Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чопо чоор

Баш барак | Музыка | Чопо чоор

Чопо чоор — аты айтып тургандай эле чоподон жасалган, формасы сүйрү же тоголок сымал келип, бир учунда ичкерип кеткен оозу бар кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Алгач өлкөнүн түштүгүндө, Ош облусунда колдонулган, андан кийин Кыргызстандын бардык аймагына жайылган. Башка аталыштары: ылай чоор, ышкырык.

Чопо чоор
Чопо чоор
АбалыКыргыз эл музакалык аспабы
КлассификациясыҮйлөмө музыкалык аспаптар

Бийиктиги 5-6 см, диаметри 6-7 см, узундугу 6 сантиметрден (эки көзөнөктүү тоголок түүр) 18-20 сантиметрге чейин болот (сүйрү келген салттуу жана өркүндөтүлгөн түрлөрү). 2ден 8ге чейин үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Салттуу чопо чоордо оң чагында 4 көзөнөк, сол жагында 3 жана төмөнкү жагында 1 көзөнөк.

Тоголок формадагы чопо чоордун эки гана үн өзгөртүүчү көзөнөгү бар. Эки сөөмөй аркылуу үн өзгөтүлүп, бармактардын жардамы менен колдон чыгып кетпөө үчүн кармалат. Боз үй формасында жасалган чопо чоор дагы бар.

Кыргыз музыкасында чопо чоордун өзгөрчө орду болгон, анын муңдуу, сырдуу келген кайрыктары адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Көбүн эсе койчулар, жылкычылар, жөнөкөй эл түрдүү музыка аткаруу учурларында пайдаланган. Жасалуучу материалы: ак, кызыл чоподон (топурактан), ошондой эле алардын аралашмасынан (керамикадан) жасалат.

Үн катарлар

Үн катары сегиз үнгө чейин (бир октава). Элдик чопо чоор аткарууда анча татаал эмес. Аспаптын үн катары өтө аз — терция-квинта көлөмүндө. Тембри жагымдуу, жумшак, терең. Балким ушул себептен чопо чоор үйрөнчүктөргө, балдарга арналгандыр, ошондой эле фольклордук ансамблдарда элдик тарыхый аспап катары колдонулат.

Жакшыртуулар

Кол өнөрчүлөр тарабынан аспап өркүндөтүүсүн улантып келет. Байыркы үлгүдөгү чопо чоорду реконструкциялоо менен жаңы үлгүдөгү чопо чоорлор пайда болгон. Чопо чоор түрлөрүнө кийинкилер кирет:

Жасалышы

Чопо же ак топурак майдаланып, сууга чыланат. Арасындагы таштардан же майда кумдардан арылтуу максатында майда кездеме сымал торчо менен чыпкаланат. Чыпкаланган материалды башка кездеме материалга салып суусу сарыктырылат. Ал үчүн сыртка илип коюшат (имарат ичине дагы болот). Ылай тоборсуган абалга келгенге чейин илинет.

Мындай ылайды сактоого зарылдык жаралса, пластик баштыкка салуу керек, антпесе ал кургап, катып кетет.

Ылайдан алгач аспаптын үйлөй турган көзөнөгү жасалат. Мында эки тик бурчтуу форма калыптандырылып, ортосунда жалпак көзөнөк болуш үчүн. Бир тик бурчтуу формага кийин көзөнөктүн ролун аткаруучу сай салынат. Кээ бирлери бир бөлүктөн гана жасап, жөн гана кылдат көзөп коюшат, бирок бул ыкма өтө чебердикти талап кылат, анткени ийилчек форманы көзөө өтө татаал.

Тулкусу атайын өлчөмгө жараша төрт бурчтуу, жалпак формада ийленип, четтери түздөлүп кесилет. Андан кийин эки учу най сымал бириктирилет. Бир учу тоголок формада кол менен жабыштырылып жабылат дагы, экинчи учуна үйлөй турган бөлүктү орнотуу үчүн ага ылайык өлчөм кесилип алынып ортуна ошол үйлөй турган бөлүгү орнотулат. Бөлүктөрдү бириктирүү операциялары суунун жарда менен ишке ашат.

Андан соң уста чопо чоорду колдору менен формасына келтирип, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү көзөлөт. Формасы даяр болгон аспап атайын мешке салынып 800 градус температурада 1,5-2 саат бышырылат. 16-20 саат муздатылат дагы, аспап даяр болот. Даяр аспаптын сырты атайын лак менен капталат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-06, Көрүүлөр: 1432, Өзгөртүлгөн: 2023-07-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо