Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Шар

Албетте, силер аны жакшы билесиңер - жылмакай, жумуру жана тоголок. Эгерде коё берсең тоголонуп кетет. Көп нерселер шар формасында болот. Дүрмөттөлүп атылуучу май да бытыралардан баштап, гигант жылдыздарга чейин шар формасында. Ширин дарбыз да, аба шарлары да шар формасында. Асма лампага кийгизилүүчү айнек плафон менен замбиректин огу же калкыма деңиз минасы шар сыяктуу болгону менен, алардын бири кооптуу да экинчиси коркунучсуз. Шар колдонулбаган оюндар да сейрек кездешет. Силер ойноп жүргөн волейбол, футбол, баскетбол топтору, бильярд шары, теннис тобу да шар түрүндө эмеспи! Балбан спортчулар түрткөн ядро менен ыргытма балка да шар формасында.

Миллиондогон чоң-кичине металл шарчалары шариктүү подшипниктерде кызмат кылат. Эгерде нефть жана башка суюктуктарды куюп сактоочу зор идиштер шар формасында жасалса, металл аз жумшалат. Биздин өлкөдөн учурулган жердин биринчи жасалма спутниги да шар түрүндө болгон. Шардын борборунда абдан кызыктуу чекит бар. Ал шардын борбору деп аталат. Эгерде шардын борборунан түз сызык боюнча жолго чыгып, кайсы багытты көздөй жүрбөйлү, шардын борборунан четине чейин бирдей эле аралыкты басып өтөбүз, ал эч качан өзгөрүлбөйт. Бул аралык шардын радиусу деп аталат. Кичинекей бытыранын радиусу да кичине болот, ал эми абдан чоң айдын радиусу 1737 чакырымга барабар.

Карама-каршы жакка багытталган, бирок бир эле түз сызыкта жаткан эки радиус шардын диаметрин түзөт. Алар дайым радиустан 2 эсе узун болот. Кичинекей топтун диаметрин өлчөп көргүлөчү. Диаметрди билип алсаңар радиусту оной эле табасыңар: ал диаметрдин жарымына барабар. Шарды кайсыл жеринен болсо да экиге жара бөлсөк, бөлүнгөн жеринде сөзсүз эки тегерек пайда болот.

Силер буга ишенүү үчүн дарбызды тилип көрсөңөр болот. Эгерде бычакты шардын борбору аркылуу жүргүзсөңөр, анда эң чоң тегерек пайда болот. Бул тегеректин радиусу да шардын радиусу менен бирдей болот. Айтмакчы, шардын бетинин аянты анын эң чоң тегерегинин аянтынан 4 эсеге чоң. Дагы бир кызыктуу нерсе: эгер радиусу 10 см болгон волейбол тобунун камерасына суу куйсаңар, ага 4 литрден бир аз көбүрөөк суу батат. Ал эми диаметрин 2 эсе чоңойтсоңор, ага 8 эсе көп көлөмдөгү суу батат. Эми, радиусу 30 см болгон шарга канча суу батарын эсептеп көргүлөчү? Корсө, мындай шарга, тиги волейбол камерасына караганда суу 27 эсе көп батат экен.

Мына ушундай биздин шар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2033, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо