүмкүн чегиртке деген аты да ошондон уламдыр?). Мындай үндү ал атайын куралы - дене мүчөлөрү менен чыгарат: ал канаттарын бири-бирине сүргүлөгөнсүп кыймылдатканда үн чыгып, чегиртке канаты менен ырдап жаткансыйт. Чегирткенин эркеги гана ырдайт. Ал эми буту менен чегирткенин эркеги да, ургаачысы да уга алат. Чегирткени кармап, анын алдыңкы буттарын көңүл коюп карасаңар, узун жылчыкчаны көрөсүңөр. Бул - анын кулагы, айтмакчы, чегирткени кармаганда анын арткы бутунан албагыла: буту колуңарда калып, чегиртке өзү уча качышы мүмкүн. Ал душманынан ушинтип кутулат. Ургаачы жашыл чегирткенин арт жагында узун соройгон найзачасы болот. Ал жумуртка таштагыч деп аталат.

Ал жумуртка таштагычын жерге сайып, жумуртка таштайт. Кийинки жылы ал жумурткалардан личинкалар чыгат. Алар чоң чегирткелерге өтө окшош, бирок канатсыз болот. Жай бою алар бир нече жолу түлөйт, түлөгөн сайын канаттары узарып отурат. Личинкалары да ата-энесиндей жырткыч болушат, башка курт-кумурска менен азыктанат. Чегирткелердин өсүмдүк менен азыктана турган түрлөрү да бар. Булардын туугандары өтө коп. Силер, балким, кара чегирткенин кандай чырылдап ырдаганын уккандырсыңар? Жайында шалбаа менен баратсаң, бутуңдун алдынан туш-тушка чачырап секирген чегирткелер кездешет.

Алар үйүрсүз чегирткелер. Бирок баарынан белгилүүсү саранча чегирткеси. Бул - өтө коркунучтуу зыянкеч. Чегирткелердин сансыз армиясы өтө чоң аянттагы өсүмдүктөрдү зыянга учуратып, бүтүндөй облусту, атүгүл өлкөнү да ачкачылыкка дуушар кылган убактар болгон. Азыр өлкөбүздө саранчалар дээрлик жок кылынган. Бирок алар кээ бир өлкөлөрдүн айыл чарбасына азыр да чоң зыян келтирген учурлар бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3512, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо