Ителги жонундо маалымат, ителги - жырткыч куш, кыргыз уламыштарында тегирмен ташын тээп сындырган деп айтылып, аты аңыз кепке айланган. Чынында ал улар, кыргоол, кекилик, чил, каз, карга сыяктуу канаттууларды жогорудан көз илээшпес ылдамдыкта шук-шурулуп келип тээп түшүрөт. Тепкисинин катуулугу ушунча, ал канаттуунун бир жерин сөзсүз үзө тебет. Асманда айланып учуп жүргөндө ага башка канаттуулар эле эмес, бүркүт да даап уча албайт. Ителги чоң куш, анын денесинин узундугу 42-60 см, салмагы 820-1100 граммга жетет. Ургаачысы эркегинен чоңураак болот. Жонунда бозомтук күрөң, боорунда агала жүнү бар. Ал Борбордук Европада, Волга бою, Сибирь, Краснодар крайы, Алтай, Орто Азия, Казакстан тоолору менен токойлуу талааларын мекендейт. Аны Кыргызстандын дээрлик бардык аймагынан кездештирүүгө болот. Алар аскага, жар бооруна, жыгач башына уялайт. Бирок уяны өзү салбайт, кытан, карга сыяктуу канаттуулардын эски уяларын пайдаланат.
Март айында 3-5 жумуртка тууйт. Жумурткасын 30 күнчө басып, балапан чыгарат. Балапандары 40-45 күндө жетилип учуп чыгат. Ителги зыяндуу кемирүүчүлөрдү жеп, токой жана айыл чарбасына пайда келтирет. Мүнүшкөрлөр аны таптап коён, илбээсин, кала берсе жейрендерге да анчылык кылышат. Кыргыздар эзелтен эле ителгинин анчылыкта пайдаланып келген.
Ителги кушту кыргыздар илгертен бери кыргызча таптап, аң улоого чыкканда аңчы катары чогу ала жүргөн. Ителги деген эмне суроосуна кичине болсо да жооп алдыңыз деген ойдобуз. Сунуштай кетчү шилтемелер: Алгыр куштар,Куш салуу