Дүйнө жүзүндө чоң жана кичине көлдөр көп. Алардын бири Кыргызстандагы - Соңкөл. Көл деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте Молдо-тоо, Соңкөл, Бооралбас тоолорунун аралыгында жайгашкан. Жалпы аянты 278 чарчы чакырым, узундугу 29 чакырым, туурасынын эң жазы жери 18 чакырымга жетет. Көлөмү 2.4 куб чакырым, орточо тереңдиги 9.2 м, эң терең жери 22 м, тайыз жери 4-5 м. Көлдүн түбү тегиз. Соңкөлгө он сегиз суу: Жаман эчки, Таш дөбө, Кумдуу суу, Ак таш, Өзбек, Кара кече, Куртка, Кум бел жана башкалар куят. Көлдөн Кажырты суусу агып чыгат.
Көл өзүн курчап турган айлана-чөйрөнүн климатын өзгөртүп, кышы жылуу, жайы анча ысык болбойт. Бирок Соңкөл деңиз деңгээлинен аябагандай бийикте жайгашкандыктан, кышында катуу сууктан көл тоңуп калат да муздун калыңдыгы бир метрге чейин жетет. Көлдүн пайда болушу орто эсеп менен мындан төрт миң жыл мурда болгон. Антропогендеги муз каптоодо анын айрым жерлеринде мөңгү жаткан. Бир канча суулар куйгандыгына карабай көлдөн суу агып чыккандыктан анын деңгээли анчейин өзгөрбөйт.
Антропоген мезгилинде суу деңгээлинин төмөндөп кетишинен улам түндүк-батышында жана түштүгүндө анча чоң эмес тектирчелер пайда болот. Көл тунуктугу жана тузсуздугу менен башка көлдөрдөн айырмаланат. Суунун тунуктугунан 7 метрге чейинки түбү көрүнүп турат. Көлдө камыш, өлөң чөп, жашыл-күрөң балыр өсөт. Көк чаар, минь, пелядь, каңылтыр, чир, жилиңгир балыктары жашайт жана ондатра байырлаштырылган. Келгин куштардан каз, өрдөк, аңыр жана башкалар кездешет.
Көл жээгине Жумгал, Кочкор, Нарын, Акталаа райондорунун төрт түлүк малы жайылат.