Бүркүттүн эң мыктысы - туйгун бүркүт. Ал чоң жана күчтүү куш, карышкырды да алат. Кавказ жана Орто Азия элдери байыртадан эле бүркүт салып, аң уулашкан. Кыргызда куш таптаган киши мүнүшкөр - бүркүтчү аталат. Адегенде бүркүтчү бүркүттүн балапанын уясынан алат. Бул абдан опурталдуу. Анткени, бүркүт адам жеткис аска-зоолорго уялайт. Анын үстүнө ата бүркүт менен эне бүркүт балапандарын катуу коргошот. Бүркүттү кээде талаага тор жайып да кармашат. Бирок мүнүшкөрлөрдүн айтуусу боюнча торго кармалганына караганда балапан кезинде уядан алынган бүркүт кыраан чыгат.
Бүркүттү колго үйрөтүү, үндөккө келтирип, бара-бара аң уулоого пайдаланууга чейин аларды таптоо, мүнүшкөрдүк катуу режим менен жүргүзүлөт. Россиянын токойлорунда кездешкен токой бүркүттөрү жолдон жана эл жашаган жерден алыс, токойдун түнт жериндеги бийик карт дарактын башына уя салат. Бүркүт өтө сак. Кишиге көп көрүнбөйт. Күздө гана бүркүттөр балапандары менен өтө бийикте жай каалгып учуп жүргөнүн көрөсүң. Суук түшкөндө бүркүттөр сапарга чыгат. Кышкы сапарынын акырында жаш бүркүттөр жаңы жерге турук алып, кайрадан суук түшкөнчө ошол жерди мекендейт. Ал эми ата бүркүт менен эне бүркүт эски журтуна кайтып келип, өз уяларын табышат да, кайрадан балапан басып чыгарышат. Мына, бүркүтчү бүркүтүн колуна кондуруп, аң уулап чыкты. Ошол мезгилде капталдан карышкыр көрүндү.
Бүркүтчү бүркүтүнүн томогосун алып, карышкырды карай шилтейт. Бүркүт асманга атып чыгып, эки метрге жеткен кош канатын жайып, карышкырды байкабаган сыяктуу айланып уча баштайт. Бир кезде акырындап төмөндөп, анан капысынан эле аткан октой куушурулуп кирип, карышкырга кол салат. Аны бир буту менен көчүк жагынан мыкчып, экинчи буту менен кайрыла берген карышкырды тумшуктан чеңгелдеп басып калат. Карышкыр тырп эте албайт. Бүркүтчү чаап жетип, карышкырдан бүркүттү бошотуп, аны сылап-сыйпап ыраазылыгын билдирет да, жем таткызып, кайра колуна кондурат.
Карышкырдын терисин сыйрып, канжыгасына байлайт.