Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ташрабат

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Ташрабат

10—15-кылымга таандык кербен сарай. Атбашы айылынан 78 км батыш, Нарын-Торугарт автомобиль жолунан 18 км туштук тарапта, Каракоюн капчыгайындагы суунун сол жагында жайгашкан. Кербен сарай - ылайга жонулган таштардан олтургузуп тургузулган имарат. Анын мандай бети (фасад) чыгыш жакка каратылып, торт чарчы формада тургузулган. Имараттын бийиктиги 20мдей, тик бурчтуу формадагы кумпалуу (купол) 31 болмодон турат. Болмолор уч топко болунот: 1.Коридор, 2.Коридордун эки тарабына курулган болмолор, 3.Залы жана анын тегерегиндеги болмолор.

Коридордогу биринчи эшик аркылуу уч кароол уйго отот. Дубалдын чыгыш жактагы бурчтар мунаралар менен бекемделген. Негизги залына узун коридор менен кирууго болот. Коридордун сол жана он жак капталдарында болмолор жайгашкан. Зал имараттын батыш жагында, ортодо жанашып (уз. 9,32м, туурасы 8,35м), болмолор ошондой эле кичи залдар менен байланышкан. Анын тобосу диаметри 9,30м болгон кумпа (купол) менен жабылган. Имараттын болмолору жана кумпа алебастр менен шыбалып, геометриялык оймо-чиймелер оюулуп жазылып, кооздолгон. Болмолор тобосундогу козоноктор аркылуу жарык менен камсыздалган.

Болмолордун тоболору да арка сыяктуу жарым шар формасында жабылган. Ташрабатта Борбордук Тениртоо аркылуу откон Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар жана башкалар тейленген. Эстелик алгач 19-кылымдын экинчи жарымдарында Валиханов Чокон тарабынан баяндалган. Фетисов А. Н., Бартольд В. В., Пантусов Н. Н., Зеланд Л. Н., Зима Б. М., Бернштам А. Н., Пугаченкова Г. А., М. Н. Кубатбеков, Б. В. Помазкин, В. Е. Нусов жана С. Я. Перегудова тарабынан изилденген. Ташрабат эстелиги реставрацияланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1349, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо