Керней (персче чоң най) — кыргыздын, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Ирандын жез үйлөмө музыкалык аспаптар тизмесине кирет.
Узундугу болжолдуу 1,5-3 метр келип, үн чыга турган оозу конус түрүндө болуп кеткен жез тутук. Кернейдин түтүктөрү эки түрдө болот: туз (жез керней) жана ийри (муйуз керней). Биринчиси көбүрөөк пайдаланылып жайылган. Өлчөмү чоң болгондуктан кернейде туруп алып ойношот. Кадимки керней түтүгү үч кошулган бөлүктөн турат, булар көчүп-конууга ыңгайлаштырылган.
Негизи, керней белги берүүчү аспап болуп, официалдуу аземдерде, уруу башчыларынын салтанаттуу келип-кетишинде, аш-тойлорго жар салуу, аскердик жүрүштөрдө, кармаштарда, кызмат кылган. Аспаптын прикладдык функцияларына байланыштуу, азыраак жайылган, негизинен ири уруулардын штабдарында. Кернейдин репертуары негизнен коркунуч, кол салуу, чабуул жасоо, салтанатуу жеңиш фанфарасы сыяктуу белгилерден турган.
Керней — кыргыз үйлөмө музыкалык аспаптарынын түрү катары саналып, сурнай сыяктуу эле ансамбльдык жана оркестрдык курамдар үчүн өркүндөтүлүп, салттуу формада жашап келет. Бул өткүр тембрдагы күркүрөк үнү бар тек гана белги берүүчү же жөрөлгөлүк аспап. Башында айткандай эки түрү бар: муйуз (мүйүздөн жасалат) жана жез керней (жезден, латундан [сары жезден]). Бул эки аспап бири-биринен кыйла айырмаланып турат, бирок буларда ойноо көзөнөктөрү жок болгону аларды бириктирет. Мүйүз керней байыркы аспаптардын катарына кирип, тоо текенин ийри мүйүзүнөн жасашкан, ушул себептен анын узундугу 30-40 см айланасында гана. Аспапта мүштөгү (мундштугу) жок.
Жез керней болсо, узундугу 1-2 метр келген түтүктү элестетет, мүштөгү болушу да мүмкүн, болбошу да мүмкүн. Үн чыккан учунун диаметри 20 см айланасында. Кыргыздын кернейи менен өзбек же уйгурлардын карнайына окшоштугу Кыргызстандын түштүгүнүнө Өзбекстандын жакындыгы менен түшүндүрүлөт. Кернейдин үнү өтө катуу, ачык мейкиндиктерге арналган. Мурда анын функциясы маанилүү окуяларга белги берүү менен чектелген, учурда (2023) маданий иш-чаралардын тарыхый атрибуту.
Керней — Кавустун мезгилинен өзгөрбөгөн сыйлуу аспаптардын бири. Аспаптын жашы 3000 миң жыл деп белгиленет.
«Кавус тезирээк тревога берүүнү буйруду,
Жез керней тартууну буйруду.
Кавустун алдына эл чогулуп,
Шах, сыноодон өткөн Тусту чакырды...»
- Фирдоуси (935-1020)
Кернейде кээде узундугу 97 см жеткен үйлөөчү түтүк бөлүгүндө мүштөк болот, анын диаметри башы 5 сантиметрден башталып аяк жагы 36 сантиметрге чейин чоңоюп кетет. Мүштөктүн диаметри — 37 мм, түтүк диаметри — 3 см.
Кернейдин өлчөмү, анын пайда болгон аймагына жараша өзгөрмөлүү. Үн катары табигый. Аспапта ойноодо музыкант үн чыккан жерин өйдө каратып, жантайынкы абалда кармап, ары-бери бурулуп, туш тарапка үн чыгарат.
Кернейди Тажикстан, Озбекстан, Түрмөнстан, Казакстан өлкөлөрүндө дагы кездештирүүгө болот. Манас эпосунда дагы кездешет.