Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нарын шаары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Нарын шаары

"Нарын шаары" - Кыргызстандагы шаар, Нарын районунун жана Нарын областынын административдик борбору. Калкы - 3880адам (2017). Шаардын территориясынын аянты - 40,5чарчы/метр

Географиясы.
Тоо тоо кыркасынын этегиндеги Нарын бассейининде, дениз денгээлинен 2000м бийиктиктеги Нарын дарыясынын жээгинде, Бишкек-Торугарт автомобилдик трассасынын кесилишинде жайгашкан. Шаардан 180км түндүгүрөөктө Ысык-Көл көлүнүн жээгинде Балыкчы темир жол станциясы жайгашып, Нарындан түштүгүрөөктө чек арада жайгашкан Торугарт чек ара пунктунан Кытайга чейин 186чакырым аралыкты түзөт.

Климаты.
Климаты кескин муздак континенталдуу, дээрлик кышы карсыз жана жайы салыштырмалуу салкын. Июлдагы орточо температура +15ден +30градус цельсия, январда -15ден -18градус цельсияга чейин. Жылына 200дөн 300мм ге чейин жаан-чачын жаайт.

Тарыхы.
Орто Азиянын көпчүлүк шаарлары сыяктуу эле, Нарын да Чыгыш Туркестандан (Кашгар) Орто Азияга жүргүзүлгөн сооданын жолдорун бекемдөөдө пайда болгон. 19-кылымдын ортосуна чейин бул жерде мындай шаар болгон эмес. 1868 жылы Орто Азиянын Орус империасына кошулушу менен бул жерге орус гарнизону жайгашкан жана ушул учурдан шаардын курулушу башталат. 1917 жылдагы Октябрь революциясынан кийин Нарын Кызыл армиянын көзөмөлдүгүнө туш болгон, бирок 1920-жылы бул жерде советтик аскерлер менен ак гвардиячылардын кагылышуусу болуп өтөт. Кан төгүлгөн согуштан кийин мында совет бийлиги орногон. 1927 жылы Нарын ошол мезгилде түзүлгөн Нарын областынын административдик борбору болуп калат.

Шаардын аталышынын этимологиясы аягына чейин изилдене элек. Деги эле, Нарын/наарын Орто Азияда майдаланган жылкы этинен тамак дегенди билдирет. Мүмкүн бул жерлерде аны эң жакшы даярдашкандыр, ансыз деле жылкы - Кыргызстандын улуттук тамак-аштарынын негизи ингридиентине кирет эмеспи. А мүмкүн, шаардын аталышы монголдордун күнөстүү же кытайлардын тар деген айтылышы боюнча кыргыздын Нарынына окшоштугунан келип чыккандыр.

Бүгүнкү күндө "Нарын шаары" Нарын эркин Экономикалык зонасында жайгашып, Нарын областынын маданий-административдик борбору болуп саналат. Дал ушул жерде мамлекеттик, жеке жана коомдук уюмдардын шаардык жана аймактык баш ийүүсүнө башкы кенселери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин консулдук бөлүмү, Торугарт бажы башкаруусу жайгашкан.

Маданий-билим берүү объекттеринен, көбүрөөк кызыктуусу: мамлекеттик университет, крайтаануу музейи, музыкалык-драматикалык театр жана Манас Руху улуттук театры.

Негизги туристтик кызыгуулар албетте жергиликтүү кооздуктарды билүү эмеспи. Нарын жана ага чектеш аймактар тан калаарлык туристтик потенциалга ээ. Анткени бул аймактын 70 пайызын тоолор түзөт, ошондуктан кооз жана көркөм ашуулар, бороондуу тоонун дарыялары, терен үнкүрлөр, карлар жана түбөлүк мөңгүлөр, тан калыштуу көлдөр жана шаркыратмалар, жана жергиликтүү маданият - бул жердин кайталангыс кооздуктарына айланган.

Нарын Тянь-Шань тоолору боюнча багытталган туристтик маршруттун так башталышы болот. Бул жерде чокуларга карай көп күндүк жөө жана атчан экспедициялар, Марко Поло аркарларына жана тоо эчкилерге мергенчилик турлар жүргүзүлөт(учурда белгисиз).

Нарындын айланасы экотуризмди сүйүүчүлөрдүн чыныгы бейиши.
Балким Нарын дарыясы - жээктин жомоктогудай сулуу пейзажынан да мурда шаардын негизги ажайып туристтик жайыдыр. Тегиздикте ал тынч жана шашбай агат, тоолордо ал ийри-буйру болуп ар кандай агат. Баардык жакка өзүн катуу угузуп, ак көбүктүү агымы тоонун булун-бурчу аркылуу өтө тез агызып турат. Дарыя дайыма адреналинди эңсеген организм үчүн өтө жагымдуу боло алат. Өлкөнүн булун-бурчтарынан жана жакынкы чет өлкөдөн экстремалдарды ушундай татаалдыктагы рафтингдин категориялары өзүнө тартып турат.

Суунун көбөйүү мезгили апрелден ноябрга чейин, денгээлинин өзгөрүшү жыл мезгилине жараша. Рафтинг менен машыгуучуларга адистер эн туруктуу сууда август жана сентябрдын этегинде машыгуусун сунушташат.

Транспорт.
1994 жылы Нарында троллейбус кыймылы ачылган. "Нарын шаары" - дүйнөдө троллейбусу бар эн кичине шаарлардын бири. 2015 жылдын январынан баштап Нарын шаарынын автовокзалынан Балыкчыга, Бишкекке жана Караколго күнүгө маршруттук унаалар каттайт, ошондой эле рейстик автобустар да каттамда бар. Балыкчыга күнүнө 1-2 жолу (жүргүнчүлөрдүн санына жараша) катташат, жол кире бир адамга 300 сом.

Бишкекке күн боюу жүргүнчүнүн каалоосу боюнча маршрутка же такси болот. Маршрутканын баасы 350сом, такси же минивенде 500сом, женил авто унаада 600 сом. Караколго болсо маршрутка биринчи күндөрү гана болот.

Каалочулардын болушу менен Ат-Башы айылына чейин маршрутка уюштурса да болот, бирок адамдардын топтолушу 2-3 саатка созулушу мүмкүн. Ат-Башыга такси менен да барса болот, бир тарап баасы 100 сом, барып кайра келсен адам башына 200 сом.

Окуу жайлары
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
- Нарын медициналык окуу жайы
- Нарын педагогикалык окуу жайы
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академия колледжи

Нарындан чыккан белгилүү адамдар
Муратбек Рыскулов - драматург, Жумамүдүн Шералиев - композитор, Таттыбубу Турсунбаева - кино жана театр актрисасы.

Жайгаштыруу: 2017-11-27, Көрүүлөр: 5390, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-11-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу